Э С К Е Р Т М Е
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2024-жылдын 29-майында №287 токтому кабыл алынып, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №193 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.
Жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн көлөмү 80м2 чейинки турак жайдын аянтына жылуулук энергиясын керектөөнүн социалдык ченеми менен тѳлѳнѳт (1 Гкал үчүн 1560,0 сом).
Ал эми, турак жайынын жалпы аянтынын көлөмү 80м2 жогору болгон учурда, б.а. 80м2 ашкан аянтынын ар бир м2 үчүн жылуулук энергиясынын ѳздүк наркынын деңгээлинде эсептелет (көмүр отунунда иштеген отканалар боюнча 1 Гкал 6 182,55 сом, электр энергиясында иштеген отканалар боюнча 1 Гкал 6 943,72 сом өлчөмүндө).
Батиринин (үйүнүн) жалпы аянты 80м2 жогору болгон жарандар Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы менен жылуулук пайдалануу келишимин кайрадан түзүп, батирдин аянтына эсептелүүчү тѳлѳмдүн кѳлѳмүн тактап алууну милдеттүү түрдѳ алдын ала ЭСКЕРТИЛЕТ.
Каршы учурда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 488-беренесине ылайык “Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катары энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган жаран болгондо, абонентти белгиленген тартипте иш жүзүндө жылуулук тармагына кошкон учурдан тартып келишим түзүлдү деп эсептелет”.
Ошону менен бирге, керектѳѳчү Жылуулук ишканасынын уруксатысыз батир ичиндеги жылуулук тармактарынын жана жабдууларынын бүтүндүгүн бузууга, ѳзгѳртүүгѳ укугу жоктугу, ишкананын кызматкерлери тарабынан аларды кароо жүргүзүүгѳ уруксат берүүсү милдеттүү экендиги жѳнүндѳ кабарлайт.
Директордун орун басары Ш.Д. Кааров
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды