1 декабря, 2025

Темирбек Исаев:  “Yй-бʏлɵ – ийгиликтин негизи”

«Бейне» рубрикабыздын бул жолку каарманы  Ош шаардык кеңешинин депутаты, Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тɵрагасы Темирбек Исаев. Ал ɵзʏнʏн жашоо философиясы менен бɵлʏшʏп, биздин окурмандар ʏчʏн жан дʏйнɵсʏн ачты. Жɵнɵкɵйлʏктʏ, сɵзʏнɵ турууну жана ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарды туу туткан, материалдык нерселерди экинчи планга жылдырган, руханий дʏйнɵсʏ бай инсан. Анын ачык-айрым маегинен коомдук ишмердигине карабастан, ʏй-бʏлɵсʏнɵ болгон бекем кɵз карашын, ата-энеге болгон урмат-сыйын жана келечек муунга болгон камкордугун терең байкасак болот.

— Темирбек Байдылдаевич, коомдук ишмер, инсан катары  айтсаңыз, жашоодо сиз ʏчʏн эң негизги баалуулуктар кайсылар?

— Мен ʏчʏн негизги баалуулуктар, менин жашоомдун бекем таянычы — ата-энем, бир туугандарым, балдарым. Бул – алмаштыргыс, эч кандай акчага же байлыкка бааланбай турган ыйык тʏшʏнʏктɵр. Кудайга шʏгʏр, ата-энем бар, бала-чакам бар, бир туугандарым бар. Мына ушул чɵйрɵдɵгʏ мээрим жана колдоо менин жашоомдун ар бир кʏнʏнʏн маңызын тʏзɵт. Бул — мен ʏчʏн бардык ийгиликтердин башаты. Экинчиден, эң башкысы, албетте, ден соолук. Адам ден соолугу бекем болсо гана, калган баалуулуктардан толук ырахат алып, ʏй-бʏлɵсʏнɵ кам кɵрɵ алат.

— Материалдык байлыкка болгон кɵз карашыңыз кандай? Кɵптɵр азыркы заманда акчага, байлыкка умтулуп жашашат, сиздин оюңузча, бул канчалык туура?

— Материалдык нерселер, байлык – бул, албетте, турмушту жеңилдетет, бирок менин инсандыгыма же руханий дʏйнɵмɵ тʏздɵн-тʏз таасир этпейт. Материалдык байлык ал келип кете турган нерсе да. Бʏгʏн бар, эртең жок болушу мʏмкʏн. Анын артынан сая тʏшʏп, жан дʏйнɵнʏн тынчтыгын жоготуу туура эмес деп эсептейм. Негизгиси – адамдын ички дʏйнɵсʏ, адеп-ахлагы жана ʏй-бʏлɵсʏ.

— Сиздин инсан катары калыптанышыңызга кимдер таасир тийгизди?

— Менин инсан катары калыптанышыма, мʏнɵзʏмɵ, турмушка болгон кɵз карашыма таасир эткен адамдар кайра эле ошол ата-энем. Алар мага чынчылдык, эмгекчилдик, адамгерчилик сыяктуу баалуу сапаттарды ʏлгʏ катары кɵрсɵтʏп, турмушта туура жолду тандаганга негиз салышкан.

—Ата-энеңизди сыймыктануу менен кɵп эскерет экенсиз. Алар тууралуу айтып берсеңиз?

— Менин ата-энем мугалим болуп эмгектенишкен. Атам дагы, апам дагы математик мугалими болгон. Алардын тактыгы, жоопкерчилиги биздин жашообузга чоң из калтырды. Апам азыр ардактуу эс алууда, ал эми атам болсо кийинчерээк кесибин ɵзгɵртʏп, учурда Ош шаарынын “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасында техникалык коопсуздук боюнча инженер болуп иштейт. Мен негизинен Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулгам. Ɵзʏм болсо жаштайымдан ʏч-Дɵбɵ айылында чоңойгом. Бул жерлерде чоңоюу мага айыл жашоосунун жɵнɵкɵйлʏгʏн жана эмгектин баркын ʏйрɵттʏ. Биз алты бир тууганбыз – тɵрт кыз, эки уул. Бир туугандардын ынтымагы менин турмушумда чоң мааниге ээ. Азыркы кʏндɵ мен Ош шаарында жашап, эмгектенип келем. ʏй-бʏлɵм чоң. Кудайга шʏгʏр, алты балам бар – ʏч уул, ʏч кыз. Аталык бакытты сезип, алардын келечеги ʏчʏн кам кɵрʏʏ мен ʏчʏн чоң жоопкерчилик.

— Сиздин бала чагыңыз азыркы балдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

— Биз кичинекейибизде айылда чоңойдук, азыркыдай мʏмкʏнчʏлʏк жок болчу. Айылда жайлоого чыгабыз, мал карайбыз. Кадимкидей жоопкерчиликти алат элек. Мисал ʏчʏн, мен жаш кезимден, алты-жети жашымдан мал караганды билчʏ элем. Азыркы алты-жети жашар бала менен ɵзʏмдʏ салыштырып кɵрсɵм, асман менен жердей айырмасы бар. «Элʏʏ жылда эл жаңы, жʏз жылда жер жаңы» деген сɵз бар. Албетте, бул ɵзгɵрʏʏлɵр табигый кɵрʏнʏш.

— Адамдарга ишеним артууда кайсы сапаттарга ɵзгɵчɵ маани бересиз ? Кол алдыңыздагы коллегаларыңызга болгон мамилеңиздин негизи эмнеде?

— Адамдарга ишеним артууда мен биринчи кезекте калп айтпаган, чынчыл, сɵзʏнɵ турган сапатты баалайм. Адамдык сапаты бийик болгон, адептʏʏ, ички дʏйнɵсʏ таза адамдарга гана ишеним артам. Бул принциптер менин жеке жашоомдо да, коомдук ишмердигимде да негизги эреже. Ал эми кол алдымдагы коллегаларга болгон мамилем, биринчиден, алардын иш билʏʏсʏнɵ, профессионалдуулугуна негизделет. Ɵзʏнʏн ишин мыкты деңгээлде аткара билген адамды баалайм. Бирок, кесипкɵйлʏктɵн тышкары, адамдык сапат дагы ɵтɵ маанилʏʏ. Анткени, баары бир жалган айткан адам эч качан чынчыл боло албайт. Чынчылдык жана ачыктык – натыйжалуу команданын негизи.

— Коллегаларыңыз сизди кандай инсан катары сыпатташат?

— Коллегаларым мени кɵбʏнчɵ жɵнɵкɵй деп эсептешет жана бир калыпта жʏргɵн инсан дешкенин кɵп угам. Бул мен ʏчʏн маанилʏʏ, анткени мен турмушта жɵнɵкɵйлʏктʏ сактоого аракет кылам.

— Жан дʏйнɵңʏз тынчсызданганда кантип жай табасыз?

— Андай убакта ɵзʏмдʏ алаксытканга аракет кылам же жалгыз калам. Машина менен узак жолго чыкканда, ар нерсенин жыйынтыгын чыгарып ойлонгонду жакшы кɵрɵм. Узак жолдогу ой жʏгʏртʏʏлɵр ар кандай маселелерге жаңыча кɵз караш менен кароого мʏмкʏнчʏлʏк берет, бул менин ички энергия топтоо ыкмам десем болот.

— Жашоого болгон кɵз карашыңызга таасир эткен чыгарма барбы?

— Жашоого болгон кɵз карашыма таасир эткен чыгарма – бул «Сынган кылыч». Бул китепти окуп чыкканда, таасирленген, ойлондурган нерселер абдан кɵп болгон. Ал китеп мекенге болгон сʏйʏʏнʏ, эрдикти жана тарыхый жоопкерчиликти дагы бир жолу сездирген.

— Yй-бʏлɵңʏз менен бош убакытты кантип ɵткɵрɵсʏз? Уул-кыздарыңызга болгон аталык мамилеңизде ɵзгɵчɵлʏктɵр барбы?

— Азыр эми паркка барабыз, анча-мынча кафеге барабыз. Эң негизгиси – ʏй-бʏлɵмɵ кɵбʏрɵɵк убакыт бɵлгɵнгɵ аракет кылам. Анткени, ʏй-бʏлɵ менен ɵткɵргɵн ар бир мʏнɵт баалуу. Балдарымдын баардыгын тең караганга аракет кылам, адилеттʏʏ болууга умтулам. Бирок, кыздарымды балдарыма караганда кɵбʏрɵɵк  эркелетем. Анткени, кыз бала баары бир башка ʏй-бʏлɵнʏн бʏлɵсʏ. Аны кандай турмуш кʏтɵт, белгисиз. Ошого кыздарымды кɵбʏрɵɵк эркелеткенге, аларга аталык мээримди толук берейин дейм.

— Балдарыңыздын гаджет колдонуусуна кандай карайсыз?

— Мен негизинен зыян деп эсептейм. Балдардын гаджет менен кɵп отурганына каршымын. Ага карабастан, заман талабына жараша балдарыма телефон, гаджеттерди колдонууга уруксат берем. Бирок кɵзɵмɵлдɵп кʏнʏнɵ бир сааттан ашырбоого аракет жасайм.

— Жаштарга, ошондой эле окурмандарга кандай каалоо-тилектериңиз бар?

—Жаштарга ийгилик каалайм. Ар бир жетишкендиктин негизи — тынымсыз эмгек жана терең билим. Заман билимди талап кылган учурда ким кɵп ʏйрɵнсɵ, ошого жол ачык. Чоңду урматтап, кичʏʏгɵ ʏлгʏ болуп, тарбиялуу, татыктуу жашоо кечирʏʏ — ар бир жаштын парзы.

 Айнура  Валижанова

About The Author