Жаңы доор, жаңы технологиялар адамзатка чексиз маалыматты жана ыңгайлуулукту тартуулаганы менен, анын эң ыйык чеби болгон үй-бүлө институтуна көзгө көрүнбөгөн, бирок кыйратуучу сокку урганы ырас. Бүгүн биз коомдогу «үнсүз эпидемиянын» бир чатырдын астында жашап, бирок руханий жактан бири-бирине таптакыр чоочун болуп бараткан муундун трагедиясына күбө болуудабыз. Тамактанган жерде деле, автобус, паркта деле баласына телефон кармата салган эне-атаны көрө элекмин деген адамдын өзүн табуу кыйын. Төмөндө биз бул көйгөйдүн учурдагы көрүнүшүн, дүйнөлүк илимдин коңгуроосун, адистердин ачуу чындыгын талдап көрөбүз.
Кечки жымжырттыктын артындагы суук реалдуулук
Редакциябызга келген каттардын биринде айылдык бир үй-бүлөнүн ички окуясы баяндалат. Үйдө беш жан жашайт: ата-эне, 14 жаштагы кызы, 11 жаштагы уулу жана чоң эне. Балдар кечке колдорундагы телефондон чыгышпайт. Энеси болсо алардын «айылдык» эмес, заманбап болушун каалап, балдарынын чала-була орусча сүйлөгөнүнө ичинен сыймыктанып, кубанат.
14 жаштагы өспүрүм кыз менен 11 жаштагы иниси чоң эненин сөзүн укпайт гана эмес, аны «эскичил, замандан артта калган» деп ачык эле жек көрүшөт. Алар үчүн акылдын булагы кылымдарды карыткан карыя эмес, телефондун артындагы бейтааныш блогерлердин 15 секунддук видеолору болуп калганын баяндап жазыптыр Абдурасул аттуу окурманыбыз.

Подъезддеги түнкү «согуш»
Шаардык жашоодон келген дагы бир кат коомдун моралдык иммунитети канчалык алсыраганын айгинелейт. «Биз шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турабыз,- деп жазат шаар тургуну Кымбат Пайизова. -Түн бир убак, саат түнкү 1-2 болуп калды. Ал эми биздин подъездде толтура өспүрүм бала топтолуп алып, телефондон “PUBG” ойноп отурушат. Ызы-чуу, сөгүнүнгөн сөздөр… Эң өкүнүчтүүсү, алардын ата-энелери үйдө бейкам уктап жатышат. Баласынын түн жарымында сыртта кошуналардын тынчтыгын алып жүргөнү менен иштери да жок. Чыгып, тартипке чакырсаң, балдар сени теңсинбей жаман көрүшөт. Ата-энесине айтсаң, баласын коргоп чыгышат…»
Экран үчүн көтөрүлгөн кол
Тилекке каршы, бул көйгөй жөн гана тарбиясыздыктын чегинен чыгып, криминалдык хроникаларга жана трагедияларга айланып баратат. Акыркы убакта коомдук тармактарда ата-энеси колунан телефонун алып койгондо же интернетти өчүрүп салганда өспүрүм бала ачууга алдырып, өз энесине кол көтөргөн үрөй учурган видеолор байма-бай тарап жатат.
Расмий криминалдык хроникаларга көз салсак, коңшу Орусиянын Приморка айылында 16 жаштагы кыз телефонун талашкан чоң энесине бычак ала чуркаса, Казакстанда 12 жаштагы бала энесин бейсбол битасы менен чапкан. Ал эми Өзбекстанда интернетти өчүргөн энесин муунтууга аракет кылган өспүрүмдүн видеосу жүрөт. Кыргызстанда болсо сабак учурунда телефону алынган 15 жаштагы өспүрүм стрессти көтөрө албай, үйүнө барып өз өмүрүн кыйган.
«Гаджет берүү бул баланы көз карандылыкка түрткөнгө барабар»
Дүйнөлүк белгилүү психологдор, психиатрлар жана нейробиологдор смартфондордун балдардын психикасына тийгизген кыйратуучу таасирин илимий негизде далилдеп, коңгуроо кагышууда. Америкалык социалдык психолог, «Тынчсызданган муун» китебинин автору Джонатан Хайдт айтат:
«Биз балдарыбыздын колуна смартфон карматуу менен адамзат тарыхындагы өз балдарыбыздын үстүнөн жасалган эң ири, көзөмөлсүз экспериментти баштадык. Биз аларды реалдуу дүйнөдөн ажыратып, балалыгын тартып алдык. Жогорку класска чейин смартфон карматпай, 16 жашка чейин социалдык тармактарды колдонууга жок дешибиз керек! Балдардын мээси эң аялуу өнүгүү мезгилинде социалдык салыштыруунун жана алгоритмдердин тузагына түшпөшү керек».
«Санариптик деменция» эмгегинин автору, немис психиатры жана нейробиологу Манфред Шпитцер:
«Санариптик медиалардан алыс болгула! Изилдөөлөр кайра-кайра далилдегендей, алар бизди жана балдарыбызды семиз, акылсыз, агрессивдүү, жалгыз, оорукчан жана бактысыз кылат. Баланы канчалык көп компьютердик оюндар менен машыктырсаң, андан ошончолук көңүл буруунун жетишсиздигин жана акыл-эстин алсырашын аласың. Башталгыч мектепке компьютер жана гаджет берүү бул баланы көз карандылыкка түрткөнгө барабар».
«Маселенин тамыры балдарда эмес, ата-эненин өзүндө»

Смартфондордун өспүрүмдөрдүн психикасына жана улуттун келечегине тийгизген коркунучун түшүнгөн дүйнөнүн 114төн ашык мамлекети мектептерде телефон колдонууну мыйзам менен чектеди. ЮНЕСКО өзүнүн глобалдык докладында гаджеттердин билим сапатын кескин төмөндөтөрүн эскерткен. Франция 2018-жылдан бери мектеп аймагында телефонго толук тыюу салса, Кытай, Нидерланды, Италия сыяктуу өлкөлөр окуучуларды санариптик уулануудан сактоо үчүн катаал мыйзамдарды кабыл алышты. Кыргызстанда да Билим берүү министрлигинин буйругу менен сабак учурунда уюлдук телефондорду кутучаларга жыйып коюу эрежеси киргизилген. Бирок мыйзам мектепте иштегени менен, үйдөгү кароосуздукту токтото албайт. Белгилүү педагог-новатор Гапыр Мадаминов да учурдагы жаш муундун телефонго байланып, акыл эмгегинен алыстап баратканына терең тынчсыздануусун билдирип келет.
«Ачыгын айтканда, көпчүлүк жаштарыбыз интернет менен компьютердин маңкуртуна айланып баратат. Ата-эне баласына “телефонду ташта, китеп оку” деп миң жолу кыйкырганы менен өзү телефон чукулап отурса, ал сөздүн тыйынчалык да таасири болбойт. Балдары телефондон чыгышы үчүн эң биринчи апасы, атасы телефондон баш тартышы абзел. Ата-эне китеп окумайын, бала эч качан китеп окубайт! Биз балага даяр оюн-зоокту эмес, акыл эмгегинин маданиятын, өз алдынча ойлонууну жана мектеп менен устатка болгон урматты үйрөтүшүбүз керек».

«Апалар телефонду “нянька” катары, өздөрүнүн тынчтыгы үчүн колдонуп жатышат»
Ата-энелердин балдарды телефон менен алаксытуу адаты тууралуу педагог, балдар психологу Рано Акматова мындайча белгиледи:
«Телефондо өтө көп отуруу баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бели бүкүрөйүп, сөөктөрү туура эмес өсүп калышы мүмкүн, көрүүсү начарлайт. Бирок заман талабына жараша балага телефонду такыр бербей коюу да мүмкүн эмес, аны жаш курагына жараша, белгилүү бир убакыт менен гана бериш керек. Бүгүнкү күндө апалар телефонду “нянька” катары, өздөрүнүн тынчтыгы үчүн колдонуп жатышат. Бул ата-эненин эң чоң катасы. Балдардын жүрөгү ачык, жан дүйнөсү таза, алар ата-энесинин мамилесин бир эле көз карашынан окуп турушат. Балага гаджет эмес, эң оболу ата-эненин мээрими, көңүл буруусу жана жандуу баарлашуусу керек».

Ал эми 18 жылдык тажрыйбасы бар мугалим, педагог Нурпери Мамаева бүгүнкү күндөгү мектеп менен үй-бүлөнүн ачуу реалдуулугуна токтолду:
«Бүгүн биз педагогикалык өтө олуттуу сыноонун алдында турабыз, муну ачык моюнга алышыбыз керек. 18 жылдык тажрыйбамда муундардын көз карашы мынчалык тез өзгөргөнүн көргөн эмесмин. Азыр көпчүлүк ата-энелер чарчап келгенде өз тынчтыгын сактоо үчүн баланын колуна смартфон кармата салып, тарбия маселесин убактылуу артка жылдырып коюшууда. Мектепке келген айрым балдардын көзүндө мурдагыдай кызыгуу азайып, китеп окууга болгон ынтызарлыгы солгундап, өз оюн толук жеткирүүдө кыйналып жатышканы өкүндүрөт. Мугалим тарбиялык максатта эскертүү берсе, баласына болушуп мектепке келген ата-энелер муну менен балага терс таасир тийгизип жатышканын аңдай беришпейт. Мектепте биз дайыма телефондорун топтоп алып, кутуга салып коёбуз. Бала айткан сөзүбүздөн эмес, жасаган ишибизден үлгү алат. Эгер ата-эне өзү бош убактысын телефон чукулап өткөрсө, баладан китеп окууну талап кылуу туура эмес».
Ата-энелер үчүн 5 алтын эреже
- Дасторкондо — телефонсуз! Тамактануу учурунда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү телефондорун бир четке коюп, бири-биринин күнү кандай өткөнүн сурап, жандуу маек курууну салтка айлантыңыз.
- Уктоочу бөлмө — «санарипсиз аймак». Түнкү саат 21:00дөн кийин балдардын да, чоңдордун да телефону конок бөлмөдө калышы керек. Түнкү уйку баланын психикалык саламаттыгынын кепили.
- Өзүңүз үлгү болуңуз. Гапыр Мадаминов айткандай, ата-эне колуна китеп алмайын, бала телефонду таштабайт. Күнүнө жок дегенде 30 мүнөт балаңыз менен чогуу китеп окуп, талкуулаңыз.
- Курактык чектөө коюңуз. 7 жашка чейинки балдарга смартфон бербеңиз. Өспүрүм куракта гаджетти окуу жана пайдалуу билим алуу куралы катары гана белгилүү убакыт менен (күнүнө 1–1,5 саат) колдонууну үйрөтүңүз.
- Бош убакытты жандуу дүйнө менен толтуруңуз. Телефонду жөн гана тартып албастан, анын ордуна баланы спорттук ийримдерге, чыгармачылыкка, жаратылышка сейилдөөгө жана чоң ата, чоң энесинин жомокторун угууга багыттаңыз.
Элира Чынтемирова