Автобекеттер — шаар турмушунун маанилүү бөлүгү. Күн сайын жүздөгөн жүргүнчүлөр жолго чыгып, убакытка жана тейлөөнүн сапатына көз каранды болушат. Бирок акыркы учурда айрым тургундар кассалардын иштебей калышы, билет бааларынын өзгөрүп кетиши жана айдоочулардын өз алдынча баа коюусу сыяктуу көйгөйлөргө нааразы болуп келишет. Бул маселелер канчалык негиздүү жана аларды чечүү үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө? Ош шаарындагы  Ош автобекетинин ишмердүүлүгү, жаңылануулар жана алдыдагы пландар тууралуу мекеме жетекчиси Нурлан Тиленчиевден сурап-билдик жана жүргүнчүлөрдүн да оюн угуп көрдүк.

Куштар Шамшиев, жүргүнчү:

Мен өзүм студентмин. Студент болгондон кийин майрам күндөрү үйгө барып келүү деле өзүнчө маселе болуп калат экен. Айрыкча автобекетке барганда эл өтө көп болуп кетет. Баары шашып, билет издеп жүрүшөт. Андай учурда айрым айдоочулар бааны көтөрүп алышат. Мисалы, кадимки күндөрү 180–210сом болгон жол кире майрамда 300-400 сомго чейин чыгып кетет. Студент үчүн бул деле чоң акча да. Албетте айдоочулардын да өзүнүн чыгымы бардыр, бирок майрам же эс алуу күндөрү баанын кескин көтөрүлүп кетиши элге, өзгөчө студенттерге оор тиет. Ошондуктан, ушундай күндөрү бааларды бир аз көзөмөлгө алып, студенттерге жеңилдик же кошумча каттамдар болсо жакшы болмок.

Майрам Исакова, жүргүнчү:

Мен төркүнүмдөн кайткан элем, бир аз кеч чыккан болчумун.  Касса жабык экен, маршрут айдоочулары тим эле беш колун оозуна салышат.  Эл айласыз макул болот да, анткени баары үйүнө жетүүгө шашат. Мындай учурда карапайым элге аябай кыйын. Бааларды бир аз көзөмөлгө алышса жакшы болмок.


 

Нурлан Тиленчиев,автобекет жетекчиси

Саламатсызбы, автобекеттин иши тууралуу айтып берсеңиз?

-Саламатчылык. Биз негизинен айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен иш алып барабыз. Жүргүнчүлөргө жана автобекет кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзүү, ошондой эле жумушту ыкчам жүргүзүү максатында мурда эки жакка бөлүнгөн кассанын ордуна жаңы кассаларды орноттук. Бул өзгөрүү, биринчи кезекте, кезектерди кыскартууга жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

-Азыр бардык тармакта санариптештирүү болуп кетпедиби, жүргүнчүлөр үчүн онлайн билет сатып алуу каралганбы?

-Онлайн билет сатуу багытында «Гобас» аттуу фирма менен кызматташып жатабыз. Учурда бул долбоор ишке ашуу процессинде. Эми калкты жаңы система менен иштөөгө көндүрүү зарыл. Чындыгында, бул ыкма абдан ыңгайлуу: кезек күтүп отурбастан, билетти онлайн түрүндө сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Убакытты үнөмдөө менен катар, бул система ашыкча топтолууну да азайтат. Азыркы учурда бизде жалпы 36 каттам иштейт. Анын ичинен 4–5 каттамды «Гобас» фирмасы менен биргеликте жүргүзүү боюнча макулдашылган. Үйдө отуруп эле билет алып коюу, албетте, ыңгайлуу. Бирок тургундар бул системага азырынча толук көнө элек. Ошентсе да, келечекте онлайн кызматтар негизги орунду ээлейт деген ишеним бар.  

-Айрым тургундар кээ бир учурларда касса иштебей калган учурлар болорун айтып даттанышууда. Бул канчалык чындык жана себеби эмнеде?

-Жалпысынан алганда, 36 каттамдын ар бирин өз-өзүнчө ЖЧКлар тейлейт. Башкача айтканда, ар бир каттамдын өзүнүн директору бар. Алар каттамдын графигин жана билет бааларын областтык администрация менен макулдашып, андан соң бизге сунушташат. Биз алар менен келишим түзүп, бекитилген бааларды илип коёбуз. Ушул макулдашуунун негизинде кассадагы диспетчерлер жүргүнчүлөргө билет сатышат. Мындай тартип иштин ачык-айкын болушуна жана жүргүнчүлөрдүн ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт. Мисалы, бир учурда 16 каттам жүрсө, анын 8и Манас шаарына жөнөп кетет, ал эми калган 8 каттам ошол жактан кайтып келет. Келген унааларды да кайрадан жүргүнчүлөр менен толтуруп узатабыз. Бул процесс, адатта, биздин жумуш күнү аяктаганга чейин, болжол менен саат алтыга чейин уланат. Ар бир каттам белгиленген убакыттан кечикпей жөнөтүлүшү үчүн диспетчерлер тыкыр көзөмөл жүргүзүшөт. Бирок айрым учурларда, мисалы, эс алуу күндөрү, каникуль маалында же майрамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин көбөйүп кетет. Мындай учурда маршруттар толгон сайын жөнөтүлүп, түшкө чейин эле бардык маршруттук унаалар кетип калат. Натыйжада билет бааларынын кымбатташы байкалат. Бул, өз кезегинде нааразычылыктарды жаратат. Айрым жүргүнчүлөр баанын жогорулашын мыйзамсыз деп эсептеп, даттанышат. Чынында болсо, Оштон жүргүнчүлөрдү 250 сомдон алып кетишсе да, кайра кайтарда унаалар көбүнчө бош кайтып калат. Башка аймактардагы автобекеттер дайыма эле жетиштүү кардар менен камсыздай албайт. Бул факторлор да баа саясатына түздөн-түз таасир этет.

–Эгерде айдоочулар арасында мыйзам бузуулар аныкталса, айдоочуларга жоопкерчилик каралганбы?

–Эгерде айдоочулар тарабынан өз алдынча баа көтөрүү, орой мамиле кылуу же башка мыйзам бузуулар аныкталса, алар каттамдан четтетилет. Биз ЖЧКнын директоруна расмий кайрылуу жасап, тиешелүү чара көрүүнү талап кылабыз. Мындай айдоочуларды каттамга чыгарбоого автобекеттин укугу бар. Бул эрежелер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана укуктарын коргоо үчүн киргизилген. Айдоочулар жумушка алынар алдында милдеттүү түрдө наркологиялык текшерүүдөн жана ден соолук кароосунан өтүшөт. Ошондой эле унаанын техникалык абалы текшерилет. Бул талаптар аткарылгандан кийин гана алар ишке кабыл алынат. Коопсуздук — биздин иштин эң негизги багыттарынын бири.

–Тургундар кайсы учурда, кандай жол менен  арыз-муң, даттанууларын калтыра алышат?

–Жүргүнчүлөр кассадагы диспетчерлерге кайрылып, өз даттанууларын жана сунуштарын калтыра алышат. Мындан тышкары, автобекет ишемби күнгө чейин ачык болот. Бул убакта жетекчи же анын орун басары сөзсүз түрдө ордунда болот. Атайын даттануу жана сунуштар китепчеси (книга жалобы) бар. Жүргүнчүлөр каалаган учурда өз ойлорун жазып калтыра алышат. Биз ар бир жазууну карап чыгып, тиешелүү чараларды көрөбүз. Мындай ачык байланыш системасы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Автобекет өзүн-өзү каржылайбы же мэрия субсидия береби?

–Биз мамлекеттик каржылоого кирбейбиз. Өзүбүздү өзүбүз (хозрасчёт) каржылайбыз. Сатылган билеттердин 10%ы   айдоочулардан кармалып калат, ал эми калган 90%ы  айдоочуларга берилет. Түшкөн каражат мекемеде иштеген 33 кызматкердин айлыгына, коммуналдык төлөмдөргө — суу, электр энергиясы жана башка чыгымдарга жумшалат. Ошондой эле бул каражаттар инфраструктураны жакшыртууга, оңдоо иштерине жана жаңы кызматтарды киргизүүгө багытталат.

-Иш убактысынан сырткары жүргүнчүлөр эмне кылышат?

-Диспетчерлер белгиленген тартип боюнча саат 6га чейин иштешет. Бул убакытка чейин жүргүнчүлөрдү тейлөө милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Эгерде жүргүнчүлөрдүн агымы өтө көбөйүп кетсе, диспетчерлер ЖЧКлардын директорлоруна кайрылып, кошумча каттамдарды киргизишет. Бул маселе келишимде да каралган жана зарыл учурда ыкчам чечилет. Эгерде жумуш убактысы аяктагандан кийин да жүргүнчүлөр калса, кошумча такси кызматтары иштейт. Таксилер менен да расмий келишим түзүлгөн жана аларга атайын орундар бөлүнгөн. Саат 6дан кийин жүргүнчүлөр кадимки таксилер аркылуу жолун уланта алышат. Таксилер түнкү саат 12ге чейин иштешет. Бирок маршруттук каттамдар өтө көбөйүп кетсе, такси кызматкерлери да нааразычылыгын билдириши мүмкүн. Себеби, айрым учурларда алар 2–3 күн кардарсыз туруп калышат. Бул маселелер да тең салмактуу чечүүнү талап кылат.

–Сиздин оюңузча сапаттуу транспорт кызматын көрсөтүү үчүн эң маанилүү нерсе эмне?

–Негизги максат — ар бир каттамды так убакытында жөнөтүү жана графикти бузбоо. Жүргүнчүлөрдүн агымы өтө көбөйүп кеткен учурлардан башка учурда, автобекетте бардык шарттар түзүлгөн. Камералык көзөмөл орнотулган, тамактануучу жайлар иштейт, күтүп отуруу үчүн ыңгайлуу жайлар бар. Тазалыкка жана тартипке өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, алыстан келген айдоочулар үчүн жатакана да каралган. Бул алардын эс алып, кайра коопсуз жолго чыгышына шарт түзөт. Автобекет акырындап оңдолуп, шарттар жакшыртылып жатат. Жаңы технологияларды киргизүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жүргүнчүлөр үчүн дагы да жакшы шарттарды түзүү — алдыдагы негизги багыттардын бири. Жыйынтыктап айтканда, автобекет бүгүнкү күндө заманбап талаптарга жооп берүүгө аракет кылып, тейлөөнүн сапатын тынымсыз жакшыртып келет. Алдыда дагы көп иштер пландалууда жана бул багыттагы аракеттер улантылат.

                                                                                   Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *