Ош шаарында таза суу жана саркынды суу системаларын жаңылоо боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы, Европа Биримдиги, Корея мамлекети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорлордун алкагында суу тазалоочу станциялар модернизацияланып, эскилиги жеткен түтүктөр жаңыланып, шаарды туруктуу суу менен камсыздоо багытында масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Ушул жана башка суроолор боюнча «Ош шаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Талант Байкишиев менен маек курдук.

–Акыркы мезгилде «Ош шаарсууканал» ишканасы  Ош шаарындагы суу тазалоочу станцияларды реконструкциялоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошол иштер боюнча кененирээк айтып берсеңиз. 


–Азыркы учурда Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы жана Европа Биримдиги менен биргеликте Ош шаарынын саркынды сууларын тазалоочу станциясынын биринчи комплексин модернизациялоо боюнча долбоорду баштоо алдында турабыз. Келишимдерге кол коюу, ЖКдан ратификациядан өтүп, Кыргызстандын  ратификациясы боюнча мыйзамы чыгып, жумуштарды баштоо алдында турабыз. Мында 1965-жылы курулуп, 1978-жылга чейин иштеген саркынды сууларды тазалоочу станциясынын биринчи комплексин модернизациялоо, өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер аткарылат. Долбоордун жалпы баасы 12,3 млн евро, анын ичинен 4,3 млн евро Европа Биримдиги тарабынан грант түрүндө берилет.

Жаңы суу тазалоочу станциясын куруу боюнча долбоор боюнча да кабарыбыз. Аталган долбоор боюнча азырынча эмнелер белгилүү?



–Таза суу боюнча Корея Республикасы тарабынан каржылануучу долбоорду баштоо алдында турабыз. Долбоордун жалпы баасы 10 млн АКШ доллары: толугу менен грант түрүндө. Мында жаңы суу тазалоочу станция куруу пландаштырылып, учурда маалыматтарды топтоо жана техникалык изилдөө иштери аткарылып жатат. Долбоор Корея мамлекети тарабынан жактырылган.

Эми тургундардын күнүмдүк дейбизби же ар дайымкы көйгөйлөрү боюнча айтсаңыз, шаар тургундары көбүнчө кайсы маселелер боюнча кайрылышат?



–Суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу көбүнчө таза суу түтүгүндө авариялар, эсеп жүргүзүү адам санына жүргүзүлгөндүктөн, катталган адамдардын санын тактоо, ошондой эле саркынды суу системасындагы тыгылуулар боюнча кайрылышат.

Маселени чечүү боюнча айта турган болсок, шаардын таза суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 600 чакырымга жакын болуп, бүгүнкү күнгө чейин алардын болжол менен 100 чакырымы алмаштырылды.

Жакында Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык  тобунун көчмө жыйыны Ош шаарында өткөрүлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөн «Озгур» суу тазалоочу станциясын көрүштү. Ошондой эле алар  суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиги белгилешип, «450–500 чакырым суу түтүктөрүн жаңылоо боюнча республикалык деңгээлде маселени чечүү аракеттерин жүргүзөбүз» деп маалымат беришти.

Шаарда саркынды суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 500 чакырымга жакын болуп, магистралдык саркынды суу түтүктөрү жетпегендиктен, мэр Жанар Акаевдин демилгеси менен жалпы узундугу 5,5 чакырым,  диаметри 500, 600, 800 мм болгон магистралдык саркынды суу түтүктөрүн куруу чечими кабыл алынды. Куруу иштерин биздин ишкана тарабынан, долбоордун документтерин, архитектура жана жолду калыбына келтирүү иштерин Жолдор башкармалыгы аркылуу аткаруу пландаштырылды. Ушундай ыкма менен иш жүргүзсөк, акча каражатын 10 эсе үнөмдөйт экенбиз. Маселен, ушундай жол менен 35–40 млн сом акча  сарпталат. Эгерде долбоорду тендерге берип, кура турган болсок 250–300 млн сом акча кетмек.

–Суунун сапатын текшерүү кандай жүргүзүлөт? Эл ичип жаткан суу канчалык коопсуз?



–Жашоочуларга берилип жаткан таза суу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик талаптарына ылайык тазалоо боюнча бир топ татаал процесстен өтүп, сөзсүз түрдө залалсыздандырылып, сапаты текшерилип, андан соң берилет. Таза суунун сапатын текшерүү ишкананын таза суунун сапатын текшерүүчү лабораториясында саат сайын күнү-түнү жүргүзүлөт жана күн сайын шаардын 40тан ашык белгиленген точкаларынан алынып текшерилет. Андан башка, Санэпидстанциясы  да текшерип турат. Жашоочуларга берилип жаткан суу толук коопсуз деп ишенимдүү жооп бере алабыз жана мойнубуздагы жоопкерчиликти сезебиз.

-Мурда жаан жаап, Ак-Буура дарыясы ылайкаланса эле таза берүү токтотулуп калат эле. Акыркы учурда ошондой көйгөйлөр дээрлик айтылбай калгандай. Же мурдагыдай чоң масштабдагыдай болбой калдыбы?



— Нөшөрлүү жаан-чачын болуп, сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлануусу нормадан жогору болгон учурда  аталган дарыядан  суу алуу токтотулат. Мындай учурда буга чейин курулган таза суу кампалары аркылуу шаардын көпчүлүк бөлүгүнө сууну токтоосуз берип турабыз. Мисалы, өткөн жумада 24 саатка Ак-Буура дарыясынан суу алуу токтотулуп, таза суу кампалары жана скважиналар аркылуу суу берип турдук. Мурда болсо Ак-Буура дарыясы ылай болору менен шаарга суу берүү токтоп калчу.


Мындан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте Ак-Буура дарыясына сел түшүүчү жайлардын жогору жагына узундугу 2,4 чакырымдык диаметри 1000 мм болгон суу түтүгү курулуп жатат. Кошумчалай кетсем, жогоруда айтылгандай, Корея мамлекетинен берилип жаткан акча каражатка жаңы заманбап суу тазалоочу станция курулса, маселе толугу менен чечилет.


-Таза суу жетпеген конуштарды таза суу менен камсыздоо боюнча пландар барбы?

-Суу менен камсыздоо боюнча ишкананын негизги же болбосо приоритеттүү иш-чаралары иштелип чыккан. План боюнча суу тазалоочу станция куруу, эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштыруу, жашоочуларга суу өлчөөчү приборлорду орнотуу, жаңы конуштарга таза суу кампаларын жана ички суу системасын куруу каралган. Саркынды суулар боюнча айта кетейин. Саркынды сууларды тазалоочу станциянын биринчи комплексин модернизациялоо, магистралдык саркынды суу коллекторун куруу, саркынды суу системасына кошулбаган конуштарга жана жаңы конуштарга саркынды суу системасын куруу иштери каралган.

-Биздин маалыматыбыз боюнча «Ош шаарсууканал» ишканасы Ош мэриясынан субсидия албаган аз сандагы ишканалардын бири.  Ошондой эле ишкана буга чейин алган насыялардын төлөмдөрү өзү төлөп жатабы же мэрия төлөйбү?

–Ишкана толук чарбалык эсептеги ишкана болуп эсептелет, шаардык же республикалык бюджеттен субсидия албайт.

Насыялар боюнча айта турган болсок,  ушул жылга чейин мэрия төлөп келген болсо, 2026-жылдан тартып ишкананын өз каражатынан төлөө тапшырмасы коюлган. Кошумчалай кетсем, план боюнча «Озгур» суу тазалоочу станциясын ремонттоо каралган. 2026-жылдын 6-январынан баштап 50 жылдан бери ремонт иштери аткарылбаган станциянын толук ремонт иштерин ишкана өз каражатына аткарды.


 Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *