Жарым кылымдык өмүрүн гүлдөргө арнаган Тажи Түрсүнкулова

Шаардын көркүн ачкан гүлдөрдү көрүп, көпчүлүк алардын артында канчалык эмгек, сабыр жана сүйүү жатканын ойлонбойт. Бирок ошол кооздуктун артында жарым кылымдан ашуун убактысын арнаган адамдар бар. Алардын бири — Тажи Түрсүнкулова. Ал гүлдөрдү жөн гана өстүрбөйт — аларды баласындай карап, сүйүп, чоңойтот. Бул маекте ал өзүнүн узак эмгек жолу, үй-бүлөсү жана кесипке болгон чексиз берилгендиги тууралуу кенен айтып берди.

— Алгач балалык чагыңыз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Айылдагы жашоо сизди кандай тарбиялады?

— Мен 1956-жылы 1-майда Ош шаарыын Озгур айылында төрөлгөм. Ал кезде жашоо азыркыдай жеңил эмес болчу, бирок абдан тарбиялуу, эмгекке жакын болуп чоңойдук. Айылда баары эмгек менен байланыштуу эле. Эртең менен эрте туруп, үй жумуштарын жасап, ата-энеге жардам берчүбүз. Апамдын сөздөрү дайыма эсимде: “Бир жерде иштесең, ошол жерден өсөсүң, тамырың терең болот”, — деп айтчу. Ошол сөз менин жашоомо чоң таасир берди. Балалык кезде эле чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти үйрөндүк. Азыр ойлосом, ошол тарбия мени бүгүнкү күнгө жеткиргенге негиз болуптур.

—Мектептен кийин жогорку окуу жайга тапшырдыңызбы?

— Окуйм деп барып өтпөй келдим. Жалал-Абадга окууга тапшырганда чоң үмүт менен баргам. Бирок өтпөй калганда абдан капа болдум. Ошондо туугандарым “капаланба, бир жыл иштеп тур, анан кайра тапшырасың” деп кеңеш беришкен. Ошентип Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрү чарба камбинатына жумушка кирдим. Бирок ал жер мага абдан жакты. Башында “убактылуу” деп ойлогон жумуш акырындап жашоомдун бир бөлүгүнө айланып кетти. Кийин кайра окууга тапшырайын деген ой акырындап жоголуп кетти. Анткени мен өз ордумду тапкандай болдум.

— Гүлдөр менен иштөө сизди эмнеси менен өзүнө тартты?

— Гүлдөр менен иштөө башында жөн эле жумуш болчу. Бирок убакыт өткөн сайын алардын ар биринин өзгөчөлүгүн, назиктигин түшүнө баштадым. Ар бир гүлдүн өсүшүн көрүү — бул өзүнчө кубаныч. Кичинекей уруктан баштап чоң, кооз гүл болуп ачылганын көргөндө, өз эмгегиңдин жыйынтыгын сезесиң. Ошол сезим мени ушул кесипке байлап койду. Гүлдөрдү карап жатып, кээде алар менен сүйлөшүп да каласың. Бул жөн эле жумуш эмес, бул жүрөктөн чыккан сүйүү.

— Жолдошуңуз менен таанышуу окуясы да ушул жер менен байланыштуу экен. Ошол боюнча кенен айтып бериңизчи.

— Ооба, биздин тагдырыбыз да ушул жерден башталган. Мен 1975-жылы март айында жумушка киргем. Ал эми жолдошум Жаанбай Түрсүнкулов ошол эле жылы сентябрда окуусун бүтүп келип ишке орношту. Ал кезде жашпыз, бирге иштеп жүрүп, тааныштык. Жумуш учурунда бири-бирибизди жакындан таанып, түшүнө баштадык. Ошентип биздин достук сүйүүгө айланды. Кийин баш коштук. Мен ар дайым “мен сүйүүмдү да ушул жерден тапкам” деп айтам. Чынында эле бул жер мен үчүн өзгөчө.

— Жолдошуңуз бул тармакта канча жыл эмгектенди?

— Жолдошум агроном кесибин бүтүп келген. Алгач мастер болуп иштеп баштады. Кийин участок башчысы, башкы агроном, технолог болуп иштеди. 51 жыл бир жерде иштеп, жакында пенсияга чыкты. Биз дайыма бири-бирибизди түшүнүп, колдоп келдик. Экөөбүз тең бир тармакта иштегендиктен, жумушубузду жакшы түшүнчүбүз. Кыйынчылыктар да болду, бирок бирге жеңдик.

— Балдарыңыздардан ушул кесипке кызыкканы болдубу?

— Жок, алар бул тармакка кызыгышпады. Ар ким өз жолун табышы керек. Эки кызым дарыгер, бир кызым технолог, уулум милиция кызматкери болду. Алар өз кесибин сүйүп иштеп жатышат. Бул биз үчүн чоң сыймык.

— Сиздердин ишиңиздерде акыркы жылдары кандай өзгөрүүлөр болду?

— Өзгөрүү абдан чоң. Мурда гүлдөрдүн түрү аз болчу. Азыр болсо ар кандай сорттор көбөйдү. Чет өлкөлөрдөн жаңы уруктар келет. Бир эле гүлдүн бир нече түрү бар. Шаар дагы кооз болуп калды. Бул бизди да шыктандырат.

— Бир жылдык иш процессти кенен сүрөттөп берсеңиз?

— Бизде жумуш жыл боюу тынымсыз жүрөт. Уруктарды даярдап, ар бирин өзүнчө идишке себебиз. Бул өтө майда, бирок жоопкерчиликтүү иш. Миллиондогон уруктарды кол менен эгебиз. Андан кийин аларды карап, сугарып, өстүрөбүз. Жазында көчөттөр даяр болгондо, шаарга алып чыгып эгебиз. Кээде айрым гүлдөр өспөй калат — анда сактоодо турган көчөттөрдү колдонобуз. Күзүндө кайра уруктарды чогултабыз. Ошентип жыл бою тынымсыз иш жүрөт.

— Сиз үчүн гүлдүн мааниси кандай?

— Гүл — бул жөн эле өсүмдүк эмес. Ал — тирүү нерсе. Биз аны кичинекей уруктан баштап өстүрөбүз. Ар бирине кам көрөбүз. Суу туура берилбесе эле соолуп калат. Ошондуктан аларды баладай эле карайбыз.

— Гүлдөрдү үзуп, сындырып  кеткен адамдарды көргөндө кандай сезимде болосуз?

— Жүрөгүм ооруйт. Анткени бул биздин эмгек. Ар бир гүлдө биздин мээнет, убакыт, сүйүү бар. Адамдар ошол эмгекти түшүнсө дейм.

Коом тарабынан же жетекчилик тарабынан кандай колдоо көрөсүз?

— Ооба, акыркы жылдары эмгектин бааланганын көбүрөөк сезе баштадым. Мурда деле иштеп жүрө берчүбүз, бирок көп нерсеге көңүл бурулбай калчу. Азыр болсо жетекчилик тараптан да, шаар тургундарынан да жылуу сөздөрдү угуп калабыз. Айрыкча майрамдарда, шаар кооздолгондо, адамдар “кандай сонун гүлдөр” деп суктанып өтүп жатышканын көргөндө, ичимден абдан кубанам. Бул сөздөр биз үчүн чоң дем-күч берет. Жакында “Жылдын мыкты кызматкери” деген сыйлыкты алганда, өзүмдү абдан бактылуу сездим. Анткени бул жөн эле сыйлык эмес — бул менин 50 жылдан ашуун эмгегимдин жыйынтыгы, бааланганы. Мындай учурда “эмгек текке кетпептир” деп ойлойсуң. Бирок мен үчүн эң чоң баа — адамдардын ыраазычылыгы. Көчөдө гүлдөрдүн жанында сүрөткө түшүп жаткан жаштарды көргөндө, же балдар кубанып жүгүрүп жүргөнүн байкаганда, ошол эле жетиштүү деп ойлойм.

— Сиздин жашоодогу негизги принцибиңиз кандай? Кайсы нерселерди карманып келдиңиз?

— Менин жашоомдогу эң негизги принцип — сабырдуулук жана туруктуулук. Апам дайыма айтчу: “Кызым, бир жерде иштесең, ошол жерден өсөсүң. Дарак бир жерден көгөрөт”, — деп. Ошол сөздөр менин жүрөгүмдө калып калган. Чынында эле адам бат-баттан жумуш алмаштыра берсе, тереңдеп үйрөнө албай калат экен. Ал эми бир жерде узак иштесең, ошол иштин майда-чүйдөсүнө чейин билип, чебер болуп каласың.

Дагы бир айтчу сөзү бар эле “Эмгек кылган адам эч качан жаман болбойт, колуң иштесе — курсагың ток болот” деп. Ошол үчүн мен эч качан жумуштан качкан жокмун. Кандай гана кыйынчылык болбосун, чыдап иштедим. Кээде чарчайсың, кээде көңүлүң чөгөт, бирок сабыр кылсаң, баары өтөт экен.

Азыр жаштарга да айтаарым ошол — шашпай, сабыр менен иш кылыш керек. Баары дароо эле боло калбайт. Ар бир нерсенин өз убагы бар. Эң негизгиси — адам өз ишин сүйүшү керек. Мен гүлдөрдү сүйүп иштедим, ошондуктан 50 жылдан ашык убакыт кантип өтүп кеткенин да байкабай калдым.

Айша Нуридинова