16-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Жыйынды комиссиянын төрайымы Жамал Ормонова алып барды.
Күн тартибинде «Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери тууралуу маселе каралды. Бул боюнча мэриянын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы менен аталган муниципалдык ишкананын директорунун орун басары депутаттарга маалымат беришти.
Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү төмөнкү негизги багыттар боюнча суроолорду берип, өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты:
- Айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу;
- Сугат суу менен камсыздоо, ирригация системасын жакшыртуу жана айылдардагы арыктарды тазалоо;
- «Азык-түлүк коопсуздугу» программасынын алкагында Ош шаарына караштуу Коңур-Жаз участкасында айыл чарба өнөр жай комплексин куруу жана долбоорду ишке ашыруу.
Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү айтылган сунуштарды эске алуу менен «Агрардык чарба» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маселени Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.
