«Айткан сөз — аккан суу, жазган сөз — ташка тамга баскандай» дейт кыргыз даанышмандыгы. Бүгүнкү глобалдашкан заманда маалымат секундасына эмес, миллисекундасына жаңырып, интернет айдыңы жаңылыктардын алаамат агымы астында калды. «Баары тездик менен өзгөрүп жаткан санариптик доордо гезиттердин кереги барбы?» деген суроо скептиктер тарабынан бат-баттан берилип келет. Бирок, басма сөз бул тарыхтын ташка тамга баскандай калыптанган, жоопкерчиликтүү жана терең аналитикалык күзгүсү бойдон калууда. Социалдык тармактардагы маалыматтар көбүктөй тез жаралып, тез жоголсо, кагаз бетине түшкөн сөз кылымдарга сакталат.
Басма сөз тарыхынын тамыры тереңде

Адамзат тарыхындагы эң биринчи гезиттин прототиби мындан эки миң жылдан ашуун убакыт мурун, тактап айтканда, биздин заманга чейинки 59-жылы Байыркы Римде пайда болгон. Улуу кол башчы Юлий Цезардын буйругу менен «Acta diurna» («Күнүмдүк иштер») деп аталган тактайчалар шаардын борборуна илинип, элге мамлекеттик маанилүү кабарларды жеткирип турган. 1605-жылы Германиянын Страсбург шаарында жарык көргөн. Иоганн Каролус аттуу басмакана ээси кол жазма жаңылыктарды кагаз бетине басып чыгарып, дүйнөлүк басма сөз маданиятынын пайдубалын түптөгөн.
«Эркин Тоодон» башталган жол
«Өнөр алды кызыл тил» деген кыргыз эли өзүнүн басма сөзүн өткөн кылымдын башында түптөгөн. Кыргыз улуттук басма сөзүнүн жана журналистикасынын жаралышы туура 102 жыл мурунку тарыхка барып такалат. 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкент шаарында кыргыз тилиндеги туңгуч улуттук гезит «Эркин Тоо» гезитинин биринчи саны жарык көргөн. Бул гезиттин алгачкы редактору белгилүү агартуучу жана мамлекеттик ишмер Осмонкул Алиев болгон. Кыргыз тилинин залкар илимпозу, улуттук туңгуч лексикограф академик Кусейин Карасаев Ташкенттеги Кыргыз агартуу институтунда окуп жүргөн кезинде дал ушул «Эркин Тоо» гезитинин алгачкы сандарын чыгарууга түздөн-түз катышып, анын биринчи кабарчыларынын бири болгон. Бул окуя жөн гана жаңылык таркатуу эмес, кыргыз элинин сабаттуулугун жоюу, улуттук аң-сезимди ойготуу жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө миссиясын аткарган улуу кадам эле.
1993-жылдын 1-ноябрында Өкмөттүн атайын токтому менен бекитилип, ошондон бери 7-ноябрь өлкөбүздө расмий түрдө Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет. «Эркин Тоо» кийинчерээк «Кызыл Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан», ал эми эгемендик алгандан кийин бүгүнкү күндөгү «Кыргыз Туусу» деп өзгөрүп, кыргыз басма сөзүнүн атасы катары тарыхта калды.
Кагаз гезитти кадырлаган өлкөлөр

Жаңы технология канчалык өнүкпөсүн, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө кагаз гезит окуу маданияты дагы деле жогорку деңгээлде сакталып келет. Ал гана эмес, дүйнөдө аптасына бир эмес, күн сайын (Daily Newspapers) миллиондогон нуска менен чыккан басылмалар бар.
Японияда гезит окуу — күнүмдүк турмуштун ажырагыс каада-салты. Маселен, белгилүү «Йомиури симбун» (Yomiuri Shimbun) гезити күнүнө 6-7 миллион нуска менен чыгып, Гиннестин рекорддор китебине кирген. Санариптин туу чокусунда турган япондор таңды дагы деле кагаз жыттанган жаңы гезит менен тосушат.
Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө басма сөз тираждары азайганы менен Индияда кагаз гезиттердин окурмандарынын саны, тескерисинче, өсүп жатат. Англис тилиндеги «The Times of India» гезити күнүгө 3 миллионго жакын нускада басылат.
Батыш Европанын Улуу Британия жана Германия өлкөлөрүндө «The Times» же «Frankfurter Allgemeine Zeitung» сыяктуу сапаттуу басылмалар коомдук пикирди калыптандыруучу негизги күч бойдон калууда. Бул өлкөлөрдүн калкы олуттуу саясий-экономикалык талдоолорду интернеттеги кыска кабарлардан эмес, ушул гезиттердин беттеринен издешет.
Түндүк Кореянын башкы расмий басылмасы — «Нодон синмун» (Rodong Sinmun). Бул өлкөдө өтө катаал саясий тартип бар. Эски гезиттердин баары бир айдын ичинде мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө кайра чогултулуп алынат. Түндүк Кореяда эски гезитти тиричиликте колдонууга катуу тыюу салынган. Анткени гезит беттерине өлкө лидери Ким Чен Ындын сүрөтү же цитаталары басылат. Саясий мыйзам боюнча, ал сүрөттөрдү кокустан булгап же жыртып алуу оор кылмыш болуп саналгандыктан, эл арасында эски гезиттерди үйдө сактабай, тез арада мамлекетке кайра өткөрүп берүү адаты калыптанган. Бул факт санарип доорунда да айрым өлкөлөрдө кагаз сөзүнүн саясий салмагы канчалык чоң экенин далилдейт.
Кагаз бетине түшкөн сөздүн касиети башка

Дүйнөлүк жана ата мекендик медиа серепчилер, тарыхчылар, атүгүл дүйнөнү титиреткен улуу саясатчылар да гезиттин негизги баалуулугун анын ишенимдүүлүгүндө жана терең аналитикасында көрүшкөн.
Маселен, ХХ кылымдын эң залкар саясий лидерлеринин бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уинстон Черчилль өзүнүн саясий карьерасын дал ушул кабарчылыктан жана гезитке макала жазуудан баштаган. Ал гезиттин коомдогу жана мамлекеттеги ордун мынтип өтө терең аналитикалык формула менен аныктаган: «Басма сөз бул эркин адамдар кадырлаган башка ар бир укуктун көз ирмебей күзөттө турган кароолчусу».
Кыргыз адабиятынын алпы Чыңгыз Айтматов өзүнүн 1953-жылы жазылган «Гезитчи Дзюйо» аттуу алгачкы аңгемелеринде гезиттин коомдогу улуу ролуна мынтип баа берген:
«Гезит бул бир гана кагаз эмес, ал дүйнөнүн согуп жаткан тамыры, адамзаттын кубанычы менен кайгысынын үнү. Ал эми гезитчи ошол дүйнөлүк жаңылыктарды, өмүр менен өлүмдүн кабарын адамдарга биринчи жеткирген жарчы».
Ал эми анын шакирти, белгилүү драматург жана коомдук ишмер Султан Раев залкар жазуучу менен болгон тарыхый маектеринин биринде кагаз сөзүнүн касиетин мындайча таасын белгилеген: «Кагаз бетине түшкөн сөздүн касиети башка. Бүгүн интернет баарын тездетип, маалыматты арзандатып койду. Ал эми гезит бул – улуттун интеллектуалдык эс-тутуму. Ошондуктан гезит менен китеп – улуттук унгуну сактап кала турган башкы курал».
Бул ойду бүгүнкү күндүн эл аралык медиа серепчилери жана илимий чөйрө да кубаттап келишет. Анткени интернет бул үстүртөн гана караган ыкчамдык, ал эми гезит – терең ойлонууга мүмкүнчүлүк берген маалымат куралы. Муну медиа серепчи Василий Гатов мындайча сүрөттөйт:
«Санариптик маалымат бул тез тамактануучу (fast-food) ресторан сыяктуу, ал убактылуу гана суроо-талапты кандырат. Ал эми сапаттуу басма сөз бул деликатес. Гезиттин башкы артыкчылыгы анын ыкчамдыгында эмес, анын маалыматты тандап, иргеп жана терең талдап бере алгандыгында. Анткени, кагаз бетине ката кетирүүгө укугуң жок».
Белгилүү илимпоз, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин гезиттердин барк-баасы эч качан өлбөй тургандыгын мындайча баяндайт: «Интернеттеги жаңылыктар суунун бетиндеги көбүктөй тез жаралып, тез жоголсо, ал эми гезит бетине басылган аналитикалык макала бул тарыхтын архивдик документи. Бүгүнкү гезит — эртеңки тарыхтын өзү. Ошондуктан коомдогу терең процесстерди түшүнүүнү каалаган окурман илимий чөйрө жана интеллигенция ар дайым кагаз басылмага кайрылат».
Гезит окубаган коом, китеп деле окубайт
Бүгүнкү күндө медиа эксперттердин арасында кооптонуу менен бирге чоң үмүттү туудурган бир пикир бар: «Гезит окубаган коом, китеп деле окубайт». Чынында эле гезит бетиндеги терең талдоолорду, каармандардын тагдырын баяндаган көлөмдүү макаланы окуудан качкан окурман калың китептердин дүйнөсүнө да баш бакпайт. Санариптин үстүртөн берген маалыматтары адамды ойлондурбайт, ал болгону көз ирмемдик эмоция гана тартуулайт. Андыктан, гезитти сактап калуу жана аны өнүктүрүү жөн гана басылмаларды кармап туруу эмес, бул бүтүндөй улуттун окуу маданиятын, тилин жана интеллектуалдык потенциалын сактап калуу болуп саналат. Үйдө ата-энесинин колунан гезит көрүп, маалымат талдаганды үйрөнгөн бала, эртең колуна сөзсүз китеп алат. Анткени гезит коомдун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүчү эң биринчи маданий көпүрө.
«Ош шамы» — аймактык басма сөздүн флагманы
«Түбү түз ишти тарых мактайт» дегендей, Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарынын гана эмес, бүтүндөй республиканын басма сөз айдыңында өзгөчө орду бар, быйыл 35 жылдык юбилейин белгилеп жаткан «Ош шамы» гезити туруктуулуктун жана кесипкөйлүктүн нагыз үлгүсү.
«Ош шамы» гезити өлкөбүз эгемендүүлүктүн босогосун аттап жаткан оор жана тарыхый мезгилде, тактап айтканда, 1991-жылдын 2-февралында өзүнүн алгачкы санын жарыкка чыгарган.
Уникалдуу интернационалдык миссиясы бар: Басылманын республикадагы башка гезиттерден айырмаланган эң башкы өзгөчөлүгү — анын үч тилде: кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жарык көргөндүгүндө. «Ош шамы» көп улуттуу Ош жергесинде улуттар аралык ынтымакты, достукту бекемдөөдө жана маданий көпүрө болууда теңдешсиз роль ойноп келет.
Чейрек кылымдан ашык убакыт ичинде гезит калың окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапты. Мамлекеттик деңгээлде бааланып Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болгон бул басылма бүгүн да эл менен бийликтин ортосундагы алтын көпүрөлүк кызматын улантууда. Гезит өзүнүн расмий сайтын (oshshamy.kg) жана социалдык тармактардагы баракчаларын ийгиликтүү өнүктүрүп, кагаз басылманын салмактуулугу менен санариптин ыкчамдыгын айкалыштыра алды. «Ош шамы» санариптик бороон-чапкындарга туруштук берип, 35 жылдан бери жашап келе жатат.
Басма сөз күнүңүздөр менен, калемдештер!
Жылдыз Султан