• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Бычак алдындагы сулуулук: пластикалык операция сырлары

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 9, 2026

Пластикалык хирургия бүгүнкү күндө бир гана сулуулукка умтулуунун жолу эмес. Ал айрым адамдар үчүн өзүнө болгон ишенимди кайтарууга, денедеги ыңгайсыздыктардан арылууга жардам берген медициналык багыттардын бири. Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бул тармакта жаңы ыкмалар пайда болуп, операциялардын түрлөрү да кеңейүүдө. Пластикалык хирургиянын мүмкүнчүлүктөрү, коомчулуктагы туура эмес түшүнүктөр жана бейтаптардын кайрылуу себептери тууралуу пластикалык хирург Маматаев Элеман айтып берет.

Элеман мырза, пластикалык хирургия кесибин канчадан бери аркалап келесиз жана бул кандай кесип?

Мен университетти аяктаганда Кыргызстанда пластикалык хирургия азыркыдай өнүгө элек болчу. Мектеп кезимден бери хирург болууну кыялданып, жалпы хирургия багыты боюнча ординатурага тапшыргам. Аны аяктап, иштеп баштаган учурда пластикалык хирургия өнүгө баштады. Ошондуктан кайрадан ординатурадан өтүп, ушул тармакта иштеп калдым. Сагынбаева клиникасына жумушка орношуп, 2019-жылдан бери ушул жерде эмгектенип келе жатам. Бул тармак жыл өткөн сайын өнүгүп жатат. Мурда эл арасында пластикалык хирургия тууралуу түшүнүк деле жок эле. Азыр операция жасаткандардын саны көбөйдү. Көпчүлүгү тааныштарынын сунушу менен келишет. «Курбумду жасаптырсыз», «эжем сизге операция жасатыптыр» дегендер көп.

Сиздерде пластикалык операциялардын кандай түрлөрү жасалат, кайсы операцияга талап көп?

Биз көп тармактуу клиника болгондуктан, гинеколог, маммолог, дерматолог, трихолог, флеболог жана пластикалык хирургдар иштешет. Пластикалык операциялардын ичинен блефаропластика, отопластика, абдоминопластика, липосакция жана маммопластика жасалат. Учурда эң көп жасалган операциялардын бири — блефаропластика. Азыр эркектер да кайрыла баштады. Мурда мындай операция жасатуудан уялып, ар кандай пикирлерден улам тартынгандар көп болчу. Блефаропластикада кабактагы ашыкча терини алып коёбуз. Айрым адамдардын кабагы ылдый түшүп, көзүнүн үстүн жаап, күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук жаратат. Ошон үчүн бул нерсенин эркектер үчүн уяты жок. Болгону адамдын көрүү талаасы кеңейип, жакшы көрүп калат. Жаш өткөн сайын кабактагы тери бошоп, адам байкабай кашын өйдө көтөрүп жүрүүгө көнүп калат. Натыйжада бешенеде бырыштар пайда болушу мүмкүн. Операция учурунда ашыкча теринин көлөмүн өлчөп, керектүү бөлүгүн алып салабыз. Ошондон кийин адам кашын дайыма көтөрүп жүрүүгө муктаж болбой, чекедеги бырыштар да бир аз тегизделет. Менин ө
зүмдө да арыктап кеткениме байланыштуу кабакта бир аз ашыкча тери бар. Ал кирпиктердин үстүнө түшүп калган.

Ал эми маммопластикага келсек, анын бир нече түрү бар. Аугментациялык маммопластика – имплант коюу аркылуу төштүн көлөмүн чоңойтуу. Редукциялык маммопластика, тескерисинче, төштүн көлөмүн кичирейтүү. Эмчеги өтө чоң болуп, салмагынан улам бели ооругандарга бул операцияны жасайбыз. Мындан тышкары, мастопексия – эмчекти көтөрүү операциясы бар. Аялзаты бала төрөп эмизгенден кийин дене түзүлүштөрүнүн формалары да өзгөрөт эмеспи. Бул операция ылдыйга түшкөн эмчекти өйдөгө көтөрүү. Жана ошондой эле липосакция да жасайбыз. Бул дененин белгилүү бир бөлүгүндө топтолгон майларды алуу операциясы. Мисалы, желке тушундагы же ээк алдындагы майларды жергиликтүү анестезия менен алууга болот. Ал эми ич, каптал, бел, сан жана кол сыяктуу чоң аймактарга операция жасалса, жалпы наркоз колдонулат. Чакан аймактардагы майларды жергиликтүү анестезия менен алып салабыз.

Көбүнчө ден соолугуна байланыштуу кайрылышабы же сырткы келбетин өзгөртүү максатында келишеби?

Экөө тең. Мисалы, блефаропластиканы көбүнчө сулуулук үчүн жасатышат. Кээ бир адамдар азиялык көз түзүлүшүнө мүнөздүү болгон кабактын кош бүктөмү жок болгондуктан, аны пайда кылуу үчүн кайрылышат. Жашы бир топко барып, улгайган адамдардын кабагындагы ашыкча тери көзүн жарым-жартылай жаап, көрүү аймагына тоскоолдук жаратат. Мындай учурда ашыкча терини алып салабыз. Бейтаптар операциядан кийин «көзүм жакшы көрүп калды» деп айтышат. Бирок блефаропластика көздүн көрүү жөндөмүнө түздөн-түз таасир этпейт. Болгону, көздү жаап турган ашыкча тери алынгандыктан, адам айлананы даана көрүп калгандай сезет. Мындан тышкары, отопластика операциясын да жасайбыз. Бул операциянын психологиялык жагы да бар. Көбүнчө кыз-келиндер жана аялдар кулагынын формасына байланыштуу комплекстен улам кайрылышат. Үч-төрт ай мурун Асель деген эже (аты өзгөртүлдү) өзүнүн башынан өткөн окуяны айтып берген. Ал көп балалуу, улуу баласы үйлөнгөн аял экен. Өмүр бою кулагын чачы менен жаап жүрүптүр. Каалаган чач жасалгасын жасап, чачын түйүп жүргүсү келген, бирок кулагынын формасынан уялгандыктан анте алган эмесмин дейт. Мектепте окуп жүргөндө курбулары жана кошуналары “делдең кулак”, “Асель кулак” деп ар кандай сөздөрдү айтып, шылдыңдашкан. Классында Асель деген адаш кыз да бар экен. Алардын биринин кулагынын формасы өзгөчөлөнүп тургандыктан, ага «Кулак» деген ат коюп алышкан. Жаш балдарда анча акыл болбойт эмеспи, кээде бирөөнүн сырткы келбетиндеги өзгөчөлүктү баса белгилеп, шылдыңдап коюшат. Мындай сөздөр адамдын эсинде көпкө сакталат. Асель эже мектепти аяктагандан кийин да кулагын чачы менен жаап жүрүптүр. Арадан жыйырма жыл өтсө да, классташтары аны дагы деле ошол ат менен атап жүрүшкөн. Бир жолу жолугушууга бара жатканда унаадагы бирөө: «Кайсы Асель? Кулакпы?» деп сураган экен. Ушунчалык көөдөндөн кетпес жара болуп калып калыптыр, мага ыйлап айтып берди. Мен: «Эже, операция жасасак да, алар сизди мурдагыдай атап жүрө бериши мүмкүн. Анткени бул ат алардын эсинде калып калган», — дедим. Ал болсо: «Мен алар үчүн эмес, өзүм үчүн жасаткым келип жатат. Дагы канча жыл жашайм, билбейм. Ошол убакытта каалаган чач жасалгам менен жүргүм келет. Эч кандай комплексим болбосун, өзүмдү эркин сезгим келет», — деди. Айтканындай эле кулагына операция жасап бердик. Эми дүйнөдө андан бактылуу адам жок.
Айрым эркектер аялын кемсинтип, «Сен мындайсың, төшүң жок, эркектердикиндей, сага болгон каалоом жок» деп аялынын көңүлүн оорутушат. Айымдар сулуу болуу максатында келип, башынан өткөргөндөрүн көз жаш төгүп айтып беришет. Бирок мындай сөздөр кээде эркектердин өз аракеттерин актоо үчүн колдонгон шылтоосу гана. «Картайып кеттиң» деп экинчи аял алган учурлар бар. Ошол эле учурда жубайы автокырсыктан кийин майып болуп калса, аны колуна көтөрүп, мурдагыдай сүйүп, кам көргөн эркектер да кездешет. Ошондуктан жалпы аялзатына айтарым, өзүңөрдү сүйгүлө, өзүңөрдү баалагыла.

Операциянын суммасы канчадан башталып канчага чейин?

Баа операциянын жеңил, оордугуна карап, 5 миң сомдон тарта 500 миң сомго чейин кете берет. Анткени материалдар кымбат келет. Мисалы, липсактор деген май сордуруучу аппараттын баасы 30 000 $ турат. Ар жарым жылда техникалык кароодон өтүп турат. Техника да кээде бузулуп калат. Москва шаарына оңдоого 10-15 000$ сарптап жөнөтөбүз. Маммопластикадагы импланттар болсо Германиядан чыгарылат. Ал жактан Россияга, андан бизге келет. Бизге жетиши үчүн канча мамлекеттен өтөт, салыгы төлөнөт. Чоң операциялардын баалары да ошон үчүн кымбат болот. Анын үстүнө медицинада чыгаша материалдар көп болот.

Күнүнө же жумасына канча операция жүргүзүлөт?

Операцияга талаптар күч. Бишкекте хирургдар көп. Бул жерде мен өзүм жалгыз болгондугум үчүн эки чоң операцияны бир күнгө койбойбуз. Кичи жана чоң операцияны жумушка ылайыкташтырабыз. Мен Бишкектен бул жакка негизи бир жумага келем. Бирок жазылуулар көп болгондуктан он күн, эки жумага чейин созулуп кетет.

Бара-бара адамдардын талаптары да жогорулап жатат. Сиздин оюңузча, пластикалык хирургияда мындан ары дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Медицина бир ордунда турбайт, жаңы, заманбап жабдуулар тынымсыз чыгып жатат. Мисалы, мурда липосакция кол ыкмасы менен жасалчу. Кийин суу агымынын жардамы менен жасалуучу ыкма пайда болду. Аны көрүп «бул кандай сонун жаңылык!» деп сүйүнгөнбүз. Андан соң вибрациялык ыкма чыгып, ишти дагы жеңилдетти. Кийин ультраүндүү липосакция пайда болду. Ар бир жаңы технология мурунку ыкмаларга салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө. Дагы бир мисал, азыркы төш үчүн импланттар Америкада 1973-жылы колдонулуп башталган. Ал мезгилде бул тууралуу Кыргызстан эмес, Советтер Союзунун түшүнүгү жок болчу. Азыр өнүккөн заман болуп калды. Мен Америкада өтүп жаткан операцияны түздөн-түз көрүү үчүн ал жакка учуп барышым шарт эмес. Акча которуп, төлөмүн жүргүзүп, операция учурунда каалаган сурооңду берип, толук көрүп алсаң болот.

Пластикалык хирургия жөнүндөгү кептердин кайсынысын миф деп жокко чыгарасыз?

Маммопластика тууралуу сөз кылып калдык, «төштөгү импланттарды ар бир 10 жыл сайын алмаштыруу керек» деген түшүнүк бар. Бул миф. Анткени импланттарды белгилүү бир мөөнөт өткөнү үчүн эле алмаштыруу талап кылынбайт. Эгер эч кандай көйгөй жаралбаса, имплантты көп жылдар бою колдонууга болот. Ошондой эле «абдоминопластикадан кийин төрөөгө болбойт» деген түшүнүк да туура эмес. Бул операциядан кийин кош бойлуу болуп, төрөөгө болот.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *