24 апреля, 2024

Ош РЭТ: Электр жарыгын ʏнɵмдɵйлʏ!

Сыртта ноябрь айы, кыш мезгили босогодо. Шаардагы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ жылытуу эле эмес, электр энергияга болгон муктаждык да жогорку деңгээлде. Чыңалуудан улам жарыктар ɵчʏп, калк тарабынан арыз-даттануулар да ушул мезгилде кɵп болот. Ош райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Алмазбек Самидинов биздин суроолорго жооп берип, мындагы аткарылып аткан иштер тууралуу жеринен кɵрсɵтʏп берди. 

-Алмазбек Кеңешбекович саламатсызбы, жакындан бери сиздердин тармакта ɵзгɵрʏʏлɵр болду, элге тʏшʏнʏктʏʏ болуш ʏчʏн ɵз оозуңуздан уксак. 

-Саламатсыздарбы? Ооба, министрликтин чечими менен Ош шаарындагы калкты электр энергиясы менен камсыз кылган айрым ишканаларда ɵзгɵртʏʏлɵр болду. Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар мекемеси (ПВЭС) 110 жана 220 деген линияларды тейлейт. Булар жогорку вольттогу линиялар болуп саналат. Биз Ош райондук электр тармактар ишканасы 35, 10, 6, 04 линияларын тейлейбиз, негизги иш алып барган тармак калк десе туура болот. Мурунку «Ош электр»  ачык акционердик коому  менен Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар мекемеси бириктирилип,  Ош электр тармактар мекемеси деп ɵзгɵртʏлдʏ. 

-Сиздердин мекеменин аткарган функциясы, тейлеген аймагыңыздар тууралуу да азын оолак айта кетсеңиз.

-Эгерде бир жерде зым ʏзʏлʏп калса, трансформатор кʏйʏп калса бул тармак боюнча алектенген биздин бригада иш алып барат. Азыр жалпы 4 бригада бар, ар биринде 14тɵн кызматкер эмгектенет. Негизи биз тейлеген аймак Ош шаары деген менен Кара-Суу районунун айрым аймактарын кошо тейлейбиз. Тейлɵɵ аймагыбыз 30 километрди тʏзɵт. Бирок, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн, Шарк, Нариман, Папан айыл ɵкмɵттɵрʏнʏн жерлери Кара-Суу районуна караганы менен электр энергиясын шаар камсыз кылат. 6 жана 10 жогорку чыңалуудагы линиялар, узактыгы 446 км. 04 деген аба чубалгылары бар, алар 687 км, мунун ичине ошол Кара-Суу районунун да айрым аймактары кирип кетет. Мындан сырткары 15 км кабель, 6, 04 кɵмɵкчʏ чордондору 2047ни тʏзɵт. Бирок, 2047 трансформатордун биздин баланска 124ʏ гана караштуу. Калганын керектɵɵчʏлɵр ɵздɵрʏ курган. Тагыраагы, 949 даананы калк курган. Бирок, оңдоп-тʏзɵɵ иштери, авариялык абалга туш болсо биз карайбыз. Ээси жок, эч кимге баш ийбеген 74 даана трансформатор бар. Биздин ишкана жайы менен ушул трансформаторлорду кышка даярдоо иретинде оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрɵт. Биздин баланста турбаганына карабастан биз ошолорго электр энергиясына жеткирип беребиз. Алдыда 1024 трансформаторду да биздин баланска ɵткɵрʏʏ иштери турат. 

-Кыш мезгили келээри менен электр энергиясына болгон муктаждык да ɵсɵт эмеспи, электр жарыгын ʏнɵмдɵɵ максатында, калк арасында  кандайдыр бир иш чара же тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏрʏп жатабы, сиздердин ишкана тараптан?