20 августа, 2025

Баткен бренди — табигый азык жана таза эмгек

Ɵрʏк жыттанган бактар, малинадан бышкан печеньелер. Булардын баары Баткендин берекелʏʏ жери менен эмгекчил элинин кучак жайган меймандостугунан кабар берет. Ар тʏрдʏʏ иш кылышса да, бир багытта — улуттук табигый азыкты даңазалоо жолунда биригип иштеп жаткан бул адамдар — Баткен брендинин сыймыгы. Алардын бири, Толомушев Турсуналы, ɵрʏктɵн дʏйнɵгɵ кеткен береке тууралуу айтса, экинчиси, Рахима Уланбек кызы, малинанын ширесин печеньеге айланткан сырын ачат.

-Турсуналы аке, айтсаңыз, кооператив качан тʏзʏлгɵн жана анын ɵзгɵчɵлʏгʏ эмнеде?

— “Алыш-дан Органик” айыл чарба кооперативи 2008-жылы негизделген. 2010-жылы болсо таза, химикатсыз, табигый ɵндʏрʏшкɵ ɵтʏʏнʏ чечтик. Биз кооперативди “Алыш” деп атадык, анткени суунун же иштердин башталышын алыш дешет. “Дан” деген сɵз болсо, кыргызда “дандуу бол” деген тилек айтылат эмеспи — демек, берекеге жол ачсын деген ʏмʏт.

— Кайсы продукт менен иштейсиздер?

— Негизги азыгыбыз — ɵрʏк. Ɵрʏктʏ ɵзʏбʏз ɵстʏрʏп, кайра иштетип, андан сегиз тʏрдʏʏ азык жасайбыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 63 ʏй-бʏлɵ биздин кооперативге мʏчɵ. Жалпысынан 123 гектар ɵрʏк багыбыз бар. Ар ким ɵзʏнʏн багында иштеп, тʏшʏмдʏ болсо биргеликте иштетип, сатууну бир системага салып алганбыз.

— Ɵрʏктʏ кургатуу кандай технология менен ишке ашат?

—  Кɵп ыкмаларды колдонуп кɵрдʏк: меш, газ менен, атайын инфракызыл нурлар менен, бирок, эң натыйжалуусу жана экологиялык жактан ʏнɵмдʏʏсʏ — кʏндʏн энергиясын колдонуу экен. Шебеньге жаябыз да, ʏстʏнɵн мɵндʏрдɵн сактаган тор менен тособуз. Натыйжада, табигый да, коопсуз да болот.

—  Продукцияны кайсы жактарга сатасыздар?

— Баткен шаарындагы 2, Бишкектеги 6 экодʏкɵн менен кызматташабыз. Андан тышкары Россиядагы органикалык азыктарды кабыл алган дʏкɵндɵр менен да байланыш бар. Бул азыктарда химикат жок, табигый таза.

— Логистикалык борбор тууралуу кенен айтып берсеңиз?

— Бул биздин кɵп жылдан берки максатыбыз. Беш жылдан бери аракет кылып жатабыз. Азыркы учурда курулуштун 90 пайызы бʏткɵрʏлдʏ. Жабдуулар эл аралык уюмдардын колдоосу менен алынса, курулуш иштерин ɵзʏбʏздʏн кʏч менен бʏтʏрʏп жатабыз. Цех бʏткɵндɵ иштерибиз дагы да алга жылат деген ишеничтебиз.

— Экспорт маселеси кандай абалда?

— Чет мамлекеттерге кɵргɵзмɵлɵргɵ чыгып жʏрɵбʏз. Бирок кɵпчʏлʏк ɵлкɵлɵрдɵ ири кɵлɵмдɵгʏ экспорт 1000 тоннадан баштап талап кылынат . Бизде андай кɵлɵмдʏ камсыз кыла турган каражат жетишпей жатат. Бул жалпы эле Кыргызстандагы ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн кɵйгɵйʏ — айланма каражаттын жетишсиздиги.

— Ɵрʏктʏн кагынан башка дагы кандай продукция чыгарасыздар?

— Ɵрʏктʏн данегинен май чыгарабыз. Бул багытта БУУнун азык-тʏлʏк программасы менен иштешкенбиз. Алгач косметика ʏчʏн чыгарсак, кийин медициналык касиеттери аныкталып, ичʏʏ ʏчʏн да сунуштай баштадык. Ден соолукка пайдалуу: рак, кант диабети, кан басымдын туруксуздугу  жана башка ооруларга сунушталат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵрʏк майыбыз Кыргызстандын бардык облустарына тарап, сатылып жатат.

— Жумушуңуз ɵзʏңʏзгɵ жагабы?

—  Албетте! Таза азык ɵндʏрʏп, элдин саламаттыгына кызмат кылуу мен ʏчʏн сыймык. Бул иш аркылуу ɵлкɵгɵ да, келечек муунга да пайда алып келебиз деген ʏмʏтʏм чоң.

— Рахима айым, сиз жасаган продуктунун жаралуу тарыхы кандай?

— Бул азык япониялык ОСОБ долбоорунун алкагында тʏзʏлдʏ. Максаты — жергиликтʏʏ ресурс менен ɵзгɵчɵ, пайдалуу азык чыгаруу эле. Бизде малина кɵп эмеспи. Анан да кʏрʏч ɵстʏрʏлɵт. Ошондуктан экɵɵнʏ айкалыштырып, глютенсиз, пайдалуу печенье жасоону чечтик. Печеньенин рецебин долбоордун ɵзʏ иштеп чыкты.

— Печеньенин курамында эмне бар?

— Малинанын пюреси, кʏрʏч уну, крахмал жана шекер. Буудай уну колдонулган жок, себеби, глютени жок азык чыгарууну максат кылганбыз. Ошондуктан печеньебиз ден соолукка жеңил жана пайдалуу.

— Азыкты даярдоого канча убакыт сарпталат?

— 100 граммдык 100 коробка печенье даярдоо ʏчʏн бир кʏн талап кылынат. Таңгактоого дагы бир кʏн кетет. Долбоор бизге кʏрʏчтʏ майдалап ун кылуучу аппарат, пюре чыгаруучу аппарат жана температураны кɵзɵмɵлдɵɵчʏ жабдууларды берип, ишибизди жеңилдетти.

— Бул печеньени кайда алып чыгып сатасыздар?

— Кыргызстандын ичинде кɵргɵзмɵлɵргɵ алып чыгабыз. Негизи бул продукция башында туристтер ʏчʏн чыгарылган эле. Азырынча Японияга, АКШга, Германияга чакан кɵлɵмдɵ экспорттолду. Печеньенин даамы кытырак, малинанын жыты чыгып турат, куруттун даамын эске салат. Ɵзгɵчɵ туристтерди ɵзʏнɵ тартат.

— Таңгактоо тууралуу бɵлʏшʏп ɵтсɵңʏз?

— Бардык дизайн, форма жана кɵлɵм  ОСОБ долбоору тарабынан иштелип чыккан. Биз ошол даяр ʏлгʏлɵр менен иштейбиз. Цехибиз азырынча чакан. Буюрса, жакынкы аралыкта кеңейтип, чоң кɵлɵмдɵ экспортко чыгуу – эң негизги максатыбыз.

Айнура Валижанова

About The Author