Ош шаарынын 2026-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы 2026-жылдын январь-сентябрь айларында экономиканын өсүү темпи турукташып, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча жетишкендиктер жаралгандыгын белгилейт.
Өнөр жай ишканалары жана жеке ишкерлер тарабынан 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 12 775,3 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 180,7 пайызды түздү (2025-жылдын январь-сентябрь айларында 9 378,7 млн сом жана 131,7 % болгон).
Шаар боюнча өнөр-жай ишканаларында өндүрүп чыгаруунун жалпы көлөмүнүн 67,5 пайызын иштетүү өндүрүшү, 26,4 пайызын электр энергия, газды өндүрүү, бөлүштүрүү жана 5,9 пайызын суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалары ээледи.
“100 өнөр жайы – 2026” иш-чарасынын тизмесине Ош шаары боюнча 7 долбоор киргизилген. Алар: “Обидфайз” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) базасында балмуздак жана сүт азыктарын өндүрүүчү завод, “Азия Органикс” жана “Эко Азык” ЖЧКларынын базасында соода-логистикалык борборлор, “Кунлунь” бетон заводу, “КеңСтройСервис” ЖЧКсынын бетон заводу, “Папан Бөрү” ЖЧКсынын кирпич заводу жана “Барбол” кондитердик фабрикасы.
2026-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда онлайн форматында “Эко Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында сыйымдуулугу 2000 тонна жана “Азия Органикс” жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында сыйымдуулугу 1000 тонна болгон соода-логистикалык борборлору ачылып, 286,0 млн сом инвестиция тартылды жана 300гө жакын жумуш оруну түзүлдү.
2026-жылдын январь-сентябрында айыл чарба продукциясынын дүӊ чыгарылышы 2 569,9 млн. сом ѳлчѳмүндѳ түзүлдү, муну менен бирге физикалык кѳлѳмдүн индекси 95,9 пайызды түздү.
2026-жылдын январь-сентябрында айыл чарба продукцияларын ѳндүрүүнүн жалпы кѳлѳмүндө дыйканчылык – 52,7 пайызды, мал чарба продукциясы – 36,8 пайызды, айыл чарбада кѳрсѳтүлгѳн тейлѳѳлѳр –
9,9 пайызды, токой чарбасы – 0,6 пайызды түздү. Айыл чарба продукцияларынын жалпы кѳлѳмүндѳ дыйкан (фермер) чарбалардын жана жарандардын жеке кѳмѳкчү чарбаларынын үлүшүнѳ 79,3 пайызы туура келди.
Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2026-жылдын январь-сентябрында 36 944,1 млн сомду түздү, бул 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 2,4 эсеге жогорулады.
2026-жылдын январь-сентябрында негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 2,6 эсеге көбөйүп (салыштырмалуу баада) жана 27 707,1 млн сомду түздү, ал эми үстүбүздөгү жылдын сентябрында – 17,0 пайызга көбөйүп, 3 686,7 млн сомду түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында автомобиль транспорту менен ташылган жүктүн көлөмү өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 169,2 миң тоннага же 20,4 пайызга өстү. 2026-жылдын сентябрында 2025-жылдын сентябрына салыштырмалуу көлөмү 3,0 миң тоннага же 3,7 пайызга көбөйдү.
Автомобиль транспорту менен жүк ташуу жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5 127,9 миң тонна-километрге же 15,4 пайызга өстү. 2026-жылдын сентябрында 2025-жылдын сентябрына салыштырмалуу көлөмү 427,4 миң тонна-километрге же 9,6 пайызга көбөйдү.
Шаардын чарба жүргүзүүчү субъектилери тарабынан рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2026-жылдын январь-сентябрында 146 528,7 млн сомду түзүп, 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 14,5 пайызга жогору болду.
2026-жылдын январь-сентябрында чарба жүргүзүүчү субъектилердин (юридикалык жана жеке жактар) рыноктук кызмат көрсөтүүчү экономикалык ишмердиктеринин түрлөрү боюнча, сооданын, мейманканалардын жана ресторандардын жүгүртүлүшүн кошпогондо, көлөмү 26 659,8 млн сомду түзүп, 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 6,5 пайызга жогору болду.
Мейманканалар менен тамактануу ишканаларынын көрсөткөн тейлөөлөрдүн көлөмү жалпысынан 2026-жылдын январь-сентябрында
4 178,8 млн сомду түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,3 пайызга жогору болду, анын ичинен тамактануучу жайлар ишмердигинин тейлөө көрсөтүүсү 3 620,6 млн сомду түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,4 пайызга жогорулады. Мейманканалардын кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү 558,2 млн сомду түздү.
2025-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 2026-жылдын январь-сентябрында тамактануу ишканаларынын жүгүртүүсүн кошкондо, чекене соода жүгүртүүсүнүн көлөмүнүн бардыгы 79 639,2 млн сомду түзүп, керектөө бааларынын индексин эсепке алганда 19,1 пайызга жогору болду, анын ичинен адистештирилген соода кылуучу уюмдарынын көлөмү 62 780,8 млн сомду түзүп, 64,6 пайызга көп болду. Ал эми буюм-терим, аралаш жана азык-түлүк базарларындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 858,4 млн сомду түздү.
Керектөө бааларынын индекси 2026-жылдын сентябрында мурунку айга карата 101,5%, 2025-жылдын декабрына карата 107,7% түздү. Жыл башынан тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 8,0%га, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы 10,4%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,8%га, калкка көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдүн баасы 9,3%га жогорулады.
2026-жылга жергиликтүү бюджетинде кош каржылоо принциби аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 200,0 млн сом акча каражаты каралган. Долбоорлор тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте, шаардын тургундарынын салымы менен үлүштүк каржылоо принциби аркылуу долбоорлор ишке ашырылат.
Жыл башынан бери жалпысы калктын каражатын тартуу менен
333,1 млн сомдук 315 долбоор ишке ашкан. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 166,5 млн сом бөлүнүп берилди. Тармактар боюнча алып караганда көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерин, жылуулук, саркынды суу жана таза суу системаларын оңдоо, жолдорго асфальт төшөө, газ түтүктөрүн тартуу боюнча долбоорлор ишке ашкан.
2026-жылдын январь-сентябрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы трансферттерди кошпогондо 101,3 % аткарылды, пландагы 3 465 809,1 миң сомдун ордуна 3 511 310,5 миң сомду түзүп, же 45 501,4 миң сомго көп аткарылды.
Анын ичинен:
• 2 613 027,9 миң сом салык кирешелери түшкөн, план 104,9 % аткарылды;
• 545 450,6 миң сом салыктык эмес кирешелер түшкөн, план 86,0 % аткарылды;
Жыл ичинде 1 071 248,2 миң сом өлчөмүндө максаттуу трансферттер, 810 000 миң сом өлчөмүндө капиталдык жардамдар берилген.
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы 2026-жылдын январь-сентябрь айларында салык жана салык эмес кирешелер боюнча пландык көрсөткүч 2 024 375,9 миң сомду түзүп 2 125 806,3 миң сомго же 105% га аткарылды.
Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын планы 479 083,2 миң сомго жеткирилип, факт жүзүндө аткарылышы 498 675,5 миң сомду түздү, ашыкча 19 592,3 миң сом түшкөн же 104,1%га аткарылды.
Ал эми салыктык эмес кирешелер боюнча түшүүлөр 545 450,6 миң сомду түзүп, 2025-жылдын 9 айын салыштырмалуу 251 831,4 миң сомго көп түшкөн.
2026-жылдын январь-сентябрь айларында жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 93,2% га аткарылып, такталган план 5 573 792,7 миң сом, аткарылганы 5 193 811,0 миң сомду түздү.
Тармактар боюнча анализ жасаганда, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында аткарылган бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы суммасынан ар бир тармак боюнча төмөндөгүдөй көлөмдү түздү:
- Жалпы максаттагы мамлекеттик кызматтар – 15,9%
- Коргоо тармагы – 0,1%
- Экономикалык маселелер – 29,9%;
- Турак-жай жана коммуналдык кызматтар – 33,8%;
- Эс алуу, маданият жана спорт – 5,1%;
- Билим берүү — 14,6%;
- Социалдык коргоо – 0,6%.
Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары толугу менен төлөнүп берилип, 2026-жылдын январь-сентябрь айына эмгек акы жана социалдык фондго чегерүүлөрдөн, ошондой эле биринчи кезектеги беренелерден карызы жок жыйынтыкталды.
Шаардын тышкы соода жүгүртүүсү 2026-жылдын январь-августунда АКШнын 399,5 млн долларын түзүп (34 934,8 млн сом), 2025-жылдын январь-августуна салыштырганда 13,1 пайызга кѳбѳйдү.
Экспорттук жөнөтүүлөр 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9,5 пайызга көбөйүп (АКШнын – 3,8 млн долларына), АКШнын 44,3 млн долларын түздү (3 872,0 млн сом).
Импорттук түшүүлөр 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 13,5 пайызга кѳбѳйүп (АКШнын – 42,3 млн долларына), АКШнын 355,2 млн долларын түздү (31 062,8 млн сом).
2026-жылдын август айында иштеген жумушчулардын орточо саны 44 612 адамды түздү, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 47 660 сомду түзүп, 2025-жылдын августуна салыштырмалуу 45,1 пайызга көбөйдү, ал эми анын реалдуу өлчөмү, керектөө бааларынын индексин эсепке алып чыгарганда 29,7 пайызга көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна жараша, 2026-жылдын августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы АКШнын 544,9 долларын түздү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча экономикалык жактан активдүү калктын жалпы саны 133,7 миң адам, иш менен камсыз болгондор 131,0 миң адам, жумушсуздардын саны 2,7 миң адамды, жумушсуздуктун денгээли 2,1 % түздү.
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча 2026-жылдын 1-октябрына карата жумуш издеп, иш менен камсыз кылуу мамлекеттик органда каттоодо турган жумушсуз калктын саны 4 192 адамды түздү (анын ичинен аялдардын саны 2 146 адам). Бул 2025-жылдын (4 325 адам) тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 3,1 пайызга азайган. Катталган жумушсуздардын санын 3 464 адам түздү, 2025-жылдын (3 079 адам) тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 12,5 пайызга көбөйдү. Катталган жумушсуздардын жалпы санынан 52,7 пайызы аялдар болуп саналат (1 826 адам).
Ош шаарында 2026-жылдын 1-октябрына карата жалпы 39 296
(2025-жылы 37 868) пенсионер каттоодо турат, 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсияларды өз убагында төлөп берүү үчүн 3 млрд 797,6 млн сом толугу менен каржыланып, пенсионерлерге өз убагында төлөнүп берилди.
Ош шаарында 2026-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 7 851 (социалдык жөлөкпул алуучулар 5 807, ДЕСП 73, алимент алуучулар 31) үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулар 816 / 2 883) түзөт.
Социалдык жөлөкпул үчүн бир айга керектелүүчү акча каражатынын өлчөмү 33,3 млн сом, ал эми үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул үчүн бир айга керектелүүчү акча каражатынын өлчөмү 3 510,90 сом.
Жыл башынан жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация
16 категориядагы 1 828 жеңилдик алуучуга чегерилип, бир айга керектелүүчү акча каражатынын суммасы 5 450,8 миң сомду түздү.
2026–2027-окуу жылында Ош шаарында жалпы 150 мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Анын ичинен 72 мамлекеттик, 78 жеке менчик мектептер.
Акыркы беш окуу жылындагы көрсөткүчтөргө ылайык, шаардагы мектептердин жалпы саны 88ден 150гө чейин көбөйүп, окуучулардын саны
86 552ден 125 882ге жетти.
Жылдык жыйынтык боюнча шаардагы жалпы билим сапаты
39,6 пайызды түздү. Мамлекеттик мектептерде билим сапаты 36,2 пайыз, жеке менчик мектептерде 62,2 пайыз болду.
2026-жылдын март айында өткөрүлгөн шаардык олимпиаданын жыйынтыгы менен Ош шаарынан 37 окуучу республикалык олимпиадага катышты. Алардын ичинен 8 окуучу байгелүү орундарды ээлеп, шаардык команданын республика боюнча командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылышты.
2024–2025-окуу жылында Ош шаарынан эки «Алтын сертификат» алынса, 2025–2026-окуу жылында бир «Алтын сертификат» жана жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн бири белгиленди.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталгыч класстардын окуучуларына күнүмдүк тамактандыруу үчүн бир окуучуга 20 сомдон каралган. Жалпы 78,6 млн сом акча каражаты каржыланды. Шаардагы
39 мектеп ысык тамак менен камсыздалган.
Ош шаарынын калкына бүгүнкү күндө 48 дарылоо алдын алуу мекемелери, алардын ичинен 1 стационар эки филиалы менен, 2 үй-бүлөлүк медицина борбору (15 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 20 фельдшердик-акушердик пункттары менен), 1 ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, 2 стоматологиялык поликлиника,
1 Ош шаарынын медициналык шашылыш жардам борбору жана 4 башка шаардык медициналык мекемелер жардам көрсөтөт.
Эненин өлүмү 2026-жылдын тогуз айында 2 учур катталып, көрсөткүч 34,2 (100 000 тирүү төрөлгөндөргө) түздү. 2025-жылдын тогуз айында 1 учур катталып, көрсөткүч 17,8 (100 000 тирүү төрөлгөндөргө) түзгөн. Бул учурлар штабда каралып, тиешелүү иш- чаралар иштелип чыккан.
Ош шаары боюнча бир жашка чейинки ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү 2026-жылдын 9 айында 9,6:1000, (абс.саны — 68), ал эми
2025-жылдын 9 айында көрсөткүчү 13,5:1000 (абс.саны — 95) түзүп, салыштырмалуу отчеттук мезгилде 27 учурга (-28,8%) азайган.
Ош шаары боюнча жугуштуу оорулардын 17 961 учур, анын ичинен
14 жашка чейинкилери – 11 941 учур жугуштуу илдеттери катталып, өткөн 2025-жылдын 9 айына (15 934 учур, 14 жашка чейинкилер – 11 146) салыштырмалуу 2027 учурга, же 1,1 эсеге көбүрөөк катталды (курч респиратордук вирустук инфекциялардын эсебинен 2535 учур көп катталды).
2026-жылдын III чейрегинде калктын жашоо минимумунун өлчөмү
9 596,61 сомду түзүп, 2025-жылдын III чейрегине салыштырганда 13,6 пайызга жогорулады, 2026-жылдын II чейрегине салыштырганда 1,0 пайызга азайды.
2026-жылдын январь-сентябрындагы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулоо менен пикир алмашып, Ош шаарында 2026-жылдын төртүнчү кварталында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн айрым багыттарындагы терс тенденцияларды болтурбоо, ички резервдерди кеңири пайдалануу, шаардын потенциалын мобилизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 17, 18, 25, 27, 44, 45, 48-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8, 18, 20, 21-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Коллегиясы токтом кылат:
- Ош шаарынын мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы М.Н. Орозалиевдин Ош шаарынын 2026-жылдын январь-сентябрь айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
- Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары (О.Т. Торобаев), орун басарлары (Ш.М. Пайзиев, Э.М. Толтоев, М.А. Айдарбекова) жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси (М.О. Осмоналиев) Ош шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, Ош шаарында жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте төмөнкүлөрдүн ишке ашырылышын камсыз кылышсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүүнү жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөк көрсөтүүнү;
- Ош шаарынын 2027-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын жана өсүүнүн таяныч борбору үчүн мастер-планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Ош шаарынын башкы планын бекитүү жана деталдуу пландаштыруу планын (ПДП) иштеп чыгуу боюнча иш алып барууну;
- мамлекеттик жана локалдык комплекстүү программаларды, бекитилген социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун аткарууну;
- 2026-жылга карата бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын жана Ош шаарынын мэринин 2026-жылга карата иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө аткарууну;
- Ош шаарынын мэринин шаар калкы менен өткөрүлгөн жолугушууларында коюлган суроо-талаптардын негизинде иштелип чыккан протоколдук тапшырмаларды өз убагында аткарууну;
- жарандык коом менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну, кабыл алынган чечимдердин максималдуу ачыктуулугун жана айкындуулугун камсыз кылууну, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен иштеги коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү;
- калкка көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;
- жарандар менен иштөөнүн абалын жакшыртууну жана алардын кайрылууларын канааттандыруу багытында максималдуу иш алып барууну;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү, эмгек мамилелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылардын сакталышын камсыздоону;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин талаптарын сактоону;
- аткарылып жаткан иштер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шаар тургундарына маалымат берип турууну.
- Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгы (К.К. Абдыкадыров):
- ченемдик укуктук актыларда белгиленген жергиликтүү бюджеттин чыгымдары боюнча бардык милдеттенмелерди өз убагында каржылоо;
- кирешелерди мобилизациялоо жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;
- бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу колдонуу үчүн бардык деңгээлдерде жоопкерчиликти жогорулатуу;
- Ош шаарынын тышкы карызына болгон төлөмдөрдү графикке ылайык өз мөөнөтүндө төлөө боюнча иш жүргүзүү;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө планды жеткирүүдө Мамлекетик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы, Мамлекетик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жана башка тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалар менен биргеликте тыгыз иш алып баруу;
- бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тиешелүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө жана бекитүүгө карата Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде жана укуктук ченемдик актыларда белгиленген принциптердин жана талаптардын сакталышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
- Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бѳлүмү (М. Мухамбет уулу) муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте:
- социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына, анын ичинен эттин баасына такай мониторинг жүргүзүүгө жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө;
- керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттендирилсин.
- “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасы (М.Ж. Тешебаев), айылдык аймактык башкармалыктар (М.В. Маматов, Ж.Ж. Сактанов, М.А. Орозбаев) 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди айдоо, себүү иштерин жана дыйкан фермерлерди үрөн күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоону уюштурсун.
- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы (Б.М. Абдувалиев), “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы (Ж.К. Шоноев):
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулушу жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилерди өз мөөнөттөрүндө жана бекитилген графиктерге ылайык сапаттуу бүткөрүүгө;
- 2026-жылы курула турган объектилердин титулдук тизмесине киргизилген курулуштарды өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүгө;
- 2027-жылга курулушу пландаштырылган социалдык жана коммуналдык объектилерди аныктоо, алардын долбоордук-сметалык иш кагаздарын жана башка курулушка уруксат иш кагаздарын даярдоо боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүүгө милдеттендирилсин.
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы (Н. Маматаул уулу):
- ипотекалык жана үлүштүк курулуш программасынын алкагында курулуп жаткан жана курулушу пландаштырылган турак үйлөрдүн курулушун уюштурууга, өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүгө;
- жергиликтүү бюджетке түшүүчү төгүмдөрдү бекитилген графикке ылайык которулуусун камсыздоого милдеттендирилсин.
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Ж. Токтогон уулу):
- аткарылбай калган ижара акынын түрлөрү боюнча талдоо жүргүзүп, 2026-жылга жеткирилген план-тапшырмаларды толук көлөмдө аткарууга;
- санариптик автоматташтырылган маалыматтык системалык программасын толук кандуу иштетүү жана жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелерди табуу боюнча иш жүргүзүүгө;
- муниципалдык мүлктү ижарага берүү процессин мыйзамда белгиленген тартипте, ачык-айкын өткөрүлүшүн камсыз кылууга;
- муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү инвентаризациялоого жана реестрин жаңылоого;
- ар бир кичи райондордо арзандатылган эт, сүт азыктарын сатуучу социалдык дүкөндөрдү уюштурууга милдеттендирилсин.
- Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы (А. Каныбек уулу), Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы (А.Г. Сейдалиев),
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалы (А.М. Мокеев):
- мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана шаар аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды тартипке келтирүү, мыйзамды бузган физикалык жана юридикалык жактарга карата белгиленген тартипте чараларды көрүү боюнча иштерди алып барууга;
- курулушу жүргүзүлүп жаткан объекттерде курулуш нормаларын сактоону көзөмөлдөөгө;
- “100 өнөр жай ишканасы — 2026” долбооруна кирген өнөр жай ишканаларын жыл аягына чейин ишке киргизүүгө зарыл болгон иш-кагаздарын берүүнү камсыздоого;
- жаңы борбордук базардын курулуштарына архитектуралык иш-кагаздарын жана техникалык паспортторду даярдап берүүгө;
- курулуп жаткан объекттердин статистикалык жана башка отчетторун так, өз убагында тиешелүү органдарга берүүгө милдеттендирилсин.
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгы (Б.К. Алматов):
- жаңы курулуп жаткан билим берүү мекемелерди педагогикалык кадрлар менен комплектациялоо жана окуу процессин уюштурууга;
- мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоону, окуучулардын жеткиликтүү билим алуусуна шарт түзүүнү, окутуунун жаңы усулдарын пайдалануу максатында эл аралык финансы уюмдар менен өнөктөштүктө иштөөнү күчөтүүгө;
- мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштурууга, коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга;
- билим алуучулардын практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө;
- билим берүү мекемелеринде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттендирилсин.
- Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору (С.А. Шералиев), үй-бүлөлүк медицина борбору (М.М. Халмурзаев), Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (Н.Ө. Орозалиев), Ош шаардык ветеринардык башкармалыгы (С.А. Эргешев, С.У. Абдуллаев):
- бир жашка чейинки ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн алдын алуу боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө;
- жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча калк арасында профилактикалык иштерди жүргүзүүнү күчөтүүгө;
- дарылоо мекемелерин керектүү медициналык кызматкерлер, жабдуулар жана медикаменттер менен жетиштүү деңгээлде камсыз болуусуна туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана көзөмөлдөөгө.
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы (А.М. Топчубаев):
- социалдык контракттын негизинде жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга;
- жумуш орундарын түзүү боюнча иш алып барууга милдеттендирилсин.
- Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси (М.О. Осмоналиев):
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ченемдик-укуктук актыларынын, Ош шаардык Кеңешинин чечимдеринин, Ош шаарынын мэриясынын токтомдорунун, буйруктарынын, протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын жана аткаруучулук тартипти чыңдоо;
- муниципалдык аймактык жана айылдык башкармалыктар менен биргеликте турак жайларды камсыздандыруу боюнча иш алып барсын.
- Ош шаарынын мэриясынын ички аудитору, Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгы (К.К. Абдыкадыров) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттердин аткарылышына жана муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктардын аткарылышын камсыз кылышсын жана берилген сунуштамалар боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн.
- Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу шаар аймагында коррупцияга каршы аракеттенүүнү коррупцияны пайда кылуучу себептер жана системалуу шарттар менен күрөшүүгө багыттап, натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча элдин калың катмарына коррупциялык укук бузууларды алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын алып барсын.
- Ош шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары, менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан бардык мекемелер, уюмдар кварталдын жыйынтыгы менен отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-чу числосунан кечиктирбестен ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты Ош шаарынын мэриясынын кураторлук жүргүзгөн бөлүмдөрүнө беришсин жана жооптуу мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
- Токтом “Ош шамы” гезитине жана расмий сайтка жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын бөлүштүрүлгөн функционалдык милдеттерине ылайык көзөмөлдөө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басарына (О.Т. Торобаев), орун басарларына (Ш.М. Пайзиев, Э.М. Толтоев, М.А. Айдарбекова) жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине (М.О. Осмоналиев) жүктөлсүн.
Мэр Ж.К. Акаев