11 апреля, 2026

Абдилбает Мамасыдыков: «Иш издөөчү эмес,иш берүүчү адистерди даярдайбыз»

Бүгүнкү маектешибиз — Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков. Тажрыйбалуу жетекчи менен окуу жайдын тарыхый жолу, билим берүүдөгү жаңы реформалар жана эл аралык статус тууралуу маекти сунуштайбыз.

-Абдилбает Асанович, билим берүү тармагындагы көп жылдык тажрый- баңыз жана бүгүнкү ректорлук кызма- тыңызга келүү жолуңуз тууралуу кепти баштасак…

-Мен 32 жылдан бери билим берүү тармагында үзгүлтүксүз эмгектенип келе жатам. Менин эмгек жолум жөнөкөй кассирликтен башталган. Бул жетекчилик кызматка келгенге чейин башка бир катар жогорку окуу жайларда ректорлук, биринчи проректорлук кызматтарды аркалагам.

2023-жылы Кыргызстанда президентибиз Садыр Нуркожоевич кол койгон жарлыкка ылайык, билим берүү мыйзамы түп тамырынан өзгөрдү. Бул жаңы кабыл алынган мыйзам мурунку 51 мыйзамды жана декреттик актыларды жокко чыгарып билим берүү жана илим тармагын түп тамырынан өзгөрттү. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы бардык мамлекеттик окуу жайлардын ректорлук ордуна атайын конкурс жарыяланды. Ошол конкурста жеңип келген талапкерлерге ректорлук буйруктар чыкты. Мен дагы ошол ачык конкурстун жыйынтыгынын негизинде 2023-жылдын октябрь айында КӨЭАУга ректор болуп дайындалдым.

-Университеттин түптөлүшү жана Ош шаарындагы орду тууралуу токтоло кетсеңиз?

-Эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы жылдары өлкөбүздө кадрдык маселеде белгилүү бир деңгээлде вакуум (боштук) пайда болгон эле. 90-жылдары Кыргызстандагы алдыңкы интеллигенциянын демилгеси менен ошол мезгилдеги жаңыча ой жүгүрткөн илим-билим өкүлдөрү бир пикирге келишип, сапаттуу кадрларды даярдоого болгон курч муктаждыкты жоюу максатында жаңы окуу жайларды ачуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Ошол учурда, биринчи кезекте ички ресурстарды жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максаты коюлган. Бул багытта иштеп жаткан окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын, илимий потенциалын жана келечегин терең талдоонун жыйынтыгында, Ош шаарында жайгашкан Технологиялык колледждин база сында биринчи жогорку “Ош технологиялык колледжи” катары бул окуу жайдын пайдубалы түптөлө баштаган.

Окуу жайдын өнүгүү тарыхында алгачкылардан болуп биздин биринчи ректорубуз, Улуттук илимдер академиясынын академиги Махамаджан Мамасаидов агайыбыздын орду өзгөчө. Ал киши окуу жайдын түптөлүшүнө, калыптанышына жана кеңейишине баа жеткис салым кошкон. Аракеттердин натыйжасында 1994-жылы окуу жай жогорку билим берүүгө укук алып, кийинчерээк университет статусуна ээ болгон.

Бүгүнкү күндө Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети (КӨЭАУ) Кыргызстандагы 89 жогорку окуу жайдын ичинен өзгөчө орду, кадыр-баркы жана эл аралык статусу бар билим ордосу ка- тары ийгиликтүү иштеп келе жатат.

-Университеттин «Эл аралык» деген статусу бүгүнкү күндө практика жүзүндө кандай мааниге ээ жана ал студенттерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

-«Эл аралык статусу» — бул сыртынан айтууга оңой болгону менен, иш жүзүндө аны алуу жана ага татыктуу болуу өтө татаал, жоопкерчиликтүү маселе. Биздин окуу жайдын Кыргызстандагы башка ЖОЖдордон башкы айырмасы — бул жерде чет өлкөлүк алдыңкы окуу программаларын колдонуу менен эл аралык стандарттарга төп келген заманбап билим берүү чөйрөсү түзүлгөн. Бул жерден билим алган улан-кыздарыбыздын башка мамлекеттерде да эч бир тоскоолдуксуз иштөө мүмкүнчүлүгү абдан кеңири. Ошондуктан, бул статус биз үчүн жөн гана куру сөз эмес, бул — бир канча ондогон жылдар бою талыкпай иштеп, аракет кылган эмгегибизге берилген калыс баа деп билем.

Азыркы тапта мамлекеттик деңгээлде билим берүү кызматтарын сыртка чыгаруу боюнча абдан чоң программа иштеп жатат. Сырттан келген абитуриенттер бизден билим алып, бирок Кыргызстандын ички эмгек рыногунда атаандаштык жаратпастан, кайра өз мамлекеттерине барып иштегени — бул илимий тил менен айтканда «билимдин экспорту» болуп саналат.

Университетибиздин өнүгүү тарыхына кылчайсак, жалпы 25 миңдей студентибиз болсо, анын 17 жарым миңден ашыгы чет өлкөлүк студенттер болгон учурлар болду. Бул көрсөткүч бир-эки эле мамлекет менен чектелбейт. Студенттерибиздин басымдуу бөлүгү кошуна Өзбекстан Республикасынан жана башка алыскы-жакынкы мамлекеттерден келишет. Мына ушундай эл аралык деңгээлге чыгуу, ал кадыр-баркты туруктуу кармап калуу жана ошол бийиктикте иш алып баруу бул биздин бүтүндөй жамааттын, тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курамдын зор эмгегинин натыйжасы.

Чет өлкөлүк алдыңкы жогорку окуу жайлары менен байланыштар бүгүнкү күндө кандай деңгээлде жолго коюлган?

-Чет өлкөлүк ЖОЖдор менен ар бир окуу жай өз алдынча жеке аракеттерин жасап келишет. Бирок бизде мамлекеттик деңгээлдеги атайын программалардын негизинде башка мамлекеттердин алдыңкы окуу жайлары менен максаттуу жана стратегиялык байланыштар түзүлөт. Мисалы, биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири — Россиянын Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Д.Ф. Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университети менен кызматташуу болуп саналат. Бул шаардагы бир канча университеттер дүйнөлүк рейтингде IT-технологиялар жана башка татаал адистиктер боюнча алдыңкы орундарды ээлешет. Биз мына ушундай абройлуу окуу жайлар менен түздөн-түз келишимдерди түзүп, натыйжада биздин магистрлер «1+1» программасы (бир жыл бизде, бир жыл өнөктөш ЖОЖдо) менен окуп, ийгиликтүү бүтүрүп келишүүдө.

-Ош шаарынын тарыхый баалуулугу чет элдик студенттерди тартууда канчалык роль ойнойт?

-Биз Ош шаарын 3000 жылдан ашык бай тарыхы бар шаар катары сыймыктануу менен айтабыз. «Ош шаарына барып окусам, ал жердеги көп тилдүү программаларды үйрөнсөм, бай маданиятын өз көзүм менен көрсөм» деген чет өлкөлүк каалоочулардын саны абдан көп. Мен өзүм да дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекетине барып, стажировкалардан өтүп, окуп-үйрөнүп, илимий ишимди жактап келдим. Кайсы мамлекетке барбайын, алар биринчи кезекте өз мыйзамдарын, ички тартибин жана жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүп, анан гана окууга жөнөтүшчү. Биз да алардын каада-салтын, маданиятын үйрөнүп, өзүбүздүн рухий дүйнөбүздү байытууга аракет кылганбыз.

Ошол сыңары, бүгүнкү күндө Кыргызстанга келе жаткан студенттерге биздин окуу жай жөнүндө сайттар аркылуу алдын ала маалымат берип, мыйзамдар жана тарбиялык багыттар тууралуу тааныштырып турабыз. Алар кагаз бетинде жазылган маалыматтарды өз көзү менен көргөн реалдуулук менен салыштырып, таасир алышат. Жөнөкөй учурашуудан баштап, адептүүлүктүн ченемдерин, тамактануу маданиятын жана жергиликтүү калк менен аралашууну үйрөнгөндөрү — бул биздин тарбиялык иштерибиздин ийгиликтүү көрсөткүчү болуп саналат.

-Университеттин бүгүнкү күндөгү негизги миссиясы жана башкалардан айырмалап турган башкы өзгөчөлүктөрү кайсылар?

-Албетте, ар бир окуу жай азыркы замандын талабына жана шарттарына ылайык өзүнүн стратегиялык миссиясын аныктайт. Биздин негизги миссиябыз — Борбордук Азия чөлкөмүндө жайгашкан жалпы улуттардын биримдигин чыңдоо максатында, улуттар аралык бекем достук көпүрөсү болуу. Муну менен бирге илим-билимди сапаттуу деңгээлге көтөрүп, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого бүтүндөй күч-аракетибизди жумшап келебиз.

Биздин окуу жайдын эң башкы өзгөчөлүгү — бул бир гана университет болгону менен, аны эки ири мамлекет: Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешип түптөп, ар тараптуу колдоп келе жаткандыгында. Бул бизге эл аралык деңгээлде иштөөгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

-Сиздердин бүтүрүүчүлөргө коюлган негизги талаптар жана алардын эмгек рыногундагы артыкчылыктары тууралуу айтсаңыз?

-Биздин студенттерге койгон эң башкы талабыбыз — кеминде үч тилди эркин билүү. Бул жерде кеп адистик тили жана заманбап компьютер тили жөнүндө гана эмес, биздин аймакта эне тилибиздей кабыл алынган кыргыз, орус жана өзбек тилдери тууралуу болуп жатат. Андан сырткары, дүйнөлүк чет тилдерин өздөштүрүү — жаштарга чек арасыз, эркин ой жүгүртүүгө кеңири жол ачат.

Биз муну сыймыктануу менен айта алабыз: биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн кайсы мамлекетине барбасын, КӨЭАУнун бүтүрүүчүсү катары өз ордун ишенимдүү таап, ийгиликтүү ишке орношо алышат. Университетибиз түштүк аймагында көп тилдүүлүк программасынын координатору катары, ар бир бүтүрүүчүнүн бир канча тилде эркин сүйлөп, элге татыктуу кызмат кылуусу үчүн бардык шарттарды түзүп келет.

-Студенттердин жетишкендиктери тууралуу эмне айта аласыз?

-Студенттерибиз инновациялык идея- лары менен бизди дайым сыймыктандырат. Алардын эң ири ийгилиги — республикалык «Студенттик стартап» сынагында үч долбоорубуздун жеңишке жетиши болду. Натыйжада, социалдык жана санариптик багыттагы долбоорлорубуз ири гранттарга ээ болушту:

  • «Санарип Ош» («Digital Osh») долбоору
  • 1 000 000 сом;
  • «Аутизм жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борбору» — 450 000 сом;
  • «Kids Web Kyrgyzstan» веб-платформасы — 430 000 сом.

Бул жеңиштер — жаштарыбыздын чыгар- мачыл ой-жүгүртүүсүнүн жана ишкердик демилгелеринин жогорку деңгээлде экенинин далили. Мен үчүн ректор катары эң чоң сыймык — окуу жайыбыздын эл аралык деңгээлде таанылышы гана эмес, ар бир бүтүрүүчүбүздү иш издөөчүдөн, иш берүүчүгө айландыруу.

Айнура Валижанова.

About The Author