29 марта, 2024

Биз жөнүндө

1991-жылы Ош шаарынын интеллегенциясынын өкүлдөрүнүнүн ак бата, изги тилеги менен «Ош шамы», “Вечерний Ош”, “Уш окшами” гезити түзүлүп, 4 беттен турган 200 даана алгачкы саны жарык көргөн. 2 күндөн кийин гезит окурмандардын суроо-талабына ылайык дагы 1000 даана менен басылып чыккан. Ошентип гезит расмий каттоодон өтүп, редакциялык жамаат бекитилип, Республикадагы жалгыз үч тилдүү: кыргыз, өзбек, орус тилиндеги гезит болуп калды . Ошондон бери көп улуттуу калктын калың катмарына үч тилде кеңири чагылдырылып келүүдө. Алгачкы редактору ошол кездеги шаардын вице-мэри, драматург, жазуучу, котормочу Абдуганы Абдугафуров болгон.

Андан кийин акын, журналист Абдурашит Урбаев келген. Гезит анда 8 беттен, ак-кара түстө чыгып, Ош шаарына гана тараган. 1998-жылы Талантбек Моңолбаев башкы редакторлукка келип, Оштогу типографиядан басылып чыгып турган. Т. Моңолбаев гезитте 11 жыл башкы редакторлук кызматты аркалаган.

Гезит алгач айына бир жолу жарык көрсө, кийинчерээк учурдун талабына ылайык жума сайын чыгып туруусу демилгеленген.

Кийин Тургунбай Алдакуловдун башкы редакторлукка келиши менен гезит 16 бетти түзүп, түстүү чыгарыла баштаган.

Гезиттин андан кийинки жоопкерчилиги массалык-маалымат каражаттарынын түрлөрү көбөйүп, атаандаштык күчөп, маалымат жеткирүүдө түрдүү ыкмалар пайдаланыла баштаган маалда Бурул Исмаиловага жүктөлгөн. 

Ош шамынын 30 жылдык тарыхында биринчи аял жетекчи. Жаш болсо да аракетчилдиги, идеяга бар, түптүү пландары менен гезитти бир топ алдыга жылдырып, ишмердүүлүгүн кызытты. Жаш журналисттерден түзүлгөн чакан жамаат менен ынтымактуу иш алып барып, тажрыйбасын мол кылды. 2015-жылдын 7-ноябрында Ош шамы гезитинин расмий сайты түзүлүп, социалдык тармактарда жеке баракчалары ачылып, окурмандарга маалымат жеткирүүнүн жолу кеңейген.

Ош шамы гезити бүгүнкү күндө 5 миң тираж менен жарык көрүп, Ош шаарынан сырткары Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн, Алай райондоруна таратылат. Ал эми сайт аркылуу Кыргызстандын жалпы жарандарын чет өлкөдөгү мекендештердин жашоо турмушу, иш тажрыйбасы, окуя-баяны чагылдырылып келет.

30 жыл аралыгында гезит алган сыйлыктары:

  • Кыргыз Республикасынын эки жолку Ардак громатасынын ээси
  • Маркетинг Инфо уюмунун сурамжылоосуна ылайык Түштүк жергесинин эң мыкты коомдук –саясий гезити деп табылган
  • Рыноктогу мыкты ийгиликтери үчүн А. Мясаров атындагы улуттук сыйлыктын лауреаты
  • Министрликтин ведомстволордун, ардак грамоталарынын ээси
  • Түштүктөгү уюмдардын, бир канча долбоорлордун жыл мыктысына татыды
  • Облустук “Алтын калем” сыйлыгынын ээси
  • ПРООН менен Щвециянын “SIDA” агенттиги уюштурган Кыргызстандагы гендердик саясатты басма сөздө эё мыкты чагылдырган басылма сыйлыгы менен сыйланган.