19 апреля, 2024

ЖОГОРКУ ИНФЛЯЦИЯ ƟЛКƟБҮЗДҮН НЕГИЗГИ СОЦИАЛДЫК КƟЙГƟЙҮНƟ АЙЛАНДЫБЫ?

“Базарда кымбатчылык, бардык нерсенин баасы ɵсʏптʏр”, “Кечээ эле мынча сомго алганымды бʏгʏн бир канча кымбат алдым” деген кептер акыркы кезде эл оозунан тʏшпɵй келʏʏдɵ. Баалардын ɵскɵнʏнɵ алармандар нааразы болсо, сатуучулар айрым нерселер эмне себептен кымбаттап жатканын тʏшʏнɵ албай убара. “Жыл башында доллардын курсунун ɵскɵнʏн айтып баалар ɵзгɵрдʏ, кийин Орусия менен Украина мамилесин себеп кылышты, эми товар жок деп атышат” дешти соодагерлер. Базар баалары, себептери тууралуу пикирлерди топтодук.

Жарым жыл ичинде азык-тʏлʏктʏн наркы 12,5 пайызга ɵскɵн

Статистика боюнча улуттук комитет биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын кайсы аймагында азык-тʏлʏк канчага кымбаттаганы тууралуу маалымат таратты. Анда былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу Нарын облусунда кымбатчылык кʏч алган. Тагыраагы, тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын наркы 15,5 пайызга жогорулаган.

Ал эми экинчи орунда Бишкек менен Ысык-Кɵл (15 пайызга жакын) турса, тамака-аштын кымбаттоосу боюнча (10,5 пайыздын тегереги) Чʏй, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустары андан кийинки саптарга жайгашкан.

Кымбатчылык башкаларга салыштырмалуу эң тɵмɵн аймак — Ош облусу 10 пайыздан тɵмɵн деп кɵрсɵтʏлгɵн.

Жалпы республика боюнча айтсак, жарым жыл ичинде азык-тʏлʏктʏн наркы 12,5 пайызга ɵскɵн. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул кɵрсɵткʏч 11 пайыз болгон.

“Бааларга байланыштуу кардарлардан ар кандай сɵз угасың”

Базар бааларын жеринен билʏʏ ʏчʏн шаардагы базарларды аралап, андагы соодагерлерге суроолорубузду узаттык. Азык-тʏлʏк саткан Жибек Эгемкулова эң керектʏʏ делген азыктарга баалар ɵскɵнʏн айтып, ошол эле учурда кардарлар тарабынан тʏрдʏʏ нааразычылыктар айтылып жатканына токтолду:

-Эң керектʏʏ делген азык-тʏлʏктɵрдʏн баалары кɵтɵрʏлʏʏдɵ. Маселен, мурун макарон, ун азыктары 50-55 сомдон сатылса, азыр 65-70 сомдон сатылып жатат. Ошондой эле кумшекердин, майдын баасында да ɵзгɵрʏʏ бар. Индиядан келген кумшекер 85 сом, ɵзʏбʏздʏн “Кайыңды” кумшекерлер килограммы 90-95 сомдон болууда. Ал эми “Доня” кʏнкарама майы мурун литри 145-155 сом болсо, бʏгʏн 180-185 сомдон келʏʏдɵ. Жумурткалардын да наркы ɵстʏ. Базарда отургандан кийин ар тʏрдʏʏ кардарлар келет. Бааларга байланыштуу ар кандай сɵз угасың. Айрымдары жɵн эле алып кетсе, кээ бирлери бааларга нааразычылыгын айтат.  

“Баалар ɵстʏ, сапат да жакшырууда”

Ал эми Айзирек аттуу сатуучу айрым продукциялардын баалары ɵскɵнʏнɵ жараша сапаты да жакшырганын билдирди:

-Мен суусундуктарды сатам. Алардын бааларында бир кыйла эле ɵзгɵрʏʏ бар. Бизге фирмалардын кызматкерлери алып келет эмеспи. Баанын ɵсʏʏсʏнʏн себебин товар аларга кымбат келип жатканы менен тʏшʏндʏрʏʏдɵ. Менимче, суулардын бɵтɵлкɵлɵрʏнʏн, капкактарынын баалары ɵскɵн окшойт. Базарда негизинен Казакстан, Ɵзбекстан жана ɵзʏбʏздɵн ɵндʏрʏлгɵн суусундуктар сатылат. Мурун коробкадагы суусундуктар эң арзан дегенде 25 сомдон келип, сапатына такыр кɵңʏл бурулчу эмес. Акыркы кезде суусундук, алкоголсуз ичимдиктердин сапаты да жакшырды, баалары да ɵстʏ. Coca-Cola, Fanta сыяктуу фирмалардын алкоголсуз ичимдиктеринин литри 45-50 сомдон сатылып келсе, бʏгʏн 70 сомго кɵтɵрʏлдʏ. Дʏң баада 67 сомдон алып келишʏʏдɵ. Айрымдары баасынын кɵтɵрʏлгɵнʏ суусундуктун курамындагы концентраттардын наркы ɵскɵнʏ менен байланыштырууда. Соодагерлер деле кɵп дегенде 0,50 тыйындан 5 сомго чейин кошушат.

Кир самын 70 сом

Ɵзʏн Хамидулло деп тааныштырган соодагер баалардын ɵсʏʏсʏнɵ кардарлар менен катар ɵзʏ да таң экенин билдирип, жуунучу каражаттар 80-100% га кымбаттап кеткенин кошумчалады:

-Баалардын ɵсʏʏсʏ дагы деле токтобойт окшойт. Уламдан-улам жаңы баа менен сатып алууга туура келʏʏдɵ. Мисалы, жɵнɵкɵй эле кир самындар бир ай мурун 25-35 сомдон сатылса, азыр 40-70 сомдон сатылууда. Айрыкча жуунучу каражаттардын наркы 80-100%га ɵстʏ. Алгач мунун баарын долларга байланыштырган, кийин Украинадагы согушка, азыр эми товар жок деп айтышууда. Товардын ɵзʏ жок болууда. Арзандатуу акциялары менен зорго алып сатуудабыз. Акция жок учурунда алуу кыйын, анткени кымбат. Алгандан кийин аны сатууда керек да. Бʏгʏнкʏ саткан бааларына эртең кайра андай товар ала албай калуудабыз.

“Инфляция тʏздɵн-тʏз азыктык корзинага жана жалпы жашоо деңгээлине таасирин тийгизʏʏдɵ”

Экономика илимдеринин доктору Мурат Абдиев 2022-жылдын 8 айында ɵлкɵдɵ инфляция 7,2 пайызды тʏзʏп, эң керектʏʏ азыктардын баалары ɵсʏп, жогорку инфляция ɵлкɵнʏн негизги социалдык кɵйгɵйʏ болуп калганын айтат:

-Негизги азык тʏлʏктɵргɵ эт, сʏт, кант, жашылча-жемиш, ɵсʏмдʏк майы, жумуртка жана дан азыктары кирет.

Кыргызстанда акыркы 2 жылдан бери товарлардын жана кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрдʏн баасы мурдагы деңгээлде калган ай болгон эмес жана жашоо тынымсыз кымбаттап баратат. Баарынан дагы эң керектʏʏ азык-тʏлʏктʏн баасы кɵтɵрʏлʏʏдɵ. Ошондой эле жогорку инфляция ɵлкɵбʏздʏн негизги социалдык кɵйгɵйʏ болуп калды.

2020-жылга чейин инфляция 3% тʏзгɵн болсо, кийин пандемия кɵп нерсеге таасирин тийгизди: чек аралар жабылып, бизнестер токтоду жана баары кымбаттап кетип, 2020-жылдын аягында инфляция 9,7% ди тʏзгɵн.

Ал эми 2021-жылы жагдай дагы начарлап, баалар 11,2% га ɵскɵн. Ɵзгɵчɵ айрым продукциялар 40-50% га кымбаттады. 2022-жылы баалар дагы кɵтɵрʏлʏп, сегиз ай ичинде  инфляция 7,2% ды тʏздʏ. Кант, жашылча-жемиштер, ун, макарон азыктарынын баасы дээрлик кʏн сайын ɵзгɵрʏп турат.

5-7% денгээлдеги инфляция орточо деп эсептелинет, бул чектен ашкан сайын экономикада баалар менен жакшы эмес экенин кɵрсɵтɵт. Инфляция тʏздɵн-тʏз азыктык корзинага жана жалпы жашоо деңгээлине таасирин тийгизʏʏ менен жашоочулардын кирешесинин азаюусуна алып келʏʏдɵ.

Белгилей кетсек, кʏйʏʏчʏ майлардын кымбатташы тʏздɵн-тʏз продукциянын кайсы тʏрʏ болбосун баасынын жогорулашына алып келет. Акыркы убакта ɵлкɵбʏздɵ кʏйʏʏчʏ майдын баасы кескин кɵтɵрʏлдʏ жана эң керектʏʏ азык-тʏлʏктɵрдʏн кымбаттоосу токтобой келʏʏдɵ. Бийликтин сооротуучу билдирʏʏлɵрʏнɵ карабастан, калктын ʏй-бʏлɵсʏн багуу кыйын болуп баратат.

“Баанын мындан ары да кɵтɵрʏлʏшʏ божомолдонууда”

-Россиянын Украинага басып кириши менен дʏйнɵлʏк институттар баанын мындан ары да кɵтɵрʏлʏшʏн божомолдоодо. Бул согуш ɵлкɵбʏзгɵ дагы албетте, чоң таасирин тийгизʏʏдɵ, себеби негизги соода ɵнɵктɵш катары Орусия жана Казакстан эсептелинет.

Германия менен Кыргызстандын супермаркеттериндеги бааларды салыштырсак, айырма жокко эсе, бирок Германияда эмгек акы бизге караганда 20 эсе кɵп.  

2022-жылдын биринчи кварталында жашоо минимумунун кɵлɵмʏ 6800 сомдон ашты, бирок бул сумма негизги азык-тʏлʏктɵргɵ болгон керектɵɵнʏ толук камсыз кыла албайт.

Инфляциянын деңгээлин мʏнɵздɵгɵн керектɵɵ бааларынын индекси 2022-жылдын январь-августунда 2021-жылга салыштырмалуу 113%ды тʏздʏ.

Министрлер Кабинети бааларды турукташууга аракет (материалдык резерв фондуна запастарды тʏзʏʏ, дан, ун жана айыл-чарба жаныбарларынан КНС бошотуу, ʏчʏнчʏ ɵлкɵлɵрдɵн кант жана кант тростнигин пошлинасыз импорттоо, дан, кʏрʏч, ун, ɵсʏмдʏк майы, кант, жумурткаларды экспорттоого тыюу салуу)  кылып жатканы менен убактылуу эффект болуу менен, алардын интервенциясына карабастан ɵсʏп жатат.

Жумагʏл Кочкорбай кызы