20 августа, 2025

ШНОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНА ƟТКƟН ЖЫЛЫ КИМДЕР ТАТЫДЫ?

Техникалык прогресстин тек-жайы тʏшʏнʏктʏʏ: илим ɵнʏгʏп бʏтɵ элек жана бʏтʏшʏнʏн ɵзʏ да кʏмɵндʏʏ. Илимдин башталышы бардай болгону менен аягы жок, аягы чексиз деп айтууга мʏмкʏн. Илимпоздорго келсек, алар адамзат коомун зериктирбейт. Маал-маалымы менен кандайдыр бир изилдɵɵ-иликтɵɵлɵрʏнʏн акыбети аркылуу таңдантып, айрым учурларда тарс кʏлдʏрʏп да келишет. Отуз жыл илгери америкалык “Ишенип болбой турган изилдɵɵлɵрдʏн аналогдору” деген аталыштагы юмордук журнал Шнобелдик сыйлыкты уюштурган. Сыйлыкка изилдɵɵлɵрʏ оболу бир кʏлдʏрʏп алып, андан ары олуттуу эле ойлорго жем таштоого аргасыз кылган иликтɵɵлɵрдʏн авторлору татыктуу болот.

“Жумуртка качан жана кантип сынат?” деген суроого жооп берʏʏ ʏчʏн Массачусетс университетинин илимпмпоздору 8-10 сантимерлик бийиктиктен аны 200 ирет таштап кɵрʏштʏ. Максат — жумуртканын кайсыл тарабы бекем экенин аныктоо эле. Жыйынтыгында, вертикалдык абалында жайгашкан жумуртканы элʏʏ пайызы сынды. Ал эми ошол эле бийиктиктен, горизонталдык абалда кулаган  жумуртканын дээрлик 90 пайызы бʏтʏн калган. “Жумуртканын экватордук бɵлʏгʏ жакшы амортизатордук кызмат аткарып, соккунун энергиясын жутуп алат” дешет иликтɵɵчʏлɵр. Бʏтʏм: Таңгакта жумурткалар туура эмес, вертикалдык абалда  сакталат. Авторлор бир эле жумуртка эмес, сына турган башка предметтер ʏчʏн да амортизациясы бекемирээк келген таңгактарды долбоорлоо аракетин кɵрʏшʏʏдɵ.

Стенфорд университетинин инженерлери сууга кантип “бомба сымал секирʏʏнʏн”, суунун чачырандылары бийик жана арбын кɵтɵрʏлʏʏсʏн кандайча камсыз кылуунун жолун иликтешти. Изилдɵɵчʏлɵрдʏ Жаңы Зеландиянын жашоочулары шыктандырды. Ал жакта бул жаатта “попинге ману” деген аталышта ар дайым мелдештер ɵткɵрʏлɵт. Профессионалдык “попингдин” (булчунду кескин кысуу, кыскартуу) сырларын ачуу ʏчʏн изилдɵɵчʏлɵр секирʏʏчʏнʏн торсун (киндиктен жогору жагын) жана буттарын имитациялаган манубот моделин жасашты. Аны ары кайрып, бери кайрып отуруп ар кандай бурчтар менен сууга ыргытып кɵрʏштʏ.

45 градустук бурч баарынан мыкты натыйжа берди. Мындай формада бʏктɵлгɵн дене суу чачырандыларын эң бийик “таажыга” жеткирди. Бирок мындай тар бурчтукта табышмак жандырмагынын жарым сыры гана жаткан. Сууну максималдуу чачыратуу ʏчʏн буттарды суу алдында ɵтɵ ылдам жазып жиберʏʏ керек. Бутту жазуунун оптималдуу убактысы 0,3 секунд. Суу астындагы маневрдын жʏрʏшʏндɵ секирʏʏчʏнʏн денесинен бɵлʏнгɵн суу бʏртʏкчɵлɵрʏ ɵйдɵгɵ умтулат жана суунун кʏчтʏʏ, шар агымын жогору жакты карай тʏртɵт. Жогору карай тʏртʏлгɵн суунун бийиктиги рекордсмендерде 10 метрге чейин жетет. “Дененин сууга кирʏʏсʏнʏн физикалык аки-чʏкʏсʏн тʏшʏнʏʏ спорт ʏчʏн эле эмес, суу инженериясы, биомеханика жана робототехникалар ʏчʏн да абдан маанилʏʏ” дешет изилдɵɵчʏлɵр.

АКШнын Корнелл университетинде окумуштуулар пиязды кɵздɵн тамчы жаш чыгарбай тууроонун жолун изилдешти. Эксперименттер эң оболу ылдамдаткыч камерага тартып алынды жана окумуштуулар бычак мизинин алдына чыгып жаткан чачырандылар кайда, кантип тарап жатканын байкап турушту. Кɵрсɵ, пияздын кɵздɵн агызаар ачуу жашынан курч бычак гана сактайт экен. Курчутулган бычак пиязды майдай килкилдетип кессе, мокок бычак пияз волокнасын тʏртʏп, анын  ширесин фонтан сымал абага кɵтɵрɵт. Бирок пиязды шеф-поварчасынан биринин артынан бирин кɵзгɵ илештирбей туурап эмес, жай гана кескилɵɵ керек.

Япон, кытай жана аларга кошулган британиялык окумуштуулар классикалык операнын чычкандарга тийгизээр жагымдуу таасирин тастыктап чыгышты. Кʏлкʏлʏʏбʏ? Бир караганда, ошондой, бирок чындап келгенде, олуттуу. Арияларды жʏрɵктɵрʏ алмаштырылган чычкандарга угузуп кɵрʏштʏ. Натыйжада, алардын реаблитациясы “операга чакырылбаган” чычкандардыкына караганда тез ɵттʏ. Мындан чыкты, апенди чалыш бул иликтɵɵ белгилʏʏ бир ʏмʏттɵрдʏ жаратат. Музыканын коштоосу менен адамдар деле операциядан кийин батыраак айыгып кетиши мʏмкʏн. Изилдɵɵнʏн авторлору чычкандардын костюмунда Шнобель сыйлыгын сыймыктануу менен кабыл алышты.

Тʏштʏк Кореялык Дживон Хан студент маалында эле кофени автоунаадан иш жайына чейин чайпалтпай-нетпей жеткирип алуунун коопсуз жолун издеп жʏрчʏ. Дипломдоштурулган окумуштуу болгондон кийин деле Дживон ысык кофени кийимине тɵгʏп алып жʏрдʏ. Ал жʏргʏзгɵн эксперименттер эгерде кофе куюлган стаканды артыңча, башкача айтканда, алдыга артың менен кадам таштап басканыңда азыраак чайпалаарын кɵрсɵттʏ. Офистик кызматтын миллиондогон армиясы жетекчиликке алса жарашкан бул пайдалуу ачылыш албетте Шнобель сыйлыгына татыбай коймок эмес. Негизинен артка кадам шилтɵɵ аркылуу алдыга басуууунун ден соолуука да тийгизээр оң таасирин айрым окумуштуулар буга чейин эле далидеп чыгышканы бар. Баса, 2012-жылы кофе россиялык Руслан Кречетников жана америкалык коллегасы Гансу Майерге сыйлык алып келген. Алар фундаменталдык ачылыш жасашкан. Кофе аны алып бараткан адам бирдей калыпта кадам таштабагандыктан улам чайпала берет. Бʏтʏм: кофени алдыга артың менен кадам таштоо аркыуу ташуу керек же хороводдогу кыздардай бутарды жай алмаштыруу ыгы менен басуу зарыл.

Ошентип Шнобель сыйлыгынын ɵткɵн жылкы лауреаттарын жогоруда атап ɵттʏк. Аталган сыйлыктын кʏлкʏлʏʏ, ошону менен бирге, апенди чалыш маани-маанайлары бар экени да талашсыз. Канчанчы жылкысы экени эсимден чыгып кетиптир, бирок, сыйлыктын кайсыл бир лауреаты тɵрɵт ʏйʏндɵ колдонууга тийиш деп саналган бир “технологиялык” ачылышы ʏчʏн Шнобель сыйлыгына татыган: тɵрɵй турган аял айлана турган шайманы бар атайын керебетке  чалкасынан жатышы керек. Керебетти чоң ылдамдыкта айлантканда, аялдын ичиндеги наристе эч кандай толгоосуз эле сыртка атып чыгуусу мʏмкʏн. Бир гана проблема бар, аны ким жана кандай ыкма менен тосуп алат, белгисиз. Ага балким келечектеги лауреаттар “ачылыш”жасаар…

Абдираим МАМЫТОВ.

About The Author