• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

«Эне-Сай» — өзүнчө заманбап конушка айланат

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 9, 2026

Ош шаарында акыркы жылдары аткарылып жаткан масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор, жолдорду кеңейтүү жана социалдык объектилерди куруу жумуштары шаардын аймактык түзүлүшүн түп тамырынан бери өзгөртүүдө. Албетте, мындай өнүгүү процесси эски үйлөрдүн бузулушу (снос) жана жүздөгөн жарандардын башка жакка көчүрүлүшү менен коштолот. Бирок бул өзгөрүүлөр тургундарды көчөдө калтырган жок. Тескерисинче, жүздөгөн үй-бүлө эски очоктон жаңы үйлөргө көчүп, натыйжада «Эне-Сай» конушу өзүнчө заманбап шаарчага айланууда.
Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев.«Эне-Сай» конушунда жүрүп жаткан курулуштар жана үйлөрдү бөлүштүрүү тартиби боюнча кенен маалымат берип, тургундарды ойлонткон негизги суроолорго жооп берди.

«Эне-Сайдагы бир дагы үй тиешеси жок адамдарга сатылбайт»

Буга чейин коомчулукта «Эне-Сай» конушуна 341 турак үй курулат деген маалымат тарап келген. Ал тургай башында 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан долбоор тууралуу да сөз болгон. Бирок Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев белгилегендей, шаар бийлигине Жанар Кубанычович мэр болуп келгенден кийин кытайлык өнөктөштөр менен кайрадан олуттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

-Кайрадан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кытай компаниясы менен “Эне-Сай” конушунда 341 эмес, баштапкы пландан кыйла арбын атайын 688 жеке турак үй куруу боюнча акыркы макулдашууга жетиштик. Бул биз үчүн чоң жеңиш жана шаардыктар үчүн зор мүмкүнчүлүк болду. Курулуштун модели абдан жөнөкөй жана эффективдүү схемага таянган. Ош шаарынын мэриясы конуштан 54 гектар жер тилкесин ажыратып берген, ал эми турак үйлөрдүн курулушун толугу менен инвестиция салган кытай компаниясы өз мойнуна алды.

Үйлөр кимдерге кандай критерий менен бөлүштүрүлөт?

Үйлөрдүн жарымы көчүрүлгөндөргө берилсе, калган үйлөр кимге кетет жана бөлүштүрүүдө тааныш-билиштикке жол берилбейби деген кооптонуулар болот. Мэрдин орун басары бул суроого ачык-айкын жооп берди.

-Мурда “үйлөрдүн жарымы башка муктаждарга берилет” деген ар кандай сөздөр айтылса керек. Бирок азыркы акыркы бекитилген план боюнча, курулуп жаткан 688 үйдүн бардыгы тең шаардагы жолдорду кеңейтүү, мектеп, бала бакчалардын айланасын бошотуу жана башка социалдык объекттерди салуу учурунда үйлөрү бузулууга кеткен жарандарга гана кенемте катары берилет. Бир дагы үй сырттан келген же тиешеси жок адамдарга сатылбайт жана бөлүнбөйт. Бул тартип адилетсиздикти, тааныш-билиштикти түп тамырынан бери четтетет. Ар бир үй тиешелүү юридикалык документтердин, кыймылсыз мүлктү баалоо актыларынын жана бузулууга түшкөн үйлөрдүн так тизмесинин негизинде гана катуу көзөмөл астында тапшырылат.

Инфраструктура, социалдык объекттер жана сапат кепилдиги

54 гектар аянтты ээлеген жаңы конуш жөн гана үйлөрдүн жыйындысы эмес, бардык шарттары бар заманбап шаарчага айланууда. Инженердик тармактар жер тамдардын бардыгына канализация системасы, таза суу түтүктөрү тартылып, ички жолдор асфальтталууда. Көчөлөргө түнкү жарыктандыруу чырактары толугу менен орнотулууда. Социалдык объекттер, конуштун аймагында кичи парктар курулат. Эң башкысы мамлекеттин эсебинен шаарчанын жанына заманбап чоң мектеп салынып жатат.
Мектеп ушул жылы толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Башка социалдык объекттер да долбоорго киргизилген. Жергиликтүү бийлик тургундар шаар борборуна катташы үчүн жаңы маршруттук линияларды киргизип, башкы аялдамаларды орнотуп берди. Курулуштун сапаты жана чыгымдар боюнча да көзөмөл катуу. Курулуш жумуштары заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлүп, шаардык архитектура жана мамлекеттик курулуш көзөмөл инспекциясы тарабынан ар бир этап текшерилүүдө. Келишимге ылайык, аткаруучу тарап болгон компания курулуштун сапатына толук жооп берет. Ал эми мамлекет конуштун инфраструктурасын өз убагында бүтүрүү милдеттенмесин алган. Демек, «Эне-Сай» конушу чечилбеген көйгөйлөрдүн жаңы булагы эмес, тескерисинче, Ош шаарынын өнүгүшү үчүн өз үйүн курмандыкка чалган жүздөгөн үй-бүлөнүн үмүтүн актаган реалдуу социалдык долбоорго айланды. Бардык инженердик инфраструктура, мектеп жана транспорт маселелери бирдиктүү чечилип жатканы тургундардын жаңы жерге көчүп келип, коопсуз жана комфорттуу жашоосуна толук кепилдик берет.

Ош көчөсүнүн тургуну Баатыр Юсупов:

«Мамлекетке керек болгондон кийин ыраазычылык менен бердик»

Ош көчөсүнүн тургуну Баатыр Юсуповдун “Эне-Сайдагы” жаңы жашоосу башталды. Ооба, ар бир эски үй бул жөн гана кыш менен ылайдан тургузулган дубалдар эмес. Бул канчалаган жылдар бою топтолгон эскерүүлөр, балдардын күлкүсү, өмүрдүн эң таттуу көз ирмемдери катылган ыйык очок. Ошондуктан, жылдар бою жашап келген турак жайыңды калтырып, башка жакка көчүү ар бир адам үчүн оңой эмес сыноо. Бирок шаардын келечеги, коомдун кызыкчылыгы үчүн өз үйүн мамлекетке чын көңүл менен өткөрүп берген жарандарыбыз өзгөчө баага татыктуу. Алардын бири Ош шаарындагы Ош көчөсүнүн 289-үйүнүн тургуну Баатыр Юсупов. Жолдорду кеңейтүү жана шаарды көрктөндүрүү пландарына ылайык, Баатыр аганын көп жылдардан бери башпаанек кылган турак үйүнүн 75-80 пайызы сноско түшкөн. «Бала кезден жашаган турак жайыңдын дубалдары бузулуп жатканда ичте бир аз капачылык болбой койбойт экен. Бирок биз кырдаалды туура түшүндүк. Шаарыбыз өнүгүп жатат, жолдор кеңейип, Ош барган сайын кооздолууда. Мамлекетке керек болгондон кийин биз да өз үйүбүздү эч кандай нааразычылыгы жок, ыраазычылыгыбыз менен эле бердик», — дейт Баатыр мырза. Мамлекет да жарандардын бул түшүнүүсүн жоопсуз калтырган жок. Ош шаарынын мэриясы тарабынан Юсуповдордун үй-бүлөсүнө “Эне-Сай” конушунан заманбап, бардык шарты бар жаңы жер там бөлүнүп берилди. Бүгүн Баатыр ага жаңы конуштагы ак өргөөсүндө балдары, неберелери менен бирге бактылуу өмүр сүрүп жаткан кербези. Анын айтымында, жаңы шаарчадагы шарттар мурдагыга караганда кыйла жогору жана ыңгайлуу. «Мына, мэр берген жаңы үйгө көчүп келип, жайгашып алдык. Балдарым, неберелерим жанымда, бардыгыбыз биргебиз. Мындагы шарттар абдан жакшы экен, чынында өзүбүзгө абдан жакты. Таза суусу бар, канализациясы тартылган, көчөлөрү асфальтталып, түнкүсүн жарык болуп турат. Мектеп да жаныбызда бүтүп жатат. Мындан артык эмне керек? Биз абдан ыраазыбыз», — деп ак батасын берди Баатыр Юсупов. Баатыр аганын аңгемеси бул “Эне-Сай” конушуна көчүп келген жүздөгөн үй-бүлөнүн жалпы үнү. Бул жөн гана үйдүн ордуна үй алуу эмес, бул бийлик менен жарандардын ортосундагы ишенимдин, бири-бирин түшүнүүнүн жана келечекке болгон бирдиктүү үмүттүн айкын далили.

Айша Нуридинова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *