Бийликке келүү – элдин ишенимин алуу, ал эми ошол ишенимди актоо – чоң жоопкерчилик. Жаш саясатчы үчүн өз көз карашын сактап калуу, куру убадалардан алыс болуп, коомдун көйгөйүн чечүүгө умтулуу канчалык маанилүү? Ош шаардык Кеңешинин депутаты Дастан Наватов менен болгон маегибизде анын саясатка келүү жолу, билимдин коомдогу орду, жаштардын мүмкүнчүлүктөрү жана шаарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелери тууралуу сөз кылдык.

-Дастан мырза, алгач өзүңүздүн балалык чагыңыз жана өскөн чөйрөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсы жерде чоңойдуңуз жана билим алуу жолуңуз кандай болду?
-Мен өзүм Ош шаарында туулганмын. Ата-тегим Кабылан-Көл айылы. Алай районундагылардын кыштоосу Мады тарап болгон эмеспи. Чоң атам 1992-жылы Мадыдан жер алып, атамды бөлгөн экен. Мадыда чоңоюп, мектепке кадам таштаганда Ош шаарына көчүп келип, Киров атындагы мектебинде окуп, андан кийин Агахан мектебинде билим алып, түрк лицейинде окууну аяктадым.
-«Депутат десе элде жаман ассоциация көп, бирок мен элдин ишеничин актайм, эми элге таандык болдум» деп жазган экенсиз. Бирок саясий чоң тутум убакыттын өтүшү менен сизди да өзүнө лоялдуу, тил алчаак «свой» депутат кылып албашына кандай кепилдик бар?
-Негизи андай депутаттардын катарын толуктап калбаш үчүн бирөөдөн көз каранды болбош керек. Мен кудайга шүгүр 2018-жылдан бери жеке ишкерлик менен алекмин. Ошондуктан бүгүнкү депутаттык ишмердүүлүккө бир тыйындык кызыкчылыгым жок. Ош шаарында жайгашкан материалдык деңгээлде бизнесим жок. Ошого мен тарс эле айта алам, “свой” же тил алчаак эмесмин. Менин депутат болуп келгениме 1 жылдан өттү. Сүйлөбөй калган сессиям жок. Ар бир сессияда сүйлөйм. Убакыт тар болгондуктан көйгөйлүү маселелерди көтөргөнгө аракет кылам. Башкысы көз карандысыз болуш керек. 6 жыл бейөкмөт уюмда иштегенмин. Активист, волонтер болуп көп жерлерде иштеп жүрүп, жоро-жолдош, ага-ини, эжелерим бар да. Ошолорго башында эле айтканмын. “Бийлик колго келип, өзүмдү башкача сезип, жерден учуп баштасам силерден сураныч. Башыма как этип бир уруп түшүрүп койгула. Ө-өй бала, сен каяктан келгениңди унутуп калдынбы” деп. Саясат албетте, компромисстердин дүйнөсү. Кайсы бир деңгээлде керек болуп калат ал нерсе. Эч ким 200% гарантия бере албайт өзгөрбөйсүң деп. Бирок баары бир компромисске келүүгө туура келип калат. Мен өзүмө белгилүү бир рамкаларды койгонмун. Ушул чектөөлөрүм мени болушунча андай сапаттардан оолак кылып турат.
-Бүгүнкү күндө жаш саясатчылардын арасында куру пиарга караганда, терең билимге жана таза интеллектке таянуу канчалык маанилүү? Сиз өзүңүздүн тажрыйбаңызда ушул эки багыттын айырмасын кандай баалайсыз?
-Кээ бир саясатчылар бир канча мүнөттөп сүйлөйт. Бирок сөздөрүндө бир конструктивдүү идея, маани жок. “Куру кашык оозду жыртат” дегендей баары бир эртеби-кечпи эл алдында пиар, популист экениң билинип калат. Мисалы, мамлекеттин бир токтомдорун окуганда же мыйзам ченемдүү актыларды окуганда эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгы, кандай ой жүгүртүп жаткандыгы так эле билинип калат. Ал жерде пиар жардам бербейт, чыныгы иш. Президентибиздин жакшы бир сөзү бар. “Тим койсо тили менен Лондондун эшигин шыпырат” деп. Ошондуктан адамдын билими, идеясы, сүйлөгөн сөздөрдүн орундуу экени бул абдан чоң мааниге ээ.

-Бир канча чет тилин өздөштүрүү чоң мээнет. Мектеп курагында сизди китепке, тил үйрөнүүгө өзгөчө байлаган ички түрткү эмне болду жана бул тажрыйбаны Оштун мектептерине кантип жайылтса болот?
-Мен кичинекей кезимден эле тил үйрөнүүгө кызыкчумун. Балдар көбүнчө топ ойноп жүрүшсө, мен эмнегедир китепке жакын болгон экенмин. Мактана турган нерсе деп билбейм, бирок табиятым ошондой экен. 6 жашымда мектепке барганмын, бирок 5 жашымда “Алиппени” окуп бүткөнмүн. Атам күнүмдүк жашоого, кийген кийимдерибизге эмес, билимибизге катуу маани берчү. Атам: “Сен азыр билимди жакшы алып ал, тарбияны кийин башыңа бир коюп эле берип коём, бирок кийин билим бере албай калам”,- деп айтчу. Үйдө көбүнчө орус тилинде сүйлөшчүбүз, кийин ата-энем мени англис тили курсуна жаздырышты. Түрк лицейи да билим берүү боюнча алдыңкы орундарда турчу. Бир туугандарымды, мени түрк лицейине окууга беришти. Бардык так илимдерди англис тилинде окуганбыз, ал эми мугалимдер түрк болгондуктан ал тилди да өздөштүрүп алгам. Өзбек кинолорун көрүп чоңоюп, азыр анча-мынча өзбек досторум менен кенен-кесир сүйлөшө алам. Бирок баам салып көрсөм, эң жетимсиреп кыргыз тилим калып кетиптир. Мен мурда “Эмне үчүн элдер кыргыз тили үчүн күйө беришет, негизгиси адамды түшүнсө болду да” деп ойлочумун. Көрсө, тил адамдын мүнөзү, ой жүгүртүүсүнө чоң таасири бар экен. Керек болсо биздин диалектилерибиздин канчалык мааниси бар экенин талдап көрдүм. Акыркы 2 жылдан бери кыргыз тилине басым жасап, болушунча кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып жатам. Биринчи жолу депутат болуп келгенимде, микрофон келип калды. Арасында орусча аралаштырып сүйлөп жатам, мен үчүн бул көнүмүш адат да. Жанымда олтурган Айгүл эжем: “Дастан, жакшы сүйлөдүң, бирок кыргыз тил менен орусчаны аралаштырбагын”,- деп өзүнүн жакшы бир кеңешин айткан эле. Ал эми мектептерге жайылтуу үчүн окуучуларга тилдин муктаждыгын көрсөтүү керек. Билим берүү, маалыматтын баары дүйнө жүзү боюнча англис тилинде эмеспи. Маалымат эң чоң ресурс, андыктан англис тилин өздөштүрүү керек. Азыр экономика тармагынан Кытай алдыңкы орунда турат, кытай тилин да окубаганыма өкүнөм. Бирок кудайга шүгүр, жубайым кытай тилинде сүйлөйт. Менин мектептеги класс жетекчим Идирис Айтибаев. Өзүңүздөр билгендей төкмө акын. Бир нече тилде ырдайт. Агайым “канча тил билсең – ошончо адамсың” деп айтып калчу.
-Жаш курагыңызда атаңыздан эрте ажырап калган экенсиз. Бул оор жоготуу сиздин эрте бой жетилишиңизге жана турмуштук көз карашыңызга кандай таасир этти?
-Ооба, атам 14кө чыга элегимде дүйнөдөн өттү. Апам 36 жашында жесир калган. Кичинекей убакта анча билген эмес экенмин. Бой тартып чоңоюп калганда сездим үй-бүлөнүн түйшүгүн. 18-20 жаш аралыгында тез чоңойдум. Көрсө, турмуш деген оңой-олтоң нерсе эмес экен. Мен улуусу болгонум үчүн айла жок, атамдын ордун ээлегенге туура келген. Балким, ошол нерсенин артында да бүгүн коомго боорукерлик, камкордук көз караш менен карайм.
-Эркинбек Наватов атындагы коомдук фондду негиздедиңиз. Бул фонд атаңыздын элесин сактоо, ал кишинин ишин улантуу максатында жасалдыбы жана фонд эмне менен алектенет?
-Теодор Драйзердин “Сестра Керри” деген китеби бар. Анда бир айылдан келген кыз Керринин дүйнөнүн эң күчтүү актрисасы болсом, мейманканаларда жашасам, мен каалаган унаам, баары болсо деп кыялданчу. Чыгарманын аягында кыялдарынын баарына жетет. Бирок, жалгыз калып, чоң жоготууларга дуушар болот. Айтайын дегеним адам баласы дүнүйөгө, акчага умтула бербеш керек экен. Бизнес ачып, өзүнүн кирешелери келип баштаганда, үй-бүлөм менен акылдашып, атамдын атына фонд ачтык. Фонддун негизги максаты – жаштарды билим берүүгө үгүттөө. 2025-жылы ЖРТдан жогорку балл алган, олимпиадаларды багындырган балдарды сыйлаганбыз. Андан тышкары “Аманат” дебаттык клубун негиздеп жатабыз. Чоң атам да, чоң энем да мугалим болгонуна байланыштуу атам да билимге катуу маани берген. Атамдын ишмердүүлүгү мурдагы бийликке тыгыз байланышы бар болчу. 2010-жылы апрель окуясынан кийин жумушсуз үйгө келген. Апам дароо киргенде “Эркин, эми эмне болот?” деп сураган экен. Атам “Башкасын билбейм, бирок балдар окуп жаткан жерлеринде окуйт” деп кесе айткан. Анткени мен, бир туугандарым баарыбыз жеке менчик мектептерде окучу элек. Контрагы да кымбат эмеспи. Атамдын ушул сөзүн апам мага көп айтат. Наватовдор үй-бүлөсү ЖРТдан жакшы көрсөткүчтөрдү алып, карындашым былтыр алтын сертификат алды.

—Сиз Ош шаарында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн «Абилитация борборун» куруу демилгесин көтөрдүңүз. Бул маанилүү долбоордун ишке ашуусу азыр кайсы этапта турат?
Бул биздин “Милдет” партиясынын шайлоо убагындагы жана программабыздагы эң чоң беш пункттун бири. Билбейм эмнеден улам күндөн күнгө Даун синдрому, ДЦП менен төрөлгөн балдардын саны өсүү тенденциясы байкалууда. Бул маселени чечүүдө биз идеябызды сунуштаганбыз. Бизде реабилитациялык борборлор бар. А бирок абилитациянын айырмасы — ошол деңгээлге чейинки балдарды байкап, аларга кам көрүү. Ата-энелер ушул үчүн айына, жумасына 40 миңдеп каражат сарпташат. Бул финансылык басым. Биз мамлекеттик, шаардык деңгээлде абилитациялык борбор куралы деген идея менен чыкканбыз. Анткени түштүк региондо жок болгондуктан, Бишкекке барууга туура келет. Шаардык Кеңештин, мэриянын колдоосу менен Амир Темир көчөсүндө имарат бөлүп бергенбиз. Аны беш жыл ижара акысынан бошотуп койдук. Бул биздин биринчи кадамдарыбыз деп эсептейм. Буюрса, бул маселеге сөзсүз түрдө кайтып келебиз.
-“Кыргызстанды туңгуюктан алып чыга турган эки нерсе — билим-илим жана эмгек” дедиңиз. Бүгүнкү күндө билим берүү Ошто кандай?
-Ош жана Бишкек шаары республикалык деңгээлдеги шаарлар деп аталат. Бирок социалдык багытта Бишкек бизден алда канча алдыда. Билим берүү системасы да ошолордун катарында. Бишкекте жыл сайын ЖРТдан 30-35тен ашуун алтын сертификат алышат. Ал эми Ошто 3-4 эле абитуриент чыгат. Билим берүү мыкты деңгээлде деп айта албайм. Мунун себептерин алып карасак, ата-энелердин кайдыгерлиги, окуучулардын билимге деген ынтызарлыгынын жоктугу. Дагы бир чоң фактор — балдар мектепти бүтүп-бүтпөй, акча тапканы, иштегени кетишет. Балдарга билимдин муктаждыгын, канчалык маанилүүлүгүн көргөзүшүбүз керек деп ойлойм.
Жанылай Арстанбек кызы