Кыргызстанда адамдардын органдарын алмаштыруу хирургиясы акыркы жылдары олуттуу өнүгүү жолуна түштү. Буга чейин кыргызстандыктар чет өлкөгө барып, органдардыч алмаштыруу операцияларына катышып келген болсо, акыркы учурда бул жаатта өлкөбүздө да өзгөрүүлөр бар. Алсак, Ош мамлекеттик университетинин клиникасында бөйрөк жана боор трансплантациялары ийгиликтүү жүргүзүлүп, өлкө ичинде мурда мүмкүн эмес деп эсептелген операциялар иш жүзүндө аткарыла баштады. Бул багыттагы иштер, анын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу трансплантолог дарыгер Бексултан Сейтбек уулу менен кенен маек курдук.

– Кыргызстанда органдардын трансплантациясы чындыгында канчалык деңгээлде өнүккөн?
-Кыргызстанда трансплантация азыркы учурда баштапкы, бирок өтө маанилүү өнүгүү стадиясында турат. Биз буга чейин мүмкүн эмес деп эсептелген операцияларды өлкө ичинде жасай баштадык. Жалпысынан 5 бөйрөк жана 3 боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аткарылды. Бул операциялардын баары Ош мамлекеттик университетинин клиникасында жасалды.
Бул операциялар жөн гана “тажрыйба” эмес, реалдуу медициналык жардам катары аткарылды. Ар бир бейтап алдын ала текшерүүдөн өтүп, донорлор так шайкештик менен тандалды. Эң маанилүүсү — бир дагы операцияда өлүм катталган жок. Бул медицинадагы чоң жоопкерчилик жана ишеним маселеси.
– Донор маселеси кандай чечилет?
-Кыргызстанда мыйзам абдан так: донор боло турган адамдар — бул жакын туугандар гана. Бул каалоо менен эмес, медициналык коопсуздук жана мыйзамдык тартип менен жөнгө салынган.
Практикада ар кандай мисалдар бар. Бир үй-бүлөдө иниси эжесине бөйрөк берсе, башка учурда таяке жээнине жардам берген. Дагы бир учурда апасы кызына, ал эми атасы баласына донор болгон. Ар бир операция алдын ала толук медициналык жана лабораториялык текшерүүдөн өтөт.
Дарыгер катары мен бир нерсени өзгөчө белгилейм: донор болуу — бул жөн гана жардам эмес, бул өтө чоң хирургиялык чечим. Ошондуктан ар бир кадам кылдат текшерүү жана медициналык баалоо менен гана кабыл алынат.
– Операциялар кайсы шартта жүргүзүлдү?
-Бул операциялар толугу менен жергиликтүү күчтөр менен гана эмес, эл аралык тажрыйба менен айкалыштырып жасалды. Биз Россиянын 52-ооруканасы менен биргеликте иш алып бардык.
Бул кызматташтык эки чоң мүмкүнчүлүк берди. Алсак, хирургиялык тажрыйбаны күчөтүү жана операциядан кийинки көзөмөл системасын жакшыртуу маселелери жакшыртылды. Анткени трансплантацияда эң маанилүү этап — операция эмес, андан кийинки узак мөөнөттүү көзөмөл.
– Кыргызстанда трансплантацияга муктаж болгон эмнеге көп деп ойлойсуз?
-Трансплантацияга муктаждык көп болушунун негизги себеби, боор жана бөйрөк ооруларынын көбөйүшү. Көп бейтаптар дары-дармек менен айыкпаган стадияга чейин жетип келет. Ошол учурда жалгыз жол — орган алмаштыруу болуп калат.
Муну түшүнүш үчүн оорулардын себебин караш керек. Эң негизги себептердин бири — Гепатит B. Бул вирус кан аркылуу жана жыныстык жол менен жугат. Эң кооптуусу — ал узак убакыт бою билинбей жүрөт.
Убакыт өткөн сайын вирус боорду акырындык менен бузат жана акырында Боор циррозу пайда болот. Цирроз стадиясында боор өз функциясын жоготот, ошондуктан трансплантациядан башка дарылоо мүмкүн эмес болуп калат.
– Эмне үчүн бул оорулар көбөйдү?
-Биринчи себеп – медициналык абал. Стерилизация талаптары толук сакталган эмес, медициналык шаймандар жетиштүү деңгээлде тазаланбай колдонулган.
Экинчи себеп — кан аркылуу жугуу. Мурда кан куюу системасы жетиштүү көзөмөлдө болбогондуктан инфекциянын таралышына шарт түзүлгөн.
Үчүнчү себеп — азыркы жашоо образы. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар да гепатиттин жайылышына түздөн-түз таасир берет.
Төртүнчү себеп — миграция. Чет өлкөдөн келген айрым жарандар инфекцияны алып келүү учурлары да бар.
– «Оорулууга жардам беребебиз» деп кайрымдуулук кылган ортомчулар тууралуу эмне дейсиз?
-Бул дагы өтө оор жана көйгөйлүү тема. Азыр кээ бир адамдар өздөрүн “фонд” же “жардам берүүчү уюм” деп атап, бейтаптар үчүн элден акча чогултушат. Бирок чогулган каражаттын бир бөлүгү кээде максатсыз колдонулуп кетет.
Андан да кооптуусу — айрым ортомчулар бейтаптарды “Кыргызстанда операция жасалбайт” деп ишендирип, чет өлкөгө барууга үндөшөт. Бул туура эмес маалымат. Натыйжада бейтаптар чет өлкөгө кетип, чоң чыгымга жана белгисиз шарттарга туш болушат.
Чындыгында болсо, Кыргызстанда операциялар ийгиликтүү жасалып жатат жана толук медициналык отчеттук система бар.
– Кыргызстанда операциялар менен чет өлкөдөгү операциялардын айырмасы эмнеде?
-Эң чоң айырма — баа жана көзөмөл.
Кыргызстанда бөйрөк трансплантациясы орто эсеп менен 7 миң доллар, боор трансплантациясы 17 миң доллардын тегерегинде. Ал эми Индия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдө бул сумма 50–60 миң долларга чейин жетет.
Бирок негизги маселе акчада эмес. Чет өлкөдө бейтап 10–15 күн гана көзөмөлдө болуп, андан кийин жалгыз калат. Бейтап оруп калса жоопкерчилик маселеси ачык бойдон калат.
– Трансплантациядан кийинки жашоо кандай болот?
-Бул операциядан кийинки эң маанилүү этап. Бейтап өмүр бою дарыгердин көзөмөлүндө болот жана иммундук системаны басаңдатуучу дарыларды үзгүлтүксүз ичип турушу керек.
Эгер бул дарылар колдонулбай калса, организм жаңы органды “башка нерсе” катары кабыл алып, аны четке кагышы мүмкүн. Ошондуктан трансплантация — бул операция эмес, узак мөөнөттүү жашоо режими.
Мен дарыгер катары бир нерсени так айта алам: Кыргызстан трансплантацияга жөндөмдүү өлкө. Бизде тажрыйба да, адистер да, эң башкысы — натыйжа да бар.
Бир да бейтап каза болбогон операциялар — бул жөн гана сан эмес, бул системанын иштеп жатканын далилдеген факт.
Эми эң маанилүү маселе — системаны кеңейтүү, лабораторияларды күчөтүү жана элдин ишенимин бекемдөө. Эгер ортомчулукка каршы күрөш күчөп, медицина өнүксө, Кыргызстан трансплантация боюнча толук өз алдынча өлкөгө айлана алат.
Айша Нуридинова
