Ош шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү багытында маанилүү кадам жасалып, түштүк айланма жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Кол коюуга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол-курулуш компаниясы» акционердик коомунун директору катышты. Бул ири долбоордун алкагында жалпы узундугу 32 чакырымды түзгөн заманбап автомобиль жолун, транспорттук жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу пландалууда.
Түштүк айланма жолунун курулушу ишке ашырылган учурда шаардын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын агымын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга өбөлгө түзөт. Өлкөбүздө материалдык-техникалык жетишкендиктер, дүйнөнү караткан маданий, саясий чоң иш-чаралар, кайсыл тармак болбосун өнүгүүгө талпынуу элдин рухун бекемдеп, духун көтөрүүдө. Ушул жылы республика боюнча бир нече жаңы жолдор салынды, кеңейтилди. Ош калаа да бул тармакта мыкты жыйынтыкка жете алды. “Шаардын күзгүсүндөй жаркыраган жолдор кут болсун, элим!” деп туруп Ош шаарындагы жаңы жолдор жөнүндөгү маектерди сунуштайбыз.

Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев:
“Ошто мындай масштабдагы жол курулушу биринчи жолу болууда”
-Ош шаарындагы жол куруу иштери боюнча планыңыздар кандай ишке ашууда?
-Шаарда жол куруу багытында 2026-жылы аябай чоң жумуштар аткарылды. 50-50 деген каржылоо долбоор менен курулган жолдор жана министрлик курган жолдорду кошкондо жалпы 70 чакырымга жетти. Бул тогуз айдагы иштер. Азыр дагы жумуштар жүрүп жатат. Жылдын акырына чейин 80 чакырымдан ашырабыз деген планыбыз бар.
-Жаңыланган, кеңейген көчөлөр боюнча айтсаңыз.
-Негизги чоң жолдордун бири Б. Осмонов көчөсү. Бул айланма жолго жаңы базар көчүрүлгөн. Мурда эки тилкелүү болгондуктан жол тыгыны көп болчу. Бул көчөнү 6-7 катарлуу кылып кеңейттик. Узундугу жалпы беш чакырым. Бул биздин жол тармагындагы эң чоң долбоорубуз. Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейинки Ош көчөсү төрт тилкелүү болуп кеңейтилди. Жалпы узундугу 3 чакырымды түзгөн көчөнүн туурасы 24 метрге чейин жеткирилди. Ош көчөсү шаардагы жол кыймылын жакшыртып, Ош эл аралык аэропортуна баруучу кошумча альтернативдүү жол катары кызмат кылат.Т. Жумабаев көчөсү акыркы 60 жылдан бери алгачкы жолу толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, жаңы асфальт төшөлдү. Жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилди. Аношина деп аталып жүргөн көчө оңдоп-түзөөдөн кийин Бегиш Аматов көчөсү болуп өзгөрдү. Чубак ажы Жалилов көчөсү оңдоп-түзөлүүдө. 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон жанжол (тротуар) курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
-Кеңейтилген жолдордогу курулуштарды бузуу жана кенемте тууралуу да айта кетсеңиз.
-Мисалы, Ж. Бабараимов көчөсүнө чейин 146 турак үйдү түрттүрүүгө туура келди. 53 үй-бүлөнү «Эне-Сай» конушуна көчүрдүк. Ал эми калгандары кичинекей, үйдүн айланасындагы курулуштар болгондуктан, биз аларга да өз этабы менен кенемте беребиз.
“Шаарда эски, оңдолбогон жол калбаш керек”
-Жолдор кеңейтилгени менен жол тыгыны өзгөрүүсүз калууда.
-Эң биринчи максатыбыз шаардын ичинде оңдолбогон эски жол калбаш керек. Жол тыгыны такыр жоюлуп кетпейт. Бирок азаят. Ош көчөсү, “Достук” айлампасы жана Р. Абдыкадыров көчөсү бүтүп калса, жол тыгын маселеси бир кыйла жеңилдейт. Андан сырткары жол тыгындарын чечүү үчүн жер астынан өтүүчү үч жерге өтмөктөр курулду. Шаардагы Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде («Достук» айлампасында) жаңы транспорттук жол түйүнүн, 4 пандус жана 8 тепкичти камтыган масштабдуу курулуш иштери башталды. Б. Нурматов көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнө бириктирүүчү узундугу 180 метр болгон, эки багыттуу жана 6 тилкелүү жаңы жол долбоору иштелип чыгууда.
“Эми жол оңдолуп бүткөндөн кийин түтүктөрдү алмаштырбайбыз…”

-Айдоочулардын, накта карапайым калктын суроосу: “Эмнеге жол оңдолуп, асфальт басылып бүткөндөн кийин түтүктөрдү алмаштыруу, оңдоо иштери башталат?”
-Туура, ушундай сын бар. Союз убагынан бери жолдун ортосунан суу түтүктөрүн, канализацияны тартып кете беришкен экен. Бирок, бул жылы жолдун ортосуна, жол астына бир дагы коммуникация калтырбадык. Түтүктөрдүн баарын тротуардын астына, же жашыл аймактын түбүнө жайгаштырып атабыз. Анткени, түтүк алмаштыруу иштери көп сумманы талап кылат. Эми жаңы ачылган, оңдоодон өткөн жолдордо мындай ыңгайсыздыктар жаралбайт деген ойдомун.

«Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жеңишбек Шоноев:
“Максатыбыз — сапаттуу жол менен ыңгайлуу шарт түзүү”
-Ош шаарындагы жолдор, көпүрө, тротуарлар жөнүндө маалымат берсеңиз.
-Жолдор муниципалдык ишканасы тарабынан пландаган иштерибиз боюнча асфальт төшөлүп жолдорду эксплуатацияга бердик. Өзүңүздөргө маалым болгондой, жолдор толугу менен ачылып, каттам жүрүп жатат. Жалпы 55 көчө, узундугу 53.4 км жолдорду реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери 2026-жылдын титулдук иш планында каралып, анын ичинен 2026-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча 24,1 км. жолго жана көп кабаттуу үйлөрдүн ички короосуна 3070 м2 жаңы асфальт төшөлдү. Ошондой эле 36 км. тротуарлар жана ирригациялык арыктар курулду. Жыл аягына чейин 20 чакырымга жакын жолдун курулуш иштери аяктап, калган бөлүгү 2027-жылы аткарылат. Бүгүнкү күндө жалпы 27 көчөнү толугу менен бүтүрүп эксплуатацияга бердик. 7 даана көпүрө (4 даана чоң жана 3 даана кичине) реконструкциялоо жана жаңыдан куруу иштери аткарылып, толук пайдаланууга берилди. Шаар ичиндеги кыймылды жөнгө салуу максатында 310 даана жаңы жол белгиси орнотулду. Коопсуздукту алдын алуу үчүн 8145 м2 жол сызыктар сызылды. Эскилиги жеткен асфальт жолдордун иштөө мөөнөтүн узартуу жана шаар тургундарына жакшы шарт түзүү максатында 8300 м2 жол жамалды. Шаардын четинде жайгашкан конуштарга 31 км. жолго шагыл төшөлүп, автогрейдер менен тегиздөө иштери аткарылды.
“Р. Абдыкадыров көчөсүн ачып, кайра жаап койду” деген нааразычылыктар бар экен эл арасында.
-Жол тыгындарын жоюу максатында альтернативдүү көчөлөрдү ачып жатабыз. Белгилүү болгондой Р. Абдыкадыров көчөсүн түз эле Закиров көчөсүнө чыгардык. “Бул көчө ачылгандан кийин кайра жаап койду” деген коомчулукта нааразы пикир жаралыптыр. Жабылганынын себеби, элдин талабы боюнча бул жолду Б. Осмонов көчөсүнө чейин алып барышыбыз керек. Азыр этап этабы менен иш алып баруудабыз. Р. Абдыкадыров көчөсү көпүрөнүн башынан кеңейтилип С. Абдувалиев жана Моминова көчөлөрүнө чейин барат. 10 күндүн ичинде толугу менен асфальттоо иштери аяктап калат. Кеңейтилген, оңдоодон өткөн жолдордо биз бир гана жол эмес, коммуникация иштерин дагы жаңылап, жолдун астынан эмес, жашыл аймак, же тротуардын алдына жылдырып баратабыз. Ошондуктан бир аз убакыт керек.
“Ар бир жасалган жаңы нерсени коом жоопкерчилик менен пайдаланса”
-Бул жолдорду канча жыл пайдалана алабыз? Сапаты жөнүндө айтсаңыз.
-Жолду жакшынакай кылып жасап койгондон кийин эскилиги жеткен суу түтүктөрү жарылып, кайра жолду казууга туура келет көп учурда. Ошонун алдын алуу максатында жаңыланган көчөлөрдүн баарында коммуникацияны кошо жаңылап, жылдырып баратабыз. Тендерден жеңүүчү болгон тарап үч жылдык кепилдиги менен жасайт. Жол ачылгандан кийин майда-чүйдө маселелерин бүтүрүү үчүн бир ай убакыт беребиз. Быйыл сапатка өтө катуу көңүл бурулууда. Сапатсыз деген сөздөр да чыгып жатат, ал туура эмес. Мамлекеттик норма менен стандарттык деңгээлде жолдор жасалууда. Ар бир долбоорго дайындалган кураторлор барып текшерип турушат. Жолду, жаңы жасалып аткан ар бир нерсени жалпы коомчулук этияттык менен, жоопкерчилик менен пайдаланса деген тилектебиз.
“Ыңгайсыздык жараткан, бүтө элек жумуштар бүтөт”
-Пайдаланууга берилген жолдордо тротуар менен жолдун бириккен жериндеги арыктардан өтүүчү өтмөктөр бардык жерде толук жасалбай калган. Бул жаш балалуу энелерге, майыптарга ыңгайсыздык жаратат. Бүтпөй калган жерлер кайрадан каралабы?
-Туура, жолдор жасалып, жол чийиндери чийилип, бирок тротуарлар менен жолдордун бириккен жериндеги жөө адам арыктан өтүүчү жерде азыр атайын плиталар коюлбаган жерлерди оңдоп жатабыз. Быйылкы планыбызда жол чийиндеринен кийин гана коюлууда. Себеби, жол чийиндерин МАИ кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен чиебиз. Ошол чийиндерден кийин биз сөзсүз түрдө арыктарды плита менен жаап, балдар жана майып адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жасап жатабыз.
Бүкалча Маматали кызы