Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (ЦПЗиГСЭН) бүгүнкү күндө калктын коопсуздугун камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ мекеме. Мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Санталат Орозбаева менен болгон маегибизде, СЭНдин ички ашканасы, суу көйгөйү, текшерүүлөрдөгү тоскоолдуктар жана эл билбеген коркунучтар тууралуу ачык сөз болду.
— Саламатсызбы, Санталат Маматовна! Сиз жетектеп жаткан мекеменин бүгүнкү күндөгү орду жана адистердин потенциалы тууралуу сөз баштасак.
— Саламаттыкчылык! Биздин ишибиз өтө көп тармактуу жана жоопкерчиликтүү. Чынын айтканда, биздин колубузда бүтүндөй Ош шаарынын жана Ош облусунун элинин саламаттыгы, коопсуздугу турат. Мекемебиздин ийгилиги — көп жылдык тажрыйбасы бар, эл аралык деңгээлде (Кытай, Россия сыяктуу өлкөлөрдө) квалификациясын жогорулаткан кадрларыбыздын эмгеги.
Бизде 3-класстагы мамлекеттик инспектор чинине ээ, жогорку категориядагы тажрыйбалуу адистер эмгектенет. Мына ушул кесипкөйлүктүн натыйжасында биздин борбор 2021-жылы Ош мэриясы тарабынан «Эң мыкты мекеме» деп табылган. Биздин мекемеде көп жылдан бери иштеген бак-лабораториясынын адиси Гүлжамал Жоробекова, оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музафар Ахмедов, лабораторияда Бахадыр Адаханов, санитардык бөлүм боюнча Камбу Калышева жана башка көптөгөн адистерибиз бар. Бул инсандардын тажрыйбасы шаарыбыздын саламаттыгы үчүн баа жеткис.

— Сиздердин ишиңердин жоопкерчилиги кайсы багыттарда көбүрөөк сезилет?
— Биздин ишибиз аябай көп тармактуу. Өзгөчө баса белгилеп кетейин: суунун сапатына бизден башка эч бир мекеме жооп бербейт! Ичүүчү сууга бир гана биз көзөмөлдөйбүз. Эгер сууга кандайдыр бир бактерия түшүп калса, кандайдыр бир оору козгогучтар болсо — бүтүндөй шаар ууланат. Ошондуктан биз анализдерди, мониторингдерди тынбай жүргүзүп, байкап турабыз.
Андан сырткары «инфекциялык көзөмөл» деп коёт, ашканалар, жеке ооруканалар, ийне сайуу бөлүмдөрү, хижамалар, ошолордун сертификаты, алардын сакталышы боюнча дагы биз көзөмөлдөйбүз. Бизде тармак аябай көп. Жалпысынан санэпидкөзөмөл борборунда өзүнчө лаборатория болот. Анда анализдердин бардык түрү жасалат. Биздин лаборатория Кыргызстан боюнча эң жакшы лаборатория болуп саналат.
— Түзүмдүк бөлүмдөр тууралуу кененирээк токтолсоңуз, ким эмнеге жооп берет?
— Бизде санитардык бөлүм бар, ал жерде 4 бөлүмчө иштейт: тамак-аш гигиенасы бөлүмү, кичинекей балдардын гигиенасы бөлүмү: садик, мектептер , эмгек гигиенасы бөлүмү: аэропорт, вокзал, мекеме-уюм ишканалар, коммуналдык гигиена бөлүмү: баня, бассейндер.
Биздин мекеменин эң маанилүү тиреги — оорулардын алдын алуу бөлүмү. Бул бөлүмдүн адистери ар кандай жугуштуу оорулардын жана инфекциялардын 32 түрү боюнча иш алып барышат. Кайсы бир аймакта оору катталса, алар дароо ошол очокко жетип барып, ыкчам иш жүргүзүшөт.
Бизде ар бир багыт боюнча адистер өз-өзүнчө бөлүнгөн. Маселен, ич келте, холера же кургак учук сыяктуу ар бир кооптуу дартка жооптуу конкреттүү кызматкерлер бар. Кандайдыр бир оору тууралуу кабар түшөрү менен, биздин адистер «детектор» сыяктуу изилдөөгө киришет: «Оору кимден жукту? Каяктан келип чыкты? Бейтап акыркы жолу эмне жеп, эмне ичти?», — деген суроолордун тегерегинде кылдат иликтөө жүргүзүлөт.
Эгерде сибирь жарасы сыяктуу өзгөчө кооптуу оору чыгып калса, биз ветеринардык кызматтар менен тыгыз байланышта, биргелешип жандуу иш алып барабыз. Оорунун жайылуу жолдорун жана кимдерге таркап кеткенин так аныктайбыз. Андан сырткары, биздин курамыбызда өзүн-өзү камсыздай турган дезинфекция бөлүмү иштейт. Алар ар кандай объектилерге барып, кемирүүчүлөргө каршы дератизация жана зыяндуу микробдорду жок кылуучу дезинфекция иштерин жогорку деңгээлде аткарышат.
— Текшерүү иштеринде кандай кыйынчылыктар болуп жатат? Акыркы убактагы мыйзамдык чектөөлөр ишиңиздерге кандай таасир этти?
— Биздин мекеменин иштөө мүмкүнчүлүгү кенен болгондо, биз тартипти бузган ишканаларды жаап, айып пул салып, аларды дароо туура жолго салмакпыз. Бирок акыркы жылдары жеке ишкерлерди коргоо максатында мараторий жарыяланып, иш бир топ татаалдашты. Кыргыз Республикасынын 72-мыйзамына ылайык, биз объектилерди алардын коопсуздук деңгээлине жараша бир жылда бир жолу же үч жылда бир жолу гана текшере алабыз. Мурдагыдай каалаган жерге кирип, кенен текшерүү жүргүзүүгө азыр укугубуз жок. Ар бир «пландуу» текшерүүнү Экономика министрлиги менен макулдашып, атайын жолдомо алгандан кийин гана жүзөгө ашырабыз.
Элден арыз түшкөн учурда да өзүнчө тартип бар: арыздануучу сөзсүз түрдө паспортундагы маалыматтарын берип, колун коюп, расмий кат жазышы шарт. Эгерде маселе адамдын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтире турган болсо, Экономика министрлиги текшерүүгө уруксат берет. Андайда биздин ыкчам топ дароо ошол жерге жетип барат. Бирок, тилекке каршы, көп учурда министрликтен бизге: «Бул жагдай адам өмүрүнө коркунуч келтирбейт», — деген тыянак менен уруксат берилбей калат. Мындай учурларда эл арасында «Санэпидемстанцияны чакырсак келбей жатат, текшербей жатат» деген нааразычылыктар жаралат.
Мисалы, былтыр бир жаран балмуздак саткан күркөнүн (будка) кир суусу арыкка агып жатканын айтып, аны дароо жабууну талап кылды. Биз Экономика министрлигине суроо-талап жөнөтсөк, уруксат берилген жок. Арыздануучу болсо бизди «иштебей жатасыңар» деп айыптады. Ошентсе да биз эртеси барып, сатуучуга арыкка кир суу агызса болбостугун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Ал эми арызданган адамга: «Мыйзам чегинде арыз жазыңыз, фото-видеолорун тиркеңиз», — десек, өзү баш тартып койду.
Биздин жарандар көбүнчө оозеки айтып коюшат, бирок мыйзам негизинде иш алып барууну билишпейт. Ар бир даттануу видео, фото же квитанциялар менен далилдениши керек. Биз расмий жолдомо алгандан кийин гана объекти «от и до» текшере баштайбыз: лабораториялык сүртүмдөрдү, анализдерди алабыз, кызматкерлердин санитардык китепчесинен баштап, имараттын документтерине чейин кылдат карап чыгабыз.
— Жаңы курулуп жаткан үйлөр жана суу жээктериндеги курулуштар боюнча абал кандай?
— Биздин мекеме санитардык-коргоо зоналарынын (СЗЗ) сакталышына да түздөн-түз жооп берет. Тилекке каршы, мурда Увам каналы сыяктуу стратегиялык суу бойлоруна курулуш жүргүзүүгө туура эмес уруксаттар берилип кеткен. Ошол себептүү суу жээктери каралбай, санитардык абалы начарлап кеткен учурлар болгон. Бир убактарда Экотехинспекция курулуп бүткөн үйлөрдү кабыл алууда СЭНден уруксат кагаз албай койгон «упущениялар» (кемчиликтер) орун алган. Ал эми азыр тартип катуу: жаңы үй курулаарда бизге сөзсүз суроо-талап келет. Биз имараттын санитардык-коргоо зонасын карап, шамалдын багытын, терезелердин жайгашуусун, атүгүл пайдубалы куюлаардагы ченемдерди кылдат текшерип, тыянагыбызды беребиз.
Шаарды таза суу менен камсыздоо — биздин күнүмдүк башкы планыбызда. Ай сайын шаардагы бардык чекиттерден суу алып, текшерип турабыз. Былтыркы июнь-июль айларындагы окуя эсимде: бир жуманын ичинде 31 жерден суу алсак, анын 27си бактериологиялык жактан жаман чыкты. Мен дароо «тревога» көтөрүп, мэрияга билдирүү менен атайын штаб чакырттым. «Шаарсууканалдын» жетекчилигин чакыртып, өзүбүз барып текшергенде, резервуарлардагы сууну микробдордон тазалоочу хлордун көлөмү нормадан аз, кээ бир жерде такыр эле жок болуп чыкты. Ошондой эле суу сактагычтардын айланасы талапка ылайык тосулган эмес.
Бул шалаакылыгы үчүн биз «Шаарсууканалга» 26 миң сом айып пул салдык, ал эми алардын жетекчилиги 9 кызматкерине сөгүш берди. Хлор нормага келгенден кийин гана суу тазалана баштады. Суунун сапатынын начарлашы — адам өмүрүнө, өзгөчө ич өткөк ооруларынын күчөшүнө алып келет. Ошондо көбү «дарбыз-коондон ууланышты» деп ойлошкон, бирок мен штабда маселени кабыргасынан коюп, мунун баары суудан экенин далилдеп бердим. Албетте, мындай учурда бизди «Шаарсууканал» жана башка кызматтар жаман көрүшү мүмкүн, бирок мен: «Суунун коопсуздугуна бизден башка эч ким жооп бербейт!», — деп так айттым.
Андан кийин Араван жана Увам каналдарынан холеранын козгогучу табылды. Сентябрь айы болгондуктан, суунун температурасы 16 градустан төмөндөгөндө ал козгогучтар жок болуп кетти. Бул маселе боюнча Бишкектен адистер келип, республикалык координациялык кеңештин көчмө жыйынын өткөрдүк. Биз Ак-Бууранын башына, Папан суу сактагычына чейин барып, абал менен тааныштык. Суу жээгинде малдар жайылып, айланасы тосулган эмес! Ноокат тараптагы түтүктөр эскирип, таштандылар жатат… Мунун баарын сүрөткө тартып, кандай коркунучтуу ооруларга алып келерин элге, тийиштүү кызматтарга көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Биздин максат — оору чыккандан кийин күрөшпөй, анын алдын алуу.
— Үйлөргө коюлган суу фильтрлери канчалык деңгээлде жардам берет?
— Акыркы убакта үйлөргө суу чыпкалоочу (фильтр) аппараттарды коюу модага айланды. Бирок эл бир нерсени билип алышы керек: бул аппараттар суунун курамындагы элементтерди нормалдаштырып, аны жумшартып гана бербесе, зыяндуу бактерияларды жок кылууга кудурети жетпейт. Эгерде сууга, Кудай сактасын, ичеги таякчалары (Escherichia coli) же башка коркунучтуу ооруларды козгоочу микробдор түшүп кетсе, фильтр аларды токтото албайт. Зыяндуу бактериялар кайнаган сууда гана өлөт жана толук жок болот. Ошондуктан, биз ар бир жаранга сууну сөзсүз кайнатып, анан кайра муздатып ичүүнү сунуштайбыз. Бул эреже наристелер жана жаш балдар үчүн өтө маанилүү. Ар бир ата-эне баласынын ден соолугу үчүн суунун коопсуздугуна биринчи кезекте жоопкер экенин унутпашы зарыл
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Жаңы мэрдин тушунда ири долбоорлор ишке ашат
Абдилбает Мамасыдыков: «Иш издөөчү эмес,иш берүүчү адистерди даярдайбыз»
Бүтүрүүчүлөр экзаменге даярданууда стресске кабылышабы?