11 апреля, 2026

Сиз билбеген дүйнө кызыктары

Жер жүзү бир караганда бир бүтүн аалам болгону менен, анын ичиндеги ар бир өлкө — өзүнчө бир аалам. Айрым аймактарда табият адамды катаал шарттарга көндүрсө, башка жерлерде коомдук түшүнүк жана маданият өзгөчө жол менен өнүккөн. Дал ушул географиялык чектөөлөр менен тарыхый мурастардын айкалышы адамзаттын таң калыштуу жашоо образдарын жаратты. Бул айырмачылыктар дүйнөнү кандайча өзгөчө кылып турарын жакшыраак түшүнүү үчүн, планетабыздын булуң-бурчунан топтолгон эң кызыктуу факттарга чогуу назар салалы.

Асманга жакын жашоо: Лесото

Дүйнө картасынан Түштүк Африка Республикасынын ичинде жайгашкан «мамлекеттин ичиндеги мамлекетти» — Лесотону кезиктирүүгө болот. Британника энциклопедиясынын маалыматында белгиленгендей, бул өлкө толугу менен деңиз деңгээлинен 1400 метрден бийик жайгашкан, ал эми өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү 1800–3000 метр бийиктиктеги тоолордон турган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет. Ошол себептүү аны «Асман падышалыгы» деп аташат.

Лесотонун негизги «унаасы» — туруктуу жана чыдамкай пони аттары. Тоолуу рельефтен улам көптөгөн айылдарга жол барбайт, ал эми интернет менен байланыш алар үчүн дагы деле таң калыштуу көрүнүш. Бул жерде адамдар заманбап технологиядан алыс, өздөрүнүн уникалдуу салттарын жана жашоо мүнөзүн сактап келишет. Эгер сиз убакыт токтоп калган жерди көргүңүз келсе, Лесото сизди таң калтырары анык!

Ажырашуу – бактысыздык эмес: Өзгөчө салттар өлкөсү Мавритания

Көпчүлүк маданияттарда аял киши үчүн ажырашуу кайгылуу окуя катары кабыл алынса, бул өлкөдө ажырашуу  жаңы мүмкүнчүлүк жана баалуу турмуштук тажрыйба катары бааланат. Батыш Африкада жайгашкан Мавританияда  ажырашкан аялдар коом тарабынан сынга алынбастан, тескерисинче, сый-урматка ээ болушат.

Бул жерде аялдын мурунку никеси анын акылмандыгынын жана чыдамкайлыгынын белгиси катары каралат. BBCнин маалыматына ылайык, айрым аймактарда ажырашкан аялдардын кайрадан бактысын табуусуна шарт түзгөн атайын коомдук жайлар бар. Аны эл арасында шарттуу түрдө «ажырашкан аялдардын базары» деп атап коюшат. Бул салт аялдарга экинчи мүмкүнчүлүк берип, үй-бүлө институтуна болгон көз караштын канчалык ар түрдүү болорун далилдейт.

Жер астындагы шаар: Кубер-Педи

Австралиянын аптаптуу чөлүнүн так  ортосунда адам баласынын жаратылышка ыңгайлашуусунун таң калыштуу үлгүсү жайгашкан. Бул — Кубер-Педи шаарчасы. Мында абанын температурасы +45°Cка чейин көтөрүлгөндүктөн, тургундар үйлөрүн, чиркөөлөрүн, атүгүл мейманканаларын жердин астына куруп алышкан.

National Geographic маалымдагандай, бул жер астындагы үйлөрдө жыл бою табигый салкындык сакталып турат. Кызыгы, Кубер-Педи дүйнөдөгү эң кымбат асыл таштардын бири — опалдын борбору болуп саналат. Шаардын аталышы жергиликтүү тилден которгондо «ак адамдын ийини» дегенди түшүндүрөт. Эгер сиз жер үстүндө эч ким жок, бирок жер астында жашоо кайнаган шаарды көргүңүз келсе, анда бул шаар дал ошондой жер!

Ишенимге негизделген коом: Нидерланддар

Дүйнөдөгү эң чынчыл жана бири-бирине ишенген эл кайсы жерде жашайт? Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) изилдөөлөрүнө таянсак, бул тизмеде нидерланддар сап башында турат. Бул өлкөнүн көчөлөрүндө баратып, таң калыштуу бир көрүнүшкө күбө болосуз: үйлөрдүн дээрлик бардыгында терезелерде парда жок.

Нидерланддыктар терезелерин ачык калтыруу менен «менин коомдон жашыра турган эч нерсем жок» деген принципти карманышат. Бул салт терең тарыхый тамырга ээ жана элдин ачыктыгын, коопсуздук сезимин жана бири-бирине болгон бекем ишеничин айгинелейт.

Эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирген Голландиядагы  ишеним — экономиканын өсүшүнө да чоң салым кошот экен. Адамдар бири-бирине ишенип, келишимдерди түзүүдө жана биргелешип иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктардын  аз болушун Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эксперттери тастыкташкан.

Италиядагы «Писокко» же түшкү тыным

Италияда убакыт таптакыр башкача өтөт. Бул өлкөдө түшкү тамактан кийинки эс алуу — «pisolino« же «riposo« — жашоонун ажырагыс бөлүгү. Саат 13:00дөн 16:00гө чейин көптөгөн дүкөндөр жана мекемелер жабылып, шаарлар тынчый түшөт.

BBCнин саламаттык боюнча изилдөөлөрү тастыктагандай, мындай кыска тыным жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, стрессти азайтат жана мээнин иштөөсүн жакшыртат. Италиялыктар үчүн бул жөн гана уйку эмес, ден соолукту чыңдоо жана үй-бүлө менен убакыт өткөрүү маданияты.

Узак жашоонун сыры Окинавада

Жер шарындагы эң кары, бирок сергек адамдар кайда жашашарын билесизби? Жапониянын Окинава архипелагы «Дүйнөдөгү эң узун өмүр сүрүүчүлөрдүн мекени» деп таанылган. Бул аймак планетадагы беш «Көк зонанын»  бири болуп саналат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, Окинавада 100 жаштан ашкан адамдардын саны дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн бир нече эсе жогору. Алардын узак жашоосунун сыры эки негизги нерседе: «Икигай« (жашоонун маңызын табуу) жана туура тамактануу. Арал тургундары «Хара хачи бу» деген эрежени карманышат, бул — курсак 80%га тойгондо тамактанууну токтотуу дегенди билдирет.

Бир шаар, эки мамлекет: Барле

Дүйнөдөгү эң татаал жана кызыктуу чек ара Барле шаарчасында жайгашкан. Бул жерде чек ара сызыгы түз эле үйлөрдүн, ресторандардын жана дүкөндөрдүн ортосунан өтөт. Натыйжада, шаардын бир бөлүгү Бельгияга (Барле-Хертог), ал эми экинчи бөлүгү Нидерланддарга (Барле-Нассау) карайт.

Atlas Obscura ‘нын маалыматына таянсак, айрым үйлөрдүн конок бөлмөсү бир өлкөдө, ашканасы экинчи өлкөдө жайгашкан. Мындай учурда үй кайсы мамлекетке таандык экени босогодогу башкы эшиктин кайсы тарапта экенине карап аныкталат. Шаар тургундары күнүнө ондогон жолу чек арадан өтүп, эки башка мыйзам жана салык системасы менен эриш-аркак жашап келишет.

Келин күлбөгөн той: Батыш Африканын салты

Той десе эле баарыбыз бактылуулуктан улам күлүп жаткан жаштарды элестетебиз. Бирок Батыш Африканын айрым аймактарында, айрыкча Нигериядагы кээ бир элдерде, келиндин тоюнда күлбөй турганы — маанилүү салт.

BBC жана этнографиялык изилдөөлөр тастыктагандай, бул тойлордо келин күйөөсү же анын жакындары берген белектерге же акчага толук ыраазы болмоюнча жүзүнөн жылмаюу чыгарбайт. Бул көрүнүш жөн гана тамаша эмес, тескерисинче, келиндин өз баасын жана кадыр-баркын көрсөтүүсүнүн символу. Мындай салт жаңы үй-бүлөдө келиндин ордун, урматын жана баалуулугун баса белгилөө үчүн колдонулат.

Сууда сүзүүчү мектептер: Бангладеш

Климаттын өзгөрүүсү жана тынымсыз суу ташкындары билим берүүгө тоскоол болбошун  Бангладеш далилдеди. Бул өлкөнүн айрым аймактарында жыл сайын жерлерди суу каптап калгандыктан, мектептер кадимки имараттарда эмес, атайын мектеп болуп жабдылган кайыктарда жайгашкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, бул «сууда сүзүүчү мектептер» күнүнө бир нече жолу жээкке келип, окуучуларды чогултуп кетишет. Кайыктардын ичинде заманбап класстар, китепканалар, ал тургай күн энергиясы менен иштеген компьютерлер бар. Бул уникалдуу ыкма суу ташкыны учурунда миңдеген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калат.

Бакыт өлчөнгөн өлкө: Бутан

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү өнүгүнүү  ички дүң продукциясы (ИДП) менен өлчөсө, Бутан падышалыгы «Глобалдык улуттук бакыт» индексин колдонот. Бул жерде элдин ички бейпилдиги экономикалык пайдадан жогору турат.

Өлкөдө расмий түрдө Бакыт министрлиги иштейт, ал эми ар бир жаңы мыйзам «бул элди бактылуу кылабы?» деген суроодон өтөт.  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бакыт тууралуу отчетторунда белгиленгендей, Бутандын бул модели заманбап дүйнөдөгү «акыркы Шангри-Ла» же бакыттын чыныгы мекени катары таанылып келет.

Бул фактылар дүйнөнүн канчалык ар түрдүү экенин дагы бир жолу далилдейт. Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, маданий жана социалдык айырмачылыктар — адамзаттын өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири. Дал ошол айырмачылыктар дүйнөнү кызыктуу кылып, ар бир өлкөнү өзгөчө кылып турат.

Гульнура Ормонова

About The Author