“Тагдыр” деген салмагы оор сөз кимди болбосун ойлондурат. Жакшы жашоо да тагдыр. Бирок, адам баласы бул жашоого сыналуу үчүн жаралат турбайбы. Жакшы жашап да, кыйынчылык көрүп да, бийлик-мансап күтүп да сыналуудабыз адамзат. Кээде бир эле кадам, бир эле сөз бүтүндөй адам тагдырын өзгөртөт экен. Бул макала окурманга жакшы жагынан пайдалуу болсун деген ниетте Оштогу “Боорукердик” социалдык мекемесинен кабар алдык. Ал жактагы каармандардын тагдырын кыскача баяндайбыз.
“Боорукердик” социалдык мекемесинин жетекчиси Айгүл Калматова:

“Карылар, балдар жана зомбулук көргөн аялдар жашайт”
-Буга чейин Ош шаардык “Боорукердик” үй интернаты болуп келген. 2 жылдан бери “Боорукердик” социалдык мекемеси болуп иштеп жатат. Биздегидей карылар, балдар жана кризистик борборду камтыган мекеме Кыргызстанда жок. Тамак-аш, кийим-кече, кызматкерлердин айлык акысы жана биринчи жардам үчүн дары-дармектерге мэрия каражат бөлөт. Медициналык кызмат каралган. Бизге алгачкы жардам үчүн гана дарылар берилет. Бирок, карыларды процедурага өзүн жөнөтө албагандыктан колдон келишинче укол-дарыларды беребиз. Вируска каршы эмдөөлөрдү алышат. Карыялар, кароосуз калган балдар, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балалуу аялдар биригип 100 адамга ылайыкташкан. Учурда 30 карыя, 8 аял балдары менен, 30 бала бар. 32 карыя бар эле. Бирөөсүн ден соолугуна байланыштуу Сокулуктагы неврологиялык-стационардык мекемеге котордук. Бир аксакалдын көзү өтүп кетти. Мында 30 карыянын тагдыры отуз башка. 30 карыянын 20сы жалгыз бой болсо, анын ичинен ону бала-чакалуу. Карыялардын көпчүлүгү жеңил турмуш менен жүрүп, карыганда ушул жерге келгенге аргасыз болушат. Ал эми балдарда такыр күнөө жок. Бизге келген ар бир балага өзүнчө жеке кам көрөбүз. Медициналык текшерүүлөр болот. Муктаждыгына жараша дарыгерлерге көрсөтөбүз. Андан сырткары мектеп жашындагы балдар №21 Пушкин атындагы мектептен билим алышат. Бир күн дагы мектепти үзбөсүн деп дароо жайгаштырабыз. Карыялардын бизде жашоо мөөнөтү чектелбейт. Балдар бул жерде 6 ай жашайт. Эгерде соттун чечими менен толук аялуу болсо 18 жашка чейин жашашат. Андай балдардан төртөө бар. Алардын үчөө бир туугандар. Кризистик борборго эки айлык мөөнөт менен келишет. Эки айда күйөөсү менен жарашса кетет, кетпесе жумуш таап, алардын мөөнөтү дагы узартылат. Балдардыкы бир аз кыйын. Анткени, 6 айда бул жерге көнүп, окуусу жакшырып калганда туугандарына же фостердик үй-бүлөгө кетүүгө аргасыз болушат.
Мындай тагдырга бала гана чыдайт. Миграцияда жүргөн апалардан бизге чалып нааразычылык айткандар да болот. Үч студент кызыбыз бар. Технологиялык колледжде окуп атышат. Күнүмдүк жол акысын беребиз. Окуу акысын ректорлорго кат жазып, жеңилдетүүгө аракет жасап жатабыз. Бул жердеги балдар өзүңдүн балаңдай эле болуп калат.

Махаммад аба:
“Уулум тирүү болгондо булжерге келбейт элем”
-Мен 1949-жылкымын. Атым Махаммад. Абдыганы Эркебаев экөөбүз Алайдагы Сопу-Коргондо интернатта бирге окуганбыз, классташпыз. Гүлчөдө төрөлүп-өстүм. Ар кимдин тагдыры ар кандай болот экен. Кичинекей кезибизде апамдын көзү өтүп кетти. Өгөй апанын колунда болдук. Менден кичүү эки карындашыма өгөй эне бекитип койгон сандыкты бузуп нан алып берген күндөрүм али эсимде. Нан алып берсем сүйүнүп жеп алышат эле. Бала кезимде спортчу болгум келчү. Интернатта окуп жүргөндө спорт менен машыгып жүрдүм. Кийин окууну бүткөндө улантып кеткенге шарт болбоду. Айдоочу болуп кеттим.
Памирге 12 жыл каттадым. Алайдагы биз чоңойгон үйдү өгөй энем сатып жиберди. Бир үйдүн төрт баласы төрт жакка чачырадык. Азыр айылга баргым келет. Барайын десем бара турган туугандарым жок болуп атпайбы. Карындаштарым турмушта. Агам Лангарда жашайт.
Айдоочу болуп жүрүп Таш-Көмүрдөн үйлөндүм. 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Кайнене-кайнатам жакшы кишилер болчу. Алар Жаңы-Жол айылынан болушат. Аялым деле жакшы болчу. Бир досум “кой, бул болбойт” дегенинен карап көрсөм болбойт экен. Эсимде бир жолу жамгыр жаап жаткан болчу. Жолдо келатсам досум “квартираң барбы, эки адам бар?” деди. Бар деп аларды квартирага ээрчитип бардым. Кийин ал мага жагып калды. Барып-келип жашап жүрдүм ал менен. Чынын айтканда мен балдарымдын апасы менен мыйзамдуу ажырашкан да жокмун, талак да бербедим. Аялым мага айтпастан балдарды алып кетип калыптыр. Ошол ошол болду кайтып келбеди. Бир жолу артынан барсам, бир тууган иниси “жок, болбойт” деди. Мушташып кетпейин деп унчукпай баса бердим.
33 жыл болду. Мен ал кеткенде Памирде жолдо болгонмун.
Качан кантип кеткенин билбей калбадымбы.
Айнура, Айгүл деген эки кызым турмушта. Уулум армиядан келгенде достору менен ойноп жүрүп жол кырсыгынан көзү өтүп кетти. Айнура кызым келип турчу эле. Көптөн бери келбей калды. Апасы барба деп койду окшойт. Кызым келем десе жол киресин деле берет элем. Тун кызым, балам да ал менин. Сагынып жүрөм азыр. Бирок мен бир күнү барайын деп жүрөм. Эки пенсиямды чогултсам барып келем.
Абдыганы классташыма барсам деле мага иш таап берет эле. Бирок барбадым, көп жыл Россияда иштедим. Бир тууган агам “келбейсиңби, Россияда эмне кыласың” деп чакырганынан келгенмин. Кийин Токтогулдан үйлөнгөн аялым ооруп каза болуп калды. Ал жерде эки ай жүрүп ичкиликке берелип кетпейин деп Ошко келе бердим. Карылар үйүнө келгениме үч жыл болуп калды. Эми Кудайга шүгүр, жылуу жатаканам, тамак-ашым бар. Карындашым эки-үч жумада келип турат. Ырас, биз жашаган жерде шарт жакшы. Бирок, ошол балам өлбөгөндө мен бул жерге келбейт элем деп өксүй берем. Ошондуктан жаштар өзүңөрдү кармап, жакшы жүргүлө. Адам ар бир кадамды кийинки жашоосун ойлонуп жасаш керек экен. Мамлекетке пайда келтире турган адам болгула.



Рахатхан эже:
“Тилден жаңылып, эгиз балдарымды жоготконмун”
-Менин атам эки уулун, аялын таштап, балдарын карабастан апама ич күйөө болуп жашап мени табышыптыр. Апамдын күйөөсүнөн балдары токтобоптур. Таятам, тай журтум чоң молдолор болгон. 1953-жылы апам 41 жашында мени төрөптүр. Мектепте 1-классымда муз тээп жамбашым чыгып кетти. Бутум ооруп көп убакыт жатып калдым. Көп жерде дарыландым, операция болдум. Бирок мектепти жакшы окуп бүттүм. Мугалим болгум келчү. Мугалимдерим Жалал-Абадга окуу жайга жөнөтөбүз дегенде апам “сенин өзүңдүн илимиң бар” деп көнбөй койду.
Биринчи күйөөм ич күйөө болуп кирген. Баары тааныган кара-кулжалык мергенчи болчу. Менден он жаш улуу эле. 1985-жылы мен 33 жашка чыкканда апамдын көзү өтүп кетти. Андан бир жылдан кийин күйөөм өттү. 15 жыл жашадык, бирок бала болбоду. Кийинки турмушумдан эгиз боюма бүттү. Күйөөм аракты көп ичкен адам эле. “Алкаштын балдары бала болчу беле” деп тилден ката кетиргенмин. Эгиз балдар 7 айлык болгондо боюман түшүп калды. Ошондо өзүмө окшогон көзү ачык кемпир келип “эриңе ачууң келип тилиңден кетип калыптыр, кызым” деген. Кийин Алайга, Өзбекстанга да турмушка чыктым. Перзент болбоду. Балалуу болгондорду көрүп, ата-энесин сөгүп-тилдегендерди көрүп көңүлүм калды. Өзбекстанда жашап жүргөндө төрөбөй жүргөн келиндерди эмдеп-домдоп жүрдүм. Тай журтумдан өткөн эмчилик, көрөгөчтүк бар эле менде. Өзбекстандан келгенден кийин туугандардыкында жүрсөм, бир таанышым “Сизге бир үй таап берейин, 2-группадагы майыптыгыңыз болсо, тамагыңыз даяр, кийимиңиз жуулуу болот, кыйналбайсыз” деди. Кара-Суу районундагы карылар үйүнө бардым. 3 жыл ал жакта болдум. 2013-жылы Оштогу карылар үйүнө келдим. 13 жылдан бери ушул жерде жашайм. Азыр эч нерсеге өкүнбөйм. Өкүнгөн менен пайда жок. Андан көрө убагында сезип жашай бериш керек. Эми тагдыр насип экен да. Перзентиң болбосо, министр болсоң да кыйын экен. Ушундай жерге ийилип калат экенсиң. Агаң болсо жеңең бар, эжең болсо жездең бар. Туугандарым алып кетели дешет. Кой айланайын, мага ушул жер эле тынч дейм.
Бүкалча Маматали кызы