Кээде тагдыр адамды жөн гана жакшы инсан менен эмес, бүтүндөй бир мектепке айланган улуу адамдар менен жолуктурат. Мен үчүн ошондой адамдардын эң көрүнүктүүсүнүн бири — устатым, агартуучу, окумуштуу, жазуучу, публицист Абдыкерим Жаркынбаевич Муратов.Быйыл агай 70 жаштын кутман босогосун аттап жатат. Бул бир адамдын өмүрүндөгү дата гана эмес, бул кыргыз илими, улуттук педагогика, адабият жана журналистика үчүн чоң тарыхый учур. Анткени Абдыкерим агайдын өмүр жолу — өзүнчө бир доор, өзүнчө бир мектеп, өзүнчө бир руханий аалам.Мен бул макаланы жөн гана юбилейлик макала катары эмес, устат алдында шакирттик парзым, ыраазычылыгым катары өткөн күндөргө сарасеп салып, чоң эргүү менен жазып жатам.
Журналистикадагы устат — “Заман Кыргызстандагы” чоң мектеп
Менин Абдыкерим агай менен алгачкы тааныштыгым эл аралык «Zaman Кыргызстан» гезитинде башталган.
Ал мезгил менин журналистикага жаңыдан аралашып, чыгармачылыктын сырларын үйрөнүп жаткан учурум эле. Редакцияга жаңы келген жаш калемгер үчүн тажрыйбалуу журналисттердин арасында өз ордуңду табуу оңой эмес. Бирок ошол учурда мага биринчи дем берген адамдардын бири Абдыкерим агай болду.
Ал кезде агай гезиттин башкы редакторунун орун басары, кийин кеңешчиси катары иштеп, басылманын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүп турган. Анын коомдук-саясий, илимий, руханий багыттагы салмактуу макалалары окурмандардын кызыгуусун арттырып, гезиттин аброюн бекемдеген.
Редакцияда агайдын ар бир сунушу өзүнчө мектеп болчу.
— “Теманы туура танда.”
— “Окурманды биринчи сүйлөмдөн кармай билиш керек.”
— “Журналист сөздүн гана эмес, коомдун да жоопкерчилигин көтөрөт.”
Ушундай кеңештерди көп укчубуз.
Мен жазган алгачкы макалаларды агай кылдат окуп чыгып, сөздөрүн оңдоп, айрым сүйлөмдөрдү кайра түзүп, кадимкидей көркөмдөп берип койчу. Ошондо жаш журналист катары өзүмө ишеним пайда болуп, кайрадан жазууга, дагы изденүүгө шыктанар элем. Агай бизге жөн гана макала жазууну эмес, ой жүгүртүүнү үйрөттү.
Окумуштуу жана илимий жетекчи — жаш изилдөөчүлөрдүн жол көрсөтүүчүсү
Убакыт өтүп, чыгармачылык байланышыбыз илимий кызматташтыкка айланды.
Мен педагогика багытында илимий изилдөө иштерине аралаша баштаганда, Абдыкерим агайдын дагы бир улуу сапатын көрдүм — анын илимий жетекчи катары тереңдигин.
Абдыкерим Муратов жөн гана педагогика илимдеринин доктору, профессор эмес. Ал кыргыз билим берүү системасында өзүнүн өзүнчө мектебин түзгөн окумуштуу.
Анын жетекчилиги алдында: 5 илим доктору, 18 илим кандидаты, 10 магистр даярдалган. Бул көрсөткүч жөн гана сан эмес. Бул — бир өмүрдүн илимге арналган эмгегинин натыйжасы.
Менин илимий иштеримде, өзгөчө тарыхый инсандарды окутуу, көркөм образдарды талдоо, улуттук баалуулуктарды билим берүү процессинде пайдалануу багыттарында агайдын кеңештери чоң таяныч болду.
Ал эч качан даяр жооп берчү эмес. Тескерисинче, “Изден” “Салыштыр”, “Өз көз карашыңды коргой бил” — деп илимде өз алдынча ой жүгүртүүгө тарбиялады.
Илим жолунда чарчап чаалыккан, токтоп калган учурларда агайдын бир эле сөзү кайра күч берип турчу.
Ошондуктан мен өзүмдүн илимий жолумда агайдын устаттык ордун өзгөчө баалайм.
Абдыкерим агайдын кыргыз педагогикасына кошкон салымы өзүнчө изилдөөгө татыктуу. Ал жалпы билим берүүчү мектептер үчүн кыргыз адабияты боюнча мамлекеттик программаларды, V, VI, VII жана XI класстар үчүн окуу китептерин даярдоого катышкан.
Улуттук педагогиканын архитекторы
Ошондой эле этнопедагогика жаатында жазган эмгектери кыргыз илимин жаңы деңгээлге чыгарды.
Алардын ичинде: «Кыргыз этнопедагогикасы», «Кыргыз эл педагогикасы», «Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети» сыяктуу фундаменталдуу эмгектери бүгүн мугалимдердин, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин негизги колдонмолоруна айланган.
Агай кыргыздын элдик тарбия тажрыйбасын илимий негизде изилдеп, аны заманбап билим берүү системасына интеграциялай алган сейрек окумуштуулардын бири.
Анын “Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы” аттуу фундаменталдуу эмгеги бүгүн да педагогикалык коомчулук үчүн баалуу булак болуп келет.
Жазуучу катары улуттук аң-сезимди ойготкон калемгер
Абдыкерим агай — илим менен чектелбеген инсан. Ал көркөм сөздүн да чоң чебери.

Анын терең философиялык мазмундагы аңгемелеринен баштап көлөмдүү тарыхый чыгармалары окурмандардын сүйүктүү китептерине айланды.
Айрыкча, «Рахманкул хан», «Жылдыздар тараган таңдар», «Алымбек датканын арманы» чыгармалары улуттук тарыхка болгон кызыгууну күчөттү.
Учурда эмгектенип жаткан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде агайдын катышуусу менен жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрдүк. Өзгөчө, “Алымбек датканын арманы” романынын расмий жүз ачары Ош шаарындагы илимий интеллектуалдык чөйрөнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде өтүп, окурмандар үчүн керемет аянтча катары эсте калды. Ошол жолугушууда студенттер, жаш окутуучулар жана окумуштуулар агайдын чыгармачылык дүйнөсү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Устатка болгон шакирттик таазим
Өмүрдө китептен үйрөнгөн нерсе башка, адамдан үйрөнгөн нерсе башка болот.
Мен журналист катары да, изилдөөчү катары да, инсан катары да Абдыкерим агайдан көп нерсе үйрөндүм. Ал мага ишенүүнү үйрөттү. Изденүүнү үйрөттү. Жоопкерчиликти үйрөттү. Кесипке берилүүнү үйрөттү. Устаттын улуулугу анын алган сыйлыгында эмес, чөйрөсүнө, үй-бүлөсүнө, шакирттерине жана эң башкысы окурмандарына бийик урмат менен жасаган бир калыптагы туруктуу мамилесинде экендигин Абдыкерим агайдан үйрөндүк. Эгер менин бүгүнкү жетишкендиктеримде кичине болсо да ийгилик болсо, анын башатында дал ушул адамдын эмгеги, деми жана батасы турат деп ишенимдүү айтар элем.
Урматтуу Абдыкерим агай!
70 жашыңыз кут болсун! Сиз тарбиялаган шакирттер, жазган эмгектер жана калтырган руханий мурастар дагы далай муундардын жолун жарык кыларына ишенем.

Тургунбай Алдакулов, агайдын шакирти, журналист
