Дональд Трамп АКШ пезиденттигине ат салышууда шайлоочулардын 270тен ашуун добушуна ээ болуп, ишенимдʏʏ жеңип чыкты. Анын негизги атаандашы, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болуп кɵрсɵтʏлгɵн Камала Харрис 223 добушка ээ болуу менен “фирменный” каткырыгы соңуна чыкты.
ШАЙЛОО АЛДЫ ЖАНА АРТЫ
АКШ дагы президенттик шайлоо кампаниясы дʏңʏнɵн дʏʏлʏктʏрмɵ жаңжалы, чыр-чатагы жагынан америкалык саясат ɵлчɵмдɵрʏнʏн алкагынан алып караганда деле бул жааттагы бардык рекорддорду жаңылап салганын эксперттер бир ооздон белгилешет. Чоң жарыштан бир аз мурда эле аракеттеги президент Жо Байден менен мурдагы президент Дональд Трамп президентикке талапкер болот деп болжолдогондор азыраак болчу. Байденге анын АКШ тарыхындагы президенттердин ичинен эң эле карыялык статусу каршы болсо, Трампка ага карата жарыяланган эки жолку импичмент жана каршы кылмыш иштери мыйзамдык да, моралдык да бɵгɵт коюп турган. Трамп ɵткɵн жолку шайлоонун Байден жеңип чыкан жыйынтыктарын да тааныбай, тарапташтарын Капитолийге чабуул жасоого тʏрткʏ болуп берген. Кызыгы, жаңы шайланган Байденге АКШнын ядролук чемоданчасын да ɵткɵрʏп берʏʏдɵн баш тарткан. Буга карабастан, Трамп республикалык праймремизде кайрадан жеңишке жетишкен жана талапкер болуп катталган. Байден болсо демократиялык партиядан атаандаш талапкер катары чыккан. Бирок, жарыштын финалына жете алган эмес. Июндагы ызы-чуулуу дебаттан кийин анын абдан эле арып-карыгандай белгилерин “дезинформация” жагына тɵңкɵп коюшка кантсе да демократтардын бети чыдабады. Дебаттан кийинки апталарда Байден бир кʏндɵ Зеленский менен Путинди, Харрис менен Трампты чаташтырып сʏйлɵп алып, кɵбʏн иренжиткени маалым. Акырында демократтар аны кайра шайлоого баш тартууга кɵндʏрʏштʏ. Трамп болсо ага жасалган эки жолку кол салуудан тең аман калып, эксперттердин айрымдары анын акыры жеңип чыгарын ошондон баштап болжой башташкан.
Демократтардын ага чейин эч ким жасай элек талапкер алмаштыруу процедурасынан кийин шайлоо алдындагы тирешʏʏлɵрдʏн арааны ачылган. Оболу соцсурамжылоолордо Трамп лидерлик кылып келсе, жай соңуна барып Харрис алдыга суурулуп чыкты. Арийне, кʏздʏн башынан тартып анын талапкерлигинин айланасындагы энтузиазм соңуна чыкты. Ал арада Харрис Трампты “фашист” деп атаганга да ʏлгʏрдʏ, бирок жардам берген жок.
АКШдагы президенттик акыркы шайлоо эки талапкердин жарышы акыр тʏбʏ келип эки партиянын тирешин жандантып жибергендей таасир калтырды. Демократтар Ак ʏйгɵ Трампты келтирбɵɵ ʏчʏн Байденге деле добуш берʏʏгɵ даяр эле. Ал эми Республикачылар Трамптын сɵзʏ менен айтканда “жолдош Камаланы” Ак ʏйгɵ кое бербɵɵгɵ тырышты. Трампка добуш бергендердин арасында аны анча деле жактыра бербегендер да арбын.
ЭЧ КИМ КYТПƟГƟН НАТЫЙЖА
АКШнын шайлоо системасына ылайык, ар бир штат федерациянын ɵз алдынча мʏчɵсʏ катары, Ак ʏйдɵ талапкерлердин кимисин кɵрʏʏ маселесин шайлоочудардын басымдуу кɵпчʏлʏк добуштарынын негизинде ɵз алдынча чечет. Штаттардын басымдуу кɵпчʏлʏгʏндɵ шайлоочулардын бардык добуштары жеңʏʏчʏгɵ ыйгарылат.
Шайлоо алдындагы жарышта эки талапкер тең салыштырмалуу бирдей колдоого ээ болуу менен, бирдей кɵрсɵткʏтɵрдʏ кɵрсɵтʏп келишкени белгилʏʏ. Ошентсе да коомчулукта азыр бийликте турган демократиялык партиянын ɵкʏлʏ, АКШнын вице-президенти, Байден чоң ишеним жана ʏмʏт артып жаткан Харрис жеңип чыгат деген купуя пикир салыштырмалуу басымдуулук кылып келгенин жашырууга болбойт. Бирок, кыргыздар айтмакчы, “ат чуркабайт, бак чуркайт” экен, Трамп жеңип чыкты. Эске сала кетели, ʏстʏбʏздɵгʏ айдын этектеринде Трампка каршы козголгон кылыш иштери боюнча сот отуруму ɵтмɵк. Кыязы, Байденчилер Трамптын оозун ошондон ары биротоло жапкысы келген окшойт. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кʏтпɵгɵн жерден жеңиш Трампка ооду. Республикачылардын мынчалык олуттуу жеңишин оңго-солго таанымал эксперт-талдоочуларды мындай кой, бирди-жарым саясатчы да кʏтпɵгɵндʏгʏн ага келген ар кайсыл мамлекет башчыларынын куттуктоолорунан деле байкоого мʏмкʏн. Трамп азыр бардык куттуктоолорду алып бʏтɵ элек. Аны жеңиш менен “ысыгында” куттуктагандардын арасында ɵнɵктɵштʏккɵ ɵз ʏмʏтʏн билдирип жазган Италиянын премьр-министри Жордж Мелони, Польша президенти Анджей Дуда, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе бар. Шайланып калса, Харристин этегине намаз окууга даяр турган, бирок кимден болсо да кайсыл бир формада же суммада ресурс ɵндʏрʏп алуу “талантын” Трамп ɵзʏ какшык менен белгилеген Зеленский да Трампты жеңиши менен ириде куттуктагандардын алдыңкы сабында жʏрɵт. Зеленскийдин андай шыгына ынанып, айдоосуна мындан ары Трамп кɵнɵбʏ-жокпу, белгисиз болуп турат.
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сʏйлɵсʏн деп кыргыз айткандай, ушул тапта талапкерлерге доллар короткон миллиардерлердин арасында Илон Масктын ɵзʏ да, сɵзʏ да ɵтʏмдʏʏ болуп тургансыйт. Трамптын шайлоо эсебине 50 миллион доллар которгондо ага эксперттердин кɵпчʏлʏгʏ кʏлʏшкɵн. Израилдин чалгындоо кызматынын белгилʏʏ ардагери, эл аралык саясаттын белдʏʏ эксперттеринин бири Яков Кедми Масктын Трампка берген акчасын желге учурган каражат катары баалап, эми бар экен, берди да кыязында сʏйлɵп койгону бар. Акча которуп жатып Илон Маск саясатка аралашкым бар деп айтып алганы да белгилʏʏ.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Трампты куттуктап жатып: “Евробиримдик менен АКШны союздаштыктан да жогору турган тʏшʏнʏк бириктирип турат” деп айтты. Сасий жана экономикалык чоң кыйынчылыктардын койнуна мына-мына кирип бараткан Европа башчыларынын бири мындан башка эмнени айтмак эле, кыйын кырдаалга Европаны АКШ тушуктурду, андан эми АКШ ɵзʏ алып чыгууга тийиш» деген маанини кыйыттыбы, ким билсин.
YМYТТƟР YЙYРЛƟГƟН ТРАМП
Трампты куттуктагандарга НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да кошулуп, Трамптын лидерлиги альянстын “кʏчтʏʏлʏгʏнʏн сакталып калуусунда чечʏʏчʏ роль ойнойт” деп билдирди. Эске сала кетсек, НАТО жагдайындагы аркы-берки билдирʏʏлɵрʏндɵ Трамптын позициясы альянстын пайдасына анча деле оой бербɵɵсʏн айрым аналитиктер кɵптɵн бери эле белгилеп жʏрʏшɵт. НАТОнун АКШ кɵтɵрʏп келе жаткан оор жʏгʏн Трамп мындан ары альянска мʏчɵ ɵлкɵлɵрдʏн эсебинен жеңилдетʏʏнʏ кɵздɵгɵндɵрдʏн сап башында тураары маалым. Принцибинен алганда НАТО СССР башында турган социалисттик ɵлкɵлɵрдʏн Варшава Келишиминен коргонуу альянсы катарында тʏзʏлгɵндʏктɵн, эми аны колдоого алуунун, кʏчтɵндʏрʏʏнʏн жана алкагын кеңейте берʏʏнʏн кандай зарылчылыгы бар деген суроо ɵзʏнɵн ɵзʏ жаралат. Азыр НАТО Европанын сырткы душмандардан кол салуусунан коргоп калуу жɵндɵмдʏʏлʏгʏн арттыруу эмес, АКШнын кызыкчылыгын коргогон, Вашингтондун колундагы ур- токмок катары кызмат кылган эл аралык аскердик уюм катары каралат. Трампты да ушул маселе кызыктырып жаткандай таасир калат.
Израиль премьери Нетаньяху Трамптын жеңишин “тарыхка ʏлкɵн кайтуу” деп атады. Ал кайсыл тарыхты эске салып, эмнени кыйытып жатканын боолголосо болот: Палестина бʏтʏндɵй алганда, еврейлер дʏйнɵ жʏзʏнɵ куугунтукталган, башкача айтканда, еврейлердин тʏпкʏ мекени. Дʏйнɵлʏк тарыхта ушинтип айтылат.1948-жылы Израиль мамлекетин тʏзʏʏдɵ ушул фактор эске алынган. Мындан чыкты, Жакынкы Чыгыштагы Израиль-Палестина жаңжалы жакында эле токтоп калбайт жана ал жаңжалда албетте, АКШнын тышкы саясаты маанилʏʏ ролду ойноого тийиш.
Тʏркия президенти Эрдоган Трампты ɵзʏнʏн досу деп атап, анын эсине Украинадагы согушту токтотуу убадасын салды. Убада убада менен, бирок аны “ɵгʏз ɵлбɵгʏдɵй, араба сынбагыдай” кылып орундатууга Трамп белгилеген “24 саат” ɵтɵ эле аздык кылаары айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды