11 апреля, 2026

Турмуштун сыноосуна сынбаган Миразиз Абдиев

Ош шаарындагы аэропорттун жанында күн сайын ондогон таксисттер кардар күтөт. Алардын арасында бир өзгөчө адам бар. Ал — буту баспаса да, рулду бекем кармап, тагдыр жолуна бекем эрки менен каршы чыгып келе жаткан Миразиз Абдиев.

Миразиз Абдиев 1983-жылы Кара-Суу районунун Мөнөк айылында туулган. Ал тубаса майыптыгы бар. Буту баспаганы, сүйлөөсү толук калыптанбаганы болбосо, башка дагы эсен-соо. Учурунда так диагноз коюлбай, буттары толук өөрчүбөй калган.

Жашоосунда бурулуш жараткан учур 26 жашында болгон. Дарыгерлер “айыктырууга мүмкүн” деген үмүт менен анын бутуна операция жасашат. Бирок бул аракет күтүлгөндөй натыйжа бербейт.

Ошол эле мезгилде ал үчүн эң оор жоготуу болот — апасы айыкпас дарттан каза болуп калат. Миразиз үчүн апасы эң жакын, эң түшүнгөн адам болгон. Анын айтымында, дал ошол учурда жашоо токтоп калгандай сезилген. Операциядан кийин дагы узак убакыт гипсте жатып калганы менен, абалы жакшырып кеткен эмес.

Бул окуялар анын жашоосундагы эң оор сыноолордун бири болуп, бирок ошол эле учурда аны руханий жактан чыңдаган бурулуш учур болуп калган.

Ишеним жана сабыр

Миразиз жашоодогу сыноолорго карабай, ички бекемдигин жоготкон эмес.

Тагдырдын сыноосуна багынбаш керек. Кол шилтеп, оңой оокат издебеш керек. Жараткандан үмүттү үзбөш керек, сыноо бизге жеңиш үчүн берилет. Бешенебизге эмне жазылса шүгүр менен кабыл алышыбыз керек”,  — дейт ал.

Ал беш убак намаз окуп, жума намазынан калбайт. Ишеним — анын жашоосундагы негизги таяныч.

Алтын башы аман туруп жаман жолго баргандарга таң калам”, -деди ал.

Дос жана таяныч

Жашоодо аны колдогон адамдар аз эмес.

“Мечиттен тапкан Абдулазим деген досум бар. Мени ал өзү мечиттен таап дос болгон. Жакында Умрага да алып барып келди. Мурда “миң досум бар” деп ойлочумун, бирок кыйын күндө терилип, чындап күйгөндөрү калат экен. Азыр саналуу эле досторум бар”, — дейт Миразиз.

Рулдагы жашоо

Таксист болуп калышына да турмуш өзү себепкер болгон.

Ыраматылык Карим Бапаев деген агам автомат унаасы менен кайда барса кошо алып жүрүп, айдаганды үйрөттү. Бүгүнкү күндө такси айдап, тиричилик кылып жүргөнүмө 14 жыл болуптур. Оштогу аэропорттон шаарга жүргүнчү алып келем. Аэропорттогу таксисттер мага колдоо көрсөтүп, кезексиз унаама адам салып берип турушат. Аларга убакыттан пайдаланып ыраазычылыгымды айтам. Биринчи таксиге чыккан күнүм да эсимде”, — деди ал.

Миразиз такси кызматын көрсөтүп жүргөн күндөрүнөн кызыктуу учурларды айтып берди.

Бир күнү шаарга бир эжени алып келе жаттым. Жолдо эжеге “кайсы жакка барат элек” деп даректи сурадым.  Так сүйлөй албагандыгымдан ал эже мага “токтот, сен мас турбайсыңбы” деген. Азыр ал эже менен жакшы сүйлөшөбүз, кээде чалып абалымды сурап турат.

Мага ар кандай мамиле болот. Аяр карагандар бар, артымдан ушактагандар да бар. Бирок көңүлдүү, чыгармачыл досторум көп. Коллегаларым, ага-инилерим дайыма колдоо көрсөтүшөт”, — дейт ал.

Жашоого болгон көз караш

Миразизди алдыга сүрөгөн негизги күч — ички максат жана ишеним.

Күндөн күнгө жакшы адам болууга аракет кылам. Бул дүйнө убактылуу. Шүгүр кылып жашаш керек. Жакшы иштерди жасап, Кудайдан үмүт кылып, бейишке аракет кылуу керек”, — деди ал.

Анын демөөрчү чыгып, өз тагдыры тууралуу кино тартылса деген кыялы бар.

Менин жашоомду кино кылып чыгарышса экен дейм. Адамдарга сабак болуп, жакшы иштерге чакырса жакшы эле”, — деди ал.

Анын айтымында, жашоосу, басып өткөн жолунун өзү даяр сценарий, чыгармачыл жаамат да сүйлөшүлгөн, бир гана демөөрчү табылбай, ойлогон ою ишке ашпай турат.

Ички мотивация

Көп нерсени көрдүм. Кээде эч нерсе кылгым келбей калат. Ошондо жүрөгүм сүйлөйт: “Эй Миразис, сен күчтүүсүң, багынба, ийгилик алдыда”, — деп. Аллах мени сыноо менен элди мотивация алсын деп жараткан деп айтаар элем. Ошондуктан аракет кылып, жеңилбейм. Бул дүйнө өтө турган дүйнө. Мен ушул абалымда ушунча аракет кылып жатам тирүүлүккө, соо адамдар менден үлгү алчуудай жашайын! Биздейлер үлгү болуш үчүн келгенбиз. Эч качан сынбашыбыз керек. Соо адамдар бизди көрүп уялышы керек”, — деди ал.

Каарманыбыз белгилүү диний аалымдардын сөздөрү жөлөк-таяк болгонун айтат.

Абдишүкүр ажы мага: “Сени көрүп соо эркектер оңолбосо, өздөрүнө зыян”, — деген. Жакында Максат ажыны аэропорттон тосуп алып, дубасын алдым. Мени көрүп сендей жигитти биринчи жолу көрүшүм деп ыйлап, ал да сенин өмүрүңдөн кино тартуу керек.

 Бактылуулук – жакындарыңдын жаныңда болгону, сени түшүнгөнү. Мен ак көңүл, ишенчээкмин. Жакындарымдан жылуу сөз, колдоо күтөм. Менин дарегиме жакшы сөз айтылганда мен кадимкидей бактылуу боло түшөм”, — деди ал.

Жардам жана жакшылык

Даткайым энелер мага колдоо көрсөтүп, Kia Morning унаасын алып беришкен эле. Аны менен кыйла эле тиричилигимди кылдым. Жакында эле дааватта чыккан кезимде Кудайдан чоңураак унаа сурап, дуба кылгам. Кийин бир ага-ини болуп жакын катташкан жигит “унааңыз сизге кичинелик кылып, эскирип кыйнап атыптыр” деп унаамды жаңылап берди”, — деди ал.

Анын айтымында, жашоодо жакшы адамдар толтура. Колунда болсо кол сунуп, жардамын аябагандар да аз эмес. Ошол эле учурда “кой аксагы менен жүз” дегендей, тескерисинче зээнин кейиткендер да бар. “Кудайдан баарынын жүрөгүнө ыйман бер деп тилеп келем”,  —  дейт.

Коомдогу көйгөйлөр жана максат

Майыптарга шарт жокко эсе. Пандус, лифт жетишпейт. Коляскалар сапатсыз, 5 жылда бир гана берилген коляскалар бат эле сынып калат. 5 жылда бир ден соолукту чындоо максатында майыптарга жолдомо берилет. Аны алуу да кыйын. Кагаз чогултуруп, ары бери чуркатып кыйнай беришет. Шаардык кеңешке депутат болуп, майыптардын жашоосун өзгөрткүм келет. Кудай ушул абалым менен ушул деңгээлге жеткирди, демек кыялдарыма да жеткирет. Ал күндөр да алыс эмес”, — деди ал.

Каармандын сөзү

“Адал иштегиле, шүгүр кылганды билгиле. Бирөөнү ушак кылбагыла. Ар кимдин тагдыры ар башка. Жүрөгүңөр таза болсун. Муктаждарга жардам бергиле. Айрыкча дарыгерлер оорулууларга орой мамиле кылбасын. Көңүлдү оорутпай, Кудайга таянып жашагыла”, — деди ал.

Миразиз Абдиевдин жашоосу рул менен гана чектелбейт. Ал чыгармачылыкка жакын — ыр жазат. Ой толгоолорун кагазга түшүрүп, ички дүйнөсүн ыр аркылуу билдирет. Мындан тышкары, шахмат оюнун мыкты өздөштүргөн. Ал тургай бир жолу бул оюн боюнча чемпиондукка да жетишкен. Анын айтымында, шахмат жөн гана оюн эмес, жашоонун өзү сыяктуу. Миразиз жашоону дал ушул шахматтай көрөт.

Ар бир кадамды ойлонуп, таразалап жасабасаң, атаандаш сени оңой эле “мат” кылып кетиши мүмкүн. Ал эми сабырдуулук менен, акыл калчап, туура чечим кабыл алсаң — өзүң жеңишке жетесиң”, — деди ал.

Бул философия анын күнүмдүк жашоосунда даана байкалат. Ал ар бир кадамын шашпай ойлонуп, сыноолорго эмоция менен эмес, акыл менен жооп берүүгө аракет кылат.

Миразиз Абдиевдин жашоосу бир нерсени далилдейт: адамды мүмкүнчүлүк эмес, ишеним жана аракет бийикке көтөрөт.

Гульнура Ормонова

About The Author