• Пт. Ноя 13th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Жол, газ жана бала бакча: Төлөйкөн тургундары мэрге кандай көйгөйлөрдү айтышты?

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 13, 2026

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Анда калктын жашоо шартын жакшыртуу, аймакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жаңылоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан төмөнкү көйгөйлөр көтөрүлдү:

  • социалдык объектилерди (бала бакча, ФАП жана балдар аянтчаларын) куруу;
  • жолдордун абалын оңдоо, жол чырактарын орнотуу, газдаштыруу жана ирригация;
  • жер мунапысы, жайыт жерлери жана турак жай маселелери;
  • аймакты жашылдандыруу, инклюзивдүү окутуу жана жеке ишкердикти колдоо.

Шаар башчысы аймакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз улантыларын билдирди. Жыйында айрым кайрылуулар жеринде чечилип, калган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине так тапшырмалар берилди. Мэр ар бир кайрылуу өзүнүн жеке көзөмөлүндө болорун жана аткарылышы боюнча катуу талап коюларын эскертти.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *