• Вт. Ноя 24th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Дипломсуз косметологдун курмандыгы болбоңуз!

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 23, 2026

Бүгүнкү күндө сулуулукка умтулуу менен бирге косметологиялык кызматтарга болгон суроо-талап да күч алууда. Бирок арзан баадагы кызматтарга азгырылып, медициналык билими жана тиешелүү квалификациясы жок адамдарга кайрылуу адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Айрыкча, санитардык талаптар сакталбаган жайларда жасалган процедуралардын кесепети оор болушу ыктымал. Косметология тармагындагы коопсуздук, мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөр жана кардарлардын укуктары боюнча Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Айтурган Мамасадыкова менен маектештик.

«Модель бол» деген азгырык — ден соолукка коюлган капкан!

—Айтурган айым, сиздин оюңузча, сулуулукка умтулуу качан ден соолукка коркунуч жараткан көрүнүшкө айланып жатат?

-Азыркы тапта сулуулукка болгон суроо-талап күч болуп, айымдардын жаш-карысы дебей биринен бири өтүп, сулуулук процедураларынын артынан кууп калышкан заман болуп калбадыбы. Албетте, бул процедуралар да бир канча акча тургандыктан, интернет булактарында кардарларды өзүнө тартуу үчүн арзандатуулар деген салондордун жарнамаларына көзүбүз байма-бай эле түшүп турат. Жаңыдан үйрөнүп жаткан мастерлерден “модель болуп келип бериңиздер, материал үчүн гана төлөм болот” деп азгырыктар болот. Баасына гана кызыгып же социалдык тармактагы жарнактарга алданып, коопсуздук эрежелерин таптакыр унутуп калганда ден соолукка олуттуу коркунуч жаралат деп толук айта алам. Өзгөчө үйдө же шарты жок жерлерде ийне сайдыруу чоң тобокелдик жана ар бир айымга мындай нерсени сунуштабайм. Бул ден соолук үчүн да, сырткы келбет үчүн да чоң коркунуч жаратат.

—Азыр медициналык билими жок адамдардын косметологиялык кызмат көрсөтүп жатканы көп байкалып жатпайбы. Бул көрүнүш канчалык кооптуу жана мындай процедураларды кимдер жүргүзүүгө укуктуу?

-Эң чоң ката бул адамдардын ден соолугу менен ойноо деп айтар элем. Себеби, эгер көрсөтүп жаткан кызматың гигиеналык талаптарга жооп бербесе, өзүңө ишенбесең, анда бул нерсени таптакыр жасабай койгону туура болот. Процессте ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар орун алып кетиши мүмкүн. Адамдын денеси терс реакция көрсөтүшү ыктымал. Бул абдан кооптуу, анткени дипломсуз адис катуу аллергия же кан тамырдын бүтөлүшү (эмболия) сыяктуу коркунучтардын алдын ала албайт. Мындай процедураларды лицензиясы бар жайда эмгек стажы жана жогорку медициналык билими (дарыгер-косметолог) бар гана адистер жасаш керек.

—Косметологдор лицензияны кантип, кайдан ала алышат?

-Лицензияны Саламаттыкты сактоо министрлиги берет. Ал үчүн адистин диплом сертификаты болушу шарт, ал эми кабинети санитардык талаптарга толук жооп бериши кажет.

-Социалдык тармактарда арзан баадагы косметологиялык кызматтар көп жарнамаланат. Кардар процедуранын коопсуздугун, колдонулган препараттын сапатын жана адистин квалификациясын кантип текшере алат?

-Адам өзүнүн ден соолугуна, келбетине өтө кылдаттык менен мамиле жасашы керек. Анкени эгерде кокусунан жаман жагдай болуп калса, келбетиңизди бузуп алуу ыктымалдуулугу бар. Биринчи кезекте эч эле тартынбастан барып, адистин диплом-сертификатын сураңыз. Эгерде баш тартса, талап кылганга толук укугуңуз бар. Процедура жөнөкөй салондо эмес, атайын, санитардык талаптарга жооп берген клиникада өтүшү керек. Анткени сиз бетиңизди же кашы-көзүңүздү боёп жаткан жоксуз. Этиңизге бычак тийгизип жаткандан кийин бул жооптуу нерсе. Препараттын, инструменттердин кутусу сиздин көзүңүз алдында ачылып, мөөнөтү текшерилүүгө тийиш. Арзан баа көбүнчө сапатсыздыктын белгиси. Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн талап кылганды үйрөнүңүз.
Бет карарып, ириңдей баштаса — дароо ооруканага!

-Косметологиялык процедурадан кийин күтүлбөгөн терс көрүнүштөр пайда болсо, кардар биринчи кезекте кандай медициналык жардамга кайрылышы керек? Кайсы белгилерди көз жаздымда калтырууга болбойт?

-Дароо мамлекеттик оорукананын дарыгерине (дерматовенерологго же хирургга) же тез жардамга кайрылышы керек. Көз жаздымда калтырууга болбойт: дене табы көтөрүлсө, бети катуу шишип кетсе, инъекция жасалган жер карарып (некроз) же ириңдеп баштаса. Эгерде мындай реакция болсо, демек эреженин сакталбагандыгынан кабар берет. Мындай жагдайда эч кандай талаптарды сактабаган адистерге чара көрүлүшү керек. Ушундай учурларда мастер жазасыз кутулуп кетип, бул көрүнүштөр уланууда. Эгерде жоопко тартылышса, сабак алып, жакшы шартын түзүшөт.

-Кандай ойлойсуз, Кыргызстанда косметологиялык кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жетиштүүбү? Лицензиялоо, санитардык талаптар жана колдонулган препараттардын сапаты канчалык көзөмөлдөнөт?

-Расмий клиникалар толук көзөмөлдөнөт, бирок эч кандай медициналык билими жок же орто медициналык билими менен мыйзамсыз иш алып барган жана социалдык тармактар аркылуу жарнамалап, талаптарга жооп бербеген бөлмөлөрдө, салондордо кызмат көрсөткөн жашыруун «мастерлер» көзөмөлдөн сырткары калып кетип жатат. Эң коркунучтуусу — мындай мыйзамсыз шартта стерилизация сакталбагандыктан, кардарлар гепатит B, C жана ВИЧ сыяктуу кооптуу гемоконтакттык инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучу абдан жогору. Ошондой эле тырмак жасатууда да инструменттерине көз салып коюңуз. Айымдар муну түшүнүшү керек.
“Бетин тарттырып жабыркаган эже… Косметологду таппай калдык”

-Косметологиянын курмандыгына айланган, сапатсыз процедуранын кесепетинен жабыркагандар сиздерге да кайрылашабы?

-Тилекке каршы, мындай учурлар кездешет. Мыйзам боюнча ар бир жарандын укугу корголот. Ооба, жабыркагандар регионалдык санитардык-эпидемиологиялык борборлорго, милицияга же сотко арыз менен кайрылып, зыяндын ордун толтурууну талап кыла алат. Бизде да бир ушундай жагдай болгон. Бир колорист болуп эмгектенген эже Замира аттуу косметологго бетин тарттырат (подтяжка лица). Бирок, тилекке каршы, операция ийгиликтүү болбой калган. Ал эже келип, аябай бизге арызданып, бирок биз ошол Замира деген косметологду таптакыр таба албай койдук. Колорист эже арызын жазып кеткен. Бирок биз карап бере алган жокпуз. Анткени “мен азыр эч кандай эч кимге процедура жасабай жатам” деп биз менен байланышка чыкпай койду. Жумуш ордуна барсак да ар дайым жабык болот. Андыктан айымдар тыкыр караштырып, жакшы клиникага эле жазылууңуздарды кеңеш берет элем.

-Коомго, өзгөчө сулуулук процедураларына кызыккан жаштарга кандай эскертүү берет элеңиз?

-Бүгүнкү күндө эң көп даттануулар жана арыздар эч кандай медициналык билими жок, мыйзамсыз иштеген “псевдо-мастерлерге” түшүүдө. Социалдык тармактарда алар өтө көбөйүп, атүгүл дипломсуз эле кадимки хирургиялык манипуляцияларды (теринин бүтүндүгүн олуттуу бузган процедураларды) жасап жатканы чоң кооптуулук жаратат. Жаштарга жана бардык жарандарга айтар эскертүүм:
“Мен ден соолуктан башка эч кандай сулуулукту билбейм” деп немис акыны Генрих Гейне айткандай, чынында эле чыныгы сулуулук бул Кудай тараптан берилген ден соолук. Социалдык тармактардагы кооз жарнамаларга жана арзан баага алданбаңыздар. Ар бир процедуранын артында чоң жоопкерчилик турганын унутпаңыз. Барардан мурун адистин билимин, дипломун жана кабинеттин санитардык шарттарын сөзсүз текшериңиз. Ден соолугуңуздарды тобокелге салбаңыздар, урматтуу айымдар!

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *