“Адамдын кɵзʏ ɵткɵндɵн кийин анын мээсиндеги бардык маалыматтар космоско кетип, аалам менен биригип кетет” дешет окумуштуулар. Материалисттер жанга- кандайдыр бир материалисттик эмес субстанциянын, дегеле аркы дʏйнɵнʏн бар экендигине ишенишпейт. Идеалисттер тигинисине да, беркисине да ишенишет.Материалисттер менен идеалисттер бул жаатта кылымдар бою талаш-тартышка тʏшʏп келатышат…
АДАМ-КВАНТТЫК КОМПЬЮТЕРДИН YЛГYСY
Кытайлык окумуштуулар жакында азырынча эсептɵɵлɵр деңгээлиндеги бир теорияны коркпой кɵтɵрʏп чыгышты. Ага ылайык, адамдын мээси кванттык механиканын мыйзамдары менен иштейт. Мындан улам адам ɵзʏ кванттык компьютер, аң-сезим программалык камсыздалышы, жан кванттык деңгээлде айланган жана жыйналган маалымат деп элестетʏʏ керек.
Шанхай университетинин физиктери Зефрей Лю жана Йонг Конг Чен Сычуан университетинин биоинженерия адиси Пинг Ао менен биргеликте аң-сезим нейрондордогу чаташып калуучулукту калыптандырарын жан синхрондоштурарын кɵрсɵтʏп беришти. Дал ошонун шарапаты менен мээнин ар тʏрдʏʏ жана дээрлик алыскы чынжырлары ɵзʏнʏн электрдик импульстарын макулдаштырат. Башкача айтканда, синхрондуу иштешет.
Кванттык чаташып калуучулук – ɵзгɵчɵ абал: айталы бири-бирине жакын жайгашкан эки бɵлʏкчɵ-фотондор жана электрондор же протондор ɵз касиеттери менен тыгыз байланышта болушат. Эгерде бир бɵлʏкчɵдɵ бирдеме болуп ɵтсɵ, экинчисинде да ошондой болот, ал ɵзʏ менен “чаташкан” бɵлʏкчɵдɵгʏнʏ так ɵзʏндɵй кайталайт. Болгондода ɵзʏ кийин дʏйнɵнʏн аркы учуна чейин болсо да таркап кетʏʏчʏ аралыктан кɵз карандысыз тейде кɵз ирмемде кайталайт. Башкача айтканда, кванттык системанын эки бɵлʏкчɵлɵрʏ ɵздɵрʏн бир бʏтʏндʏк катары алып жʏрʏшɵт.
Тʏшʏнʏʏгɵ кыйын бекен? Ага таңкалуунун деле кереги жок. Башканы кой, атактуу Альберт Эйнштейн ɵзʏ кванттык механикага-айрыкча кванттык чаташуучулукка анча деле ишене бербегендей мамиле жасаган. Ал кванттык чаташуучулук жаатындагы пикирлерин жактап келген Нильс Бор мененда талашып-тартышкан. Кванттык чаташуулардын принциптери 2022-жылы француз Ален Аспе, америкалык Жон Клаузер жана австриялык Антон Цайлингер чаташкан фотондорго жасалган эксперименттери ʏчʏн физика боюнча Нобель сыйлыгын алууга татыктуу болушкан.
Аң-сезимдин кванттык теориясы деген да бар. Бирок, аны кытайлыктар ойлоп тапкан эмес. Ал теориянын эки негиздɵɵчʏ-атасы бар: Стюарт Хамерофф-Аризона университетинин анестезиолгия жана психология бɵлʏмʏнɵн, ошол эле университеттеги аң-сезимди изилдɵɵ борборунун директорлук кызматын бирге аткарган окумуштуу. Экинчиси- сэр Роджер Пенроуз, Оксфорд университетинен физика боюнча 2020-жылкы Нобель сыйлыгынын ээси. Хамерофф 1987-жылкы китебинде эле аң-сезим- бул нейрондордун ичинде жайгашкан микро трубочкалар деп эсептеген. Окумуштуунун эсебинде маалыматтардын топтолушу жана иштɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏшʏ нейрондор аркылуу эмес, нейрондордун дал ɵзʏндɵ жʏргʏзʏлɵт.
АРКЫ ДYЙНƟГƟ БАРЫП-КАЙТУУ
“Кванттык” бул теория ɵлʏм алдындагы абалды же ɵлʏмгɵ чукулдап калган тажрыйбаны тʏшʏндʏрɵт. Мындай феномен жагдайында клиникалык ɵлʏмгɵ туш болгондор, башкача айтканда, ажал астанасынан кайткандар айтып беришет. Андайга туш болгон кʏбɵлɵргɵ сан жетпейт-айрымдар ɵзʏн анчалык алыс эмес аралыктан кɵрʏп турушса, башкалары кандайдыр бир тоннель менен укмуштуудай ылдамдыкта жʏрʏп, таң калычтуу жандар менен жолугушкан. Ал эми дагы бирɵɵлɵр мунун баарын бирге баштан кечиришкен. Хамерофф жана Пенроуздун эсебинде андайга туш болгондордун тʏшʏнʏгʏндɵгʏ жан ɵзʏн ушундайча кɵрсɵтɵт. Башкача айтканда, космоско “кɵчʏп бараткан” маалыматтардын кванты. Жандын кванты.
Биротоло кɵз жумгандардын маалыматтары ошол бойдон жок болуп кетсе, тирилип кеткендердики акырына чейин пайдаланбай калган, “реанимацияланган” компьютерге кайра кирип кетишет. Адилеттʏʏлʏк ʏчʏн болсода эскерте кетели, материалисттер мындайды ɵлʏп бараткан, кислороддук тартыштыкты тартып жаткан мээдеги галлюцинация деп тʏшʏндʏрʏʏгɵ аракеттенишет.
Кванттык аң-сезим теориясынын, мейли кыйыр тʏрʏндɵ болсун “кытайлык” далили болду-болбоду идеалисттерди шыктандырат. Идеалисттер жанга жана аркы дʏйнɵгɵ ишенбеген материалисттер менен кɵп кылымдардан бери кызыл чеке талашка тʏшʏп келишет. Пенроуз менен Хамерофф эми кытайлык окумуштуулар талашып-тартышкандарды жараштырып жатышат. Анткени, алардын теориясы материялык негизди жашоо жана ɵлʏм жɵнʏндɵгʏ идеалисттик кɵз караштардын асты жагына алып келип койду.
Кайталап айталы, окумуштуулар иш жʏзʏндɵ ɵлбɵс жан кантсе да бар экенин декларациялап, аны кванттык деңгээлде микротрубочкаларда белгиленген маалыматка окшоштурушат.
“Физикалык дене ɵлгɵндɵ, мээни жʏрɵк кан менен камсыздоону токтоткондо микротрубочкалардагы чыңалуулар акырындык менен басаңдай башайт, бирок микротрубочкалар жыйнаган маалыматтар бузулбайт жана жок болуп кетпейт. Маалыматты дегеле жок кылууга мʏмкʏн эмес. Мээни таштап кеткен маалымат космоско чыгып, ааламга сиңирилип, анын тканына сорулат да, тʏбɵлʏккɵ жашай бериши мʏмкʏн, аркы дʏйнɵ кай жактагы бир космосто да”,-дейт Хамерофф телемаектеринин биринде.
АҢ-СЕЗИМДИН ƟМYРY УЗУНБУ?
Жогорудагыга окшош, бирок жумшартып айтканда талаш-тартышы арбын пикирлерди айтып келаткандардын бири Роберт Ланца. Ал мурда ɵзɵктʏк клеткаларын изилдеп жʏргɵнʏ менен таанымал. Жоголуп бараткан жаныбарлардын тʏрлɵрʏнɵ бир канча ирет клондоштуруу эксперименттерин жасаган. Бир топ жылдан бери окумуштуу физика, кванттык механика жана астрофизика менен алпурушуп келет. Ушундай аралашманын акыбетинде “Жаңы биоцентризм” теориясы пайда болду. Ланца бул теориянын принциптерин ɵзʏнʏн бир канча китептеринде коргоп келет.
Анын теориясына ылайык, ɵлʏм деген жок нерсе, адамдардын аң-сезиминде пайда болгон иллюзия. Адам ɵзʏн ɵз денеси менен окшоштурат. Дене эртеби-кечпи, ɵлɵт. Анан ойлонот: аны менен кошо мен да ɵлɵм. Чындыгында, аң-сезим убакыттан жана мейкиндиктен сырткары жашайт. Кайсыл жерде болбосун адам денесиндеби же денесинен тышкары жактардабы, жашоого жɵндɵмдʏʏ келет. Бул касиет кванттык механиканын негиздерине, тактап айтканда, “Гейзенбергдин такталган эместик” принцибине кошулуп кетет. “Гейзенбергдин такталган эместик принцибине” ылайык, кайсы бир бɵлʏкчɵ тиги жерде да, бул жерде болуп калуусу, ал эми кайсыл бир окуя бир нече, айрым учурда сан жеткис варианттар менен ɵнʏгʏʏсʏ мʏмкʏн.
Ланца ааламдын кɵптʏгʏнɵ ишенет. Анын пикири боюнча, окуялардын мʏмкʏн болгон варианттары аларда ишке ашырылат. Бир ааламда дене ɵлсɵ, башкасында бул ааламга, Пенроуз менен Хамерофф айткан микротрубочкаларда которулган аң-сезими менен жашоосун улантат. Башкача айткканда, жан баягы тоннель менен жʏрʏп олтуруп бейиш же тозокко эмес, жашап жаткан жайына эле кайра тирилип келет. Бул чексиз, кайра-кайра улана берет.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды