24 апреля, 2024

Психология: айнек, мык, от менен дарылоо ыкмалары

Акыркы кезде адамдарга психологиялык жардам кɵрсɵтʏʏ, депрессиядан чыгаруу ʏчʏн мыкты тебелетʏʏ, майдаланган айнектерди бастыруу сыяктуу ар тʏрдʏʏ ыкмаларды колдонуп, дарылоо жʏргʏзʏʏ актуалдуу болуп жаткан учуру. Психологиянын мындай ыкмалары кандай учурда адамга жардамга келет, негизи эле кандай ыкмалар бар психолог, психотерапевт Асира Исаева адис айтып берет.

Айнек терапиясы

-Психологияда тренингдер абдан кɵп. Мисалы, айнек, мык, тыйын, суу, от тренингдери же жɵнɵкɵй айтканда дарылоо ыкмалары бар. Азыркы учурда жайылып жаткан Садху терапиясында кɵбʏнчɵ от менен дарылоо ыкмасы колдонулат. Бул ыкмаларды мен чыгардым деп эч бир психолог айта албайт. Жогоруда аталган ыкмалар менен 1990-жылдан бери иштеп келем. Ошол жылдары бизде кɵбʏнчɵ аутотренинг жана гипноз (бейтапты уктатуу сыяктуу) ыкмалары колдонулчу. Кийин ыкмалар жаңыланып, ар бир психотерапевт ɵз ыкмасы менен иштеп кетишкен. Айнек (майдаланган айнек) менен дарылоо ыкмасынын автору менмин десем болот. Циркте айнектин ʏстʏнɵн баскандарды кɵрʏп, Кыргызстанда биринчи жолу психотерапияда колдонууну баштагам. Айнек ыкмасын колдонуу менен депрессияга тʏшʏп калган, тынчсызданып, жан дʏйнɵсʏн коркунуч ээлеп алган, ыйлаак болуп калган бейтаптарды ошол абалдан алып чыктым жана башка оорулууларга да колдонулуп келет. Ыкма адамды оор абалга алып келген сезимдердин себептерин кɵмʏскɵ туюмдан (подсознание) чыгарат. Ар бир терапияда кɵмʏскɵ туюм (подсознание) менен абдан иштеп, тазалоо керек. Даярдоо 7-10 кʏндʏн ичинде жʏргʏзʏлɵт. Кɵмʏскɵ туюм менен жакшы иштебесе таасири анчейин болбойт. Кыска убакыттан кийин кайра эле бейтап ошол абалына келип калуусу мʏмкʏн.   

Мык терапиясы

-Мык терапиясы. Аталган ыкманын автору маркум психолог, психотерапевт Дʏйшɵнкул ʏмɵталиевич болчу. Ал кишинин окуучусумун. Психологиянын Кыргызстанда, кыргыздарда ɵнʏгʏшʏнɵ бул кишинин салымы ɵтɵ чоң. Анда психолог, психотерапевттер ɵлкɵдɵ жок эле. Психиатрлар да аз болчу. Кɵбʏнчɵ еврейлер, орустар жана корейлер иштешчʏ. Алгач мык ыкмасын сырттан окуп, ʏйрɵнʏп, анан Кыргызстанда колдонууну баштаганбыз. Адамдар моюнубузга кɵйгɵйлɵрдʏ жыйып алып, тырышкан, чыңалуу абалында кɵп жʏрɵбʏз, абалыбызды оорлоштурабыз. Атʏгʏл кээ бир адамдар жакшы дем алганды, аба жутканды да билбейбиз. Ошентип, ɵзʏбʏздɵ оору жаратабыз. Мыкты колдонуунун максаты адамдардагы чыңалуу, тырышуу абалын жок кылуу. Менин практикамда бейтаптар мыкты бутуна же колуна гана койбостон, жатышат дагы. Денедеги точкалардын баары колдо, буттун таманында да бар. Мык точкалардын баарын бошотот, ошондо жарандар оорунун баары чыгып кеткендей жеңилдеп калышат. Мыкка 1,5 мʏнɵттɵн 3 мʏнɵткɵ чейин жатса болот. Кээде кɵп убакыт турууга туура келет. 

Ɵлʏм менен дарылоо ыкмасы

-Психотерапияда ɵлʏм менен дарылоо ыкмасы бар. Мында адамды ɵлтʏрʏп, кайра тирилтебиз. Аталган ыкма абдан кымбат турат. Анткени бул ыкма менен иштɵɵ оор, физикалык да, психологиялык да кɵп энергияны, кɵп убакытты талап кылат. Ɵлʏм менен дарылоо “Мен жашай албайм, ɵлʏп калам, ɵлɵм” деп коркуп, жанын кыйууну каалап, оор абалга келгендерге колдонулат. Бул ʏй-бʏлɵсʏ менен биргеликте ишке ашат. Мурун муну кеңири колдонуп келсек, акыркы кезде колдонбой калдык. Себеби индивидуалдуу болгондуктан, кɵбʏ баасын кɵтɵрɵ алышпайт. Психологиялык терапиянын эң кʏчтʏʏ ыкмасы. Кадимкидей эле бейтап кепинге оролуп, жерге кɵмʏлʏп, белгилʏʏ убакыттан кийин кайра алынат. Мунун натыйжасында бейтап энеден жаңы тɵрɵлгɵндɵй жан дʏйнɵсʏ тазарып, жашоосун жаңы барактан ачып, ɵмʏрʏн уланта алат.

От жана бийиктик терапиясы

-Адамдын психологиялык, психикалык абалын жакшыртуу ʏчʏн от жана бийиктик ыкмасы да колдонулуп келет. От менен дарылоодо бейтап чок кечсе, бийиктик терапиясында бийик жерлер менен дарылачубуз. Жогоруда аталган ыкмалардын баары абдан мыкты натыйжа берет. Ɵзʏн-ɵзʏ баалоону жогорулатуу, оорулардын алдын алуу, ооруга чалдыккандарга жардам берʏʏ, иши жʏрʏшпɵй, коркунуч сезимдер ээлеп алгандарды тазалоо, абалдан алып чыгуу ʏчʏн колдонулчу ыкмалар. Бир эле тренингге катышып, ошол ыкманы жасаса, бейтап жакшы болуп кетет деген туура эмес. Азыр айрым коуч-психологмун деп мыкка чыгаруу ыкмасын колдонуп, кенен жайылтып жатышат эмеспи. Бирок, алардан жабыркагандар да келишʏʏдɵ. Себеби ар бир ыкманы жасоодо белгилʏʏ убакыт бейтапты ага даярдоо керек. Дароо эле мыкка чыгарып жаткандар да бар. 

Тыйын тренинги

Тыйын (монета) тренинги деп аталган ыкма да колдонулуп келет. Мында адамдын денесине тыйындар жармашып, аны менен бейтапта жакшылыкка, жамандыкка болгон тартылуу кʏчʏ канчалык экенин билʏʏгɵ болот. Адам ɵзʏбʏздʏн оюбуз, сезимибиз менен баарын тартып алып, ɵзʏбʏзгɵ сиңире беребиз. Бирок, кантип тартып алганыбызды аңдай бербейбиз. Анан “Мен эмне ʏчʏн бактысызмын, эмне ʏчʏн ажырашып кеттим, жашоом эмнеге ушундай?” деген суроолорду берип, башкаларды кʏнɵɵлɵйбʏз. Жок, ал адам ɵзʏ гана кʏнɵɵлʏʏ. Андыктан, бул жаатта ɵзʏнʏн ʏстʏнɵн иштегиси келгендерге тыйын тренинги жакшы жардам берет. 

Аталган терапиялардан кимдер ɵтсɵ болот же ыкмалар кимдерге сунушталат?

-Белгилеген тренингдерден ар бир адам ɵтсɵ болот. Себеби баарынын ʏй-бʏлɵдɵ, жумушунда же ден соолугунда кɵйгɵйʏ бар. Айыккыс оорулар менен ооруп жʏргɵндɵр, уйкусуздукка чалдыккандар же жɵн эле ɵзʏнɵ болгон ишенимин жогорулаткысы келгендер катыша алат. Ыкмалар 100 пайыз бейтап туш болгон абалдан чыгарууга жардам берет. Мындан сырткары да дарылоонун тʏрʏ бар, оорулуунун абалына жараша колдонула берет.

Жумагʏл Кочкорбай кызы