8 декабря, 2024

Меккеге велосипед менен барган Марат

Марат Ниязмат уулу Меккеге велосипед менен барып, коомчулуктун кɵңʏлʏн бурган кыргызстандык.  Ал Кыргызстандан Москвага чейин 27 кʏндɵ, ал эми Москвадан Меккеге чейин 59 кʏндɵ жеткен. Мындай иш-аракети коомчулукта колдоо гана эмес, айрым сындарды да жараткан. Айрым интернет колдонуучулар аны ишеними ʏчʏн даңктап жатса, башкалары мындай сапар ден соолукка коркунуч туудураарын айтышууда. Бирок  Марат Ниязмат уулу бул кадамы менен бир гана жеке максатын аткарбастан, кɵпчʏлʏктʏн жʏрɵгʏндɵ ɵзгɵчɵ из калтырды. Анын бул саякаты “тайманбас эрдик” катары белгиленʏʏдɵ. Кененирээк сапардын журʏшʏ тууралуу маекти тɵмɵнкʏ макаладан окуй аласыздар.

29 жаштагы Марат Ниязмат уулу Баткен облусунун тургуну. Буга чейин вело-сапар менен Ысык-Кɵлдʏ 5 кʏн айланган. 

“Сапардагы кыйынчылыктардан элим куткарды”

-Вело-сапарымдын негизги максаты А точкадан Б точкага жетʏʏ болгон. Тактап айтканда, Кыргызстандан Меккеге велосипед менен баруу. Андан сырткары ɵзʏмдʏн эркимди сынап кɵрʏʏ болду. Мындан 3 жыл мурун Ысык-Кɵлдʏ велосипед менен 5 кʏн айланган элем. Мага аябай жаккан, ошондон бери ар жыл сайын саякаттоону пландап келем. Быйыл кайрадан кʏчкɵ кирип, Ысык-Кɵлдʏ дагы айлансамбы деп ойлодум. Бирок эмнеге Ысык-Кɵлдʏ гана деп ойлонуп олтуруп акыры Меккеге барууну чечтим.

Сапар учурунда кыйын учурлар кɵп болду. Суук болуп, ʏшʏгɵн убактарым да болду. Ал эми жолдогу кыйынчылыктар трассада ар кандай машиналар, фуралар ɵтʏп, катуу ʏндɵр кыйнады. Кээ бир жолдор тар болуп, четинде зорго кетип жаттым. Анан албетте, суу маселеси дагы болду. Суум тʏгɵнʏп калып, 1-2 саат суусап, сууга жетпей шашылган убактарым да эсимден кетпейт. Мындай учурда физикалык гана эмес, психологиялык жактан дагы жабыркайт экенсиң. Кээ бир учурда зеригип калып, мындай убакта ɵзʏмдʏ болушунча алаксытып жаттым. Бирок бул учурдан чыгууга мага элим аябай чоң жардам берди. Социалдык тармакка тартып киргизип жаткан видеомо жылуу сɵздɵрʏн калтырып жатышты. Ал гана эмес, жеке дайрегиме дагы алкыштарын, мактоолорун жазып, колдоп- коштоп кубаттап турушту. Мен элимдин кең пейилдʏʏлʏгʏн кɵрʏп, мага жазган жылуу сɵздɵрʏн угуп, дагы да болсо, чарчабай ɵз ишимди улантып алдыга карай кете бердим. 

“Дʏйнɵгɵ болгон кɵз карашым ɵзгɵрдʏ”

-Меккеге баруу ʏчʏн Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Бириккен Араб эмираты, Сауд Аравиядан ɵттʏм. Ар бир мамлекеттин ɵзʏнʏн тили, ɵзʏнʏн салты, башка адамдар менен болгон мамилеси ар кандай болот экен. Андан сырткары ар мамлекеттин адамдары менен сʏйлɵшʏп, ой жʏгʏртʏʏм ɵзгɵрʏп, ɵскɵнʏн байкадым. Тагыраагы, бул сапар менин дʏйнɵгɵ болгон кɵз карашымды да ɵзгɵртɵ алды десем болот. Саякат учурунда ушунчалык кɵп улуттарды жолуктурдум. Ар бири менен сʏйлɵшʏп, кенен сырдаштым. Бир эле мамлекеттен ɵткɵндɵ бир канча улуттарды жолуктуруп жаттым. Андан сырткары саякат учурундагы мени таң калтырган нерсе, ар бир улуттун жолоочуга кылган мамилеси болду. Кайсы жакка барбайын жолоочуга болгон мамиленин эң жакшы деңгээлде экенин байкадым. Суусасам суу берип, чарчасам ʏйлɵрʏнɵ жаткырып, жакшылыгын аябай берип жатышты. 

“Сапардагы  конок ʏйгɵ берген акчамды  кайра ɵзʏмɵ кайтарышты”

-Сапар учурунда Дагестанда конок ʏйгɵ жатып калып, конок ʏйдʏ кароолчулар менен сʏйлɵшʏп калдым. Анан аларга чоо жайымды айтып, эртеси жолго чыгып кеттим. Конок ʏйдɵн бир кыйла алыстап, 2-3 саат жол жʏргɵндɵн кийин алдыма бир машина келип токтоду. Ал мен жаткан конок ʏйдʏн ээси  экен. Конок ʏйгɵ берген акчамды кайра ɵзʏмɵ кайтарып, бир канча жакшы тилектерин айтып кетип калды. Артымдан издеп келип, жакшы сɵздɵрʏн айтып кеткени бир чети таң калтырса, бир чети кубанычка бɵлɵдʏ.

“Жалгыз болуудагы учурду жактырам”

-Негизи мага жалгыз жʏргɵн абдан жагат. Ɵзʏмдʏн оюм менен болуп, ɵзʏм менен ɵзʏм сʏйлɵшкɵндʏ жактырам. Айлана чɵйрɵдɵгʏ кубулуштун туйгусун эч кандай тоскоолдуксуз сезʏʏнʏ каалайм. Сапарда дагы мына ушул нерсени пайдаланып, ар бир учурду сезип, туюп, ошол учур менен гана жол жʏрдʏм. Кандай мезгил болбосун учурдан качуунун кереги жок. Жалгыздык менен кʏрɵшкʏлɵ деп айтпайм. Бирок жалгыз калсаң же жалгыз болсоң, ошол учурду сезишиң керек. Мени Меккеге алып барган велосипед так ушул нерсени чагылдырып турат.  Дайыма азыркы учурда жʏрɵсʏң. Мисалы, бир жерге жɵɵ барсаң аябай эле кеч жетесиң же чарчап каласың. Ал эми машина менен барсаң аябай эле бат жʏрɵсʏң. Сыртта эмне болуп жаткандыгынан  эч качан кабарың болбойт. Велосипед менен андай эмес. Эшикте шамал болсо, аны сезесиң, кʏн жаркырап тийсе кʏндʏн нурун сезесиң. Эң негизгиси учурду сезип-туясың. Велосипеддин маанилʏʏлʏгʏ мен ʏчʏн мына ушуларда.

“Сапарда эч кандай ашыкча чыгым болгон жок”

-Вело-сапарга физикалык жактан даярданган деле жокмун. Ар кандай ашуулардан ɵтʏп, кыйналганым деле сезилбеди. Ал эми финансылык жактан да эч кандай даярдыгым болгон жок. Ɵзʏмдʏн эле кичине акчам менен аттанып кеттим десем болот. Анан, албетте, кыргыз элимдин, карапайым калкымдын дагы колдоосу чоң болду.  Кыргызстанда кʏнʏнɵ канча сомду тамакка иштетсем, сапарда деле ошондой иштетип жаттым.

 “Меккеге жеткенде жан дʏйнɵм тынчтанды”

-Меккеге жеткенде аябай кубандым. Ичимде кандайдыр бир толкундануу сезими кʏч алып жатты. Кɵлдɵ толкун болгондо, ары- бери чайпалып токтогон сыяктуу эле, эмнегедир Меккеге жеткенге чейин, тынчсызданып, ичимден алай дʏлɵй болуп жаттым эле, жеткен соң бардык дʏйнɵм эс алып, тынч мейкиндикте жʏргɵндɵй сездим ɵзʏмдʏ. Мен барган убакка ата-энем да Меккеге зыяратка учуп барып калышты. Келечекте буюрса, ар бир континентке барсам деген ойлорум бар. Ар бирин кыдырып, маданиятын кɵрʏп кайтсам дейм. Буюрса, мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ карап бул планымды да сɵзсʏз ишке ашырам деен ниет менен ɵз ɵлкɵмɵ келдим.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы