Ош шаарында Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча маселе жаралып, кечээ, 18-ноябрь кʏнʏ Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин адистери, министрдин орун басары, Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги, «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплексинин адистери, шаардык архитектуранын кызматкерлери болуп буфердик аймакты кичирейтʏʏ маселесин талкуулашты.
Сулайман-Тоонун айланасын жана буфердик аймагын кыдырып чыккан жумушчу топ, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жолугуп, бул маселени талкуулашкан.
Жергиликтʏʏ бийликтин расмий маалыматына караганда, Жеңишбек Токторбаев тиешелʏʏ жумушчу топтун мʏчɵлɵрʏ менен Сулайман-Тоонун буфердик зонасын жеринен карап чыкты.

« “Сулайман-Тоо ыйык тоо” буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу боюнча сунуштар талкууланды», — деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, бул маселени министрлик чечип кое турган маселе эмес, ЮНЕСКОнун башкы офиси менен макулдашууну талап кылган оор жараян.
«Бул маселени министрлик да, мэрия да чече албайт. Бул маселе абдан чоң маселе. Бул узак мɵɵнɵтʏ камтыган маселе. Ошону ʏчʏн биз ыкчам тʏрдɵ шаардык мэрия, тиешелʏʏ башкармалыктар жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы ɵкʏлчʏлʏгʏ менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Анткени, ɵзʏңʏздɵргɵ маалым болгондой, Ош шаарында жаң-жаңы долбоорлор тʏзʏлʏп жатат. Ошолорду курууга жер калбай, Сулайман-Тоонун буфердик аймагына кирип калган жерлер керек болуп жатыптыр», — деди ал.
Мадаминов кошумчалагандай, буфердик аймакты кыскартуу боюнча сунуштар бар. Бирок, анын аянты канча болору белгисиз. Анткени, министрлик жергилктʏʏ бийлик менен орток долбоорго токтолгондон кийин аянты ɵлчɵнɵт.

«Сунуш-пикирлер бар. Бирок, азыр анын аянты канча экени белгисиз. Сулайман-Тоонун буфердик аймагынын жаңы долбоору боюнча чек араларды белгилегенден кийин гана аянтын ɵлчɵп чыгабыз», — Мадаминов.
Азырынча буфердик аймак канча гектарга кыскарары так белгилʏʏ эмес. Бирок, министрликтин адистери да, жергиликтʏʏ бийлик жана шаардык архитектуар макул болгон орток пикир бар. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары Рысбек Токоев кабарлагандай, алгач жергиликтʏʏ бийликтин «буфердик аймактын чеги тоонун корук аймагынын чеги менен бирдей болсун» деген сунушу болгон. Бирок ага министрликтин адистери макул болгон эмес. Анткени, ЮНЕСКОнун талаптары да эске алуунага тийиш болгону айтылган.
«Сулайман-Тоонун аянты 79 гектар. Анын корук аймагы Курманжан Датка, Гапар Айтиев, Алишер Навои кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишине чейин жайгашкан. Биз буфердик аймагынын чегин корук аймагынын чегинде эле калтыралы деп сунуш бердик. Бирок, алар да ɵздɵрʏнʏн сунушун берген. Тиги жагы Манастын айкели жайгашкан айлампанын жанындагы 32 гектарды буфердик аймактан чыгаруу менен Ак-Бууранын жээги аркылуу Курманжан Датка кɵчɵсʏн менен Сулайман-Тоонун тʏндʏк жагындагы калктуу конуш менен айдоо аянтынын чек арасы аркылуу Г. Айтиев, Навои кɵчɵлɵрʏ аркылуу ɵтɵрʏн сунуштап жатышат. Биз ага дагы макулбуз. Себеби, бизге негизинен «Ош сити», «Айти сити» курулуп жаткан жерлерге негизинен шаар курулуп жатат. Анан калса Манас айлампасынын жанындагы 32 гектар жер да керек болууда», — Токоев.
Сулайман-Тоонун учурдагы буфердик аймагы 5 миң гектарга чукулдайт. Рысбек Токоев тʏшʏндʏргɵндɵй, азыркы буфердик аймагы ɵтɵ чоң болуп калгандыктан, шаарды кеңейтʏʏ маселелси орчундуу бойдон калууда.
«Сулайман-Тоонун учурдагы буфердик аймагы абдан эле чоң. Бул жагы Рысбай Абдыкадыров кɵчɵсʏ менен барып, Дом-Быта кичи районунун ɵзʏнɵ камтып, нары жагынан Ɵзгɵн кɵчɵсʏ кошулат. Аны менен кошо Ысакбек Монуев кɵчɵсʏ менен Ак-Бууранын жээгине тʏшʏп, Курманжан Датка кɵчɵсʏ аркылуу «Достук» чек арасына чейин барат. Бул жагы Сʏрɵт-Таш айылы аркылуу ɵтʏп, Ɵзбекстандын менен чек аралаш жак менен айланып келип туруп, Ош шаары менен Араван районунун чек арасына чейин жетип, Керме-Тоону ɵзʏнɵ камтып отурат. Шаар келечекте ɵнʏгɵ турган аймактын баары буфердик аймакка кирип калган», — деди ал.

Аскаралы Мадаминовдун пикиринде, ЮНЕСКОго ынанымдуу сунуш берилип, алардын талабына ылайык, туура, так долбоор жасалышы керек.
«ЮНЕСКОнун талаптары боюнча, алардын талабына ылайык келген, туура, так долбоор жасалышы керек. Андан кийин ʏч тоонун аралыгында бири-бирине кɵрʏнʏп турган коридорлорду сакташ керек. Ушул маселе боюнча мэрия менен Курулуш министрлиги менен кечээ сʏйлɵштʏк.
Биз кечээ эле жумушчу сапарды бʏтʏрдʏк. Эртең эле ЮНЕСКОго долбоорубузду бере албайбыз. Бул узак процесс. Бизде 1-2 ай убакыт бар. 1-2 ай убакыттын ичинде жумушчу топ, эксперттик топ, эл аралык эксперттик топторду кошуп, бир жыйынтык чыгарып, андан кийин долбоорубузду ЮНЕСКОго беребиз», — деди ал.
«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башчысынын илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Ибайдуллаевдин маалыматына ылайык, Сулайман-Тоонун корук аймагы 134, 7 гектар аянты камтыйт. Тоонун буфердик аймагынын так аянты белгилʏʏ эмес, бирок 4 миң 800 гектардан ашык аянты камтыйт.

Сулайман-Тоонун буфердик аймагы боюнча маселе ар бир жаңы мэрдин тушунда кɵтɵрʏлɵ турган маселе болуп саналат. Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турган учурда да тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча сунуштар берилгени боюнча маалыматтар чыгып, кийин ал маселени дайын-дареги белгисиз бойдон калган.
Ош шаарынын азыркы мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоого жасаган рейдинин натыйжасында тоону мэриянын ыкчам башкаруусуна берʏʏ тууралуу сунушун тиешелʏʏ тараптарга бергенин айткан. Бирок, башкарууну жергиликтʏʏ мэрияга берип коюу азырынча мʏмкʏн эмес.
Дооран Токтошев

Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды