Онкологиялык оорулар бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү саламаттык сактоо тармагындагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Рак дартынын жашарып, жаштар арасында да кездеше башташы коомчулукта олуттуу кооптонууну жаратууда. Ооруну эрте аныктоо, өз убагында текшерүүдөн өтүп, алдын алуу чараларын көрүү адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ. Онкологиялык ооруларды дарылоо жана алдын алуу багытында кандай иштер жүргүзүлүүдө? Ушул жана башка маанилүү суроолорго Ош облустар аралык онкология борборунун онколог-маммолог-патоморфолог дарыгери Гүлзар Рыскулова менен болгон маегибизде жооп издейбиз.

-Гүлзар айым, онколог дарыгер катары канча жылдан бери эмгектенесиз? Адистикти өркүндөтүү, заманбап медициналык билимдерди өздөштүрүү багытында кандай иштерди жүргүзүп келесиз?
-Онкология — өтө татаал жана жоопкерчиликтүү адистик. Учурда онколог дарыгерлер өз үстүбүздөн тынымсыз иштеп, өз билимибизге көп инвестиция кылып, чет өлкөлөргө чыгып, тажрыйбабызды күндөн-күнгө жогорулатуу максатында изденип келебиз. Мен онколог, патоморфолог дарыгермин. Ош облустар аралык онкология борборунда кандай гана чоң жана татаал операциялар жасалбасын, ошолордун бардыгына гистологиялык так диагноз коюп берем. Азыр эмгек стажым 15 жыл болуп калды. Гистологиялык изилдөөлөр жана аялдар арасындагы эмчек безинин рагы боюнча 2017-жылы Европага барып келгенбиз. Италияда окуп, Швейцарияда тажрыйба алмашып, заманбап ыкмаларды өздөштүрдүк. Андан сырткары Казакстандын Алматы шаарына барып окуп, билимимди жогорулаткам. Биз ар беш жыл сайын адистигибизди өркүндөтүү үчүн атайын окуулардан өтүп, биринчи, жогорку категория жана жогорку даражадагы дарыгер деген квалификациялык статустарды алып турабыз. Азыр медицина бир ордунда турбайт, күн сайын өнүгүп-өсүп жатат. Бизде кесипкөй, тажрыйбалуу адистер жетиштүү, бирок айрым керектүү заманбап аппараттардын жоктугуна байланыштуу татаал анализдерди иммуногистохимиялык изилдөөлөргө башка мамлекетке жөнөтүүгө аргасыз болуп жатабыз. Көбүнчө Москва шаарындагы лабораториялар менен тыгыз кызматташып, изилдөөлөрдү ошол жакка жөнөтүп иштейбиз.
Акыркы жылдарда онкологиялык оорулар менен ооругандардын санынын өсүшү эмнеге байланыштуу жана бул көрүнүштү кандай факторлор менен түшүндүрүүгө болот?
-Тилекке каршы, оорунун саны бара-бара көбөйүп, күн санап өсүп жатат. Азыр бул зыяндуу шишик оорулары кары-жашка карабай калган, барган сайын жашарууда. Албетте, бул көрүнүш ар бир адамдын жанын кейитпей койбойт. Медицинада ооруну чакыруучу негизги себептер этиологиялык факторлор деп аталат. Биринчи орунда тукум куучулук, башкача айтканда, генетикалык фактор турат. Эгер жакын тууган-уругунда ушул ооруга чалдыккандар болсо, ал адам сөзсүз түрдө өзүн текшерип, алдын ала дарыгерге көрүнүп жүрүшү керек. Экинчиден, экологиялык абал: азыр техника күч алган заманда автоунаалар көбөйүп, күйүүчү майлардан бөлүнгөн канцерогендик заттар абанын курамын бузуп жатат. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана атмосферадагы зыяндуу заттардын көбөйүшү да өз таасирин тийгизүүдө. Үчүнчү орунда депрессиялык, стресстик абалдар турат. Мисалы, айрыкча аял кишилердин көп кыжалат болушу, сарсанаага батышы жана узакка созулган стресс ооруну козгойт. Төртүнчү орунда туура эмес жашоо образы: көп тамеки чегүү, алкоголдук жана спирттик ичимдиктерди ченемсиз пайдалануу кирет. Ошондуктан бул ооруларды чакырган этиологиялык факторлорго жол бербестен, өз убагында дарыгерге көрүнүү зарыл. Медицинада «предрак» (ракка чейинки абал) деген түшүнүк бар. Ага ашказандагы өнөкөт оорулар, эрозиялар, жаралар (язвалар) жана полиптер кирет. Ушул өнөкөт ооруларды өз убагында дарылатпай койгон учурда, алар кийинчерээк рак дартына өтүп кетиши толук мүмкүн.
-Мурда көбүнчө улгайган адамдарда кездешкен рак оорулары бүгүнкү күндө жаштар арасында да көбөйүүдө. Мунун башкы себеби эмнеде?
-Мурда биздин статистикалык базада 1957–1968-жылкы улгайган адамдар басымдуулук кылса, азыр каттоодо турган бейтаптардын эң эле жашы — 2003–2005-жылкы жаш улан-кыздар. Мунун себебине карасак, биринчи кезекте жеген тамагыбыздын курамында организмге өтө зыяндуу заттардын көбөйүшү турат. Бүгүнкү күндө жаштар ар кандай газдалган таттуу суусундуктарды, тез даярдалуучу тамактарды (фастфуд) көп колдонушат. Алардын курамында даамын күчөтүүчү химиялык кошулмалар жана канцерогендик заттар бар болгондуктан, ушул ооруларга алып келип жатканы анык. Ошондой эле жаштар арасында да депрессиялык, стресстик абалдар көп байкалууда. Эгер эмчек безинин рагын ала турган болсок, азыр аялдарда фиброз, кистоз, мастопатия деген өнөкөт оорулар көп кездешет. Ар бир аял киши үй шартында өзүн текшерип, эмчегин кармап көрүп жүрүшү керек. Эч кандай катуу же түйүндүү бездер болбошу шарт. Жылына бир жолу маммолог-онкологдорго көрүнүп туруу абзел. Негизи турмушка чыгар алдында кыз балдар сөзсүз түрдө дарыгердин кароосунан өтүүсү керек. Себеби эртең ал кыз бала эне болот. Аялдарда эрозия көп учурда байкалбай жүрө берет, андыктан эч качан тартынбай көрүнүп туруу кажет. Андан сырткары, биринчи жолу эне болгон жаш келиндерге баланы туура эмизүүнүн жолдорун түшүндүрүү зарыл. Бул багытта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

-Бейтаптар рак оорусун кеч баскычка чейин билбей жүрө беришет. Бул калктын медициналык маалыматынын аздыгынанбы же профилактикалык текшерүүлөрдүн жетишсиздигиненби?
-Облустар аралык онкология борборунда ар бир районго бекитилген атайын кураторлор бар. Биз Ноокат, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад жана Баткен облустарына кураторлук кылабыз. Ал аймактарга жылына бир жолу барып, мониторинг жүргүзөбүз. Бир-эки күн мурун райондук врачтарга, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кабар берилип, көйгөйлүү оорулуулардын баары чакырылып, кароодон өткөрүлөт. Жыл сайын октябрь айында «Розовый октябрь» долбоорунун алкагында биздин дарыгерлер Кызыл-Кыя шаарына, Оштун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып, акысыз медициналык текшерүүлөрдү өткөрүп келишет. Мындан тышкары, каттоодо турган бейтаптарга дем-күч берүү максатында «рак дарты аныкталса, жашоо дагы бар» деген ураандын астында майрамдык маанайдагы жолугушууларды жана иш-чараларды уюштуруп турабыз. Учурда борборубузда УЗИ, маммография, рентген аппараттары жана гистология бөлүмү толук иштейт. Мамлекет тарабынан да керектүү дары-дармектер жетиштүү көлөмдө берилүүдө. Биз маалымат каражаттары аркылуу, мектеп-окуу жайлардагы жаш өспүрүмдөргө жана үй-бүлөлүк дарыгерлерге маалымат берип, профилактикалык иштерди тынымсыз жүргүзүп жатабыз. Бирок ошого карабай, өз ден соолугуна кайдыгер карап, 1–2-стадияда келген бейтаптар аз, көпчүлүгү 3–4-стадияда өтүшүп кеткенде кайрылышат. Себеби рак алгач эч кандай симптомдук белгилерди бербейт, оорутпайт. Ооруну сезбей жүрүп эле 15 күндүн ичинде кандагы гемоглобин кескин түшүп, табит жоголо баштайт. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» демекчи, үйдө өлүмүн күтүп жата бербестен, ден соолукка убагында кам көрүү керек.
—Кыргызстанда рактын кайсы түрлөрү кеңири таралган?
-Статистика боюнча биринчи орунда — ашказан рагы, экинчи орунда — аялдар арасында эмчек безинин рагы, үчүнчү орунда — жатын моюнчасынын рагы, төртүнчү орунда — өпкө рагы, бешинчи орунда — бөйрөк рагы турат. Азыр заманбап тилде айтып жатканыбыздай, ар бир жаран жылына бир жолу толук медициналык текшерүүдөн («чекап») өтүп коюшу керек. Ден соолукка кайдыгер карабай, аны аманат катары сактап, өз убагында текшерилип туруу зарыл.
-Бул ооруларды алдын алуу жолдорун айтып берсеңиз.
-Алдын алуу абдан жөнөкөй: тез даярдалуучу тамактардан алыстап, туура жашоо образын кармануу керек. Азыр нутрициолог адистер көп, смартфондор аркылуу да пайдалуу маалыматтарды алууга болот, андыктан туура тамактанууга өзгөчө басым жасашыбыз шарт. Полуфабрикаттар, кекс, торт сыяктуу таттуу азыктар медицинада сунушталбайт, жесе да, айына бир-эки жолу аз өлчөмдө гана колдонуу керек. Күнүмдүк рациондо мөмө-жемиштер, жашылчалар, айрыкча организмге керектүү витаминдерге бай брокколи, авокадо, капуста сыяктуу азыктардын болушу абдан пайдалуу. Таза абада сейилдеп, кан айланууну жакшыртуу үчүн дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, лимфодренаждык массаждарды алып, өпкөнү жакшы иштетип туруу зарыл. Бул зыяндуу шишик дарты адамдын психологиялык жана социалдык абалына да байланыштуу. Түнт адамдардагы көп кыжалат болуу жана ички санаа да оорунун өрчүшүнө чоң роль ойнойт.
Онкология менен күрөшүүдө Кыргызстанда кайсы маселелер биринчи кезекте чечилиши керек деп эсептейсиз?
-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дарылоо үчүн бардык негизги шарттар түзүлгөн. Бизде онколог, маммолог, хирург сыяктуу өз ишинин мыкты адистеринен турган мультидисциплинардык команда толугу менен иштеп жатат, кадрлар жетиштүү. Эң башкы көйгөйүбүз — имарат маселеси. Биз мурдагы эски бала бакчанын имаратында иштеп келгенбиз. Ошондуктан мамлекетке жаңы, заманбап оорукана куруп берүү өтүнүчү менен кайрылып, буюрса, ал иштер алдыга жылууда. Учурда мамлекет тарабынан атайын жер тилкеси бөлүнүп берилди. Эми бюджеттен каражат бөлүнсө, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган чоң, заңгыраган жаңы оорукана куруу пландарыбыз бар. Медицина канчалык тез өнүгүп жатса, биз дагы ошол талапка ылайык күн сайын өзүбүздү өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
Жаңылай Арстанбек кызы