21-апрель күнү Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы болду. Ага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Сессиянын күн тартибине 15 маселе коюлду. Алардын ичинен «Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Ош шаары жана Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, ошондой эле Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарган иштери жөнүндө”, “Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча Ош шаарынын медицина мекемелеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө”, “Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28- сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген  “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” маселелери депутаттар тарабынан өзгөчө талкууга алынып, сунуштар берилди.

Өткөн жылы жаңы базардан 41 млн сом ижара акы жыйналбай калган

Чү дегенде эле күн тарбиндеги биринчи маселе каралып, калаа башчысы Жанарбек Акаев алардын айрымдарына жооп берди.

Жанарбек Акаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Эне-Сай” конушунун мамлекеттик актысы эми алынганын айтып, мындан ары системалуу иштер жүрөрүн айтты. 

Депутат Айпери Ашимжан кызы жаңы базардан канча сом жыйналганын сурады.

Биринчи вице-мэр Оморбек Торобаев 2025-жылы жаңы базардагы ижара акыдан 8 млн сомдон ашык акча жыйналып, 41 млн сом жыйналбай калганын айтты.

Олигарх Нариман Түлеев «Сулайман молл» соода борборунун курулушун тездетет

Депутат Бексултан Үсөнов Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы жерлерди инвентаризациялоо боюнча сурады. 

Оморбек Торобаев “Санарип Ош” программасы аркылуу инвентаризациялоо болуп жатканын айтты. 

Ошондой эле эл өкүлү «ГЧП десе эле айыл чарба багытындагы жерлер берилип жатканын» кошумчалады. 

Жанар Акаев сөзгө аралашып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча иштер бар экенин, иштер дале болсо жүрөрүн айтып, алгач шаардагы курулуштарды иреттеп алышы керектигин билдирди.

“Сулайман молл” боюнча Нариман Түлеевди чакырып, сүйлөштүк. Ош шаарында курулуштар бүтпөй, созулуп жатканын айттык. Ал киши августун аягына чейин аракет кыларын айтты”, — деди Жанар Акаев. 

Депутат Исхак Майлиев Ош облустук ооруканасынын айланасындагы унаа токтоочу жайды сурап, жарандар ал жайга канча төлөп жатканына кызыкты.

Оморбек Торобаев аталган унаа токтоочу жайды Ош мэриясы курганын, унаа токтоочу жайдын алгачкы бир сааты акысыз экенин, андан кийин саатына 30 сомдон төлөнөрүн айтты. 

Эл өкүлү ошол унаа токтоочу жайды акысыз кылып коюуну сунуштады.

“Анткени, ооруканага ар түрдүү адам келет. Кээде акчасы жок болуп, бирок жакынын ооруканага алып барып калышы мүмкүн”, — деди депутат.

Ош шаарында кургак учуктун 329 учуру аныкталды

«Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча “Ош шаарынын медицина мекемелеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө” маселе каралды. Анда депутат Айпери Ашимжан кызы шаарда канча кургак учук учуру катталганын сурады.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Шаятбек Абрахманов быйыл Ош шаарында кургак учуктун 
329 учуру катталганын, бул өткөн жылга салыштырмалуу 16 учурга аз экенин билдирди. 

Эл өкүлү каталган кургак учуктардын канчасы ачык, канчасы жабык түрү экенин сурады. 

Абдрахманов ал боюнча маалыматы жок экенин айтты.

“Ушул жылдын январь айында Ош МУда студенттен кургак учук аныкталып, апрелде гана баланы текшеришкен. Эмне үчүн 2 ай бою ал студентти карашкан эмес?”,-деди депутат.

Шайырбек Абдурахманов бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди. 

“Анткени, аталган окуу жайдын өзүнүн клиникасы бар. Алар бизге маалымат бербесе, билбей калабыз”, — деди ал. 

Эл өкүлү координатордо бардык маалымат болушу керектигин кошумчалады.

Шаарда 66 дарыгер жетишпейт

Депутат Козимжон Алимов Ош шаарында канча дарыгер жетишпестигин сурады.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Шаятбек Абдурахманов 66 дарыгер жетпей турганын билдирди.  

Ошондой эле депутат анализдер боюнча бейтаптар көбүнчө жеке клиникаларга барарын кошумчалады.

“Жеке менчик клиникаларга жөнөтүшөт лабораторияга”, — деди депутат.

“Бул боюнча иштеп жатабыз, лабораторияларды борборлоштуруп жатабыз. Анан калса реактивдер боюнча анализдер жок болгондуктан, алар жеке менчикикте болуп жатат. Бирок биз азыр лабораторияларды автономиялык башкаруу кылып, реактивдүү анализдерди киргизип жатабыз. Ал бизде жеке лабораториялардан арзан, мамлекеттик баадан кымбатыраак болот”, — деди Абдрахманов.

Ошонлой эле ал акыркы 3 ай боюнча статистикага токтолуп, нерв оорулары: инсульт, жүрөк-кан тамыр оорулары, ДТП, шишик оорулары башкалардан көп катталып жатканын айтты.

Ипотекалык 96 батир Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өтүшү мүмкүн

«Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28- сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген  “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» маселе каралды.

Анда Ош шаарынын курулуш тармагы боюнча вице-мэр Шумкарбек Пайзиев баяндама жасап, үйлөрү бузулуп кеткен жарандарды көчөдө таштабаш үчүн мэрия учурунда ипотекалык үйлөргө аталган жарандарды киргизгенин айтты.

«Үйлөрү бузулуп кеткен жарандарды көчөдөгө таштабаш үчүн мэрия тарабынан ошол учурда 67 жаранды муниципалдык ипотекалык үйлөргө киргизип коюшкан. Ошондой эле театрдын артистерин да ошол көп кабаттуу үйгө киргизип коюшкан да. Азыр тилекке каршы ошол жарандарга үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү боюнча юридикалык талаага келе албай жатабыз. Бул маселе комитетте да каралган. Аябай кызуу талкуу болуп, комитетте колдоо тапкан», — деди Пайзиев.

Депутат Бекболот Арзибаев учурунда артистерге үй берилгенин, «ошол үйлөрдү бергенге мыйзам жол береби?» деп сурады.

Шумкарбек Пайзиев: «Урматтуу депутат, азыр жобо боюнча ипотекалык ишкана үйлөрдү балансына алып туруп, ипотекалык шартта бериши керек. Азыр биз эми мажбур иретинде сиздерге сунуштап жатабыз. Ипотека ишканасы курган үйдү Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча. Азыркы күн тартибине коюлган маселе, 67 жаранга, 3 эм төрөгөн үй-бүлөлөргө, 23 артистке бөлүп берүү боюнча маселе эмес. Күн тартибине коюлган маселе ипотекалык үйдү Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча коюлуп жатат. Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алгандан кийин андан ары кандай кылып бөлүп беребиз – ал өзүнчө маселе. Азыр учурда жобого гана өзгөртүү киргизип берсеңиздер, аны өзүбүз муниципалдык менчикке алабыз», — деди Пайзиев.

Бекболот Арзибаев: «Түшүндүм, ошондо берки актрисаларга үй бериле элек экен да ээ?»,- деди ал.

Шумкарбек Пайзиев: «Жок, азырынча берилбейт. Азыр 96 батирди МИБдин балансынан Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн ипотекалык ишкананын жобосун өзгөртүп беришиңер керек. А аны баланска алуу да мэриянын маселеси. Азыр ошол жобонун 5-пунктун өзгөртүп берүүңүздөрдү эле суранып келдик. 5-пункт кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн? «Зарыл болгон учурда Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү чечимдеринин негизинде башка максатка пайдаланууга укуктуу» болуп өзгөрөт. Жобонун ошентип өзгөргөн пунктунун негизинде ипотекалык ишкана курган 96 батирди мэрия муниципалдыкменчикке өткөрүп алат. Андан ары батирлерди кандай шартта бөлүп беребиз, аны комиссиялык негизде чечебиз», — деди ал.

Бекболот Арзибаев: «Ошондо силер балансыңарга аласыңар, бирок аны ипотекалык ишкана курганда да. Ал ишкананын зыянын ким төлөп берет?», — деди депутат.

Шумкарбек Пайзиев МИБ зыян тартпастыгын, анын зыянын мэрия жер берүү менен төлөп берерин айтты.

«МИБдин ишмердүүлүгүнө балта чабылбайт. Өзүңүздөр билесиздер, МИБдин түзүүчүсү Ош мэриясы. Туура айтасыз, МИБ кайсыл бир убакка чейин аксашы мүмкүн. Биз МИБдин зыянын ордун жер менен толтуруп беребиз. Андан сырткары, МИБ эки программа менен иштейт. Бири – ипотека, экинчиси – үлүштүк каржылоо. Үлүштү каржылоо менен азыр 19бу, 17би объект курулуп жатат шаарда, өзүңүздөр бекитип берген токтом менен ошол үлүштүк курулуштан түшкөн 3 пайыздык акча каражаты мэриянын бюжетине түшүшү керек. Бирок, биз азыр чечим кабыл алып, ошол мэриянын бюджетине түшө турган 3 пайыздык акчаны МИБдин балансына түшө турган кылалы деп жатабыз, ошол компенсациялык негизде. Ушундай жолдор менен муну биз бат эле кутулабыз», — деди ал.

Натыйжада депутаттар бул маселени колдоп беришти.

                                                                                                           Бек Бисмарк

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *