19 апреля, 2024

Аялдардын залалдуу шишик оорулары жашарып баратат

Бекем ʏй-бʏлɵ мамлекеттин тʏркʏгʏ. Ал эми ʏй-бʏлɵнʏн бекем болушунда аялдын ден соолугу чоң мааниге ээ. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой кыздарды жатын моюнчасынын рагын алдын алуу ʏчʏн эмдɵɵ башталганда коомчулукта ар кандай оң-терс пикирлер жаралды. Оорунун азабын тартып, башынан ɵткɵргɵндɵр гана билбесе, бул оору боюнча кɵпчʏлʏктʏн тʏшʏнʏгʏ жок болгон ʏчʏн вакцинадан баш тарткан учурлар катталып, айрым ата-энелер оору жɵнʏндɵ эч нерсени тʏшʏнгʏсʏ келбегендей тʏр кɵрсɵтʏшʏʏдɵ.  Бирок, кыздардын ден соолугу баарынан маанилʏʏ. Ошондуктан адамдын папиллома вирусу кандай,  жатын моюнчасынын рагы деген эмне? Суроолорубузга Ош облустар аралык онкология борборунун онкогинеколог дарыгери Саида Рапиева жооп берет. 

-Айтсаңыз, жатын моюнчасынын рагы эмнеден улам пайда болот? 

-Жатын моюнчасынын рагы, жатын моюнчасындагы залалдуу шишик болуп эсептелет. Оорунуну негизги себеби бул папиллома вирусу. Орточо эсеп менен алганда кɵбʏнчɵ 40-50 жаштардагы аялдарда кездешʏʏчʏ оору болуп саналат. Тилекке каршы, убакыт ɵткɵн сайын бул оору жашарып баратат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 30 жаштагы келиндерде да пайда болуп калган учурлар кездешʏʏдɵ. Негизи, адамдын папиллома вирусунун эки жʏздɵн ашуун тʏрʏ болот. Алар онкогендик жана онкогендик эмес деп эки тʏргɵ бɵлʏнɵт. Онкогендик эмес тʏрʏ – кадимки эле ар бир экинчи адамда кездешкен ɵсʏндʏлɵр, сɵɵлдɵр. Онкогендик тʏрлɵрʏ ɵтɵ кооптуу. Анда башка органдарга да рак оорусун чакырчу вирустар бар, бирок, жатын моюнчасынын рагында 16-18-онкогендик тип болуп эсептелет. Ошондуктан эки жʏз тʏрʏнʏн баарын бир текшербестен, кооптуу делген 16-18- тʏрлɵрʏн ПЦР тест аркылуу текшерип, лабораторияларга жɵнɵтʏп, аныктайбыз. Вирустун эки жʏздɵй тʏрʏнʏн ар бир адамдын организминде кездешкен тʏрлɵрʏ бар. Алар адамга ар кандай жолдор менен жугат, аба аркылуу же болбосо мончолордо, идиш-аяктарды чогуу иштеткенде жугушу мʏмкʏн. Ал эми адамдын папиллома вирусунун 16-18-тʏрʏ жыныстык катнаш аркылуу жугуучу вирустар. Ошондуктан аялда вирустун эки тʏрʏнʏн бирɵɵсʏ бар болсо жолдошун да сɵзсʏз текшергенге туура келет. Анткени жогоруда айтып ɵткɵн эки тип аялдарда жатын моюнчасынын рагын чакырса, эркек кишилерде жыныс органынын рагын чакырат. 

Балага деле ɵтʏшʏ мʏмкʏн, бирок мында иммундук система чоң ролду ойнойт. Иммунитет канчалык жакшы болсо аял да, эркек да оорудан айыгып кетет. Кɵбʏнчɵ адамдын папиллома вирустарын дарылоо ɵтɵ кыйындыкка турат. Себеби иммундук система ɵтɵ татаал болгондуктан вирустар чоң залал келтирет. Ошондуктан дарылоодо узак убакытты талап кылат. Бир курс дарылоо менен “болду, айыгып кеттим” деп айтуу кыйын. 

-Дʏйнɵдɵгʏ  жана ɵлкɵбʏздɵгʏ статистикалык кɵрсɵткʏчтɵр кандай?

-Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча жатын моюнчасынын рагы катталуусу жана ɵлʏмдɵрдʏн саны боюнча 4-орунда турат. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ кɵрсɵткʏчтɵр  жылдан-жылга жогорулап жатат. Мисалы, 2020-жылы дʏйнɵ жʏзʏ боюнча 642 миң аял катталган. 2021-жылы болсо 674 миңге кɵбɵйгɵн. Жатын моюнчасынын рагы ɵлʏмгɵ алып келʏʏсʏ боюнча биринчи орунда турат. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ аялдардын арасындагы рак оорулары боюнча жатын моюнчасынын рагы тɵртʏнчʏ орунду элейт, а ɵнʏгʏп жаткан ɵлкɵлɵрдɵ экинчи орунду ээлейт. Бʏт органдардын рак ооруларын алганда жетинчи орунду ээлейт. Биздин ɵлкɵдɵ аялдардын рак оорулары боюнча кɵкʏрɵк безинин рагынан кийинки экинчи орунду ээлейт. Байкасаңар, жатын моюнчасынын рагы ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ тɵмɵнкʏ орунда. Себеби алар вакцинацияны жакшы жолго коюп алышкан. “Дени сак эне, дени сак бала” дегендей алгач кыздарыбыздагы бул ооруну алдын алып алсак ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏшʏнɵ да зор таасирин тийгизмек. 

-Стадияларына карап айыктырып калууга мʏмкʏнбʏ? 

-Сɵзсʏз тʏрдɵ айыктырууга болот. Негизи жатын моюнчасынын рагы 4 стадияга бɵлʏнɵт. 1-2-стадиялары эрте убагы болуп, дарыгерге убагында текшерилип, дарыланса аялда 90-95% айыгып кетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Ал эми 3-4-стадиялары ɵтʏшкɵн стадия болуп, мында аялга комплекстʏʏ терапия керек, дарылануусу да бир топ мʏчʏлʏштʏктɵрдʏ жаратат. 

-Оорунун белгилери кандай?

-Ар бир аял ден соолугуна кайдыгер болбошу керек. Организмде кандайдыр жагымсыз белгилер байкалып жатса дароо байкашы зарыл. Эгер жатын моюнчасынын рагынан шек санап жатса тɵмɵнкʏдɵй белгилерге кɵңʏл буруу керек, жатын кынынан ириң, кан аралаш суюктук келиши мʏмкʏн же болбосо суу сыяктуу суюктук келиши ыктымал, жыныстык катнаш учурунда кан келʏʏ, ооруксунуу сыяктуу белгилер жатын моюнчасынын рагынын экинчи стадиядан ʏчʏнчʏ стадияга ɵтʏп жаткан абалы болуп саналат. Мында жогоруда айтылып ɵткɵн узак дарылоо процессин баштоого туура келет. Анын ичинде химиялык терапия, лучевая терапия, иммундук терапия жана хирургиялык дарылоолор бар. Тɵрɵт учурундагы аял деп 20 жаштан 45 жашка чейинки аялдар эсептелинет. Алар жылына бир ирет профилактикалык кɵзɵмɵлдɵн ɵтʏп туруулары зарыл. Ошол учурда текшерʏʏнʏн жыйынтыгында папиллома вирусунун белгилери байкалса токтоосуз дарыгерге текшерилʏʏ зарыл. Рак ооруларын алып келчʏ ооруларды сɵзсʏз дарылоо керек. 

-Ден соолугумда эч кандай кɵйгɵй жок деген кʏндɵ да текшерʏʏнʏн жыйынтыгында бул оору чыгып калуусу ыктымал экен? 

-Ооба, алгач эч кандай белгилери билинбеши мʏмкʏн. Оору ɵзʏнʏн белгилерин бере баштаганда кеч болуп калат. Ошондуктан жыныстык катнашта жашаган аялдар ден соолугунда эч кандай тынчсызданууну байкабаса да жылына бир текшерʏʏдɵн ɵтʏп туруусу зарыл. Анткени, айызы убагында келип, эч кандай кɵйгɵйлɵрдʏ байкабан учурда деле жатын моюнчасынын рагынан жабыркап келип калышууда. Анын ʏстʏнɵ учурда ар бир экинчи аялдын жатын моюнчасында эрозия оорулары катталып жатат. Вирустарды убагында дарылабаса жатын моюнчасындагы нормалдуу клеткалар белгисиз клеткаларга ɵзгɵрɵ баштайт.   

Айжылдыз  Тойчиева