Кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бири болгон камчыны мен кыргызмын дегендер баары билишет. Ал гана эмес, бʏгʏнкʏ учурда чет ɵлкɵлʏктɵр да кыргызды камчысынан таанып калды десек жаңылышпайбыз. Анткени мансап ээлеринен тартып, карапайым элине чейин чет жакка барганда белек катары кыргыздын калпагы менен чепкенин кийгизип, жок дегенде колуна камчысын карматып кайтышат. Мына ушул баарыбыз билген, бабалардан мурас болуп келаткан камчынын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ, камчы жасоо ɵнɵрʏнʏн кʏңгɵй-тескейи жана камчыга байланыштуу ырым-жырымдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Октябрь Капалбаевдин айткандарын сиздер менен бɵлʏшɵбʏз.
“Камчыга нике кыюу” деген салт болгон
“Ɵзʏмдʏн илимий ишимди “Кыргыздардын салттык жыгачы” деген тарых адистигинин этнографиялык багыты боюнча жасаганмын” дейт. Жыгачтар жɵнʏндɵ изилдеп жатканда ал камчыга кайрылып кеткен. Аркар текенин мʏйʏзʏнɵн, шыйрагынан сырткары негизинен камчыга жыгачты пайдаланып келишкен. Ɵзгɵчɵ табылгыны кɵп пайдаланышкан. Анткени табылгы башка жыгачтарга салыштырмалуу ɵтɵ катуу болуп, бармактын жоондугунан чоңойбойт.
Кыргыздар байыртадан эле камчыга ɵтɵ кɵңʏл бурган эл болгон. Мисалы, камчыга байланыштуу кɵптɵгɵн макалдар бар. “Жаман атка миң камчы, жакшы атка бир камчы” дейт эмеспи. Демек бул камчы куралдын ролун ойногон. Ошол эле учурда колдо кылычпы, найзабы, чокморбу, чочмобу жок болуп калган учурда камчыны пайдаланган учурлар кɵп кездешкен. Кыргыздар мындай деп айтышат “ камчыга саптуу уул жок экен” же болбосо “камчыга сап болчу уул экен” деп камчынын сабына салыштырат. Андан сырткары камчыга байланыштуу бизде ɵтɵ таң калычтуу, бир эсе кʏлкʏлʏʏ салттар да болуп келген. Анын бирɵɵсʏ “камчыга нике кыюу”. Кɵрсɵ 60тан ɵткɵн аял жесир болуп калган учурда кошуна колоң, башка эркектер кирип намаз окуп туруш ʏчʏн, же жɵн эле чай, жарма ичип турушу ʏчʏн “сен турмушка чык” деп айтышкан. Ал аял “жок, менин балдарым чоңоюп калды, турмушка чыкпаймын” деп же башка бир нерселерди айтып ынандырган учурда камчыга нике кыйылды деп коюшкан. Кийин анын ʏйʏнɵ бɵлɵк-бɵтɵн башка адамдар киргенге тыюу салынган.
Камчы — бийликтин символу
Камчы бул бийликтин символу. Кыргызда камчыны жерге таштабайт. Илгери баканга эмес, керегенин саканагына илинген. Демек, камчы коомдо эркектин турмушунда ɵтɵ чоң мааниге ээ болгон. Бекеринен камчыны белекке же сыйлыкка берген эмес. Мисалы, кыргыздар камчыны кармап турушканынан эле билишкен. Алсак, эгерде камчыны адам ʏйгɵ сʏйрɵп кире турган болсо “Мен сага душмандашып келе жатам. Сен даярдан!” дегенди тʏшʏндʏргɵн. Эгерде камчыны колго кармабай ɵтʏгʏнʏн кончуна салып келе турган болсо “Мен бʏгʏн сенин ʏйʏңɵ коном. Кудай конокмун!” дегенди тʏшʏндʏргɵн. ʏйдʏн ээси кетеби же кетпейби аны суратпай эле билген. Эгерде камчыны ɵрʏлгɵн ɵрʏмʏн кошо учтап келаткан болсо “буйрук угузганы келатат, кабар айтканы келатат” дешкен. А эгерде камчы тизгин менен ээрдин кашында илинип турган болсо “Мен шашылышмын, айтчумду айтып кайра кетмин. Тезирээк тамагың болсо алып кел, суусундугуң болсо алып кел” дегенди тʏшʏндʏргɵн. Мындайча айтканда, кыраакы адамдар болгон. Азыраак сʏйлɵгɵн, бирок кыймыл аракети менен кɵп нерсени туюнтуп турган.
Ɵрʏмʏнɵ жараша 12 ɵрʏм болот

Бардык буюм социалдык абалына жараша болот. Байдын баласы сɵзсʏз тʏрдɵ эки сап камчы камчыланган. Же алаканына кʏмʏш чɵгɵрʏлɵт, же алтын чɵгɵрʏлɵт, же кɵркɵм оюу тʏшʏрʏлгɵн. Камчынын ɵрʏмʏ да бир нече болуп бɵлʏнɵт. Жылан боор, бɵдɵнɵ боор же кайыш боор. Ɵрʏмʏнɵ жараша 12 ɵрʏм болот. Илгери баатырлар ɵрʏмдʏн алдына коргошунду, кытты уютуп туруп, ʏстʏнɵн ɵргɵн. 4 см жоондукта ɵрʏлгɵн бул камчы баатырларга тийиштʏʏ болгон. Атайын буюртма менен жасатышкан. Бир устага буюртма бере турган болсо баасын кол ɵнɵрчʏ эч качан койгон эмес. Мен эгерде кол ɵнɵрчʏ болсом, камчы же аземдʏʏ кылыч жасап байга же бийге, баатырга берсем, анын баасын баатыр ɵзʏ бычкан. Мунуң бир жылкы экен же бир кулундуу бээ экен, же бир ʏйʏр жылкылык экен деп. Бул илгеркинин кол ɵнɵрчʏлʏктʏ урматтаган сыйы болуш керек.
Камчы кыргыз баласы атты мингенден тарта пайда болгон
Мунун баарын тең жомоктоштуруп, уламалаштыра берсең болот экен да, “камчы минтип чыгып калган, комуз минтип чыгып калган” дегендей. Бул зарылчылыктан улам пайда болгон нерсе. Деги эле оозеки элдик чыгармачылык ɵнʏккɵн элде айтуу ɵзʏ мʏмкʏн эмес. Демек, качан кɵчмɵнчʏлʏк башталгандан тарта камчы колдонула баштаган деп айтсак болот. Ошондой эле боз ʏй 37 миң жыл мурун пайда болсо, камчы да ошол доордо пайда болгон десек да болот. Камчы ɵрʏмʏнɵ, сабына жараша аталат. Камчынын аталышы боюнча биз башка аталыш уккан жокпуз. Башка аталышы бул мал айдаганга териден жасалган узунураак болгондугу ʏчʏн “шапалак” деп аталып жʏрɵт. Ал мал айдаганга ылайыктуу. Ал эми камчынын ɵрʏмʏнɵ жɵнɵкɵй эле терилер жарай бербейт. Жылкынын терисин, аркардын, кулжанын, кийиктин терилерин колдонуп жʏрʏшɵт. Алардын териси ɵтɵ бекем болот.
Окшош макалалар
“Мыйзам ишке кирсе, ата-эне айына 1200 сомдон тɵлɵйт”
Элдик Курултайга шаардан 39 делегат шайланды
Абдугани Абдугафуров: “СЫЙЛЫГЫМ ДА, СЫЙМЫГЫМ ДА ОШ!”