ЖРТга даярдык — ар бир бүтүрүүчү үчүн эң жоопкерчиликтүү мезгил. Экзаменге карата күчөгөн талаптар окуучулардын күнүмдүк жашоосуна чоң таасир берип, стресс деңгээлин жогорулатууда. Айрыкча акыркы жылдары даярдык системасы өзгөрүп, атаандаштык күчөгөн сайын, бүтүрүүчүлөрдүн да басымы артты. Окуучулар бул процессти кантип көтөрөт, мугалимдер алардын эмоциялык жана академиялык абалын кандай баалашат? Биз ушул суроолорго жооп алуу мугалим жана абитуриент менен маектештик.
—Экзаменге даярдык сенин күнүмдүк жашооңду канчалык өзгөрттү?
Асема Камбарова, мектеп бүтүрүүчүсү:

-Экзаменге даярдануу менин жашоомо тартип жана жоопкерчилик алып келди. Ийгиликке дисциплина жана системалуу аракет аркылуу жетүүгө болорун түшүндүм. Ар бир күнүмдү алдын ала пландап, канча бет китеп окуйм, канча мисал иштейм деп так график менен жашай баштадым. Жалпы жонунан алганда, даярдык мени жакшы жагына өзгөрттү десем жаңылышпайм.
-Стресс көбүнчө кайсыл учурда күчөйт, даярдык учурундабы же экзамен жакындагандабы?
-Стресс негизинен экзамен жакындаган сайын күчөйт. “Көздөгөн жыйынтыкка жетпей калсамчы?” деген ойлор көбөйөт. Тест күнү жакындаган сайын жоопкерчилик дагы оорлойт.
-Сенин ийгилигиңе көбүрөөк ким таасир этет: өзүңбү, ата-энеңби же мугалимдерби?
Менин ийгилигиме айланамдагы адамдардын баары таасир этет, бирок негизги роль — өзүмдө. Күнүнө канча саат окуу керектигин өзүм чечип, талапты өзүмө коём. Ата-энемдин моралдык жана материалдык колдоосу чоң жардам берет. Мугалимдеримдин ишеними болсо мага күч-кубат жана мотивация берет.
-Кээде коркуу же ишенбестик сезими пайда болобу? Андай учурда эмне кыласың?
-Ооба, мындай сезимдер болот. Бирок ошол учурда ийгиликтүү окуган кесиптештеримди көрүп, “эл кылганды мен да кыла алам” деп өзүмө дем берем. Ошол ойлор мага кайра күч-ишеним кайтарат.
-Экзамен сенин келечегиңди толук аныктайт деп ойлойсуңбу?
-Жок, экзамен келечекти толук аныктай албайт. Бирок экзаменден ийгиликтүү өтүү — жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере турган кадам.
-Даярдык учурунда эс алууга жетишип жатасыңбы же толугу менен окууга басым жасайсыңбы?
-Мен күнүнө 20 бет китеп окуйм, 20 мисал же 20 аналогия иштейм деген план койгом. Ошол тапшырмаларды толук аткаргандан кийин гана эс алам же хоббилерим менен алектенем. Убакытты туура бөлө билсе, окууга да, эс алууга да жетишсе болот деп ойлойм.
—Сенин оюңча, чоңдор (ата-эне, мугалимдер) силердин стресс абалыңарды толук түшүнөбү?
-Ар кимдин түшүнүгү ар башка. Кээде түшүнүшөт, кээде тескерисинче. Өзгөчө жыйынтык начар болгон учурларда түшүнбөстүктөр болуп кетиши мүмкүн.
—Акыркы жылдары бүтүрүүчүлөрдүн экзаменге даярдыгы өзгөрдүбү?
Кыргыз тил мугалими Айжан Таалайбек кызы:

-Акыркы жылдары ЖРТга даярдануу бир топ күчөдү деп айта алам. Талап өскөн сайын окуучулар да даярдыкты жогорулатууда. Азыр атайын даярдоо курстары, репетиторлор, онлайн платформаларга жазылган окуучулардын саны кескин көбөйдү. Бул экзаменди олуттуу кабыл алуу деңгээлин көрсөтөт.
—Окуучулар көбүнчө билим үчүн окушабы же жыйынтык үчүнбү?
-Ачыгын айтканда, көпчүлүк учурда окуучулар жыйынтык үчүн окушат. Эгер мектептеги билим толук берилип, жакшы өздөштүрүлсө, кошумча даярдыкка муктаждык азыраак болмок. Бирок ар бир окуучу жогорку балл алып, жакшы окуу жайга тапшырууну каалагандыктан, негизги максат — жыйынтык болуп калууда.
-Мугалим катары сиз окуучулардын стресске кабылганын байкайсызбы?
-Ооба, байкалат. Алар күн сайын ар кандай багытта көп убакыт даярданышат, убактысынын көбү тест менен өтөт. Канчалык аракет кылышпасын, кээде жыйынтык күткөндөй чыкпай калганда “тапшыра албай калат окшойм”, “аракет кылсам да болбой жатат” деген ойлор пайда болуп, стресске кабылышат.
—Мектеп окуучуларды психологиялык жактан экзаменге жетиштүү даярдай алабы?
-Менин оюмча, ЖРТга багыттоо эрте — кичинекей класстардан башталышы керек. Көпчүлүк окуучулар 11-класска келгенде гана экзаменге олуттуу көңүл бурушат, бул кеч болуп калышы мүмкүн. Эгер алгачкы класстардан тартып туура багыт берилип, психологиялык даярдык жүргүзүлсө, стресстин деңгээли да төмөн болмок.
-Кайсы учурда окуучулар көбүрөөк кыйналат: мыктыларыбы же орточо деңгээлдегилерби?
-Менимче, бул жагынан баары бирдей. Мыкты окуган окуучулар да өзүн идеалдуу көрсөткүсү келип, ката кетирүүдөн коркушат. Орточо деңгээлдегилер болсо темпке жетпей калам деп тынчсызданышат. Демек, стресстин себеби деңгээл эмес, басым жана күтүүлөрдүн оордугу.
—Эгер система сиздин колуңузда болсо, экзамен процесси кандай өзгөрмөк?
-Жыйынтыктап айтканда, учурдагы система негизинен туура деп эсептейм. Көпчүлүк “ЖРТ кереги жок” же “аналогия мектепте өтүлгөн эмес” дешет. Чындыгында ЖРТ тапшырмалары дүйнөлүк тесттердин үлгүсүнө жакын түзүлгөн жана окуу, жазуу, ой жүгүртүү сыяктуу негизги көндүмдөрдү текшерет. Бул экзамен 11-класска чейин алган жалпы билимдин деңгээлин аныктоочу суроолордон турат. Эгер мектептеги предмет мугалимдери өз багыты боюнча толук кандуу билим берсе, окуучу кошумча даярдыксыз эле жакшы балл алууга мүмкүнчүлүгү болмок.
— Экзамендик стресс деген эмне жана ал кантип пайда болот?
АКЧАЧ ЖОЛДОШЕВА, ПСИХОЛОГ:

-Экзамендик стресс окуучунун же студенттин окуган жайындагы шарттарга жана талаптарга жараша пайда болот. Айрыкча 10–11-класстар кесип тандоо алдында туруп, ЖРТга активдүү даярдана баштаганда бул көрүнүш күчөйт. Стресс нерв системасынын чыңалуусунан улам жаралат. Концентрация, көңүл буруунун көлөмү жана анын туруктуулугу экзамен маалында өзгөчө маа- ниге ээ. Түркияда Байбурт университетинде студенттер экзаменден кийин стресс азай- сын деп бир жума эс алууга чыгышат. Бизде болсо таңдан түшкө чейин сабак өтүлүп, андан кийин экзамен коюлган учурлар болот. Бул студенттерде чыңалууну күчөтөт. Ошон- дуктан ЖОЖдордо психологдук борборлор иштеши зарыл. Мисалы Арабаев университетинде социалдык плихологиялык бөлүм бар. Жаштардын психогигиенасын сактоо, алар- дын психологиялык абалын тууралоо жана стресстен чыгууга жардам берүү ар бир окуу жайдын милдети болушу керек. Эгер стресс узак убакытта көзөмөлсүз калса, ал травмага айланып, психикалык жабыркоого алып келиши мүмкүн.
-Кайсы факторлор экзамендик стресс жана басым жаратышы мүмкүн: ата-энеби, мектеппи же окуучунун өзүбү?
-Стресске үчөө тең таасир этет. Окуучу сабак окуу, тартипти сактоо жана эмоциясын башкаруу сыяктуу жеке жоопкерчиликтерге ээ. Бирок мектеп менен окуучунун ортосундагы байланыш кээде бузулуп, мектеп көбүнчө өзүнүн талаптарын гана күчөтүп, окуучунун шартын эске албай калган учурлар болот. Кыйын абалда калган окуучулар социалдык педагогго кайрылышат, бирок алар психологиялык процесстерди толук түшүнө бербегендиктен, жардам жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Мугалимдер да кээде ашыкча талап коюп салышат. Ошондуктан мугалимдер профессионалдык чарчоону көзөмөлдөп, убакытты туура бөлүштүрүп, психологиялык билимин жогорулатып турушу керек.
-Стресс билим сапатына таасир этеби же тескерисинче мотивация береби?
-Стресстин эки түрү бар: позитивдүү жана негативдүү стресс. Позитивдүү стресс окуучуга максат коюуга, аракеттенүүгө жана алдыга жылууга дем берет. Ал эми негативдүү стресс басмырлоо, коркутуу, ашыкча жүктөм же конфликт болгондо пайда болуп, билим сапатына терс таасир этет. Эгер негативдүү стресс узакка созулса, бала өзүнө ишенбей, жетишпегендик сезими күчөйт. Бул болсо окуудан алыстатып, туура эмес жолдорго да алып барышы мүмкүн.
-Экзаменге даярдык учурунда эң көп кетирилген психологиялык каталар кайсылар?
-Эң көп кездешкен ката — материалды түшүнбөй, механикалык түрдө жаттап алуу. Көңүл буруу ар кандай формада иштейт, бирок көпчүлүк окуучулар бир эле теманы кайталай берип, өзүн мажбурлап окуу менен убара болушат. Бул натыйжа бербейт. Туура ыкма — так максат коюп, пландуу даярдануу.
-Окуучулар стресс менен күрөшүү үчүн кандай ыкмаларды колдонсо болот?
-Эң маанилүүсү — психоэмоционалдык абалды тең салмакта кармоо. Көңүл чөгүү, кызыгуунун азайышы жана көңүлдүн бөлү- нүшү стрессти күчөтөт. Дем алуу көнүгүүлөрү, медитация жана музыка угуу сыяктуу ыкмалар психологиялык абалды жеңилдетет. Жаштар бул ыкмалардын көпчүлүгүн интер- неттен билишет. Эң негизгиси — телефонду туура колдонуу.
-Ата-энелер экзамен маалында балдарына кандай колдоо көрсөтүшү керек?
-Ата-энелер баласы үчүн так график түзүп берүүгө тийиш. Окууга, эс алууга жана үй жумуштарына бөлүнө турган убакыт тең болушу керек. Эртеден кечке окуу — баланын психологиялык чарчоосун күчөтөт. Ата-эне баланын психогигиенасын сактоого көмөктөшүп, эмоционалдык абалын көзөмөлдөөгө жардам бериши керек.
-Экзамен системасын психологиялык жактан коопсуз кылуу үчүн эмне өзгөрүшү керек?
-Азыр ЖРТ өлкөдө кеңири колдонулуп жатат. Бул багытта көз карандысыз борборлор жаңы методдорду иштеп чыгууда. Экзаменди коопсуз кылуу үчүн окуучунун эмоционалдык абалын эске алуу, психологдук кызматтарды күчөтүү жана методикалык жаңыланууларды киргизүү маанилүү.
Жаңылай Арстанбек кызы


Окшош макалалар
Санталат Орозбаева : Биздин көзөмөл — шаардын коопсуздугунун кепилдиги
Жаңы мэрдин тушунда ири долбоорлор ишке ашат
Абдилбает Мамасыдыков: «Иш издөөчү эмес,иш берүүчү адистерди даярдайбыз»