20 августа, 2025

ИЗРАИЛЬ КАНТИП ЯДРОЛУК ДЕРЖАВАГА АЙЛАНГАН?

Тель-Авив бʏтʏндɵй Жакынкы Чыгышты радиоактивдʏʏ чɵлгɵ айландырып сала алат. Бирок, аны жашырун кармап келе жатат. Сырды сактоого албетте АКШ убадасын берген.

Израилдин жакында эле Иранга жасаган аеосуз чабуулу — бул Ислам мамлекети ɵзɵктʏк куралды жасап бʏтʏʏгɵ ɵтɵ эле жакындап калды, а балким алигиче жасап да коюшкандыр деген шектин арты менен изделгени белгилʏʏ. Израилдин эсебинде, бул” кызыл сызык” деп саналып, андан ɵтʏп  кетʏʏ катаал жазалоону талап кылат.Мына парадокс: Ыйык Жер андай ажалдуу куралга капкачан эле ээ чыгып, бирок тыкыр жашырып келе жатканына дʏйнɵ коомчулугу эбак эле кɵнʏп бʏткɵн.

Атомдук программага байланышкан бардык деталдар Израилде, орустар айтмакчы, жети  мɵɵр  менен бекитилген. Ɵткɵн он жылдыктарда дʏйнɵ коомчулугуна азгантай гана бɵлʏгʏ маалым болду.

1957-жылы ɵлкɵ Франция менен макулдашууга кол коюп, ага ылайык француз адистери изралдиктерге Димонадагы атомдук реакторду курууга жардам берʏʏгɵ тийиш болгон. Ошол реактор кийинчерээк ядролук изилдɵɵлɵрдʏн талаасына айланган. Долбоор ушунчалык  жашыруун болгондуктан, француздар жакындарына жана дос-жарларына Димонадан жазган кат-кабарларды тʏз жɵнɵтɵ алышкан эмес. Ал ʏчʏн конвертке салынган кат Латын Америкасынын атайын почта жашыгына салынышы керек эле.

Он бир жылдан кийин БУУ ɵзɵктʏк куралды таркатпоо жɵнʏндɵ келишимди кол коюу ʏчʏн ачты. Андан бери бул  келишимге  190 ɵлкɵ кол койду, бирок,  алардын арасында Израиль жок, деген менен Иран бар.

1960-жылдарда эле жɵɵт ɵлкɵсʏ массалык кыргын салуучу куралды жасай баштаган. Арийне, Израиль ошондон бери карай “бар” же “жок” дебеген кош маанилʏʏ позицияны ээлеп келатат. Бул жагдайда, ошол маалдагы Израиль премьер-министри Голда Меир таптаза жɵɵттʏк куулук менен минтип айткан: ”Биринчиден, бизде ɵзɵктʏк курал жок, экинчиден, эгерде зарыл болуп калса, колдонобуз”.

Бирок ал кезде ”Гаарец” гезитинин маалыматы боюнча, ”кир бомба” жɵнʏндɵ сɵз  кеткен окшойт. Андай бомба кадимки эле жарылгыч заттын жардамында жарылып, радиоактивдик элементтер ʏстʏңкʏ катмарда эле чачырап кетет. Бирок, еврейлер андан чоң нерсеге жетʏʏгɵ кɵшɵрɵ аракет кылышып, 60-жылдарда бардык эрежелерден кыйгап ɵтʏʏ менен, Аргентинадан 100 тонна уран сатып алышты.

1969-жылдын 19-июлунда “Израилдиктер, сыягы, башка ар кандай ɵлкɵлɵрдɵн айырмаланып, ɵзʏнʏн ɵзɵктʏк куралын чындап эле биринчи болуп колдонот”,- деп эскерткен ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Генри Киссинжер. Баса, ошол эле жылы Вашингтон менен Тель-Авивдин ортосунда Израиль ɵзʏнʏн ɵзɵктʏк куралы бар экендигин маалымдабоосу, ал эми АКШ андан куралсыздандырууну кɵшɵрɵ талап кылбоосу жɵнʏндɵ макулдашууга жетишилгени менен 1973-жылы Израиль ɵзɵктʏк куралын колдонуп жибере жаздаган. Октябрда бир жагында Израиль, экинчи жагында Египет менен Сирия турган тараптардын ортосунда согуш оту тутанып, арабдар 1967-жылкы согушта жоготкон аймактарын кайтарып алуу максатында Израилге чабуул жасашкан. Башталышында Израилге абдан оор болгон. Биринчи эле кʏндɵрʏ Израиль согуштук 50 учагынан, 400 бронетехникасынан айрылган. Аскердик кабинетте мындай оор кырдаалда эмне керек деген суроо талкууланган; сириялыктар Голлан дɵңсɵɵсʏнɵ чыгышкан, израилдиктер аларды токтото алган жок.Коргоо минстри  Моше  Даян: ”Биз ɵзɵктʏк кудуретибизди колдонууга даярдык кɵрʏшʏбʏз керек, убакытытты текке кетирбейли”,-  деп премьер-министр Голда Меирге кайрылган. Меир  азга ойлонуп туруп: ”Муну унут” деген жоопту айткан. Ал учур ошону менен ɵттʏ да кетти. Жɵɵттɵр маселени кадимки эле куралдардын жардамында чечишти.

Израиль ɵзɵктʏк куралын реалдуу тʏрдɵ сыноону 1979-жылы  жасаган деп эсептелет. Спутниктер Инди океанынын тʏштʏгʏндɵгʏ ээн чɵлдʏʏ  аймакта шектʏʏ жаркыроону чагылдырышкан. Ал кезде апартеиддик бийлик ʏстɵмдʏк кылган Тʏштʏк Африка Республикасы менен биргеликте жарылууну уюштурушкан сыягы.Ошол маалдарда ТАРдагы чалгынчы-нелегал Алексей Козлов (азыр анын ысмы белгилʏʏ)  даярдалып жаткан акция жɵнʏндɵ кʏн мурунтан Москвага кабарлаган.

Бʏгʏн Израилде ар тʏрдʏʏ имаалыматтарга караганда, бир жʏз токсондон 400 бирдикке чамалуу ɵзɵктʏк курал бар. Ɵлкɵдɵ ажалдуу жарылуучу заттардын тʏрдʏʏсʏн алып жʏрʏʏчʏлɵрʏ да  аз эмес: жыйырма чакты “Иерихон” баллистикалык ракетасы (жети миң чакырым аралыкка дейре уча алат) , АКШ тарабынан берилген 18 даана Ф-15 бомбалоочу учактар ж.б.

Израиилдин ялролук куралы 1986-жылдан кийин гана толук бойдон жашыруун болбой калды.

Абдираим МАМЫТОВ.

About The Author