1 декабря, 2025

Акыркы 10 жылда кургак учукка  чалдыккандардын саны кескин азайды

Кыштын келиши менен сасык тумоо кʏч алып, ɵпкɵнʏн ɵнɵкɵт оорулары козгоп, жугуштуу оорулар кʏчɵрʏн дарыгерлер белгилешет. Айрыкча, суук мезгилде эл жапырт кɵмʏр колдонгондуктан, анын тʏтʏнʏ ɵпкɵ оорусу менен ооругандарга кыйынчылык туудурат. Аны менен кошо организмди алсыратып, ɵпкɵнʏ жабыркаткан кургак учук деген оору менен кʏрɵшʏʏ дарыгерлердин тʏгɵнбɵс тʏйшʏгʏ десек жаңылышпайбыз. Андыктан,  Ош облустук кургак учукка каршы кʏрɵшʏʏ борборунун биринчи дарылоо бɵлʏмʏнʏн башчысы Бабамурат Тажибаев менен кургак учукка каршы кʏрɵшкɵн оорукана, оорулуулардын абалы, деги эле бул оору деген эмне, аны менен кантип кʏрɵшʏш керек деген маселелердин тегерегинде маектештик.

— Саламатсызбы, Бабамурат мырза! Алгач ɵзʏңʏз тууралуу кыскача айтып ɵтсɵңʏз.

— Мен, Тажибаев Бабамурат Калмырзаевич, аталган ооруканын биринчи дарылоо бɵлʏмʏнʏн башчысымын. Бул ооруканада 2006-жылдан бери эмгектенип келем, ал эми 2017-жылдан бери бɵлʏм башчы катары иштейм. Бɵлʏмʏбʏздɵ тɵрт дарыгер жана тажрыйбалуу медициналык персонал иштейт. Биз кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоо, диагностика жана кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча жоопкерчилик менен иштейбиз. Менин милдетим – бɵлʏмдʏн ишин уюштуруу, персоналды жетектɵɵ жана бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам кɵрсɵтʏлʏшʏн камсыз кылуу.

— Диспансер качан негизделген жана бʏгʏнкʏ кʏндɵ кандай милдеттерди аткарат?

— Кургак учук ооруканасы 1967-жылы негизделген. Аны ачкан агайларыбыз – Сасыкбаев Марат Абыдывич жана Каныбек Сарыкбаевич. Алардын эмгеги менен оорукананын негизги багыттары – кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана ооруну алдын алуу  болуп тʏзʏлгɵн.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ диспансерде 180 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 26 дарыгер, калганы медайымдар жана кичи медайымдар. Биздин негизги максат – кургак учукту эрте аныктоо, бейтаптарды сапаттуу дарылоо жана оору жайылышын алдын алуу. Ар бир кызматкер ɵз милдетин так билʏʏ менен бейтаптардын ден соолугун сактоого салым кошот.

Диспансерде хирургия бɵлʏмʏ дагы бар, ал тʏштʏк регионунда жалгыз болуп эсептелет. Ош, Манас жана Баткен облусундагы бейтаптар операциялык жол менен дарыланат. Мындан тышкары, диспансерде жугуштуу жана жугушсуз ооруларды изилдеген бир нече бɵлʏмдɵр бар. Бул бɵлʏмдɵрдʏн иши оорунун диагнозун так коюуга, дарылоону натыйжалуу жʏргʏзʏʏгɵ жана жалпы медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жардам берет.

— Акыркы учурда кандай ɵзгɵрʏʏлɵр жана жетишкендиктер болду?

— Бɵлʏмдʏн материалдык базасы толук жаңыланды десем болот. Лабораториябыз заман талабына ылайык жабдылып, жаңы аппараттар орнотулду. Мисалы, экспресс-тесттер кургак учукту болгону 2 сааттын ичинде аныктап бере алат. Ошондой эле кургак учуктун тʏрлɵрʏн жана дарылардын туруктуулугун 97% тактык менен кɵрсɵтɵт.

Бул жабдууларды биз COVID-19 сыяктуу башка инфекцияларды аныктоодо да колдоно алабыз. Чындыгында, булардын жардамы менен бейтаптарды ɵз убагында текшерип, дарылоону эртерээк баштап, оорунун жайылышын алдын ала алабыз.

— Ош облусунда жана шаарында кургак учук  оорусунун абалы кандай?

— Статистикага салыштырганда абал аябай жакшы деп айта алам. Акыркы 10 жыл ичинде кургак учук боюнча маалыматтар эл арасында жакшы тарады, жашоо шарты жакшырды, лабораториялык текшерʏʏлɵр да жакшы жʏргʏзʏлʏп жатат. Мунун баары абалдын жакшырышына себеп болду.

Мурда райондордо кɵптɵгɵн кургак учук ооруканалары иштечʏ, мисалы, Ɵзгɵн, Ноокат, Алай райондорунда. Азыр абал кескин жакшыргандыктан жана оорунун саны азайгандыктан, ошол аймактардагы ооруканаларды жабууга туура келди. Бул – оорунун санын азайтуу жана ресурстарды натыйжалуу колдонуу багытындагы чаралардын бири.

— Кургак учуктун жаңы учурлары кɵбʏнчɵ кайсы социалдык катмарларда катталууда?

— Бул оору кɵбʏнчɵ “онколог ооруларга окшош” деп коюшат, себеби айрым оорулар иммунитетти тɵмɵндɵтɵт. Мисалы, кант диабет менен ооруган адамдарда иммунитет начарлайт, ошондуктан кургак учукка кабылышы мʏмкʏн.

Ошондой эле, бронхиалдык астма жана башка ɵпкɵ оорулары бар адамдарда да тобокелдик жогору. Кошумча факторлор катары тамеки тарткан же алкогол ичкен адамдар дагы кургак учук менен жабыркашы мʏмкʏн. Биз бейтаптарды катуу кɵзɵмɵлдɵп, эртерээк диагноз коюуга аракет кылабыз.

— Дарыга туруктуу тʏрлɵрʏ барбы?

— Жалпысынан туруктуу кургак учук кɵп кездешпейт, бирок кургак учуктун дарыга туруктуу тʏрлɵрʏ бар. Мисалы, “Поли” (Poly Drug-Resistant TB, PDR-TB) деп аталган тʏрʏ – эгер бир даары, мисалы, «изониазид», натыйжа бербесе, бейтап «поли» схемасы менен 9 ай бою дарыланат.

Андан тышкары, «ШЛУ» (Extensively Drug-Resistant TB, XDR-TB)  деп аталган тʏрʏ – тɵрт дарыга туруктуу форма, аны дарылоо 18 айдан 24 айга чейин созулат. Ал эми «МНО» (Multi-Drug Resistant TB, MDR-TB) – эки дарыга туруктуу тʏрʏ, кɵбʏнчɵ «изониазид» жана «рифампицинге» туруктуу болуп калат. Бул маалыматтарды билип, дарылоону туура жʏргʏзʏʏ ɵтɵ маанилʏʏ, анткени ар бир тʏргɵ ылайык дарылоо ыкмасы ɵзгɵрɵт.

— Дарылоо акысызбы? Техникалык база жана лабораториялык жабдуулар жаңыландыбы?

— Кургак учукту дарылоо 100% бекер. Бардык шарттар тʏзʏлгɵн. Биздин материалдык база аябай жаңыланган. Мисалы, киргенде эле оңдолгон имаратты кɵрɵсʏз: суу аристондору бар, лифт жаңы жана жалпы облус боюнча эң сапаттуу рентген аппараты биздин диспансерде иштейт.

 Кургак учук оорусун аныктоо боюнча биздин лабораторияда Кыргызстандагы эң заманбап аппараттар орнотулган. Мисалы, бир аппаратыбыз бар, аны “МЖ” деп коёт, ал дарылардын туруктуулугун – туруктуу же туруксуз экенин так кɵрсɵтɵт.

Жакында “Кайынтез” деген жаңы аппарат келген. Ал бир жуманың ичинде эки кургак учуктун дарысын анализдеп, дары туруктуу же туруктуу эместигин аныктай алат.

Ошондой эле жогоруда айтып кеткен экспресс-тест аппаратыбыз бар, ал кургак учуктун таякчасы организмде барбы же жокпу жана дарыга туруктуулук барбы-жокпу дегенди 2 сааттын ичинде аныктайт. Бул аппараттардын жардамы менен бейтаптарга дарылоону мʏмкʏн болушунча эртерээк баштоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ пайда болду.

Социалдык жана психологиялык колдоо да кɵрсɵтʏлɵт. Биз бейтаптар менен дайыма байланыштабыз, маалыматтарды массалык тʏрдɵ таратабыз. Мисалы, ар ай сайын райондорго барып, мектептерге, университеттерге, базарларга, милиция жана аскер кызматкерлерине лекция окуйбуз. Ошондой эле мекемелерге атайын чакырылып барып, маалымат беребиз.

Бейтаптарга социалдык колдоо кɵрсɵтʏʏдɵ биз интернет жана социалдык тармактарды да колдонобуз: ММК; Инстаграм, YouTube, Facebook, TikTok аркылуу маалыматтарды активдʏʏ таратабыз. Максатыбыз – адамдар кургак учук жɵнʏндɵ толук маалымат алып, ɵз ден соолугуна кам кɵрʏʏсʏ.

— Ооруну алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар жʏргʏзʏлɵт?

— Брошюралар, китептер жана видео роликтерди таркатып, калк менен аңгемелешебиз. Ар бир бейтапка тʏшʏндʏрʏʏ иштерин  жʏргʏзʏп, эртерээк кайрылууну сунуштайбыз.

— Эл аралык уюмдар менен кызматташуу барбы?

Ооба, биз бир катар долбоорлор менен тыгыз иштешебиз. Мисалы, БУУнун Ɵнʏктʏрʏʏ программасы (ПРООН) бизге жакындан жардам берип келет. Алар оорулууларга социалдык колдоо кɵрсɵтʏшɵт: азык-тʏлʏк пакеттерин берʏʏ, ʏйʏ жок бейтаптарга убактылуу батирди ижарага берʏʏ жана керектʏʏ шарттарды тʏзʏʏ боюнча жардам берип келишет.

Ошондой эле «Центр Плюс» жана «Кесиви» деген уюмдар менен кызматташабыз. Бул уюмдар бизге абдан чоң жардам кɵрсɵтɵт: бейтаптардын жол киресин тɵлɵп берʏʏ, алыстан келе албай турган адамдарга жардам берʏʏ жана алардын социалдык кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏдɵ колдоо кɵрсɵтɵт. Оорулуулар ɵз убагында дарыланып, эч кандай социалдык тоскоолдуктарга дуушар болбошу керек.

— Диспансердин жакынкы келечеги жана пландары кандай?

— Азыркы учурда биз бир нече долбоорду ишке ашырып жатабыз. Анын ичинде жаңы заманбап поликлиника салынып жатат. Ал жерде бейтаптар сырттан келип, бардык дарыгерлер – хирург, терапевт жана башка адистер – бир эле жерде кабыл алат.

Ошондой эле жаңы лаборатория болот, ал жактан бейтаптар дароо консультация алып, керектʏʏ анализдерди жасата алышат. Лаборатория инфекциялык кɵзɵмɵлдʏ да камсыздайт.

Биздин пландар – корпусубузду толук оңдоп, заман талабына ылайык жабдуу жана шарттарды тʏзʏʏ. Бул ишке ашкандан кийин, диспансер бейтаптарга дагы ыңгайлуу жана натыйжалуу кызмат кɵрсɵтɵт деп ишенебиз.

— Эл арасында кургак учук боюнча эң кɵп кездешкен мифтер кайсылар?

— Эл арасында мифтер кɵп. Кургак учук десе эле адамдар коркуп кетет, “коркунучтуу оору” деп ойлошот. Чынын айтканда, бул оору оңой эле дарыланат. Аты эле коркутат да. Кээ бирɵɵлɵр “жугат”, “айыкпай калат”, “ɵмʏр бою ɵпкɵ оорулуу болуп калам” деп чочулашат.

Тескерисинче, адам эртерээк келсе, тезирээк айыгат. Бизге келген бейтаптардын кɵбʏ башында коркуп келет, бирок маалымат алгандан кийин ой пикири ɵзгɵрɵт. “Ой, бул оору бат эле айыгат турбайбы” деп айтышат.

Дарылоо ыкмасы да оор эмес — таблеткаларды ичип жʏрɵ берет, керек болсо ʏй шартында да дарылана алат. Дарыларды биз бекер берип турабыз. Адам кадимкидей жашоосун улантат: той-топурга да барат, кʏнʏмдʏк иштерин да жасайт.

Кɵптɵр “кошуналар билсе эмне дейт?” деп жашырып жʏрɵ беришет. Бул туура эмес. Ɵз убагында келгендер бат айыгат, жашоо сапаты бузулбайт.

Гульнура Ормонова

About The Author