Ар бир суроонун артында бир адамдын тагдыры, түйшүгү турат. Бүгүн биз окурмандарыбыздан келген мурас жана турак жай маселесине байланыштуу эң көйгөйлүү кайрылууларга тажрыйбалуу юрист Руслан Акималиевдин берген пайдалуу кеңештерин сунуштайбыз.
«Кара кагаз алынбай, 2 жыл өтүп кетсе мурасты кантип каттайбыз?»
-Апамдын көзү өтүп кетти, үй ал кишинин наамында эле. Бир эле бир тууганым бар. Кайгы менен жүрүп кара кагаз деле албаптырмын, мына 2 жылдан ашты. Эми үйдү менин атыма кантип өткөрүп алам, жол-жоболорун айта кетсеңиз?
Райхан, Өзгөн району.
Юристтин жообу:
-Мыйзам боюнча мурасты кабыл алууга 6 ай убакыт берилет. 2 жылдан ашык убакыт өтүп кеткендиктен, маселени төмөнкү 4 кадам менен чечесиз:
- Биринчиси — кара кагаз алуу. Ооруканадан же ФАПтан берилген медициналык маалымкатты жана паспортторду алып, Калкты тейлөө борборунан (ЦОН) апаңыздын каза болгондугу тууралуу күбөлүк алыңыз. Эгер медициналык кагаз жок болсо, сотко кайрылып өлүм фактын аныктоо зарыл.
- Экинчиси — мурасты кабыл алгандыгын тастыктоо. Эгер апаңыз каза болгондон кийин да ошол үйдө жашап, салык-коммуналдык төлөмдөрүн төлөп жатсаңыз, сиз мурасты «иш жүзүндө кабыл алган» болосуз (КР Жарандык кодекси, 1153-берене). Айыл өкмөттөн же кварталдык комитеттен үйдө жашаганыңыз тууралуу маалымкат алып, нотариуска кайрылыңыз (айрым учурларда нотариус иш жүзүндө кабыл алуу фактын сот аркылуу тастыктоону талап кылышы мүмкүн). Эгер ал үйдө жашабасаңыз, сотко «мурас мөөнөтүн калыбына келтирүү» боюнча арыз бересиз.
- Үчүнчүсү — бир тууганыңыздын маселесин чечүү. Экөөңүздөр тең биринчи кезектеги мураскорсуздар. Мыйзам боюнча 6 айлык мөөнөт өтүп кеткенден кийин мурастан расмий баш тартуу арызы жазылбайт (КР Жарандык кодекси, 1154-берене). Эгер бир тууганыңыз да үйдө жашабаган жана мурасты иш жүзүндө кабыл албаган болсо, ал мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп эсептелет. Ал эми ал дагы мураска талапкер болсо, экөөңүздөр тең кабыл алып, кийин ал өз үлүшүн сизге белекке же сатуу жолу менен өткөрүп бериши керек болот.
- Төртүнчү кадам — кадастрдан каттоо. Нотариус берген «Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү» жана үйдүн документтерин алып, жергиликтүү «Кадастр» мекемесине барып, үйдү өз наамыңызга каттатасыз.
«ЗАГС жок болсо, маркум жубайдын үйү кимге калат?»
-Жубайым жакында рак оорусунан улам көзү өтүп кетти. Өзү ооруп жатканда үйдү сурайт дебесин деп унчуккан эмесмин. Ортобузда бир кызыбыз бар, 22 жашта. Бирок үйдү алганда жубайымдын атына каттаткан элек, расмий никеге да турбаптырбыз. Эми үйдү менин же кызымдын атына өткөрүүнүн кандай жолу бар?
Калык, Кара-Суу району.
Юристтин жообу:
-Саламатсызбы, Калык! Арты кайрылуу болсун. Бул жагдайда эң оңой жана туура жол — үйдү 22 жаштагы кызыңыздын атына өткөрүү. Кызыңыз мыйзамдуу мураскор. КР Жарандык кодексинин 1142-беренесине ылайык, балдары биринчи кезектеги мураскор болуп саналат. Ортодо расмий никелешүү тууралуу күбөлүк болбосо да, кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө маркум апасынын аты-жөнү жазылган болсо, ал эч тоскоолдуксуз мураскор боло алат. Ал эми сиз ЗАГС жок болгондуктан, үйдү өз атыңызга өткөрүш үчүн соттошуп, үйдү орток акчага алганыңызды далилдеп көп убакыт коротууга туура келет.
Жубайыңыз каза болгон күндөн тартып 6 ай өтө электе кызыңыз өзүнүн паспортун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, апасынын каза болгондугу тууралуу күбөлүгүн жана үйдүн документтерин алып, нотариуска мурасты кабыл алуу арызын жазышы керек. Эгер жубайыңыздын көзү тирүү ата-энеси же башка балдары болсо, алар 6 ай ичинде нотариустан өз үлүштөрүнөн кызыңыздын пайдасына баш тартып бериши зарыл. 6 ай толгондо нотариус берген күбөлүк менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин райондук мекемесине барып, үйдү кызыңыздын атына каттатасыздар.

«Багып алган ата-энем кууп чыккан, эми кантип үй-жайлуу болом?»
-Мени багып алышкан экен, кийин чоңойгондо билдим. 7 кыздуу кишинин эң кенже уулу болчумун. Мектепте 10-класста окуп жатканда багып алган үй-бүлө мени ууру деп кууп чыгышкан. Ата-апа деп бардым, эжелерим да сөзгө келбей кууп салышкан. Баккан атам көз жумду, үйдү кызынын атына өткөрүп бериптир. Мен дагы деле көчөдө калдым, бирөөнүн малын багып ошол жерде жашайм. Юристке суроо: мен эми кандай жол менен жер алып, үй сала алам? Окубай жүрүп сабаттуу деле эмесмин, жашым 31ге келди.
Мурас, Араван району.
Юристтин жообу:
-Сиздин тагдырыңыз абдан оор экен, бирок 31 жашта эч нерсе кеч эмес. Маселени бир нече багытта чечүүгө болот:
- Жер тилкесине кезекке туруу. КРнын Жер кодексине ылайык (30-берене), турак жайы жана жеке менчик жери жок, ошол айыл өкмөттүн аймагында белгиленген мөөнөттө туруктуу каттоодо турган жаран мамлекеттен үй куруу үчүн бир жолу акысыз жер тилкесин алууга укуктуу. Ал үчүн туруктуу каттоодо (пропискада) турган жергиликтүү айыл өкмөтүнө кайрылып, жер алуу үчүн кезекке турушуңуз керек (жер тилкеси айыл өкмөттө бош жерлер болгон учурда гана кезек менен берилет). Паспортуңуз, жашаган жериңизден маалымкат жана «Кадастр» мекемесинен сиздин атыңызга эч кандай үй же жер катталбагандыгы тууралуу маалымкат талап кылынат. Сабаттуулук боюнча кам санабаңыз, айыл өкмөттөгү адистер арыз жазууга жардам беришет.
- Асырап алуу укугун текшерүү. КРнын Үй-бүлө кодексине ылайык, расмий багып алынган бала өз канынан жаралган балдар менен бирдей укукка ээ. Бирок баккан атаңыз көзү тирүүсүндө үйдү кызына белекке же сатуу жолу менен өткөрүп берген болсо, аны кайтарып алуу кыйын. Ошентсе да жашаган жериңиздеги Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам борборуна (акысыз адвокаттарга) кайрылып, асырап алуу документтериңизди текшертип көрүңүз.
- Мамлекеттик колдоо алуу. Азыр биринчи кезекте паспортуңуздун жарактуулугун жана каттоодо турган жериңизди ЦОНдон тактап, айыл өкмөткө жер тилкесине кезекке туруңуз. Ошондой эле Социалдык коргоо бөлүмүнө кайрылып, аз камсыз болгон жаран катары «Социалдык контракт» программасына катышып, бизнес-план аркылуу 100-150 миң сом кайтарымсыз каражат алып, өз чарбаңызды баштасаңыз болот.
«Чоң энем «үй сеники» деген, бирок там эжемдин наамында экен…»
-Менин атам мен төрөлгөндө эле каза болуп калган экен, апам жалгыз багып чоңойтту. Чоң атам, чоң энем, атамдын бир туугандары менен катташып турам. Чоң энем «мына үй сеники, сага өткөрөбүз» деп айтчу. Азыр 23 жашка келдим, чоң атамдын, чоң энемдин да көзү өтүп кетти. Атам үйдүн кичүүсү болчу, бирок там атамдын бир тууган эжесинин наамында экен. Чоң абам талашып, чоң атам жашаган үйдү экиге бөлүп, бир бөлүгүн кичүү карындашынын кызына 900 миң сомго сатыптыр деп уктум. Ал жарымына үй салып жатат. Жарымын мага береби десем, беришпейт окшойт. Мындай учурда эмне кылсам болот?
Азамат, Кара-Кулжа району.
Юристтин жообу:
-Тилекке каршы, мыйзам тарабынан сиздин пайдаңызга чечиле турган мүмкүнчүлүк өтө аз. Себебин жана кандай кадамдарды жасоо керектигин түшүндүрүп берейин. Менчик ээси — эжеңиз. КРнын Жарандык кодексинин 222-беренесине ылайык, мүлк расмий түрдө кимдин атына катталса, ошол адам гана анын толук кандуу ээси болуп саналат. Чоң энеңиздин «үй сеники» деген оозеки убадасы жана «кичүү уулга там калат» деген кыргызчылык салт мыйзам алдында күчкө ээ эмес.
Эгер үй чоң атаңыздын же чоң энеңиздин наамында болгондо, алардын көзү өткөндөн кийин сиз каза болгон атаңыздын ордуна (КРнын Жарандык кодексинин 1146-беренеси) бир туугандары менен тең катар мураскор болуп, атаңыздын үлүшүн талаша алмаксыз. Бирок үй башынан эле эжеңиздин атында болгондуктан, ал мурас катары эсептелбейт.
«Кадастр» мекемесинен үйдүн тарыхын тактап көрүңүз. Эгер үй чын эле мурдатан эжеңиздин наамында болсо, сот аркылуу талашуудан майнап чыкпайт. Бул маселени укуктук эмес, тууганчылык жол менен гана чечүүгө болот. Сатылган үйдүн акчасынан же калган жарымынан атаңыздын үлүшү катары сизге бөлүп берүүсүн аксакалдарды ортого салып суранып көрүңүз.
«Ажырашсак, апамдан калган үй күйөөм экөөбүзгө тең бөлүнөбү?»
-Мен апамдын жалгыз эле кызымын. Апам күтүүсүз ооруп, көзү өтүп кетти. Үйдү өз атыма өткөргөм. Кийин турмушка чыктым, нике күбөлүк алдык. Эми эки балалуу болгондо күйөөм талак берип, ажырашабыз деп турабыз. Үй менин атымда эле, ажырашканда экиге бөлүнүп калабы? Кайненем «балам ремонт кылган жаман үйүңдү таштап, эки кызыңды ал да жогол» деп жатат.
Айпери, Ош шаары.
Юристтин жообу:
-Айпери! Эч коркпоңуз, мыйзам толугу менен сиз тарапта. Сизди эч ким өз үйүңүздөн кууп чыга албайт. Үй бөлүнбөйт. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 37-беренесине ылайык, никеге турганга чейин таандык болгон же мурас катары алынган мүлк жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлбөйт. Сиз үйдү апаңыздан мурас катары алып, өз атыңызга каттаткансыз, андыктан ал сиздин гана жеке менчигиңиз. Кайненеңиздин үйдү таштап кет деп талап кылууга эч кандай укугу жок. Эгер коркутуу көрсөтүп, тынчтык бербей жатышса, милицияга кайрылып, аларды өз үйүңүздөн чыгарып салууга укуктуусуз.
КРнын Үй-бүлө кодексинин 38-беренесине ылайык, эгер нике учурунда күйөөңүз үйгө анын баасын кыйла жогорулаткан олуттуу капиталдык ремонт же реконструкция жасаса (мисалы, кошумча бөлмө салса) жана аны расмий чектер, документтер менен сотто далилдей алса гана, сот аркылуу үлүш же сарптаган каражатынын тиешелүү бөлүгүн талап кылышы мүмкүн. Жөнөкөй косметикалык ремонт (актоо, сырдоо, обои чаптоо) үчүн үлүш талашуу мүмкүн эмес.
Үйдүн жана балдардын документтерин ишенимдүү жерге катып коюңуз. Ажырашууга сотко арыз бергенде, эки кызыңызга алимент өндүрүүнү кошо талап кылыңыз. Кууп чыгууга аракет кылышса, дароо 102 номерине чалып, милициядан «коргоо ордерин» алыңыз.
Урматтуу окурман! Сизди түйшөлткөн юридикалык суроо барбы? Төмөнкү WhatsApp номерине жазыңыз, юрист гезиттин кийинки санында жооп берет: 0550 996939.
Жылдыз Султан