20 августа, 2025

Шаарды таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыз кылуу жана негизги кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ аракеттери

Ош шаарынын таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыз болушу — шаар жетекчилигинин негизги приоритеттеринин бири. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул жаатта бир топ олутту иштер аткарылып жатат. Суу кɵйгɵйʏн чечʏʏ бир гана тиешелʏʏ мекемеге таандык эмес, жалпы коомдун аракетинен кɵз каранды. Учурда дʏйнɵ жʏзʏндɵ таза суу таңкыстыгы негизги кɵйгɵй болуп турган чакта шаркырап аккан тунук сууларыбызды ʏнɵмдʏʏ, максатуу пайдаланалы.  Теманы улай “Ошшаарсууканал” ишканасына кайрылып, аткарылган негизги иштер туралуу маалымат алганбыз.

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу негизинен ачык булактан — Ак-Буура дарыясынан жʏргʏзʏлɵт. Бирок жаан-чачын мезгилинде коктулардан сел тʏшʏп, дарыя булганган учурларда шаарга таза суу берʏʏ ʏзгʏлтʏккɵ учурашы мʏмкʏн. Мындай коркунучтарды алдын алуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан бир катар ири иштер жʏргʏзʏлдʏ. Атап айтсак, 6000 куб метрди тʏзгɵн тɵрт таза суу кампасы курулду. Мындан сырткары, иштебей турган 6 скважина ишке киргизилип, жаңы 6 скважина казылып, жабдуулар орнотулуп, шаардын таза суу системасына кошулду. Азыркы учурда эски муниципалдык бассейндин ордуна кɵлɵмʏ 22 000 куб метр болгон тɵрт таза суу кампасы жана жаңы насостук станция курулуп жатат. Бул иштер суунун элге ʏзгʏлтʏксʏз жана коопсуз жетишин камсыздоого багытталган.

Жаздын келиши менен нɵшɵрлʏʏ жаан-чачында коктулардан тʏшкɵн селдердин Ак-Буура дарыясына кирип кетишин алдын алуу ʏчʏн атайын аңдар казылып, жаан учурларында дарыя тынымсыз кɵзɵмɵлгɵ алынат. Убактылуу болсо да сел сууларын кармоочу атайын жайлар даярдалып, колдонууга берилген. Жалпысынан алганда, учурда ишканада акыркы тɵрт таза суу кампасын кошкондо, 32 таза суу кампада жалпы кɵлɵмʏ 75 000 куб метр таза суу ар дайым сакталат. Мындан сырткары, Тɵлɵйкɵн айылынын каналынан кошумча суу алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ каралууда. Ошондой эле Азия Ɵнʏктʏрʏʏ Банкы (АƟБ) менен Ош шаарынын мэриясы биргеликте каржылаган, узундугу 2,4 чакырымды тʏзгɵн, диаметри 1000 миллиметр болгон суу тʏтʏгʏ курулуп жатат. Бул шаардагы таза суу жеткирʏʏнʏ жакшыртуучу эң ири долбоорлордун бири болуп эсептелет.

Жай жана кыш мезгилдеринде калктын таза сууну туура эмес пайдаланылышы бир топ кɵйгɵйлɵрдʏ жаратат. Жай айларында айрым тургундар суу менен огород сугарып, кɵчɵлɵргɵ суу чачып, килем-палас жуушат. Мындай аракеттерден улам шаардын кээ бир аймактарында суу тартыштыгы пайда болот. Ал эми кыш мезгилинде тургундар суу тʏтʏктɵрʏ тоңуп калбасын деген максатта сууну кʏнʏ-тʏнʏ агызып коюшат. Бул кɵрʏнʏш негизинен суу тʏтʏктɵрʏнʏн курулуш нормаларына ылайык эмес тартып алынгандыгынан келип чыгат. Аталган маселелердин алдын алуу максатында суу ɵлчɵгʏч приборлорду орнотуу иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Ошондой эле калктын кеңири катмарына тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ жана сууну ʏнɵмдʏʏ пайдаланууга багытталган атайын рейддер уюштурулууда.

Таза суу тармактарынын эскилиги да негизги кɵйгɵйлɵрдʏн бири болуп саналат. Бул тармактар 1965-жылдан баштап курулган болсо, негизги магистралдык линиялар 1970–1980-жылдар аралыгында курулган. Эксплуатация мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кеткенине карабастан таза суу берʏʏ кʏнʏ-тʏнʏ ʏзгʏлтʏксʏз кɵзɵмɵлдɵ турат. Мекеме тарабынан таза жана саркынды суу системаларынын туруктуу иштеши камсыздалууда.

Абоненттер менен иш алып барууда да жакшы жетишкендиктер бар. Жарандардын кɵпчʏлʏгʏ суу ʏчʏн тɵлɵмдɵрдʏ ɵз убагында тɵлɵп турушат. Ал эми айрым учурларда тɵлɵм кечиккенде, биринчи кезекте кагаз тʏрʏндɵ эскертʏʏ берилет. Эгерде ал натыйжа бербесе, сот аркылуу ɵндʏрʏʏ чаралары колдонулат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author