«Миссия Добро» эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында «РЖД-Медицина» тармагынын тажрыйбалуу россиялык дарыгерлери Ош шаарына келишти. Алар жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте бейтаптарды кабыл алып, алгачкы татаал операцияларды ийгиликтүү жасашты. Ош шаардык клиникалык ооруканасында адистердин ишин баштоо аземи өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Россиянын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, Россотрудничествонун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, шаардык оорукананын башчысы Саипжан Шералиев жана медицина кызматкерлери катышты.
Делегациянын курамында топтун жетекчиси Юлия Балакина, уролог Константин Нотов жана травматолог-ортопед Денис Згирский бар. Адистер шаардын дарыгерлери үчүн лекция окуп, консультацияларды башташты. Ал эми новосибирскилик уролог Константин Нотов жергиликтүү дарыгерлер менен бирге простата аденомасын жана заара жолундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Операциялар жана бейтаптарды кабыл алуу эртең да уланат.
Белгилей кетсек, Россиянын кызматташтыгы жана «ДОБРО.РФ» Ассоциациясы уюштурган бул программанын алкагында 9-14-ноябрь күндөрү алты россиялык дарыгер Бишкек жана Ош шаарларында тажрыйба алмашуу, мастер-класстарды өткөрүү жана калкка медициналык жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул ыктыярчылардын Кыргызстанга онунчу сапары

