Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан “Кылмыштардын бирдиктʏʏ реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштердин негизинде Кара-Суу РИИБнин Тергɵɵ кызматы тарабынан козголуп, тергелип жаткан кылмыш иштер боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна ʏзгʏлтʏксʏз кɵзɵмɵл жʏргʏзʏлʏп келʏʏдɵ.
Аталган багытта иш алып барууда прокуратура тарабынан ар бир жогорудагы категориядагы козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде кɵрсɵтʏлгɵн прокурордун ыйгарым укуктарына ылайык, тергɵɵнʏ сапаттуу, толук, ар тараптуу жана объективдʏʏ жʏргʏзʏлʏʏсʏ тергɵɵчʏлɵргɵ берилген жазуу жʏзʏндɵгʏ кɵрсɵтмɵлɵрдɵ талап кылынып келет.
Алсак, 2025-жылдын 5 айында Кара-Суу райондук ички иштер бɵлʏмʏнʏн маалыматтардын электрондук журналына жол кырсыктары боюнча жалпы 110 материал катталып, алардын ичинен жалпы 4 кылмыш иш козголуп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен 3 иш соттук кароого жиберилип, 1 кылмыш иш ɵндʏрʏштɵн кыскартылган. Ал эми калган 106 текшерʏʏ материалы боюнча тараптарга материалдык жактан зыян келтирилгендиктен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жɵнʏндɵ кодексинин негизинде чара кɵрʏʏ менен кылмыш иш козгоодон баш тартуу чечимдери кабыл алынган.
Мисалга алсак, 2025-жылдын апрель айында “Камаз” ʏлгʏсʏндɵгʏ автоунаанын айдоочусу Кара-Суу районунун Ынтымак айыл ɵкмɵтʏнʏн Таш-Арык айылындагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 640-чакырымында батыштан чыгышты карай башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан “Дэу-Тико” ʏлгʏсʏндɵгʏ автоунаасы менен сʏзʏшʏп, жол кырсыгын жасаган. Натыйжада, “Дэу-Тико” ʏлгʏсʏндɵгʏ автоунаанын жол унаа кырсыгынан денесинен жарат алышып, окуя болгон жерде каза болушкан. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренесинин 3-бɵлʏмʏндɵ каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен тийиштʏʏ кызмат адамдарына айыптары угузулуп, кылмыш иш соттук кароого жиберилген.
Жол коопсуздугун камсыз кылуу азыркы мезгилдин приоритеттʏʏ милдеттеринин бири болуп саналат. Биздин ɵлкɵнʏн кɵчɵлɵрʏндɵгʏ жана жолдорундагы автоунаалардын саны улам кɵбɵйʏʏдɵ, мындан тышкары, автоунаалардын ылдамдык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ да кʏн сайын улам кʏчɵп жаткандыктан, бул жол-транспорт окуяларынын санынын ɵсʏшʏнɵ алып келээри шексиз. Тилекке каршы, жол-транспорт окуяларынын кɵпчʏлʏгʏ мектеп жашындагы балдардын катышуусунда болот. Андыктан жаш балдардын эле эмес, жашы жеткендердин деле ɵзʏнʏн ɵмʏрʏн коргоо, коопсуздукту сактоого ʏйрɵтʏʏ ʏчʏн тиешелʏʏ билим, ал билимди ар тʏрдʏʏ кырдаалдарда колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн берʏʏ зарыл.
Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кɵрсɵтмɵсʏнɵ ылайык автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугуна кɵзɵмɵл жʏргʏзʏлʏп, бул багытта иштер улантыла бермекчи.
Кара-Суу районунун прокурорунун
улук жардамчысы Ж.Малабаев
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы