Биз жашаган берекелүү Ошто адам жоголуп кетүүсү мүмкүн эместей сезилет. Бирок, тыйындын экинчи жагындай эле бул окуялар сизди да түйшөлтөт.
Энелердин каргылданып, жашка ууккан үнү, кайда барса баласын издеп караган көздөрү, басса-турса баласынын амандыгын сураган тилектери, ар дайым жакшылыкты, жолугууну күткөн үмүттөрү, “мен жакшы эне боло албадымбы” деген өзүн күнөөлөө сезимдери, күтүүдөн агарып бараткан чачтары… Энелердин тилектери орундалып, үмүттөрү акталып балдары табылганын сүйүнчүлөгөн күндөрдү эми биз дагы күтөбүз.
Көп жылдан бери Ош облустук китепканасында китепканачы болуп иштеген Рахима Махмудова Базар-Коргон районунун Акман айылынан болот. Ошто 28 жыл иштеген жерин да, жашаган жерин да өзгөртпөй, жоголгон кызын күтүп чачы агарган эне.

Рахима Махмудова:
“Кызымды 29 жылдан бери күтөм”
-Кызым 1-класска барганына 2 ай болгондо, 1998-жылдын 30-октябрында сабактан чыгып үйгө кайтып келбеди. Кызым Махмудова Эльвира 1998-жылы Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектебине 1-класска барган. 29-октябрь күнү кечинде “эртең 12 күнгө дем алыш берет, үйгө таенесине кетебиз” деп сүйлөшкөнбүз. 30-октябрь күнү кызым курбулары менен мектепке жетелешип кирип кетти. Жумуштан бир аз кармалып, мектепке 12:00дөн 15 мүнөт кечигип келип таппадым. Кээде үйгө өзү кетип калчу. Кетип калыптыр деп ойлоп кайра жумушка кеттим. Бирок негедир жүрөгүм тынчыбай, саат 16:00дө жумуштан уруксат сурап үйгө баратсам, эжемдин баласы мага келаткан экен. “Эльвира келген жок” деди. Мектепке карай чуркадык. Мугалимдерден, классташтарынан сураштырдык. Эч ким дайынын айта албады. “Сабактан кийин көрбөдүк” дешти. Милицияга кабарлап, шаарды тытып издей баштадык. Сүрөтүн чыгартып алып базардагы элден, автобекет, аялдамалардан, маршруттук таксилердин айдоочуларынан бери сураштырууга өттүк. Кокус келип калабы деп 12 күн бою мектепти тегеренип жүрдүм. Баштыгындагы дарегин көрүп бирөө алып келет бекен деп күттүм. Эч кабар болбоду, дайыны чыкпады. Кызымды ошол күнү мектепке алып барбай койсом деле болмок, иштен эрте чыгып барсам болмок деп өкүнөм. Ал кезде эжемдин үйүндө турат элек. “Апа, сүрөткө түшөлү” деп көп айтчу. “Иш-үй” деп жүрүп чогуу сүрөткө да түшпөптүрмүн. Мектепке түшкөн эле сүрөтү калыптыр. 1998-жылдары издөө салдыртып телеканалдарга, гезиттерге барганыбызда сүрөттөр калып кетип жоголду. Кызым издеп келсе мени ишимден таппай калбасын деп бир жерден жылбай иштедим. Китепканага кирген кыздардын арасында кызым болуп жүрбөсүн деп карай берчүмүн. Айрымдарынан «жашың канчада?» деп сурап, кызым тендүү болсо менин да кызым ушинтип чоңоюп, бой тартып калды го дейм. Эмнесин айтайын, башыма түркүн ойлор келди. Бирок өлүгү чыкпагандан кийин кызым тирүү деп жашап келем.

“Кызымды көрсөм, бар экенин билсем эле болду эле…”
-Адамдардын дагы айбанга окшогону болот экен да. Кызымды ким алып кетсе деле алар дагы энедир, атадыр. Бала үчүн ар нерсеге барат экенсиң. Кызымды ким алып кетсе дагы кабарын берип койсо болот эле. Бала баккандыкы деп коёт го. Ким бакса деле ошого мээрими түшүп калгандыр. Кызымды көрсөм, бар экенин билсем эле болду эле. Адамдар эмне үчүн ушундай болот? Эмнеге адамдар бирөөнүн жүрөгүнө ушундай жаракаттарды салышат? Айланайын кыргыз элим, кандай ушул Ошто, гүл саткан жерде, борбордо эч ким көрбөдү? Көрдүм деген адам болбоду. Көргөн-билгендерден суранарым кызым жөнүндө кабар болсо, кабарлап коюңуздар. Арадан 29 жыл өтсө дагы кызымды үмүт менен күтүп жүрөм. Кызымдын бар экенин билгим келет. Кызымды алып кеткендерге эч кандай доом жок.

“Эльвира кызым, ар күнү эсимдесиң. Ар дайым Кудайдан сурап сен үчүн дуба кылып келем. Эгер ушул сүрөттү көрүп өзүңдү таанысаң кабарлаш. Мен сенин апаң боломун.”
Телефон номерим: 0770 00 70 12
Талантбек уулу Кыдырбек 1998-жылы 25-сентябрда туулган. 2020-жылы 18-апрелде үйүнөн велосипед менен чыгып кеткен. Ошол бойдон кайтып келген эмес. Эне байкуш издебеген жери калбай, үмүтү үзүлбөй келет…

Рахат Ашимова:
“Велосипед менен чүкүрү тергени кеткен”
-Балам 2020-жылы 18-апрель күнү эрте менен ашканада тамак жеп отурган экен. Контейнерге да салып алганын көрүп, атасына “балаң бир жакка кетип жатат окшойт карап койчу” деп көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом жок. Атасына айтсам “келет да балаң” деди. Кечке күттүк. Телефону тартпаган жерде деп албады. Бир күн күттүк. Телефону эч албаганынан экинчи күнү түштөн кийин кыжалат болуп эки жактан сураштыра баштадык. Андан бир жума мурун “Даңги жактан чүкүрү терип келели” деп агасына айткан экен. Издеп Даңги жакка барсак эл көп. Багын тосуп аткан бир киши: “тосмодо бир бекитилген велосипед турат” деди. Барсак адырга кеткен жолдогу тосмого велосипедин байлап коюптур. Анын жели чыгып калыптыр. Эртеси дрондор менен издеп, кинологдорго, милицияга кабар бердик. Такыр көргөн, уккан адам жок. Киши колдуу болсо бир жерден чыгат эле. Аябай жамгыр жааган күндөр эле. Карантин убагы болгондуктан “барба” дешибизди билип, айтпастан чыгып кеткен.

“Кыдырбектин жоголгонуна 6 жыл болду”
-Андан мурун үйдүн жанындагы бакчабызда телефондо бирөө менен көпкө сүйлөшүптүр. Кийин: “бирөө мага чалып атты эле, кайра чалсам эки күндөн бери албай жатат” деген экен. Агаларына чогуу чүкүрү терип келели десе, биз барып келдик дешиптир. Жалгыз эмес, бирөөнү шерик кылып баргысы келген го. Ишенчээк, туура жолдо жүргөн, бир сүйлөгөн бала эле. Милиция кызматкерлери “баланы өзүңөр урушуп, велосипедин атайын ушул жакка коюп алып издеп жатасыңар” деп доомат коюшту. Жолдогу видео көзөмөлдөн велосипед айдап баратканын көргөндөн кийин дооматын коюп, бизге издөөгө жардам бере башташты. Чын эле бирөө чакырып бир жакка кеттиби, адам сатуу боюнча чет элге кеттиби, бирөө куугунтуктадыбы анын баары бизге караңгы. Шаардан сыртка чыккандан кийин эч ким көргөн эмес. Документтери, капчыгындагы акчасы менен кошо үйдө калган. Атасы белек кылган аскер бут кийимин, жамгырдан коргоочу кийимин кийип, баштыгына жайнамаз менен топусун гана алып кеткен. 6 жылдан бери дайыны жок.
“Мыкты окуган билимдүү бала эле”
-Ата-энени сыйлаган, эмгекчил, бирди эки кылган, бизден жардамын аябаган айкөл, тиштери күрүчтөй тизилген ак жүздүү бала болчу. Динге жакын эле. Мүмкүн азыр сакал койгондур. Программист болгондуктан ар кандай компаниялар менен иштешип жүргөн. Инимдин тендер менен иштеген компаниясында жетекчинин орун басары болуп проекттер менен иштечү. Студент кезинде эле “Миллиондук сметаларды чийген ОшМУнун студенти” деп атайын берүүгө чыккан. Чет элдеги окуу жайлардан мобилдүүлүк боюнча билимин өркүндөтүп келген. Окуу жайын дагы, иштеген жерин дагы алдыга жылдырган көрөгөч, атасына окшогон бала болчу. Экзотиканы, саякатты жакшы көрчү. Акыркы күндөрү көп нерсени айтпай, сүрөткө түшпөй түнт болуп калды эле. Сырткы чөйрөгө кошулуу үчүн балдарды ишенчээк болбоого, өзүн ар тараптан коргоого даярдоо керек экен. Ч. Айтматов айткандай “Адамдан өткөн карышкыр жок” экен. Баламды сырткы чөйрөгө даярдай албай, сырткы чөйрөдөн коргой албай калдыкпы деп өкүнөм.
“Бизди түпөйүл ойго калтырган окуя”
-Бизди шектендирген жана түшүнүксүз ойго алып келген бир окуя болду. Университетте окуган досу К. деген бала экөө чогуу көп жүрүшчү. Теле берүүгө чыкканда дагы “бизге жакшы жардам берип жатат” деп сүйлөгөн жери бар. Мен ошол балага телефон чалып, “көрбөдүңбү, биз билбеген нерселер бар беле, сен эч нерсе билбейсиңби?” деп сураганымда ал: “Кыдырбекти силер аябай таарынткансыңар, ал силерге таарынып жүргөн” десе болобу. Биз ата-эне катары кой-тур кылганыбыз эле болбосо, “эрте тур, сабагыңдан калба” деген сыяктуу эле сөздөр да. Анан К. деген досунун апасы телефонду алып, “менин балама башка чалба” деп орой тийди. Эгер энелик боорукердиги болсо, “Кыдырбектин апасысыңбы?” деп жылуу сүйлөөгө болот эле. Себеби, Кыдырбек алардын үйүнө Кызыл-Кыяга барып 1 айдан ашык устачылык иштерине жардам берем деп жүргөн. Апасы деле тааныйт эле. Кыдырбек жоголгондон мурдараак “Кызыл-Кыя жактан 20 бала Түркияга кетип, ошол бойдон жоголуп, муфтийлерди жоопко тартуу иштери болгон” деп укканым бар. Чынбы-жалганбы билбейм. Ал бала Кыдырбекке велосипедин берип турган экен. “Ал менин велосипедим, кодун мындай кылсаңар ачылат” деп айткан. Кыдырбекти башкарып жүргөндөй таасир калтырды. “Эже, Кыдырбектин апасысыз” дегендин ордуна “Кыдырбекке жаман мамиле жасадыңар” деп өчүрүп койгону, апасынын катуу тийгени бизди түпөйүл ойго калтырды. Кийин телефонун такыр эле өчүрүп койду.
“Кыдырбекке окшош… Барып карасам башка болот”
-Бир жерден чыга калабы деп издей берем. Карааны көрүнгөндөй болот. Барып карасам жүзү башка. Басканы окшош жигиттерди көрүп калып, барсам башка бала болот. Мүмкүн жаракат алдыбы деген ой менен көчөдө жатып калган адамдарды карайм. Менин жүрөгүм сезет. Балам бар. Бир күн болбосо бир күнү жарк этип эшигибизди аттап келип калат. Ошону Алладан тилеп отурам. Түркиянын дагы “Издейм сени” деген программасы бар экен. Ал жакка да издөөгө берели деп турабыз. Жакында тез жардамда иштеген досу жолугуп, “Кыдырбек мага аябай жакшы таасирлерди калтырган. Көчөдөн Кыдырбекке окшош бала көрүп калып, барып карасам эле башка болуп калат” деп жүрөгүмдү эзди.
Кыдырбекти көргөн-билгендер болсо байланышып коюңуздар: 0709 478 049
Бүкалча Маматали кызы