• Вт. Ноя 24th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Шаардын эртеңи бүгүн курулат

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 23, 2026

Ош шаары жылдан жылга кеңейип, жаңы имараттар, көп кабаттуу үйлөр жана социалдык объектилер менен көркүнө чыгууда. Курулуштун көбөйүшү шаардын өнүгүүсүнөн кабар бергени менен, анын сапаты, коопсуздугу жана шаар куруу талаптарынын сакталышы да өзгөчө мааниге ээ. Ош шаарындагы курулуштардын артыкчылыктары менен катар чечүүнү талап кылган маселелер да жок эмес.

Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысы Азизбек Сейдалиев:

“Кандай курулуш болбосун коопсуздук биринчи орунда”

-Административдик-аймактык реформанын негизинде Ош шаарынын аймагы дээрлик эки эсеге чоңойду. Мурунку жылдарда көбүнчө шаар борборунда көп кабаттуу үйлөр салынса, азыр ири комплекстер курулууда. Шаардын аймагында кандай гана курулуш болбосун биринчи орунда коопсуздук турат. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга техникалык коопсуздук боюнча атайын окуу уюштурулуп, куруучулар коргоочу каска, коопсуздук курлары, жабдуулары менен иштөөсү, көп кабаттуу имараттардын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун (сеткалардын) орнотулушу жана казылган чуңкурлардын (котловандардын) тосулушу боюнча эскертүү кагаздары берилди. Техникалык коопсуздук сакталбай, адам өмүрүнө коркунуч жаралса, кемчиликтер толук жоюлганга чейин объектинин курулушу токтотулат. Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин 2026-жылдын 30-октябрындагы буйругуна ылайык, курулуш иштеринин «нөл цикли» аяктаганга чейин батирлерди сатууга жана жарнамалоого расмий түрдө тыюу салынды. Бул чара жарандардын каражатын жана укуктарын коргоо, ошондой эле курулушу толук баштала элек объектилерге акча салуу тобокелдиктерин азайтуу максатында киргизилди.

“Шаар пландаштырууга коюлган талаптар күчөтүлдү”

-Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуш нормалары жаңыртылып, сейсмикалык туруктуулукка жана шаар пландаштырууга коюлган талаптар мурдагыдан да күчөтүлдү. Жаңыртылган курулуш нормаларына ылайык Кыргызстанда заманбап темир-бетон монолиттик имараттарды 25 кабатка чейин курууга уруксат берилет. Ал эми Ош шаарында учурда көбүнчө 9 кабаттан 14 кабатка чейинки турак жайлар салынууда. Ош шаары сейсмикалык жактан активдүү аймакка киргендиктен, ар бир имарат 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере тургандай эсептелип долбоорлонот. Курулуш башталардан мурун топурактын тыгыздыгы менен нымдуулугу лабораториялык сыноодон өткөрүлөт. Бийик үйлөрдө өрт кырсыгына каршы түтүн кирбеген атайын кошумча тепкичтердин болушу милдеттүү. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдү курууда атайын бекитилген курулуш ченемдери жана эрежелери (СНиП) сөзсүз түрдө талап кылынат. Имараттар бири-бирине өтө жакын жайгашпашы үчүн алардын бийиктигине жараша аралык сакталат. Коңшу үйлөргө күндүн нуру эркин тийип, өрт өчүрүүчү унаалар тоскоолдуксуз кире тургандай аралык сакталышы керек. Балдар ойноочу аянтча, жашыл аймак жана унаа токтотуучу жайлар каралышы шарт. Курулуш компаниялар имараттын долбоорун бекитүүдө шаардын жалпы архитектуралык стилине туура келген фасаддык чечимдерди сунуштоого тийиш. Имараттын сыртын каптоодо колдонулуучу фасаддык материалдардын жер титирөө учурунда түшүп кетпөөсү жана өрткө туруктуулугун атайын сыноодон өткөрүү зарыл. Ал эми жаңы курулуштар менен катар Ош шаарындагы мурда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн тышкы көрүнүшүн (фасадын) бирдиктүү түскө келтирип оңдоо жана актап-сырдоо иштерин да жүргүзүү керек. Үйлөрдүн аралыгы өтө жакын курулуп калган учурлар болгон, эми ал кемчилдиктерди жоюу зарыл деп эсептейм.

Курулуш серепчиси Алинур Исламидинов:

“Арзан үй менен кымбат үй бирдей”

-2020-жылы үй алып, үйдүн бүтүшү кечиккенинен бүт проектти эсептеп, өзүм программа түзүп чыкканмын. Ошондон бери курулуш тармагы боюнча изилдеп, коомчулукка пикиримди айтып келем. Ошто болжолдуу курулуш материалдарынын арзан-кымбатына карап үйдүн 1 метр квадраты 700-800 доллардын терегеринде болот. Жарандар үй сатып аларда эң негизгиси курулуш мөөнөтүнө көңүл буруш керек. Ошто конструктивдүү 99 % баары окшош үйлөр курулуп жатат. Кирпич же газоблок бул жөн эле тосуп коюу. Эконом класс менен жогорку сапаттагы класстын ортосунда айырмасы сырткы фасадында эле болбосо курулуш материалдары окшош. Арзан үй дагы, кымбат үй дагы бирдей эле.

Кирпич же газоблок?

-Кирпич үйлөрдү көп тандашат. Себеби, жылуу жана үндү жакшы кармайт. Норма боюнча үн дубалдан дубалга 50-52 децибел кармалыш керек. Адамдын жөнөкөй сүйлөшүүсү 60тан жогору децибелди түзөт. Кирпич дубал 52 децибел, газоблок 44 децибелдин тегерегинде кармайт.
Газоблоктун бир метр кубу 600 килограмм. Кирпичтин метр кубу 1800 килограмм. Газоблоктон үч эсе оор. Жер титирегенде оор материал көбүрөөк деформация бергендиктен газоблок менен курулган үйлөр да көп. Кирпич менен курган үйлөрдүн дубалын буза аласың, панель менен жасалган үйдү буза албайсың.

Курулуштагы каталар

Мөөнөтү аз суу түтүктөрү

-Бетондун маркасын, темир, арматуралардын чыдамдуулугун лабораторияда текшерет. Курулушта жөнөкөй жаран арматураны көрө албайсың. Бул жабык жумуш. Ал эми электромонтаж, сантехника жумуштарын, үйдүн ичиндеги түтүктөрдү көрсө болот. Суу түтүктөрүнө сунушталган, кепилдик берилген түтүктөрдү гана колдонуш керек. Кайчылаш байланышкан полиэтиленди (сшитый полиэтилен) түздөөчү катмардын (стяжка) астына койсо болот. Азыркы колдонулуп аткан түтүктөрдүн колдонуу убактысы аз. Бул ката Кыргызстандагы бардык курулуштарда кетет.

Дубалдын кайсыл жеринен өткөнү билинбеген электр тогу

-Кардарга үйдү ички жасалгалоосуз (ПСО) берип, андан ары кардар үйдү кандай кыларын билбейсиң. Электромонтаж иштеринде көпчүлүгү токту шып менен өткөрүп жасайт. Андайда сөзсүз түрдө электр зымдарын гофрленген түтүккө кийгизип, дубалдан дубалга өткөндө гильза орнотуш керек. Шыпты гипсокартон менен тосуп атабыз. Керме шып бул күйө турган материал. Электр тогунда чукул туташуу болсо Кудай сактасын. Электр зымдарын каалагандай бийиктикте тартып коюуга болбойт. Үй бүткөндөн кийин кайсыл жерден ток өткөнүн билбейсиң. Вертикалдуу же горизанталдуу, белгилүү бир аралыкта болсо жарандарга коопсуз болот. Шыптан 15 сантиметр ылдый аралыкта болуш керек. Бизде аны бир метр ылдыйдан тартып койгондор деле бар. Курулуш нормалары толук сакталса, өрт чыгуу кооптуулугу азаят. Курулушчулар менен жарандар бул изилденип жасала турган жумуш экенин эске алыш керек.

Панорама терезелердин жукалыгы, балкон тосмолору

-Ошто курулуп жаткан үйлөрдө инсоляция жакшы эле сакталып атат деп ойлойм. Өтө тыгыз жайгашкан үйлөр жокко эсе. Терезе коюу нормативдери боюнча айтсам, төмөн жагы 90 сантиметрден ылдый болсо ал панорама терезе. Панорама тибиндеги айнекке соккуга туруктуу терезе коюлушу керек. 4 миллиметрлик терезелерди коюп атышат көбүнчө. Айнектин аянтына жараша терезенин көлөмү, калыңдыгы такталат. Бир нерсе ыргып кеткенде, урганда сынбаш керек. Ошто бул нормалар минималдуу сакталат. Балкондун тосмосунда горизонталдуу элемент болбош керек. Толугу менен экран же вертикалдуу тирөөчтөр коюлганы коопсуздук үчүн маанилүү. Жободо горизанталдуу тирөөчтөргө да уруксат бар. Бирок, балдар бутун коюп чыкпай тургандай жасалганы жакшы.

“Ош сити” көп функционалдуу инвестициялык долбоорунун жетекчиси Улугбек Абдулазимов:

“Ош сити” шаарчасы стратегиялык мааниге ээ”

-«Ош Сити» көп функционалдуу инвестициялык долбоору (IT шаарчасы) Ош шаарында шаардык, социалдык, инженердик, турак жай жана инновациялык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор. Негизги максаты-заманбап шаардык чөйрөнү түзүү, аймактын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, ишкердик жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө шарт түзүү. Долбоордун жалпы аянты 710 000 чарчы метрди түзөт. Социалдык объектилерди жана коомдук инфраструктураны жайгаштыруу үчүн каралган аянт 271 600 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында 3 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 бала бакча, 1 төрөт үйү, 1 оорукана, 1 диагностикалык борбор, 3 мечит, 1 сейил бак, коомдук, административдик жана тейлөө борборлору, мейманкана комплекстери, эки жана төрт тилкелүү, эки багыттуу ички шаардык автомобиль жолдору каралган. 17 200 батир курулуп, 65 000 адамдын жашоосу пландаштырылууда. Мамлекеттик турак жай саясатын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 000 турак жай бирдиги өткөрүлөт. IT адистерин, жаш иштеп чыгуучуларды, стартап-командаларды жана инновациялык долбоорлорду жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 2 000 чарчы метрди түзгөн IT-хаб куруу пландалган. Шаардык инфраструктуранын ишенимдүү жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүндолбоордо узундугу 3 670 погондук метрди түзгөн жер астындагы инженердик тоннель курулат. Бул инженердик тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана шаардык жолдордо кайра-кайра жер казуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын азайтууга шарт түзөт. Жалпы аянты 4.5 гектарды түзгөн сейил бактын негизги элементтеринин бири катары суу, жарык жана музыкалык-жарык фонтанын куруу пландаштырылууда. Аймакты жашылдандыруу, декоративдүү дарактарды жана өсүмдүктөрдү отургузуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду жана эс алуу аймактары уюштурулат. Долбоор Ош шаарынын мындан аркы өнүгүүсү жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуучу стратегиялык мааниге ээ.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *