Президент Садыр Жапаров шайлоону утурлай Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал чыгарууга аракет кылган саясатчылар бар экенин билдирди. Мамлекет башчысы элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, шектүү маалыматтар болсо укук коргоо органдарына кабарлоону өтүндү. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Өлкө башчысы айрым саясатчылар бийлик үчүн карапайым элди курмандыкка чалып, эки улутту уруштурууну көздөп жатканын белгиледи. Ал буга чейинки 1990 жана 2010-жылдардагы каргашалуу окуяларды эске салып, улуу муунду жаштарга жаңжалдын оор кесепеттерин түшүндүрүүгө чакырды:
«Өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгарышы үчүн сезимге ойногон, куру намысты козгогон ар кандай жалган кептерди таратып, болбогон жерден чыр чыгарып жиберишет. Ошол жаңжалдарды уюштурган саясатчылардын бирөөсүнүн жакынынын чыпалагы дагы жабыркаган жок. Аларга бийлик гана керек. Алданып, жапа чеккендер жалаң гана карапайым калк болуп кала берген. Мейли өзбексиңби, мейли кыргызсыңбы, кандай гана чагымчыл сөздөр болбосун, ээрчип кетпеңиздер», — деди президент.
Садыр Жапаров мындай аракеттер стратегиялык долбоорлорго, тактап айтканда, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушуна бут тосуу максатында жасалып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Кытай темасы аркылуу элди козутуу аракети ишке ашпай калгандан кийин, айрым күчтөр улуттар аралык маселени көтөрүүгө өтүшкөн.
Аягында президент өлкө боюнча миңдеген видеокамералар иштеп жатканын жана күч түзүмдөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин эскертти. Ал коомду бөлүп-жарууга аракет кылган ар бир жаран сөзсүз аныкталып, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров шайлоо алдындагы чагымчылдык тууралуу эскертүү берди