«Кумурска баккан да болобу?!» деп таң калып жатасызбы? Ооба, дүйнөдө муну «мирмикиперлик», башкача айтканда, үйдө кумурска багуу хоббиси деп аташат. Замандын ызы-чуулуу шаар турмушунан чарчаган жаш эне Карачач Эралиева дал ушул өзгөчө жолду тандады. Ал үйүндө формикарий (кумурскалар фермасын) ачып, балдарын гана эмес, өзүн да суктандырган укмуштуудай мини-экосистема түзө алды. Анда кеп башынан болсун.

-Карачач айым, алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз кайсы жактын кызы болосуз?
-Мен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2001-жылы төрөлүп, кийин Көл аймагына турмушка чыктым. Учурда Бишкек шаарында жашайм. Биринчи билимим Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн аяктаганмын, учурда Ислам институтунун 2-курсунда билим алып жаткан мезгилим. Педагогикалык билим алган жаш эне катары балдарды тарбиялоодо жана аларга туура багыт берүүдө өзгөчө ыкмаларды колдонуп, жакшы тарбия бергим келет.
-Кумурска багуу идеясы кантип келди?
-Кумурска багуу идеясы капысынан эле ушул жылдын апрель айында пайда болгон. Төрт жаштагы уулум кумурскаларга аябай кызыкчу. Чындыгында, бул кызыгууну өзүм да атайын баштадым десем болот. Себеби эки балам тең аябай гиперактивдүү. Биз көп кабаттуу үйдө жашагандыктан, алар тынымсыз чуркап, ызы-чуу салып, бир жерде тынч отурушпайт. Анан балдар бир аз болсо да тынч отуруп, табияттын мындай керемет жаратуучуларынын жашоосун изилдешсин деп алардын кумурскага болгон кызыгуусун атайын арттырдым. Башка жандыктардан айырмаланып, кумурска багуу абдан жеңил жана коопсуз. Интернеттен изденип, атайын адабияттарды окуп жатып, бул ишти жолго койдум десем болот. Бүгүнкү күндө үйдөгү кичинекей форпосттун ээсимин. Башында жолдошум балдардын өтүнүчү менен 3500 сомго ичинде алгачкы тамак-ашы бар толук ферма сатып берген. Учурда бул хоббини толугу менен өзүм көзөмөлдөп турам. Үйдө 1 гана ферма турат, анын ичинде 300дөй майда жумушчу кумурскалар кайнап жашайт. Алгачкы учурда бир нече ферма кармап, тажрыйба топтоп көргөнмүн, ашыкчаларын аябай суранышкандан кийин башка кумурска сүйүүчүлөргө сатып жибердим.
—Кумурска багууга канча каражат кетет?
-Кумурска багууга каражат дээрлик кетпейт. Башында бир жолу толук комплект менен сатып алгам. Азыр такыр акча коротпойм. Жөнөкөй эле 100 грамм кумурска азыгы бир-эки жылга чейин жетет. Андан тышкары, үйдөн эле таза суу берем. Тамактандыруу процесси да өзүнчө бир искусство. Куурулган, майлуу тамактардан башканын баарын жей беришет. Мен сууга бал же кумшекер кошуп атайын сироп жасап берем. Ошондой эле алма, алмурут сыяктуу мөмө-жемиштердин кесимдерин таштап коём. Эң негизги талап — ферманын ичин таза кармап, тамактын калдыктарын өз убагында тазалап туруу зарыл. Балдарым да буга абдан кызыгып, кечке чейин айланчыктап карап отурушат.

—Кумурскалар дүйнөсүнүн ханышасы кантип тандалат?
-Экологдор жана биология илимпоздору изилдеп бүтө элек көптөгөн сырлар кичинекей кумурска фермасында күн сайын көз алдыңдан өтүп турат. Ханыша башында башка катардагы эле жөнөкөй жумурткадан чыгат. Бирок кийин ага колония тарабынан өзгөчө кам көрүлүп, эң мыкты азыктар берилет. Натыйжада денеси чоңоюп, салмагы кошулуп, ханыша болуп чыга келет. Бирок табиятта бул процесс чанда гана кездешет.Алар бири-бири менен кантип байланышат?Кумурскаларда үн же тил болбосо да, алар абдан татаал байланыш системасына ээ. Алар феромон жыт жана акустика аркылуу баарлашышат. Белгилүү бир жыттарды чачуу жана бири-бирине мүчөлөрү менен тийишүү аркылуу эмне дегиси келгенин, кай жерде коркунуч же тамак бар экенин тез арада бири-бирине жеткиришет. Эң кызыгы жана кооптуу учурлардын бири кумурскалардын өз ара кагылышуусу. Бир жолу эки башка ферманы багып жаткан мезгилде кызыктуу окуяга күбө болгонмун. Эрте менен турсам, кумурскалар фермасынан чыгып кетиптир. Экинчи ферманын үстү ачык калган экен, алар ошонун жанына кирип алып, кадимкидей тирешип, бири-бири менен катуу согушуп жатышыптыр. Мен абдан ыкчамдык менен аларды бөлүштүрүп, кайра өз үйлөрүнө киргизип койгом.
-Дагы кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?
-Кумурскалардын тазалыгы жана тартиби таң калтырбай койбойт. Кумурска өлгөндө анын денесинен олеин кислотасы бөлүнүп чыгат. Бул жыт башкаларга сезилгенде, алар өлгөн жолдошун калтырбай, атайын белгиленген «мүрзөсүнө» же таштанды таштоочу бурчуна ташып келип ташташат. Колониянын ичинде кир же башаламандык таптакыр жок.
-Кумурскалар баккан адамын таанышабы?
-Мени тааный алышпайт. Бирок үйдөгү катуу үн, жарыктын өчүп-күйүшү, катуу кыймылдардан чочулап стресс алышат. Ошондуктан аларга тынчтык керек.
Ар кандай жаңы же таң калычтуу хобби үйдөгүлөр тарабынан түрдүүчө кабыл алынышы мүмкүн. Бирок менин бул демилгем бүтүндөй үй-бүлө тарабынан чоң түшүнүк жана колдоо менен кабыл алынган. Башында кичинекей уулум кызыкса, ага атасы колдоо көрсөтүп ферма алып берген. Бүгүнкү күндө үйдүн өзү толук кызыгуу менен алектенип калды. Жолдошум, ата-энем, жадакалса кайын журтум да бул өзгөчө хоббиме абдан түшүнүү менен карап, колдоп турушат.
-Адамзат бул кичинекей жандыктардан эмнени үйрөнсө болот ?
-Адамзат кумурскалардан тазалыкты, уюштуруучулукту жана өзгөчө эмгекчилдикти үйрөнсөк болот. Мисалы, эгер колонияга кандайдыр бир коркунуч жаралса, жумушчу кумурскалар өз өмүрүн тобокелге салып, биринчи кезекте жумурткалар менен ханышаны эң коопсуз жерге ташып башташат. Алар өзүн эмес, өзүнөн кийинки тукум улоо, келечек муун тууралуу сарсанаа болушат. Азыркы учурда кээ бир ата-энелер өз балдарын таштап кетип жаткан кайгылуу учурларда, кумурскалардын мындай жоопкерчилиги жана камкордугу чынында эле таң калтырбай койбойт. Кичинекей гана айнек кутунун ичинде жүргөн миңдеген майда жандыктар бүгүн биздин үй-бүлөнүн биримдигин бекемдеп, балдардын тынч отуруп дүйнөнү таанышына көмөк көрсөтүп, чоң адамдарга да жашоонун маңызы тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берүүдө.
Кумурскалар дүйнөсү кандай түзүлгөн?
Адамзат кумурскаларды жөнөкөй курт-кумурска катары көрсө да, илимде алар жер бетиндеги эң акылдуу жана уюшкан жандыктардын бири катары таанылган. Алардын жашоосу, ички мыйзамдары жана бири-бирине болгон берилүүсү таң калтырбай койбойт.
Кумурска колониясы бул бирдиктүү «суперорганизм»
Кумурскалар эч качан жалгыз жашай алышпайт. Алардын бүтүндөй бир уясы (колониясы) өзүнчө бир мамлекет сыяктуу иштеген бирдиктүү чоң организмди түзөт. Колонияда ар бир мүчөнүн өз орду жана катуу тартиби бар:

- Ханыша (Матка) — колониянын эң башкы фигурасы. Ал башка кумурскалардан бир нече эсе чоң жана өмүрү узун болот (айрым түрлөрүнүн ханышасы 20–30 жылга чейин жашайт). Анын жалгыз милдети — жумуртка тууп, колониянын санын көбөйтүү. Башка кумурскалар аны көздүн карегиндей коргоп, багышат.
- Жумушчулар — булар тукум улай албаган ургаачы кумурскалар. Алар эң эмгекчил мүчөлөр болуп саналат, милдети уяны тазалашат, личинкаларды карашат жана ханышага кам көрүшөт.
- Жоокерлер — башы жана жаагы чоң келген кумурскалар. Алар уянын коопсуздугуна жооп берип, сытттан келген душмандардан коргошот.
- Чалгынчылар (Фуражирлер) — биринчилерден болуп сыртка чыгып тамак издеген жана табылган азыкка чейинки жолду башкаларга көрсөткөн акылдуу кумурскалар.
Алар кантип сүйлөшүшөт?
Кумурскалар үнү жок, бирок алар бири-бири менен феромондор (өзгөчө жыттар) аркылуу абдан так сүйлөшүшөт. Мисалы, чалгынчы кумурска шириндик таап алса, ал жерге жыт калтырып кетет. Калган кумурскалар ошол «жыттын изи» менен барып, тамакты ташып келешет. Ал эми коркунуч туулганда, алар өзгөчө «тревога» жытын бөлүп чыгарышып, бир нече секунддун ичинде бүтүндөй колонияны бутуна тургузушат.
Кумурскалар тууралуу таң калычтуу 5 факт:
- Эң күчтүү жандык: Кумурска өз салмагынан пропорция менен алганда 10 эседен 50 эсеге чейинки оордукту көтөрө алат.
- Мээсинин көлөмү: Денесинин көлөмүнө салыштырмалуу кумурсканын мээси жандыктардын ичинен эң чоң мээ болуп саналат.
- Алар эч качан уктабайт: Ооба, кумурскалар биз билген мааниде укташпайт. Алар суткасына жүздөгөн жолу бир нече мүнөткө гана «мүргөп» (тыныгуу жасап) алышат.
- Айыл чарбасы бар: Айрым кумурскалар уясынын ичинде өздөрү үчүн атайын козу карындарды өстүрүп, «дыйканчылык» кылышат. Ошондой эле өсүмдүк биттерин (тля) «саап», алардан таттуу шире алышат (мал чарбачылыгы сыяктуу).
- Жер бетиндеги салмагы: Дүйнөдөгү бардык кумурскалардын жалпы салмагы жер бетиндеги бардык адамдардын салмагына барабар же андан ашып кетет.
Айша Нуридинова