14 мая, 2026

КӨЧӨ АТТАРЫ— ШААРДЫН ЖҮЗҮ, ТАРЫХЫ. АГА ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ КЫЛУУ КЕРЕК.

Ош шаарынын көчө аттары шаардын тарыхы, эс тутуму жана руханий жүзү. Тарыхый инсандардын ысымдары, доорлордун изи, маданий байланыштар көчө аталыштарында чагылдырылып келет. Акыркы жылдары көчөлөрдү кайра атоо маселеси коомчулукта кызуу талкуу жаратып, “тарыхый адилеттүүлүк”, “улуттук баалуулук” жана “шаардын деңгээлине ылайык мамиле” тууралуу суроолорду күн тартибине чыгарды. Тарых илимдеринин кандидаты Нурсултан Кубанычбек уулу Ош шаарындагы көчө аттарынын тарыхый мааниси, аларды өзгөртүүдө кетирилип жаткан кемчиликтер жана келечектеги туура багыт тууралуу ой бөлүштү.

Ош шаарынын көчөлөрүнүн тарыхый аталыштары кандай шартта коюлган, мааниси эмнеде?

Ош шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары ар доордун тарыхый шарттарына жараша өзгөчөлүктөргө ээ болуп келген. Маселен, азыркы Курманжан датка көчөсүнүн түндүк тарабы Анжиян көчө (Анжиянга баруучу жол) деп аталса, Мажүрүмтал көчөсү шаардын символуна айланган дарактын атынан аталып жатпайбы.

Падышачылык доордо шаар уезддик борборгоайланып, шаардын түштүк тарабындагы талаага орустар үчүн шаар курулган. Ал Ош шаарынын «жаңы бөлүгү» же «орус бөлүгү» деп аталган. Шааревропалык стилде курулуп, көчөлөр шахмат үлгүсүндө салынган. Азыркы Курманжан датка көчөсүнүн түштүк тарабы ошондо курулуп, кийинчерээк ага падышачылыктын атактуу генералы М.Скобелевдин ысымы берилген. Ага параллель көчөгө Абрамовдун аты берилип, кийинчерээк «башкы көчө» аталган. Бирок,жогоркуларды эске албаганда колониялык мезгилде көчөлөргө адамдын ысымын ыйгаруу кеңири жайылган эмес. Көчөлөр негизинен географиялык, функционалдык же тарыхый белгилерди түшүндүргөн.

Ал эми советтик доордо идеологиялык фактор үстөмдүк кылып, көчөлөргө саясий лидерлердин, революционерлердин, партия ишмерлеринин, советтик маданият өкүлдөрүнүн ысымдарын берүү кеңири жайылган. Ленин, Сталин, Свердлов сыяктуу аталыштар шаар мейкиндигинде үстөмдүк кылып, тарыхый жана жергиликтүү өзгөчөлүктөр экинчи планга сүрүлүп калган.

Ош шаарында Ташкент, Санкт-Петербург шаарларынын аталыштарынан көчөлөр бар. Бул шаарлардын тарыхый-маданий байланыштарын, боордоштугун билдирет. Мындай практика башкамамлекеттерде да колдонулат.

Эгемендүүлүк жылдарда шаардагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүдө кандай иштер жүргүзүлдү?

Эгемендик жылдарда советтик практика, тактап айтканда адам аттарын ыйгаруу уланып келатат.Айырмасы, көчө ысымдарынын аталыштарын жергиликтештирүү, десоветизациялоотенденциясына өткөндүгүндө. Шаардын борбордук көчөлөрүнө Алымбек датка, Курманжан даткадай тарыхый инсандардын, И.Раззаков, А.Масалиев, С.Ибраимов, Н.Исановдой мамлекеттикжетекчилердин, ишмерлердин, Г.Айтиев, Р.Абдыкадыровдой залкарлардын ысымдары татыктуу ыйгарылды.

Ошондой эле, бул процесстин баары системалуу, негиздүү жүргүзүлүүдө дегенге болбойт. Жеке кызыкчылыктардын негизинде ат коюу күчөдү. Райондун, облустун башчыларынын,депутаттын, мекеме жетекчисинин, аскерадамынын ысымдары борбордук көчөлөргөыйгарылууда. Кызыгы, ал кишилердин кээбирлеринин көзү тирүү.

Былтыркы жылы борбордук көчөдөгүВ.Лениндин ысымы Алымбек датканын ысымынаалмаштырылды. Алымбек датканын ысымы борбордук көчөгө, өзгөчө Оштун көчөсүнө ыйгарылууга татыктуу. Бул өңүттөн алганда туура чечим болгон. Ошол эле учурда Лениндин ысымын, эстелигин таптакыр алып салуу туура болбоду. Балким алмаштыруу, орун которуу менен сактап калсак (шаар бийлиги алгач коомчулукка ушунтипбилдирген) тарыхыбызга адилеттүү мамиле жасалмак. Мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышында, маданий өнүгүшүбүздө В.Лениндин ролу чоң, тарыхчылар жакшы билишет.

Социалдык тармакта бир колдонуучу“мэриянын капталындагы орусча көчөнү (Ю.Заднепровский) алмаштырыш керек» деп жазыптыр. Археолог Юрий ЗаднепровскийЛенинграддан илимий экпедицияны жетектепкелип, Сулайман-Тоонун айланасындагы коло дооруна таандык тарыхый-маданий эстеликти изилдеп, Оштун үч миң жылдыгын далилдеген. Ошондон кийин “шаарыбыз байыркы шаар, үч миң жылдык тарыхы бар” деп сыймыктанабыз. Тарых илимибизде олуттуу ачылыш жасап, шаардын байыркы тарыхын ачкан окумуштууну билбей, «орус экен» деп жээриген наадандык.

“Жамандыкка жакшылык эр кишинин ишидир,

Жакшылыкка жамандык көр кишинин ишидир» дейт. Эгер биз коомдук өнүгүүбүзгө белгилүү роль ойноп, «жакшылык» кылган инсандарга мындай мамиле кылсак «көр» болбойбузбу, кудай деле мындай аң-сезимсиз мамилебизге жараша тагдыр сунуп койбойбу? Демек, жалпы коомчулук да куру патриоттуулукка алдырбай, тарыхыбызга объективдүү карашыбыз керек.

Лермонтов, Горький, Джиннах көчөлөрүнүнаталыштарын жакында алмаштырышты. Ырас,аларды бөтөн десек, ордуна «өзүбүздөн чыккан» улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго алмаштырсак болбойт беле? Анын үстүнө атасы Т.Айтматов Араван-Буура районун жетектеп турганда Ч.Айтматов Ошто жашап, шаардагы бакчада тарбияланганы шаардыктар үчүн сыймык эмеспи.Демек, жергиликтештирүү улуттук кызыкчылыктаэмес, жеке кызыкчылыктарда жүрүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Алардын артындагы жакындарынын»чоңдорго», шаардык кеңешке «чуркап»,көксөөлөрүн ишке ашыргандыктарын жашырганда эмне? Мында шаардык кеңеш принципиалдуу иш алып баруусу керек. Кыскасы, эгемендик жылдарда борбордук көчөлөрдү белгисиз ысымдарга толтуруп, ири шаарыбызды майдалап, деңгээлин түшүрүп аткандайбыз!

Көчө аттарын өзгөртүүдө тарыхый эстутум менен заманбап талаптардын ортосунда кандай тең салмак болушу керек?

Ош Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Ал Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүндөрүнүн катарында болуп, сооданын, маданияттын жана цивилизациялардын кесилишкен борборуна айланган. Шаардын бул баалуулуктарын чагылдырган тарыхый-маданий мурастарын сактоо, унутулган болсо зарылдыкка жараша калыбына келтирүү зарыл. Ош шаарындагы чыгыштан батышты карай созулган көчөлөрдүн бири “Улуу Жибек Жолу” аталса, шаардын тарыхый-географиялык маанисичагылдырылмак.

Бүгүнкү шарттан алганда Ош шаары республикалык маанидеги шаар, түштүк борборудеген расмий статустары бар. 2019-жылы «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталды. Ош шаарынын мындай расмий, укуктук статусу,маданий мааниси анын көчөлөрүнөжоопкерчиликтүү мамилени талап кылат. Балким адам аттарын ыйгарууну токтотконубуз жакшы. Жешаардын расмий статусуна төп келген, мамлекеттин, шаардын өнүгүүсү үчүн олуттуу иш жасаган мамлекеттик деңгээлдеги инсандардын ысымындарын борбордук көчөлөргө, жергиликтүү деңгээлдеги кишилердин ысымын шаардын четирээгиндеги көчөлөргө ыйгаруу дегендей эреже зарыл.

Ош шаарына, мамлекетке эмгек сиңирген, бирок азыркыга чейин ысымы аталбаган кандай инсандар бар?

— Тарыхчы-окумуштуу С.Смадияровдун «Ош: көчөлөрдө катылган тарых» аттуу эмгегинде шаардын борбордук көчөлөрүнүн тарыхы, маанилери баяндалат. Китеп шаардык мэриянын колдоосу менен басылып чыккан. Муну белгилегенимдин себеби, эмгектеги илимий тыянактарга, практикалык сунуштарга мэрия, шаардык кеңеш, жалпы коомчулук маани бербей, практикалабай келатабыз. Мына ошол эмгекте Далимырза Зульфибаевдин бейнесин, ролун белгилеп, аталган инсандын атын өзү жашаган көчөгө (азыркы К.Баялинов) ысымын берүүнүбелгилейт.

Чындыгында, төлөйкөндүк тарыхый инсанД.Зулфибаевдин эмгеги бааланбай келатат. Учурда Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан датка көчөсүнөн И.Закиров көчөсүнө чейин түз алып чыгуучу жаңы көчө салынууда. Эч болбосо ошол көчөнүн эски бөлүгүнө Д.Зулфибаевдин ысымы ыйгарылса. Антпесе, атак-даңкты сүйүүчүлөр аны“аңдып” турушкандыр.

Кыргыз автономиялык облусунун, кийин Кыргыз АССРинин аткомунун төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун кең көчөлөрдө ысымы жок. Бул инсандын ысымы борбордук көчөлөрдүн бирине ыйгарылса, горком, аким, мекеменин жетекчиси болгондорго караганда кыйла өйдө турмак.

Ажы бий, Кубат бий сыяктуу тарыхый инсандар кыргыздын биримдиги үчүн, өзгөчө Ош шаарын баскынчылардан коргоодо белгилүү деңгээлде рол ойношкон. Мындан башка даинсандар бар.

Көчө аттары шаар тургундарына, жаш муунга кандай таасир берет?

Ош сыяктуу тарыхый жана республикалык маанидеги ири шаар үчүн көчө аталыштары жөн гана навигациялык каражат эмес, шаардын “эс тутуму”, анын тарыхый катмарларынын, маданий баалуулуктарынын жана коомдук аң-сезиминин күзгүсү. Биз тарыхыбызды, маданиятыбызды окуу китептерде гана жазып койбой, турмуштук практикада сактасак келечек муун үчүнидеологиялык мааниси, тарбиясы зор болмок, жугумдуу болмок.

— Алдыда Ош шаарындагы көчөлөрдү кайра атоо боюнча кандай сунуштарыңыз бар?

Көчөлөргө аталыш берүүдө биринчиден,шаардын тарыхына, маданий мурастарынабайланышкан аталыштарга артыкчылык берсек;экинчиден, көчө аталыштарын берүү маселеси тарыхчылардын, маданият таануучулардын ж.б. катышуусу менен чечилиши зарыл; үчүнчүдөн,аталыш берүүдө жеке кызыкчылыктар эмес, жалпы коомдун, шаардын келечегинин кызыкчылыгы турушу керек; төртүнчүдөн, бул багытта так концепция, узак мөөнөттүү саясат иштелип чыгып, ар бир чечим ошол алкакта кабыл алынса.

Ош – бул облустун административдик гана шаары эмес. Ош тарыхый жана республикалык маанидеги ири шаар, цивилизациялык мурас. Ага болгон мамиле да ошондой деңгээлде болушу шарт!!!

Айнура Валижанова

About The Author