Кыргызстанда саясий кырдаал турукташып, кɵп тармак боюнча кадрлар жаңыланды. Бул арада Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, кайра чет ɵлкɵгɵ чыгып кеткени белгилʏʏ болду. Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалыматтык агенттигине маек берип, досу тууралуу учкай эскерди. Ага улай эле УКМКнын Бишкектеги жана Оштогу башкармалыктарына жаңы жетекчилери дайындалды.
Садыр Жапаров акыркы маектеринде УКМКны реформа кылып, жаңы Тергɵɵ комитети тʏзʏлɵрʏн, ал УКМКга да, ИИМге да эмес, президентке тʏз баш иерин билдирди. Эмесем кеп башынан болсун.

Ташиевдин Кыргызстанга кайтышы
Буга чейин Германияда дарыланып жатканы айтылган Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин бир нече кʏн ɵтпɵй Кыргызстанга кайтты. Ал Кыргызстанга кайтардын алдында тарапташтарына билдирʏʏ таратып, «аэропорттон мени эч ким кʏтʏп албасын» деди. Айтылгандай эле аны «Манас» эл аралык аэропортунан эч ким кʏтʏп алган жок. УКМКнын экс-башчысы жол тандабастарга отуруп, жʏрʏп кетти.
Ошол кʏнʏ социалдык тармактардын колдонуучулары кыйла дуу болушту. Айрым журналисттер Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйын берерин айтышса, айрымдары президентке жолугуп кайра кайтарын жазышты. Деген менен кʏтʏлгɵндɵй эле Ташиев ʏн каткан жок. Арадан 2 кʏн ɵтʏп кайра чет ɵлкɵгɵ чыгып кеткени айтылды.
«Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»: Президент ʏн катты
Ушул кырдаалдан кийин президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, Ташиев боюнча да айтты. Тɵмɵндɵ аталган маектен ʏзʏндʏлɵрдʏ келтиребиз.
— Айрым саясатчылар жана айрым аксакалдар менен айрым активисттер “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ɵлкɵнʏн келечеги ʏчʏн мурдагыдай эле ынтымакка келиши керек” деген чакырыктарын жасоодо. Буга чейинки маегиңизде “дос бойдон кала беребиз” дедиңиз. Азыр деле ошол позициядасызбы?
— Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятыман эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы кɵрɵм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.
Тегерегиндеги “ак сакал, кɵк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергɵɵ кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар ɵткɵндɵн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат.
— “Камчыбек Ташиев кетти, эми уюшкан кылмыштуу топ жана коррупция менен кʏрɵш токтойт, криминал баш кɵтɵрɵт” деген айың кептер да айтылып жатат?
— Биринчиден, азыр бизде уюшкан кылмыштуу топ деген жок, мындан ары болбойт дагы. Албетте, кылмыш жасагандар болот. Кылмыш жасаган адамдар дʏйнɵ жʏзʏндɵ бар. Аны эч ким таптаза кылып жок кыла албайт. Адам бар жерде баары болот.
Бирок уюшкан кылмыштуу топ болуп, базарларда олтурган аялдарга чейин мурдагыдай “отметка” алып жʏргɵн “смотрящий, положенец” дегендер болбойт.
Алардын баары азыр тʏрмɵдɵ же чет ɵлкɵлɵп качып жʏрʏшɵт. Эгер кайрадан Кыргызстанга мурдагыдай ɵздɵрʏнʏн уурулук мыйзамдарын (воровской закон) орнотобуз деген криминалдар болсо жаңылышат.
Кыргызстан – азыр башка Кыргызстан
2020-жылга чейинки Кыргызстан, 2020-жылдан кийинки Кыргызстан деп бɵлʏп карашы керек, алар. 2020-жылдан кийинки бийлик – алар менен коюн-колтук алышпаган бийликпиз. Ошондуктан мындан ары уюшкан кылмыштуу топ болбойт.
Ал эми коррупция менен кʏрɵш эч качан токтобойт. Ɵмʏр бою улана берет. Дʏйнɵ жʏзʏндɵ коррупцияны таптакыр жоюп салдык деген бир дагы ɵлкɵ жок. Керек болсо, коррупция жок деген Сингапур ɵлкɵсʏндɵ дагы 15-16 пайыз коррупция бар.
Ошондуктан, “бизде коррупция жок, баарын жоюп салдык” деп пиар кыла бериштин кереги жок. Коррупция ɵмʏр бою токтобойт. Коррупциянын тʏрлɵрʏ бар. Экономикалык коррупция, саясий коррупция, тууганчылык коррупция жана башка коррупциялар. Баарын жок кылганга болгон кʏчʏбʏздʏ жумшап жатабыз. Азайтабыз.
Криминалды жок кылыш бизге кыйынга турган жок. Бир кʏндɵ тынчыттык. Ал эми коррупцияны беш жылдан бери жок кыла албай келе жатабыз. Кудай буюрса, келечекте коррупциянын пайызын болушунча азайтканга аракет кылабыз.
Ага кʏч да акыл да жетет. Кʏч органдарына “Криминал, коррупция менен кʏрɵшʏʏдɵ силерге жашыл жарык, болгону “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла” деп тапшырма бердим.
— Акыркы суроом, досуңуз кызматтан кеткенден кийин жолуктуңарбы? Эгер жолуксаңыздар эмне тууралуу сɵз болду?
— Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жʏр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “кɵк сакалдар” дейбизби, бирɵɵ менен дагы сʏйлɵшкɵн эмесмин дейт.
Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле ɵздɵрʏнчɵ жашыруун план менен иш жʏргʏзʏп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” кɵрсɵтʏштʏ.
Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шʏгʏр, буга кʏчʏбʏз жетет.
Жеңишбек Токторбаев ɵз арызы менен кызматтан кетти
Ушул кʏнгɵ чейин Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы, досу деп айтылып келген Жеңишбек Токторбаев кызматтан ɵз каалоосу менен кеткенин ырастады. Деген менен кʏн мурун эле Ош шаарынын 2025-жылдагы жыйынтыгы боюнча Ош мэриясынын коллегиясынан кийин кызматтан калганын, саясатка киришпей иштей берерин айткан. Арадан бир кʏн ɵтʏп, ɵз каалосу менен кызматтан кеткен аныкталды.
Токторбаев мэриянын аппараты менен коштошуп жатып, аларды сагынарын айтып: «Иш ʏстʏндɵ капа кылган болсо кечиргиле», — деди.
Жогоку Кеңештин депутаты
мэр болуп келди
Токторбаевдин ошол билдирʏʏсʏнɵн кийин эле Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, мурдагы журналист Жанар Акаев президенттин буйругунун негизинде Ош шаарына мэр болуп дайындалды. Коомчулук бул дайындоого ɵзгɵчɵ реакция кылып, «аткаруу бийлигинде иштей элек мэр келди» деген билдирʏʏлɵрʏн соцтармактарга жарыялашты.
Акаев колунан келгенче аракет кыларын, дымактуу долбоорлору бар экенин, эгер жакшы долбоор болсо, мурдагы долбоорлорду да улантарын айтты.
Конституциялык сот негизги талашка чекит коюп берди
Буга чейин Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, президенттик шайлоонун датасы аныктоону суранган.
Конституциялык сот 17-февраль кʏнʏ чечим чыгарып, Садыр Жапаров 2010-жылдагы Конституция менен шайланганын, 2021-жылкы жаңы Конституция кабыл алынган учурда президент болуп иштеп баштаганын, ошондуктан алгачкы 6 жылдык мɵɵнɵтʏ анын президенттин биринчи мɵɵнɵтʏ экенин, дагы 5 жылга шайланууга укуктуу экенин билдирип, президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында болорун маалымдады.
УКМКнын реформалоо заман талабыбы?
Кɵп кʏттʏрбɵй президент Садыр Жапаров кайрадан «Кабар» агенттигине маек берип, УКМКны реформалай турганын, Тергɵɵ комитети тʏзʏлʏп, тʏз президентке баш иерин билдирди. Ɵлкɵ башчысы реформа быйыл эмес, кийинки жылы ишке ашарын, быйыл ШКУ саммити, Кɵчмɵндɵр оюндарын ɵткɵрʏ вазыйпасы турганын кошумчалады.
Бек Бисмарк


Окшош макалалар
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат
Ɵспʏрʏм кыздын ɵзʏнɵ болгон ишеними эмнеге негизделет?