Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалган күндөн баштап шаарды өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыкты. Алсак, ал алгач 100 күндүк планын жарыялап, жаңы долбоорлор ишке ашарын билдирди. Жаңы мэрдин кызматка киришкенине 1 айдан ашса да, ири долбоорлор башталды.
«Эне-Сай CITY» турак жай комплексинин курулуш иштери токтотулбайт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 16-март күнү Ош шаарындагы Бекмамат Осмонов көчөсүндө жайгашкан Эне-Сай CITY турак жай комплексине барып, курулуш объектисинин учурдагы абалы менен жеринен таанышты.
Шаар башчысы аталган жер тилкесин трансформациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө курулуш иштерин токтотпой, белгиленген график боюнча улантууну тапшырды. Муну менен катар бардык иштер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керектигин, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.
Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалууда

16-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Кызыл-Байрак айылына барып, жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Аталган аймактагы М. Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Жанарбек Акаев мектептин инфраструктурасы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү кызматтарга 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана керектүү документтерди даярдоо иштерин баштоо тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, бул аймак өткөн жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын курамына өткөн.
Ош шаарындагы курулуш объекттери толугу менен бүтөт

17-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчик ишкерлер менен жолугушуп, 14-марттагы жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилгендиги тууралуу маалымат беришти.

Министр шаардагы курулуш маселелерин эки этапта караларын, курулушу аяктаган 9 объект боюнча атайын комиссиянын корутундусуна ылайык акча каражаты бөлүнөөрүн, ал эми курулушу башталып, токтоп калган 24 объект министрликтин карамагына өткөрүлүп, мыйзам боюнча иштери улантыларын билдирди.
Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасы менен, Ош шаарындагы башталган курулуштардын бири да токтотулбай, мыйзамдуу негизде сапаттуу бүткөрүлөрү камсыздалары белгиленди. Ишкерлердин чыгымдары жана курулуш иштерине керектелүүчү каржы республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан бөлүнө турган болду.
Жолугушуудан соң шаар мэри менен министр курулуш объекттерин текшерип, министр ишкерлерге кабатыр болбостон иштерди активдүү улантууну сунуш кылды. Ар бир объект боюнча келишимдер мыйзамдуу негизде түзүлүп, министрликтин көзөмөлүндө аткарыларын тастыктады.
Ош шаарында көрүстөндөрдү көрктөндүрүү иштери башталды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2025-жылы рекультивацияланган көрүстөндөрдүн ордуна көчөт отургузуу иштери жүргүзүлөт.
Учурда Хохлова көрүстөнүндө 4 гектардан ашуун жер кыртышы калыбына келтирилип, атайын техникалардын жардамында тегизделип жатат.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 2025-жылы 10дон ашуун көрүстөн рекультивацияланган.
Ош шаарында таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат
20-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштерин жандандырып, ишти активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан каралып, чечилип бериле тургандыгын билдирди.
Аталган завод ишке кирсе, жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
Бузулган базарларды тазалоо иштери башталды. Ордуна жашыл аймак пайда болот
22-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски Ош базарындагы калдыктарды тазалоо иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, аталган иштерди жүргүзүп жаткан жумушчулар менен бирге түшкү тамактанууга катышты.

Белгилей кетсек, калаа башчысы аталган аймакты туристтерди тартуучу байыркы тарыхый жайга айландыруу пландалып жатканын белгилеп, ошондой эле Ак-Буура дарыясынын жээгине жашыл аймак, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана веложол куруларын айткан.
А. Навои паркы жакында пайдаланууга берилет
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге А.Навои паркында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Аталган жайда буга чейин баш-аламан жайгашкан эски соода күркөлөрү бузулуп, заманбап жаңы курулуштар курулуп, көрктөндүрүү иштери башталган.
Калаа башчысы аткарылган иштерди өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүтүрүү менен 20-апрелге пайдаланууга берүү тапшырмасын койду.
Ош шаарында 4 тилкелүү эки көчөнүн курулушу башталды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Атабаев жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жолдордун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерди тездетүү жана өз убагында бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, башталган көчөлөрдүн курулуш иштерин көзөмөлдөп, тез арада жана сапаттуу бүткөрүү убадасын берди.
Белгилей кетсек, аталган көчөлөр төрт тилкелүү болуп кеңейтилет жана жол жээктерине ирригациялык лотоктор орнотулуп, көрктөндүрүлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Санталат Орозбаева : Биздин көзөмөл — шаардын коопсуздугунун кепилдиги
Абдилбает Мамасыдыков: «Иш издөөчү эмес,иш берүүчү адистерди даярдайбыз»
Бүтүрүүчүлөр экзаменге даярданууда стресске кабылышабы?